presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Балык" депутаттары арбын КСДП
8-ноябрда Кыргызстандын белгилүү партияларынын бири Кыргызстан социал-демократтар партиясынын 20 жылдыгы белгиленгени турат. Абройлуу партиянын 20 жылдык салтанатына алыстан ат арытып келе турган атайын конокторду атап айтсак: Орусиянын "Единая Россия", Түркиянын "Ак партиясы", Казактандан "Нур Отан", Кытай, Германия ж.б. алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келери анык. Демек, КСДПнын аброюу Кыргызстанда эле эмес, чет мамлекеттерде да жогору экенин келе турган коноктордон улам баамдасак болот.
Бирок ушундай кадыр-барктуу чоң партиянын Жогорку Кеңештеги Чыныбай Турсунбеков жетектеген КСДП фракциясынын көпчүлүк депутаттары анчалык күчтүү эместиги өкүндүрөт. Ачык айтканда, "балык" депутаттар арбын. КСДПга кандайча кирип, депутат болуп алышканы түшүнүксүз. Элге жана партияга кандай пайда келтирип жатканы белгисиз. Мына ошол "балыктардын" былыктары тууралуу келерки сандарыбызда кенен кеп кылмакчыбыз.

Парламенттеги мультимиллионер ким?
Президент Атамбаев кечээ күнү Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында коррупция маселеси тууралуу кызык кептерди айтты. Маселен: "Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшүн 67%дан 33%га чейин төмөндөтүүгө барган адамдар эми Кумтөрдү коргоп кыйкырып, жаш балдарды мыйзам бузууга түртүп жатышат. Анткени, 20 жыл ичинде элдин түшүнүгү жуулуп кетти. Азыр парламентте өмүр бою уурдап, мультимиллионер болгон адам отурат, эми ал башкаларга акыл үйрөтүп жатпайбы" - деп бир чындыктын учун чыгарды. Ал ууру депутат ким экени элге деле белгилүү.


Кийинки премьер Сариевби?
Кара-Балтадагы кытайлар куруп, жакында ачылышы боло турган нефтини иштетүүчү заводго кыргыз саясатчыларынын көпчүлүгү өз таасирин арттырууга жандалбастап жатышканы маалым болду. Негизи, дүйнөдө кайсы мамлекет нефтиге бай болсо, кайсы саясатчынын нефтиге тиешелүү байлыгы болсо, ошолор чоң саясатты аныктаганга жигердүү катышып келишет. Андайларды мисал кылсак, абдан көп. Ал эми биздеги алгачкы нефти иштетүү заводуна "серый кардинал" болгондордун алдыңкы сабында Экономика министри Темир Сариев турат дешет, бул маселени жакындан билгендер. Маселен, Темир мырза заводдун билермандарына: "Кийинки премьер министр мен болом, бардык маселени менин менен сүйлөшө бергиле" -деп, аларды эмитен колго алып, койкойтуп өз жолуна салып койгону айтылууда. Кантсе да, тегин жерден сөз чыкпайт эмеспи.


Канат Исаевге алкыш айтышып...
2-ноябрь маданият күнүндө Чүйдүн 200гө жакын "чүйгүндөрү " Токмоктогу "Гаваиге" чогулушуп, катуу майрамдашыптыр. Жылкыны өзүн чүйлүктөрдүн кожоюнумун деп шуулдап жүргөн БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов сойгон экен. Ал жердегилер Канат Исаевдин алгылыктуу аракеттерин баалашып катуу ыраазы болушуп, чуулдашып бата беришкенин эшиттик. Жылкыны Туйгуналы мырза союп жатса, упай топтоюн деп, батаны Канат мырзага берип жатканы кандай?


Токтосун Мадияров казактардан 1,2 млн. доллар алганбы?
Гезитибиздин акыркы сандарынын биринде Ысык-Көлдөгү "Күрмөнтүцемент" заводунун ахыбалы тууралуу заводдун мурунку жетекчилеринин бири Курманбек Намазалиев кенен маек берген. Ошол маекте заводдун ишине Максим Бакиев, Жаныш Бакиевдердин кийлигишкени, казактардын аралашканы тууралуу учкай айтылган. Ошол маеке кошумча маалыматты (тактап айтканда далилдерди)бул иштин чоо жайын жакшы билгендер атайын редакциябызга таштап кетишти. Анда кадимки Токтогулдун кулуну Токтосун Мадияров казактарга "крыша" болуп, алардан 1 млн. 200 миң доллар алганы айтылыптыр. Бул тууралуу келерки сандарыбызда кенен кеп кылмакчыбыз.
"ФАБУЛА" пресс













??.??