Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Турдали Орозбаев,
коомдук ишмер:
" Мени акча таратты деп айткандарды өз абийирине койдум..."
- Турдали мырза, кепти түз эле айтайын. Сиз Акыйкатчы болууга талапкер болуп, өтпөй калдыңыз. Айрымдар, анын ичинде депутаттар сизди акча таратты деп айтып чыгышты. Канчалык деңгээлде чындык?
- Мен өзүм беш маал намаз окуган адаммын. Тилекке каршы, кыргызда көрө албастык жана ич күйдүлүк деген маселе өтө жогорку деңгээлде экенин эч кимден жашыра албайбыз. Ал эми ушул эки маселе шайлоо учурунда өтө күчөп кетери бештен белгилүү. Мен ушул жашка чейин эч кимге акча берип, кызматка орношкон адам эмесмин. Акыйкатчы болом деп да бир да депутатка акча бергеним жок. Ким андай сөздөрдү чыгарса, мен аларды өз абийирине жана Кудайга койдум.
- Ал сөздөрдүн чыгышына көрө албастыктан тышкары дагы кандайдыр бир жүйөлүү себептер болсо керек да....
- Мен элден жашыра турган эч кандай сырым жок. Азыр мени "Оштогу бай адамдардын бири" деп айтышат. Туура, мен ак эмгегим менен өзүмө, бала-бакырама кенен жете турган жашоодо жашайм. Бирок кептин баары сенин иши кылып байып алганыңда эмес, кеп ошол байлыкты кантип тапканыңда. Себеби, мен да буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөн адам болгондон кийин, ал тууралуу кыскача айтып коюшум керек.
Мен эмгек жолумду Араван районунда училищада мугалим, методист болуп баштагам. Андан кийин колхозго инженер, механик, Комсомол комитеттин секретары, бөлүм башчы болуп иштедим. Бул кызматтарда жакшы жыйынтыктарды көрсөттүм. Ошондон улам эң артта калган колхоздордо башкаруучу (раис) болуп иштеп, алардын экономикасын көтөрүп, ийгиликтүү иштеп, өзүмдүн ишке жөндөмдүү экенимди көрсөттүм. Кийин, СССР тарагандан кийин, базар рыногун туура түшүнүп, өз алдынча оокат кылганга баш уруп, биринчилерден болуп "Союз ТТ" деген чакан ишкана ачып, анын башкы директору болуп иштеп баштадым. Ал кезде, азыркы дүңгүрөп жаткан "Шоро" фирмасынын аты да, жыты да жок болчу. Ошол "Шоронун" кожоюну Табылды Эгембердиев 1991-жылдары "Улуттук ар -намыс жана прогресс" деген ассоциацияны жетектеп калды. Ага жалпысынан "Союз ТТ", "Асаба" баштаган 16 фирма кирген. Негизи ал уюмду түзүү идеясы Акаев, Кулов ж.б. таандык болгон. Ошол кезде биздин бир жумада бир баняга чогуу түшмөй адатыбыз бар эле. Ошол жерден Табылды: "Мен эртең Аскар Акаевдер менен Израилге командировкага кетип баратам, бирок ырыстуу кийимим жок" деп айтып калды. Карасак, ботинкасы жыртылып, курткасы да сыйрылып, эскирип калган. Биз аны ошол жерден кийинттик. Мен ошол күнү алган "Саламандра" деген туфлимди чечип бердим, Кудай жалгап экөөбүз бир өлчөмдө кийет экенбиз. Асан Ормушев деген досубуз үстүндөгү плащын чечип берди. Ар бирибиз колуна 100-200 доллардан берип, Израилге жөнөткөнбүз. Кийин ал муну өзүнүн эскерүүсүндө ("Шоронун" он жылдыгында) толук жазган. Ал ошондо эле: "мен жарма жасап, жарма сатам" деп жүрчү, биз ага: "кыргыздын ар бир үйүндө жарма турганда, сенин жармаңды ким сатып ичмек эле" шылдыңдап күлчүбүз да. Бирок тырышып жатып, ак эмгеги менен ошол максатына жетти. Бул эми өзүнчө тарых. Мен муну менен ошол кезде эле тың , бардар жашоодо жашап келгенимди айткым келет. Ушундан улам мени айрымдар: "анын акчасы көп да, ошон үчүн таратты да" деп далилсиз кептерди айтып жатышат.
- Жаңы шайланган Акыйкатчыга көз карашыңыз кандай? Ал киши ал кызматка толук татыктуубу?
- Мен татыктуу эмес деп айтпайм. Көз карашым жакшы. Буйрук менен шайланып калды. Анын канчалык деңгээлде таза шайланып келгени тууралуу сөз кылгым келбейт. Мен болсо, биринчи эки-үч фракциянын лидерлери менен сүйлөшсөм, "биздин партиянын атынан чык, колдойбуз" дешкен, бирок кайра "Акыйкатчы деген эч кимге көз каранды болбош керек, бардык жерде эркин болсо, ошол чыныгы Акыйкатчы болот" деп ойлоп, эч бир партияга көз каранды болбой, өзүмдү - өзүм көрсөткөм. Жыйынтыгы жаман болгон жок, мага 45 депутат макул деп, бешөө каршы добуш беришти. Көптөр: "шерменде болдук, Жогорку Кеңештин шайлоосу да ушундай өтөбү?" деп тескери баа беришти. Айрымдар мени "сотко бер" деп үндөштү, мен аларга: "эч качан сотко бербейм, ким кандай иш кылса өз абийирине койдум" деген оюмду айттым.
- Сиздин көз карашыңызда Акыйкатчы институтуна эмне жетишпейт?
- Мен ачык айтайын, көп нерсе жетишпейт. Мисалы, Акыйкатчы институту түзүлгөндөн бери жакшы билем. Бул институт бир гана адамдын укугун гана коргоо менен чектелбестен, Кыргызстандагы демократияга чоң салым кошкон институт болушу керек. Түштүк Кореядан инвестицияны коргоо боюнча институт бар. Абдан жакшы иштеп, инвесторлорду көп тартууга чоң салым кошуп жатат. Бизде да ошондой структураны Акыйкатчы институтуна киргизүү керек. Эгер андай структураны киргизсек, Акыйкатчы ал маселе боюнча да жакшы иш алып барса, анда биздин өлкөгө инвесторлор көп келип, мамлекетке чоң пайда болот эле да. Болбосо, азыр инвесторлорду эл эмес, чиновниктер өздөрү качырып жатышпайбы жанталашып 10-20 пайыз "шапке" сурашып... Ошондой эле Акыйкатчы институтуна миллиондон эчак ашып кеткен биздин башка жактагы мигранттарыбыздын укугун коргоо боюнча структураны киргизүү керек. Бул учурдун талабы. Себеби, биздин канча деген мигрант жарандарыбыз башкасын кой, өз укугун билбей барган жеринде кор болуп жүрүшөт.
- Сиз Россиянын Свердлов облусунда бир нече жыл Кыргызстанды башкы консулу болуп иштеген адам катары миграция маселесин жакшы билесиз. Бүгүнкү күндө миграция маселеси абдан оор. Бул боюнча кандай пикир айтасыз?
- Мен Екатеринбургда 2005-жылдан 2012-жылга чейин башкы консул болуп иштедим. Кудайга шүгүр, миграция маселесин жакшы билем. Чынын айтыш керек, азыр бизде тышкы жана ички миграция дагы баш аламан болуп жатат. Тартип жок. Мыйзамдар бар, бирок ал мыйзамдар иштебейт. Мен Екатеринбургга жаңы барганда биздин мигранттар укмуш эле оор ахыбалда болчу. Мактангандай болбоюн, бирок мен колуман келишинче тартип орнотуп, бир нукка салганга жетиштим. Мисалы, биздин мигранттардан милициялары деле, криминалдары деле, айтор ким ыгын тапса ошонун баары акча алып, салык төлөткөндү салтка айлантып алышкан экен. Мен тиешелүү жерлерге кайрылып жатып, ачык жарыя салып жатып андай терс көрүнүштөрдү жойдум.
Россиянын Федералдык миграция кызматы (ФМС) кандай сонун иштеп жатат. Бизде болсо, атайын министрлик бар, бирок ал министрлик тиешелүү иштерди аткара албай жатат. Россиядагы, Казакстандагы мигранттарыбыздын укугун коргой албайт. Керек болсо, миграция министрин Россияда, биздин жарандарын кандайдыр бир соту болуп жатса, ага катыштырбайт. Себеби, ага укугу жок. Андан көрө, министрлик аткарып жаткан функцияны ИИМге, же башка бир тиешелүү мекемеге берип койсун. Бирок алар ички миграция тартипке келтирсин. Ал эми тышкы миграцияны ошол жактагы элчиликтер, консулдуктар тейлесин. Мисалы, консулдар Россиядагы же башка жактагы сотко катышканга, анын укугун коргогонго укуктуу. Бул мыйзамда да көрсөтүлгөн. Министрлик болсо, андай укукка ээ эмес. Биз азыр министрликтин өкүлчүлүгүн Россияда ачуу үчүн бир топ чоң суммадагы акча кетет. Бирок ошого жараша иш алып бара албайт. Ошон үчүн элчиликтин, консулдуктун ишин күчөтүп, толук шарттарды түзүп бериш керек. Мисалы, азыр Екатеринбургда болгону беш эле адам иштейт. Россияда 22 чоң регион бар. Ошонун ар бирине бирден жеткендей кызматкер иштесе жакшы болмок. Анткени, Россиядагы кыргыздар Москвада жана Екатеринбургда эле эмес, бардык эле жерде эмгек кылып жүрүшөт. Бирок алардын укугу корголбой жатат. ФМСтин акыркы маалыматты боюнча Россияда биздин кыргыз мигранттары 832 миңге жетти.
- Анын жарымына жакыны Россиянын жарандыгын алып алышкан да...
- Туура жарымы Россиянын паспорту менен жүрүшөт. Бирок ал жактын жарандыгын алгандарга мамлекет башчысынын буйругу чыгышы керек эле. Андай буйрук чыккан жок. Ошол эле учурда биздин президенттин да биздин жарандыктан чыккандарга да расмий буйрук чыккан жок. Негизи эки тараптан тең ушундай тиешелүү буйрук чыгышы керек эле. Россия президенти кааласа, каалаган убакта биздин мигранттардын толук мыйзамдуу жаран эместигин айтып, айдап жибериши да ыктымал. Азыр аларда Кыргызстандын да, Россиянын да паспорттору бар. Бирок антип так кесе айтуу кыйын. Себеби, Россия өздөрү кызыкдар. Жарандыкты жаңы алгандарды өздөрү жашабаган алыскы региондордо отурукташтырып, элдин санын көбөйтүп жатышат.
- Элчиликтерде, консулдуктарда коррупция абдан өнүккөн деп байма-бай айтылып келет. Бул да бекер жерден чыкпаса керек да?
- Мен Екатеринбургга жаңы консул болуп барганда, консулдуктун кассасында 20 миң доллар болгон. Кийин кетип жатканда, ал сумманы 5 миллион долларга жеткизип, таштап кеткем. Мисалы, бир адам жарандыктан чыгуу үчүн болгону 5 миң сомдой төлөйт. Ал 5 миң сом көптөргө кеп эмес да. Ошондуктан аны жок дегенде 1000 долларга көбөйтсө жакшы болмок. Анда биринчиден бюджет көбөймөк, экинчиден жарандык арзан бааланбай, кымбат болуп турса, акчасы жоктор кала бермек да, акчасы барлар гана жарандык алышмак. Сиз айткан нерсени, мен таптакыр жокко чыгара албайм. Андай нерсе аздыр-көптүр бар чыгар. Ар бир адам өз абийирине жараша иштейт. Мен коррупцияга каршы иштедим, себеби менин өзүмө жете турган кенен оокатым бар, патриот адаммын.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев