Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эрегиштен эр өлөт
Касташпай,
кастарлашканга не жетсин!

Кыргыз эли 20 жылдан бери саясатчылардын сасык оюндарына тоюп бүттү. Биринин абийирин бири чукуган, бири-бирин көрө албаган, бирине бири көр казган кызыктардын далайына күбө болдук. Билинбегени менен бийликтин бийик эшелонундагылардын ич ара кармашы мамлекет келечеги үчүн опурталдуу кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Өкүнүчтүүсү кыргыз саясатчыларынын ортосундагы саясий атаандаштык көп учурда - душмандашууга чейин жетүүдө. Парламенттик башкарууга өткөндөн бери баардыгы алаканга салгандай көрүнүп, бул көрүнүш баштагыдан да даана байкала баштагандай.

Өмүрбек Текебаев -
Бабанов, Келдибеков,
Рысалиев
Кыргыз саясатындагы эң көп талкууга алынган, эң ачуу сын пикирдин бутасына алынган саясатчылардын алдыңкы сабында талашсыз түрдө - Өмүрбек Текебаев турат. Саясат майданында Текебаевдин кастарлап сыйлаган досторуна караганда касташкан душмандары көп. Алардын ичинен эң эле айыгышкан "достору" жогорудагы Бабанов, Келдибеков, Рысалиев мырзалар. Экс-премьер Бабанов менен экс-спикер Келдибековдун "Ата-Мекендин" "атасына" болгон таарынычынын себеби баягы эле кызмат талаш. Келдибеков менен Бабановдун Текебаевге карата тескери пикири бар экени илгери эле белгилүү болчу, бирок 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин спикерликке башкы талапкер катары каралып жаткан Өмүрбек Чиркешовичти буттан тартып, төрагалык төргө өткөрбөй койгондордун башында дал ушул эки мырза турган. Ошондо Өмүрбек мырза катуу сынган, намысына келген. Акыры эки жыл өткөрбөй экөөнү тең майлуу мансаптарынан алып түшүп, "келме кезек, терме тезектин" мыкты мисалын көрсөткөн. Экөө тең боз ала болуп, чоң чуу менен отставкага кетишкени эсибизде. Саясаттын сазайын окуткан жагынан азырынча Текебаевге тең келчүсү жок болсо керек. Азыркыга чейин бет карашпай, карашкан жерден бири-бирин качырып, ачуу кептен айтышып кетмей жайы бар. Бирок Текебаевдин оңой эмес жоо экенине карабай аны менен кылчактабай кыл чайнашка түшкөн мурдагы ИИМ министри, азыркы ЖАМК башчысы Зарылбек Рысалиевге жогорку баа берип койсок жарашчудай. Текебаевдин опол тоодой кадырын олку-солку кылган да дал ушул Зарылбек мырза болду. Табигатынан ачык айтып так сүйлөгөн, бирөөнүн көңүлүнө карап куйтуланып сүйлөгөндү билбеген Рысалиевдин жигитчилигине баа бергендердин саны өсүп, Текебаевдин кадыры кадимкидей бөксөрө түштү. Чуулгандуу мародёрчулук окуясында эл эмнегедир Зарылбекке көбүрөөк ыктап атат.
Кыргыз саясатынын дөө-шаасы Өмүрбек Текебаевдин учурдагы башкы каршылаштары азырынча ушулар. Албетте мындан башка дагы Жолдошева, Абдрахманов сыяктуу "абысындары" бар деңизчи. Алар жөнүндө кийинчерээк кеп кылаарбыз…

Алмазбек Атамбаев-
Өмүрбек Суваналиев
Азыркы оппозициянын анабашында жүргөн Өмүрбек Суваналиев азыр балким ИИМ министри болуп отурмак. Бир сөзгө теригип, өзү тескерленди. Калк арасындагы кадыры да мурдагыдай эмес. 2010-жылдагы Апрель окуясына чейин жана андан кийин ошол кездеги оппозиция лидери Алмазбек Атамбаев кыргыздын кыраан жигиттерине кайрылып, өлкөдөгү кырдаал боюнча пикирин угуп, көмөгүн сураганда, тескери бурулгандардын катарында Өмүкең да болгон экен. Ошондо ачуусуна алдырган Атамбаев Катанинин айтылуу атын башкача атап, Суваналиевдин көңүлүн суутуп алган жайы бар. Ошондон бери эле Суваналиев жеке таарынычын бардыгынан бийик коюп, Атамбаев аласалып кетсе экен деп тилеп жүргөндөрдүн алдыңкы сабында жүрөт. Ылайыгы келсе деле, келбесе деле Атамбаевди ашатып алмай адаты да ошондон калган сыяктуу.

Турсунбай Бакир уулу-
Турсунбек Акун
Бул экөөнүн айыгышкан күрөшү Акыйкатчылык кызматтан чыкканын элдин баары билет. Акыркы он беш жылдан бери Турсунбай менен Турсунбектин далай кызыгына күбө болдук. Экөө бирин-бирин эмне деп гана атаган жок. Бирине бири кандай гана айыптарды тагышкан жок. "Баягы эки абысын кайра баштадыбы" - деп акыркы жылдары Турсунбек менен Турсунбайдын айтышына эл көңүл деле бурбай калган. Баарынан да элдин иренжигени экөө тең ажыга барып, беш маал намазын үзбөй окуган молдокелер. "Шариятта мусулман мусулман менен 3 күндөн ашык араздашпоосу керек" - деп айтыларын, 15 жылга созулган ич ара душмандашуусу Кудайга да жакпаарын экөө тең элден мыкты билишет. "Молдонун айтканын ук, кылганын кылба" деген атактуу макал дал ушул Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акун уулуна айтылгандай…

Адахан Мадумаров -
Роза Отунбаева
Кылган ишине караганда сөөккө жетчү ачуу сөздөрү менен эл оозуна алынган Адахан Мадумаров Роза Отунбаеванын атын укканда куйкасы курушуп, мурду кызарып, бетинин түгү чыккыча жинденип кетмей жайы бар. Адахан аябай сыйлаган Салинин балдары 2010-жылдын жаз-жай айларында кырдаалды курчутуп, мамлекет тагдырын ташка чабаарда Отунбаева олку-солку кырдаалды оңдоп, Кыргызстанды мамлекет катары сактап калган эрдигине эмнегедир ичи чыкпай калган көрүнөт. Качан болбосун каарын төгүп, "Отунбаева "самозванка"" -деп айткандан тажабай келди. Акыры өзү да кызмат алып, анысын айтпай калды.

Жаныш Бакиев -
Медет Садыркулов
Кыргызстандагы саясий күрөштүн эң жырткычтык үлгүсүн Жаныш Бакиев көрсөтүп кетти. Раматалык Медет Садыркулов менен Жаныш Бакиевдин көшөгө артындагы күрөшү 2005-2006-жылдары башталган. Шахматтык жүрүшкө салып, баардыгын акыл менен жайгарган Медет Чокановичке Жаныш Бакиев акылы менен каршылык көрсөтүүгө алы келбей калды. Анчалык эле акылдуусуна берсең көргүлүктү көрөсүң деп "кулак, сөөмөй" операциясын жасап көрдү. Ага да көнбөгөндө акыры өрттөп, күлүн көккө сапырды.
Булар биздеги ит жыгылыштардын учу эле. 20 жылдан бери өнүгө албай өнтөлөп жатканыбызга эл башкарам дегендердин ынтымагынын жоктугу деле таасирин тийгизип жатат. Балким жеке таарынычтарын четке калтырып, элге-журтка ак кызматын кылышса, тезирээк өнүгүп кетет белек. Байлык, бийлик деген убактылуу гана нерсе эмеспи, эртеби-кечпи баардыгы кетет. Баардыгы "Ала-Арчада" чогуу жатышат. Ошол кезде байлыгың да, бийлигиң да бир тыйын болуп калат эмеспи.

Эрнис
БАЛБАКОВ