Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Куугунтук...
Автандил Кадыркулов,
подполковник, Апрель революциясынын баатыры, Ички иштер министрлигинин академиясынын сырттан окуу бөлүмүнүн жетекчиси:
"Жакыповго кылмыш
иши козголушу керек"

- Демек, сизди колунан эмне келээрин көрөлү деп атайын комиссияны жетектетип коюптур да?
- Ооба. Ошол күнү алтынчы күн болчу. Биринчи күнү 19-сентябрда ашканага кирдим. Кирсем алма, өрүктүн кагы салынган жерде жетим көпөлөктөр учуп жүрөт. Жанына барып карасам, как курттап кетиптир. Кир, өтө жийиркеничтүү экен. Колумду салып көтөрсөм, кара, кызыл кумурска, курт, бит, личинка, курттун боктору баары жүрөт. Кармасаң үбөлөнүп колуңда эч нерсе калбайт, кадимкидей кебек болуп калыптыр.
Анан ашкананын жетекчилерин чакырып, "эмнеге мындай, ушуну курсанттарга берип жатасыңарбы" десем, Нурмамат Мамытов деген ашкананын жетекчиси "Кадыркул эмне эле болуп жатасың, как деген ушундай болот, бир сыйра кайнак суу менен чайкап, анан кайнатып коебуз. Сонун компот болот" дейт. Анан "ушуну балаңарга берет белеңер" десем "жок" дейт. "Анда башкаларды да өзүңөрдүн балаңардай көргүлө да, же алар жей берсе эч нерсе болбойбу? Силер курсант балдардын ден-соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаратып жатпайсыңарбы? Эмне ушул чириген курт-кумурсканын богун кайнатып, компот кылып бересиңерби. Курсанттардын айтканы туура экен. Алар биринчи курста ушунун баарын көрүп, эми экинчи курс болгондо дагы андай тамакты жейбизби деп нааразы болуп жатышат да" дедим. Баарын тартып алып, акт түзүп жетекчиге билдирдим.
- Башка тамактары кандай экен?
- 21-сентябрда дагы текшерүү кылып. Тамакка кошкону даярдап жаткан балыктарды көрүп ирээнжидим. Тоңгон балык экен. Ошол тоңгон боюнча кармаганда колго илээшип былжырап калыптыр. Поварлар Бабашова, Кудунова, Айдаралиеваны, начальник медкызматкер Калмурза уулун, начальник курс Турдалиевдерди чакырып ошолордун көзүнчө балыктын башын кесип, ичин жардык. Ошондо эти өзүнчө, сөөгү өзүнчө болуп бөлүнүп былжырап түшүп калды. Кармасаң эзилет. Анан баарын алып, муздаткычка салдырып койдум, жетекчилер көрсүн деп.
Мындан сырткары сливочный май деп маргарин беришет экен. Аны таап чыктым. Сливочный май деп 120 сомдук маргаринди 180 сомдон алышат экен. Ал майды маргарин деп да айтууга болбойт.
Ушунун баарын таап чыккандан кийин, ашкана иштеткендер "биздин күнөөбүз жок, тендерден уткан фирмалар алып келишет, биз алардын алып келгенин алууга мажбурбуз" деп актана баштады. Анан мен тендердин документтерин текшерип, чачым тик турду. Жайдын күнү 10 сом болуп жаткан 1 кг картошканы, 29 сомдон деп өткөрүшүптүр. Колбаса цехине кетчү абалдагы 120 сомдук 1кг этти алып келип, 280 сомдон беришиптир. Сазан балыгы базарда 120 сом болсо, 250 сомдон алышыптыр. Анысы да чирип кеткен. Тооктун эти деп Америкадан келген 90-100 сом турган окорачкаларды, 190 сом деп жазышыптыр. Ошондо бир кварталда мамлекетке 500 000 сомго чейин чыгым келтирилет экен.
Анан баарына акт түзүп Жакыповго маалымат бердим. "Ашканадагы абал ушундай экен. Каржылык мыйзам бузуулар, тамак-аштын сапаты начардыгын, курсанттар чириген тамак жеп жатышканын айттым. Чириген тамак жеген адамдын ой-жүгүртүүсү дагы чирик болот. Биздин академияны эл ошол себептен чирип бүттү деп айтып жатат деп баарын төкпөй-чачпай маалымдадым.
- Анан кандай болду?
- Баарын угуп болуп, "Мунун баарын эч ким билбесин. Документтерди менин орун басарыма өткөрүп бер. Эмне эле ызы-чуу салып жатасың" деди. Мен "жолдош начальник бул жерде кылмыш болуп жатат. Товардык белгини алдоо жолу менен пайдалануу, товар баасын кымбат көрсөтүп өкмөттүн акчасын кыянаттык менен пайдалануу, товарды сертификаты жок ташуу деген кылмыш иштери бар" дедим. Болбой эле материалдын баарын өткөрүп бер деди. Мен 5-октябрда катчылык аркылуу болгон материалды өткөрүп бердим. Анан абал караманча тескери жакка өзгөрүп, Жакыпов тарабынан мага куугунтук башталды. 21-октябрда актовый залда академиянын жетекчилигин чогултуп алып, мени шылдыңга алды, "сен кылмыш ачканды жакшы көрсөң, мен сени кайсы бир районго начальник УБОП кылып жиберем го" деп. Анткени, академиянын жетекчиси мени эч жакка начальник УБОП кылып жөнөтө албайт. Андай укук жок анда. Бул сөздүн төркүнүндө "мен сени башка жакка котором" деген коркутуу турганын дароо сездим. Анан "мен сенин өзүңдүн кандай иштеп жатканыңды текшертем" деп кирди.
- Эмнеге өзү комиссия түзүп, жетекчиликке сизди дайындап, анан кайра сизге каршы куугунтук кыла баштады?
- Эмнеге мындай кылып жатканын түшүндүм. Көрсө бул жерде чоң акча ойноп жатыптыр. Мен ашканадагы жогорудагыдай мыйзам бузуулардан кийин, товар ташыган бизнесмендердин баарын тендерге кошпой койгом. Себеби мени коомдук комиссиянын төрагасы катары дайындагандан кийин, ошол эле кезде кийинки кварталга кабыл алуучу тендердик комиссиянын дагы төрагасы кылып шайлап коюшкан болчу. Анан мен талакпа жооп бербегендирдин баарын тендерге катыштырбай койдум. Бирок үч-төрт жылдан бери ашканага товар ташып, ошол жердеги бир топ адамдар менен тил табышып алышкан немелер Жакыповдун да тилин табышкан окшойт. Дегеним, ошол адамдар мага жакын санаалаштар аркылуу Автандил токтотпойсуңбу деп 2 миң доллар сунушташкан. Мен албай койгом. Демек, менден жол таба алышпай койгондон кийин, Жакыповго барышкан окшойт. Алар менен тил табышып алып, анан кайра мага куугунтук жасап жатканын түшүндүм.
- Бул боюнча тиешелүү жактарга кайрылдыңызбы?
- 30-октябрда Башкы прокуратурага арыз жаздым. Жеңиш Жакыпов коррупцияны таап чык деп коомдук комиссия түзүп, жетекчилигине мени дайындап, коррупциялык иштерди таап чыксам кайра мени куугутуктап жатат деп. Ага чейин 24-октябрда Жакыпов экөөбүздүн ортобузда конфликт болгон. Ал мени "сен Мелис Турганбаевге сөз ташыйт экенсиң" деп бир топ сөздөрдү айтып намысыма тийип, басынткан. Мен эч качан бирөөгө сөз ташып көрбөгөнүмдү, кандай маселе болсун, ким болсун бетине айтканга, сиз мыйзамсыз иш кылсаңыз да, "токтот мыйзамсыз иш кылып жатасыз" деп айтканга эрким жетерин айттым. Анан жакшы иштешели деп калган. Бирок иш жүзүндө куугунтуктап, баскан изимди аңдып иштетпей кыйнап жиберди. Мага демектен "Мелис Турганбаевге, министр Абдылда Суранчиевге чейин бар" деген сөздөрдү айтты. Кыскасы эч кимди тоготпойм дегендей эле кылды.
- Эмне кылып иштетпей жатат?
- 12-ноябрда үч кызматкериме рапорт жаздырып, бирөөсүн башка жакка которуп, экөөсүн отставкага кетирип коллективимди таратып жатыптыр. Ушундан улам, Жеңиш Жакыповго 13-ноябрда рапорт жаздым: "Жолдош начальник сиз 8-ноябрдан бери тынымсыз текшерүү жүргүзүп жатасыз. Сиздин аракеттериңиз, окуу процессине кедергисин тийгизип, академиядагы моралдык-психологиялык климат бузулуп жатат. Эки кызматкериме рапорт жаздырып, бирөөнү которгону жатыпсыз, таза эмес иштейсиңер деген ушак менен, ар-намысына доо кетирип. Сиз кызматтык абалыңыздан кыянаттык менен пайдаланып жатасыз. Сизден суранам мындай иштерди тез арада токтотуңуз?" деп. 14-ноябрда Жакыпов орун басарларын топтоп, менин кызматкерлерим менен чогулуш өткөрдү. Анан кызматкерлеримден сурап жатат "силерди бирөө коркутуп рапорт жаздырды беле" деп. Алар коркуп "жок өзүбүз жазганбыз" дешти. Анан мага "сиз эмнеге мындай рапорт жаздыңыз" деп кайрылды. Мен айттым: "Факультет жетекчиси катары айтышым керек. Мен сиздин үстүңүздөн 30-октябрда Башкы прокуратурага арыз жазгандан кийин, сиз атайын менин кызматтык кадырыма шек келтириш үчүн, аброюмду түшүрүш үчүн ушундай иштерди жасап жатасыз. Мындай мыйзамсыз аракеттериңизди токтотуңуз" дедим. Анан ал "мен генерал-майор, академиянын жетекчиси катары кайсы бир офицердин мага тез арада токтотуңуз дегенине жол бербейм" деп чыкты. Мен айттым: "Жолдош начальник мен милициянын офицери катары кандай мыйзамсыз иш болуп жатса, бул мыйзамсыз ишти токтотуңуз деп айтканга укугум бар. Мен сизден коркпойм. Дагы айтам токтотуңуз" деп жооп бердим.
Анан Жакыповдун орун басары Бийбосунов "мунун башы оорулуу" деп келеке кылды. Менин ачуум келип, бирок сабыр кылып "жолдош замначальник мени минтип кемсинтпеңиз" десем, Жакыпов өзү "ооба, муну менен сүйлөшкөн менин деңгээлим эмес" деп шылдыңдап, психологиялык-эмоционалдык кысым көрсөтүштү. Атайын шылдыңдап басмырлашты. Анан мен 15-ноябрда дагы Башкы прокуратурага Жакыпов "мени ушактап, шантаж кылып, кемсинтип, басмырлап, психологиялык-эмоционалдык кысым көрсөтүп, ден соолугума, өмүрүмө коркунуч келтирип жатканы боюнча арыз жаздым.
- Чындап эле ден-соолугуңузга, өмүрүңүзгө коркунуч туудуруп жатышабы?
- Ооба, мына мага психо-терапевт больничный ачты. Катуу моралдык-психологиялык сокку алып, стресс болуптурмун. Жакыпов менен Бийбосуновдордун кемсинтип, шылдыңдап, басынтып мазактаганынан улам ооруп калдым. Алар менин кызматтык ишмердүүлүгүмө шек келтирип жатышат. Жакыповдун үстүнөн үч жолу арыз жаздым. Экөөнү Башкы прокуратурага, бирөөнү Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына, "өмүрүмө коркунуч туудуруп жатат" деген негизде. Стресстин айынан эки бутум иштебей, тез жардам менен ооруканага түштүм. Учурда укол алып жатам.
- Деги эле учурда академияда абал кандай?
- Мына президент коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча саясат жүргүзгүлө деп айтып жатат. Бирок мунун баары академияда жүргүзүлбөйт. Академиянын башында кыргыз тилин билбеген, коллектив менен кыргызча баарлаша албаган жетекчи отурат. Коррупциялык иштерди таап чыксаң, кайра тескерисинче куугунтук жасоодо. Демек, президенттин саясатына каршы иш кылып жатат. Эмне Жакыпов президенттен акылдуубу? Ушул Жакыпов келгени академияда моралдык-психологиялык атмосфера өлдү. Ар кимдин ар-намысына, адамдык сапатына шек келтирип, тийишип, мазактап, шылдыңдап, басмырлап сүйлөйт. Силер менин деңгээлим эмессиңер деп айтат. Коомдо деңгээли ар түрдүү адамдар иштейт. Жетекчи деген ошол адамдардын деңгээлине түшүп, тил табышып иштеши керек. Жакыповдо андай сапат жок. Өзүн эч кимге теңебейт. Реформа кылмак түгүл, талкалап жатат. Бул адам кылмышка шектүү адам. Кылмыш иши козголушу керек.

Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

PS: Экинчи тараптын дагы
пикирин угууга даярбыз.