Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Ата-Бейитте" Чыңгыз Айтматовдун комплекси ачылды...
Кечээ 14-ноябрда "Ата-Бейит" комплексинде кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мемориалдык комплексинин ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземге президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева ж.б. бир катар бийлик өкүлдөрү катышып, жазуучунун арбагына таазим этишти. Ошондой эле иш- чарага келген жазуучунун жакын досу, казак эл акыны Мухтар Шаханов ыр окуп, президент Алмазбек Атамбаевге ыраазы экендигин билдирди. Жазуучунун арбагына таазим этип, иш -чарага катышканы келген Германиянын, Италиянын, Азербайжандын, Беларусиянын, Египеттин акын- жазуучу, окумуштуулары бүгүн жазуучунун элесине арналып өткөрүлүп жаткан көл жээгиндеги эл аралык форумга катышууда.

Алмазбек
Атамбаев,
КРнын президенти:
- Кыргызга Кудай Таалам Манасты анан Чыңгызды берген, мындай адамдар чанда жаралышы мүмкүн. Кудай буюрса, кыргызга дагы Чыңгыздай адамдар жаралат. Чыңгыз Айтматов каза болгондо ал менен кошо тоолор да кулады.
Мухтар Шаханов,
Казак эл акыны:
- Бул жашоодо кыргыз элине кудай Манас менен Чыңгыздай алп адамдарды берип койгон. "Мындай адамдар эми жаралбайт. Айтматовдун чыгармалары 177 тилге которулган. Чыкем кыргыз элинин эле эмес түрк дүйнөсүнүн алп адамы болгон. Чыңгыз сыяктуу адамдар дүйнө жүзүндө жок", "Орто Азия өлкөлөрүндө жемкорлук күчөп кетти. Алмазбек Атамбаев, сиз Орто Азиядагы эң таза президентсиз".
Абдылажан Акматалиев,
академик:
- Чыңгыз агабыздын арабыздан кеткенине быйыл беш жыл болду. Беш жылдан бери агабызга арналып бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Анын эң эле негизгиси агабыздын мемориалдык комплексинин ачылышы. Чындыгында комплекс жакшы тургузулуптур. 7- апрелде, ошондой эле репрессия курмандыгы болгон баатырларга арналып тургузулган комплекс менен төп келишкен экен. Андан тышкары үй музейине барып, музейдин жасалгасы менен тааныштык. Музей дагы мыкты жазалыптыр. Бүгүн буюрса Көлгө барып Каприз эс алуу жайында өткөрүлчү форумга катышканы турабыз. Форумга катышуу үчүн чет өлкөдөн бир топ акын-жазуучу, окумуштуулар келишкен экен. Кыскасы Чыңгыз агабызга арналган иш чара ачылышы абдан жогорку деңгээлде өтүп жатат.
Бексултан Жакиев,
Кыргыз эл баатыры:
- Комплекс Чыңгыз Айтматовдун көркөм философиялык дүйнөсүнө ылайыкташып жазалыптыр. Комплексти сүрөттөп айтуу кыйын. Адамга аябай жакшы таасир берет экен. Мен ойлогом, комплекс кандай болуп тургузулаар экен, окшошобу, окшошпойбу деп. Негизи "Ата-Бейит"-ыйык жай. Кыргыздын эмне деген атактуу баатырларынын сөөгү жашырылбаган, ошол эле 1938- жылы курман болгон баатырлар, ошондой эле 7- апрелдеги курман болгон баатырлардын сөөгү. Кыскасы Айтматовдун комплексинин тургузулушу менен, "Ата-Бейиттин" ыйыктыгы ого бетер артты десем жаңылышпайм.
Роза Айтматова,
Чыңгыз Айтматовдун карындашы:
- Агамдын комплексинин ачылышы кандай өткөндүгүн эл бааласа керек. Биз колубуздан келишинче иш -чараны жакшы өткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Эстеликти тургузууга калп айткан менен болобу, бир топ эле каражат сарптадык. Каражат жетпей, кредит алдык. Ошондой эле президент Атамбаев да каражат жагынан жардам берди. Иш чаранын уландысын бүгүн буюрса, көгүлтүр көл жээгиндеги Каприз эс алуу жайында өткөргөнү турабыз. Чет өлкөдөн бир катар аттуу баштуу коноктор келишти. Агамдын жакын досу Мухтар Шаханов келип, ырын окуду. Быйыл агамдын эстелигин эле тургузуу менен чектелбей, атабыз Төрөкул Айтматовдун 110 жылдыгы болгондуктан, атабызды дагы эскерүү иш чарасын өткөрдүк. Мен атам жөнүндө кыргыз-орус тилдеринде китеп чыгардым. Ал китептин чыгышына "Учкун" басмаканасынын жетекчиси Рыскелди Момбеков чоң жардам көрсөттү.

Мирлан Алымбаев




Аалам даанышманы
Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматовго

Айтматовдой таланттын,
Нар көтөргүс наркы бар.
Жер шары түгөл тан берди,
Эсеп жеткис калкы бар.

Адамзаттык рух-нарк,
Космоско кетти оболоп.
Мааниси терең улуу иш,
Айтса бүткүс жоболоп.

Аалам билген генийдин,
Космоско түшкөн изи бар.
Адамзат аста туюнат,
Өлчөөсүз мында багы бар.

Адамзаттык ой-мүдөө,
Космосто жүрөт закымдап.
Келечекке кам көрүп,
Иш кылуу керек бачымдап.

Кеменгери кылымдын,
Эчен бир аалам, доорду ашкан.
Адамзаттын атынан,
Көк Теңир менен сырдашкан.

Бар болсун дайым Айтматов!
Кудай сүйгөн даанышман!
Билсеңер адамзатынын,
Космоско чыккан элчиси ал!

А мүмкүн адамзатына,
Кылымда келген пайгамбар.
Жар салып ай-ааламга,
Теңирден айткан сан кабар.

Меңдибек
Асылбеков





Мухтарбек Өмүракунов атындагы "Жыл мыктылары" сыйлыгы сынак жарыялайт:
Кыргыздын чыгаан, мекенчил уулдарынын бири, коомдук ишмер Мухтарбек Өмүракуновдун атын түбөлүккө сактап жүрүү үчүн "Мухтарбек Өмүракунов атындагы" фонд жана "Замандаш" журналы көп жылдан бери уюшулуп келаткан "Жыл мыктылары" сыйлыгын "Мухтарбек Өмүракунов атындагы "Жыл мыктылары" сыйлыгы деп атап, аталган сынак быйыл да өз ишин улантат.
Сынакка өз тармагынын өсүшүнө ак эмгегин өтөп, жылдын мыктысы катары коомчулуктун таануусуна ээ болгон инсандар катыша алышат. Сынак 3 баскычта өтөт:
1 баскыч: Социологиялык сурамжылоо жана жамааттык сунуштамалар;
2-баскыч: Интернет-добуш берүү;
3-баскыч: Белгилүү коомдук ишмерлерден, ар тармактын эксперттик өкүлдөрүнөн турган комиссиянын жыйынтыгы.
Элине ак эмгегин өтөп, бирок коомго анчейин тааныла бербеген мыктыларды даңазалоо максатында жамааттардан сунуштар кабыл алынат. Мындын сырткары алыскы аймактардагы жылдын мыкты инсандары да сынакка катыша алышат жана аларга артыкчылыктар берилет.
Мыктыларды тандап алууда төмөнкү критерийлерге көңүл бурулат:
o өз ишинде адискөйлүүлүгү;
o кайсы тармакта болбосун, журт намысын ойготуп, кыргыз элин даңазалаганы:
o атажуртка, мамлекетке өтөгөн ак эмгеги;
o жыл ичинде коомчулукка даңазаланган иш-аракети.
Сынакка бардык тармактагы мыктылар катыша алышат:
1. Экономика: ишкерчилик, айыл чарба, жеңил өнөр жайы, кайра иштетүү тармагы ж.б.
2. Социалдык чөйрө: медицина, билим берүү, кызмат көрсөтүүлөр ж.б
3. Маданият: киномотография, искусство, манас айтуу, төкмөлүк өнөр ж.б.
4. Спорт
5. Журналистика
6. Коомдук чөйрө: укук, кайрымдуулук жана меценаттык иштер.

Сунуштамаларды zamandash@mail.ru электрондук дарекке же Фрунзе көчөсү 549 дарегине жөнөтсөңүздөр болот. Сурап-билүү, кабыл алуу телефону: 321554,340207

Кулактандыруу
"Замандаш-Современник" саясий партиясынын маалыматтык борбору конкурсттук негизде мыкты жаза билген, аналитикалык ой-туюму күчтүү, тажрыйбалуу журналист издейт.
Сурап-билүү телефону: 32 15 54, 0555 32 75 75, 0 773 35 78 75
Резюме zamandash@mail.ru дарегине жөнөтүңүздөр.