Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Равшан Жээнбеков кантип "Кумтөргө" күйүп атат?
Аскар Акаевдин доорунда "балык" чиновник, Курманбек Бакиевдин доорунда "Кайдасың Америка?" деген батышчыл саясатчы Равшан Жээнбеков парламент партасында байыр ала албай, бирде АКШга, бирде Кыргызстандын айрым аймактарына "жүрүш" жасап, "Кумтөр" маселеси боюнча чагымчылдык аракетин көрүп келет. Кечээ жакында эле Жети-Өгүз районуна барып, чогулган элдин алдында туруп "Кумтөр" ишканасына каршы элди митингге чыгууга үндөп жүргөнүн уктук. Ал бир гана Жети-Өгүздүн элин эмес, башка аймактардын эли дагы "Кумтөргө" каршы митингдерге чыгышы керек деп билдирди. Мына эмесе, "патриот" болбосоң коё кал! Өз мамлекетинде мыйзамды сыйлабастык күч алып, өкмөттүн өкүлүн барымтага алуу, жол тосуу, административдик имараттарды басып алууга аракеттер болуп жатканда мамлекетинин өнүгүүсүн каалаган эл өкүлү да ушундай чакырык таштайбы? Албетте, чыныгы патриот инсандар мындайга барбайт. Муну "өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" деп гана айтсак болот.
Равшан Бабырбекович убагында "Кумтөр" маселеси боюнча деги эле ойлончу беле деген суроо жаралат. Акаев доорунда, Бакиевдин үй-бүлөлүк диктатурасы учурунда эмнеге "Кумтөр" деп кыйкырып, элди митингге чыгууга үндөгөн эмес? Абдан кызык суроо. Болгондо да Равшан Жээнбековдун талылуу жерине тие турган суроо. 2003-жылы "Кумтөр" келишимин реструктуризациялоо болуп, жаңы келишим түзүлүп жаткан маалда Равшан мырза Мамлекеттик мүлк министрлигин "чеңгелдеп" турган маалы болчу. Майрам Акаева апчесинин айткандарын эки кылбай, көзүнүн кареги менен тең айланып чуркап жүрчү. Кыязы Акаевди түшпөс хандай сезсе керек. Мына ошол убакта "Кумтөр" боюнча 2003-жылкы келишимге кол койгон өкмөттүн 12 мүчөсүнүн аты-жөндөрүн Башкы прокурор Аида Салянова шардана кылды. Алардын арасында Мамлекеттик мүлк министринин орун басарынын да колу бадырайып коюлуп турат. Ырас, бул боюнча дагы Жээнбеков өз комментарийин берген. Анын айтымында ал бул келишимге караманча-каршы чыгып кол койбогондугун, анан ал жоктон пайдаланышып, анын орун басарын коркутуп кол койдуруп алышкан экен. Ушул да олуттуу саясый ишмердин актануусубу? Биринчиден, эч убакта кайсы бир жетекчинин орун басары жетекчисинин уруксаты жок эч кандай документке кол коё албайт. Экинчиден, өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев айткандай Равшан мырза жоктугунан пайдалангыдай ал бир жыл бою жумушка чыккан жок беле? "Саясый чечимди эч убакта орун басар өзү билип кол койбойт. Ар дайым жетекчи өзү чечет. Эгерде менин орун басарларымдын бардыгы документтерге кол коё берсе эмне болот? Жетекчилик тараптан жоопкерчилик болушу керек" дейт премьер-министр. Эгерде "Кумтөргө" чындап күйгөндө ал жоктугунан пайдаланып орун басарына кол койдуруп алышканда деле эртеси эле күнү "Бул эмне деген мыйзамсыздык, мен жокто орун басарыма кол койдуруп алыптырсыңар" деп кыйкырып чыкса болмок. Антип чыкканга ал убакта Равшан Бабырбековичтин "духу" жеткен эмес. Себеби, майлуу кызматынан кол жууп калууну туура көрбөгөн. Ошентип "Кумтөр" компаниясындагы Кыргызстандын 67 пайызын 16 пайызга түшүрүүгө абдан чоң "салымын" кошкон. Бул боюнча "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов да: "Кайсы бир документке кайсы бир жетекчинин орун басары кол койгону менен, анын жетекчиси жооп берет" деп билдирди. Демек, Равшан мырза бул келишимге болгон "салымынан" эч кайда качып кутула албайт. Бул анын мамлекетибиздин кызыкчылыгына каршы жасаган жалгыз гана иши эмес. Мындан сырткары ал мүлк министри болуп турган кезде канчалаган балдар бакчалары менчиктештилирип кеткенин билебиз. Анын айынан азыркы тапта дээрлик бардык балдар бакчаларында нормадан эки эсе көп балдар тарбияланат. Дагы канчалаган ата-эне балдарын кезекке тургузуп коюп, акыйып күтүп турушат. Көпчүлүгү бакчага киргенге чейин эле мектеп курагына жетип калууда. Бул маселе азыркы тапта Равшан мырзаны неге түйшөлдүрбөйт болду экен? Равшан Жээнбековдун элди бийликке, "Кумтөргө" каршы үндөгөн чакырыгы социалдык түйүндөрдө да кызуу талкууланып, аны АКШнын тапшырмасы менен иштеп жатат дегендер арбын. Ал Америкадан акча каражаттарын алып, анан ал акчаларды актоо үчүн Кыргызстанда башаламандык, курч кырдаалды түзүп турууга далалат жасоодо дешүүдө. Ырасында эле Акаевдин заманында "Кумтөр" эле эмес, жогоруда белгилеп кеткендей менчиктештирүү багытында да бир топ мыйзамсыз иштерди жасап, 2005-жылдагы революциядан кийин АКШга качып кеткен эле. Эми Бакиевдин бийлигинин кулашы менен кайтып келип алп, бизге батыштын саясатын жүргүзгүсү келет. Өзү кылган кылгылыкка башка бирөөлөрдү күнөөлөп, анан карапайым элдин башын айланткан ушундай саясатчылардын деги кыргыз элине, Кыргызстанга кереги барбы?

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу




Коррупция короосунан...
Маданияттын мафиялары...
(Башы өткөн сандарда)
Тураповдун дагы бир чоң кылмыш иши
Гезитибиздин өткөн санында улуттук филармонияны оңдоо учурундагы (2008-жыл) коррупцияны жаздык эле. Анда Раев менен Турапов 7,5 миллион сомду онго жакын курулуш фирмалары менен бирдикте кандайча жегенин баяндап жазганбыз. Керим мырза, андан бери филармониядан бир тыйын жебегендей түр көрсөтүп жүрөт. Ошол эле учурда кылмыш ишин кыскартууга жандалбастап, ар кандай аракетке барып жатканын да жакындан билгендер ачык айтышууда. Мисалы, андай аракети аздыр-көптүр ишке ашып, желип кеткен 7,5 миллион сомду эксперттер аркылуу 4,5 миллион сомго чейин азайтканга жетишиптир. Эксперттер болсо, ишти сотко өткөзбөй созуп олтурушат. Кыскасы, Керим мырза сүттөн ак болуунун бар аракетинде экен. Кыргызда: "бети жок кишиге айла жок" деген сөз бар эмеспи. Биздин каарман жеп алгандарын унутуп, кайрадан эле бет тырмарлык аракетин көрүп жатканын жалпы коомчулук жакшы билет. Мисалы, филармониянын жетекчилигинен түшкөндөн бери эч уялбай кайрадан аталган мекеменин эки тизгин, бир чылбырын алуунун амалын көрүп, өзүнөн кийинки директор Кыргыз эл акыны Замирбек Үсөнбаевди ордунан оодарып жиберүү үчүн интриганын "илибой" түрүн көрсөттү. Министрлерге, депутаттарга, мурунку жамаатына чуркады. Чуркаган менен колдоо тапкан жок.
Акыры айласы кеткенде: Бишкектин Жусуп Абдрахманов (Совет) жана Токомбаев кесилишиндеги сейил бактын ордуна 12 кабат үй салам деп чамынып чыкты. Ал жер 2007-2009-жылдары эски бийликтин тушунда коррупциялык жол менен алынганы ачыкка чыкты. Тактап айтканда, ал жердин баасы кыйла кымбат болгон. Бирок ошол кезде эски бийликтин бийик бутагындагы эргулдардын эбин таап, табакташ болуп жүргөн Керим мырза жерди бир топ арзан баага сатып алып, анын тиешелүү документтерин мыйзамдуу кылып бүтүрүп койгон.
Аталган жер биринчиден, сейил бак, экинчиден, шаардык троллейбустук диспетчердик башкармалыктын пункту турган жер. Ушул жерди жең ичинен сатып, курулуш иштерине уруксат берип койгондугу үчүн шаар мэри Иса Өмүркулов шаардык архитектуранын башчысы Алмазбек Абдыкаровду кызматтан алганы белгилүү. Ал эми Керим мырза ал жерди түрктөрдүн "Пегасус Ала-Тоо" курулуш компаниясына берген экен. Аталган компания 12 кабат үй салып, келишим боюнча анын 2 кабатын Тураповго музыкалык мектеп кылып бермек экен. Ошол максатта иш баштаган компания, түз айтканда Керим мырзанын көрсөтмөсү менен ал жердеги 50 түп бакты түп орду менен кыркып, тазалап баштаганда, жергиликтүү эл каршылык көрсөтүп чыккан. Ошол бойдон курулуш иши токтоп турат. Турапов болсо, "билген намазыңырды окугула" деп баягы бет тырмарлык ишин улантуу менен алек. Айрым аттуу-баштуу инсандар Керим мырзанын тилине кирип алышып, аны колдоп да жүрүшөт. Аны көрүп-билип турган бийлик, Башкы прокуратура эч кандай чара көрбөй элди нааразы кылып турат. Мындай иштин арты жаман болчу эле, аны ойлонгон бир да киши жок.
Кыргызбай Осмоновдун мойнундагы 3 миллион сом...

Раев, Жунусов, Шакиев, Тураповдон ашса ашып, асты кем калбаган кыргыз маданиятынын ардактуу "коррупционери" наамына өзүнүн "ак эмгек, маңдай тери" менен жеткен Кыргызбай Осмонов деген "азамат" бар. Ырдаса жакшы ырдайт, роль аткарса да, мыкты аткарат, тойлордо тамада болуп, тилинен да чаң чыгарат. Мындай көп кырдуу таланттын дагы бир "сейрек таланты" бар. Анысы мамлекеттин бюджетин талап-тономой. Сөзүбүз кургак болбош үчүн Кыргызбай мырзанын "коррупциялык " иштерин буга чейин да, кенен жаздык эле, бирок ал боюнча эч кандай чара көрүлгөн жок. Эми Осмоновдун белгилүү "коррупциялык" иштерине көз чаптырыңыз.
Элибиздин сыймыгына айланган Кыргыз Улуттук Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрды капиталдык оңдоп - түзөөдөн өткөрүү үчүн 2007-жылы 2011-жылга чейин мамлекеттик казынадан жалпысынан 26 миллион 300 миң 400 сом бөлүнгөн. Бул акча жыл сайын этап-этап менен бөлүнүп турган. Ошол учурда театрды Кыргыз Эл артисти Кыргызбай Осмонов башкарып турган.
2007-жылы 869 400 сом, 2008-жылы 9 450 000 сом, 2009-жылы 5 481 000 сом жана президенттик администрациянын резервдик фондунан 800 000 сом.
2011- жылы 2 500 000 сом бөлүнгөн.
Эми бул олчойгон каражаттын оңдоп-түздөө иштерине кандай сарпталганына саресеп салалы. Театрды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 4 жылдан ашык убакыттын ичинде тендерден жеңүүчү болуп эсептелген 17 ар кандай (бирөө шыбагын, бирөө сантехникасын, дагы бирөө чатырын ж.б.) курулуш фирмасы катышкан. Эске сала кетсек, Кыргызбай мырза, аталган театрда он жылдай "алмашкыс директор" болуп турду. Ал эми учурда Маданият министри болуп турган Султан Раев ошол кезде да Маданият жана маалымат министри болуп турган.
Кырдрамга бөлүнгөн 26 миллион сомду Раев менен Осмонов түздөн-түз көзөмөлдөшкөн. Демек, каражат жана театрдын капиталдык ремонтуна, анын сапатына жооп бере турган ушул эки чиновник. Эмесе эки аткаминердин бул чоң ишти кандай бүтүргөнүн, арасындагы жетишкендигин жана кемчилигин иликтеп көрөлү.
(Уландысы кийинки санда)

Айбек Шамшыкеев