presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Зарылбек РЫСАЛИЕВ
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы, милициянын генерал-майору
"Текебаевдин тишин тилинЕ күбө кылам"

- Зарылбек мырза, окурмандар үчүн элдин бүйүрүн кызыткан; Батукаевдин түрмөдөн чыгарылышы, "Ата-Мекен" фракциясынын депутаттарынын талап-тоноочулукка катыштыгы тууралуу кенен жана ачык маек кылсак. Бирок, ал чоң маселелерди кеп кылаардан мурун, сиз жетектеп жаткан мекемедеги жаңылыктарды угалы. Кубантарлык кандай жылыштар бар?
- Өтө деле укмуш иштерди бүтүрүп салдык деп айтуудан алысмын. Бирок ошондой болсо да, бир катар жакшы жаңылыктарды жар салсак болот. №31 колониядагы кургак учук оорусу менен ооругандар жаткан түрмөгө кошумча үч корпусту ОБСЕ баштаган эл аралык уюмдардын күчү менен салдырдык. Буйруса ачылышын 15-ноябрга белгилеп жатабыз. Ал корпустар колдонууга берилгенден тартып, кургак учук оорусу менен ооругандарды ооруларынын ахыбалына жараша бөлүп-бөлүп кармайбыз. Андан тышкары, медициналык шартын да жакшыртып жатабыз. Экинчиден, канализациялар иштебей калган, ошону тазалай турган атайын машинени да эл аралык уюмдардын жардамы менен алдык. №1 колония менен №47 колониянын канализациялары (эскилиги жетип бүткөн) шаардын ичинде болгондуктан, аларды толугу менен алмаштырып, жаңырттык. Андан тышкары, №19 колонияда өмүр бою эркинен ажырагандар үчүн эки кошумча жаңы түрмө салып (буга өкмөт акча бөлгөн) жатабыз, жакында бирөөсү бүтөт. Ачыктап айтканда Кыргызстанда мындай түрмө жок болчу, баары эле аралаш жатышчу. Эми өкмөт бизге кошумча 60ка жакын кызматкер берсе, анда биз ал кызматкерлерди атайын курстан өткөзүп, даярдап, жаңы-жылдан кийин эркинен өмүр бою ажыраган 120 кылмышкерди ошол жаңы салынган атайын түрмөгө бөлөбүз.
- Азыркы тапта алардын саны канча жана алар үчүн жаңы салынып жаткан түрмө жетиштүүбү?
- Учурда эркинен өмүр бою ажырагандардын саны жалпысынан 280ге жакын. Экинчи түрмө бүткөн күндө деле, анын баарын батыра албайбыз, дагы бирди салуу керек. Долбоор боюнча ал түрмөнүн жанына кызматкерлерге 10 үй салынышы керек, анын үчөөсүнүн курулушу кызуу жүрүп жатат, буйруса ачылышына карата бүткөрүүгө аракет кылуудабыз.
Мындан тышкары, жакында өткөн ЭКСПО-2013 эл аралык сынагынан биздин аялдар түрмөсүндөгү аялдар ойлоп таап, чыгарган "Сойебелковый сок" деген азык эл аралык конкурста алтын медалды жеңип алды. Эми аны "7 дней", "Народный" ж.б. дүкөндөргө сатууга чыгардык. Ал эми курулуш жагынан кирпич, пескоблок, брусчатка чыгаруу жана мал чарбачылык иштерин да жандантып, көбөйтүүгө алгылыктуу аракеттерди жасап жатабыз. Союз кезинде түрмөлөрдө мал абдан арбын болчу. Эми мындан ары дагы малды ошондой көп санда кармайлы деген максатыбыз бар. Себеби, союз кезинен бери мал кармай турган шарттарыбыз толугу менен сакталып калган. Эмдиги жылдан тартып картошка, жашылча өсүмдүктөрүн да өзүбүз өндүрүүгө өтүп, абалыбызды жакшыртканга аракет кылуудабыз. Кыскасы, өкмөттү эле карап олтура бербей, ушинтип өзүбүзгө-өзүбүз бир аз жеңилдик шарттарды түзүүдөбүз.
- Бүгүнкү күндө түрмөлөрдө республика боюнча канча адам жатат жана аларга бюджеттен канча каражат сарпталат?
- Түрмөдө жаткан адамдардын жалпы саны 17 миңге жакындап калды. Түрмөлөр тар болуп, жетишпей жатканы чындык. Өзгөчө жашы жете элек балдар үчүн жана аялдар үчүн бардык шарттары бар түрмөлөрдү салсак жакшы болмок. Түрмөдөгү адамдарды багууга каралган акчанын 32 пайызы гана бөлүнүп берилет, калганы акчанын тартыштыгынан улам берилбей келет. Ал эми учурда түрмөдө олтурган адамдарга тамак ар кандай баага берилет. Мисалы, кургак учук оорусу менен ооругандар, дары ичкен адамдардыкы 60 сомго чейин жетет, калгандарыныкы андан төмөн. Дары-дармектерге бөлүнгөн акчанын 6 эле пайызы берилет, калганын ар кайсы уюмдардан сураштырып, күн көрүп жатабыз.

"Батукаевден өч алгысы келгендер көп болчу..."

- Баш ооруткан Батукаевдин абактан чыгып кетиши тууралуу кепти баштасак. Жыл башында сиз мага: "Батукаев мен турганда эч качан чыкпайт" деп маек бергенсиз. Болбой эле чыгып кетти. Ушундан улам өзүңүздү кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүүмүн деп эсептейсизби?
- Мен ар дайым бетке айткан адаммын. Менде Батукаевди абактан чыгарууга эч кандай укук жок. Укугу барлар кийлигишип, натыйжада сот органдары чыгарып жиберди. Бирок, Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн комиссиянын башына депутат Болот Шерди коюп коюшканы күлкү келерлик көрүнүш болду.
- Себеп?
- Өзүңөр ойлогулачы, ал киши ким өзү? Анын акыркы жылдары айткан сөздөрүн, кылган иштерин кылдааттык менен карап көргүлөчү? Дегеле, Болот мырза Кыргызстанга кандай пайда келтирди? Макул, мурункусун иликтебей эле коёлу, кийин министр болду, азыр депутат болуп олтурат. Өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эмнелерди кылбады? Генерал -лейтенант чинин алды, кайра аны берем деди, парламенттен кетем деди, бирөөлөргө окту койду, "Ата-Мекенден" чыгам деди. Кыскасы, кандай гана нерселерди айтып, публикага ойногону менен, алардын бирөөсүн да аткарган жок. Же калп айтамбы?! Анан ким анын сөзүнө ишенет?! Ал депутаттык комиссиянын жетекчиси катары менден Батукаев боюнча бир топ нерселерди сурады, мен болгонун болгондой айтып бердим. Аны тасмага тарттырды. Бирок, элге менин берген жообумдун бир тобун кырктырып, монтаждап, өздөрүнө керектүү жерин гана көрсөтүштү. Бул эмне деген өзүм билемдик?! Бул деген нары кетсем наадандык, бери кетсем бети жоктук да! Текебаев жат десе жатып, ат десе ата беришеби? Текебаев мага Жогорку Кеңештен беш мүнөт сөз бергиле десе, "бербегиле" деп жаны чыгып кете жаздады го! Эмнеден коркту, мен эмнени айтат элем? Азыр алар: "Рысалиевди ушинтип койсок, боло берет" деп ойлоп жатышат. Ойлой беришсин, бирок катуу жаңылышат. Текебаевдер башкаларга өзүм билемдигин көрсөтсө көрсөтүшөр, бирок мага көрсөтө алышпайт, ачык айтып коёюн. Орустар айтмакчы, "духа не хватит". Дагы мен өзүмдү карманып, буларды аяп турам. Сөзүнөн башка берекеси жок, колдорунан бок келбеген депутаттардын барынан жогу жакшы, эл үчүн. Креслого чалкалашып, каадаланышып, болбогон сөздү сүйлөшүп, көп учурда элдин кыжырын кайнатып жиберишет.
...Эгер мен ушул Мадылбеков, Текебаевдер менен аскерде алты ай бирге кызмат кылып калганда, анда аларды "свинарниктен" башын чыгарбайт болчумун.
- Алар аскерде кол алдыңызга түшпөй, бир чакырылышта болуп калсачы...
- Мейли, бир призыв болуп калсак деле ошону көрсөтмөкмүн, адамга кылган одоно мамилелери, ит кыялдары, эки жүздүүлүктөрү үчүн... Себеби, мен өзүмө ишенем. Кылам дегенимди кылып келген адаммын. Бирок Шер дагы, Текебаев да аскерге барган эмес. Бирөөсү "десантмын" дейт, десант болсо да десанттардын өтүгүн тазалап жүрүп келген десант болсо керек да...
- Батукаевди эмне себептен Нарындан Бишкекке чейин узаттыңыздар? Мындай көрүнүш көпчүлүккө түшүнүксүз бойдон калып келет. Же кандайдыр бир кызыкчылык болгонбу?
- Мен так кесе айтып коёюн, менде эч кандай кызыкчылык болгон эмес. Сиз берген суроону ар ким ар кандай кабыл алып, ар кандай түшүнүштү. Биринчи кезекте Текебаев тескери түшүнүп, ошол түшүнүгүн жалпы элге таңуулап, жандалбастап жатат. Эмне үчүн мен же жалпы эл, Текебаевдин айтканына ынаныш керек?! Баары эле ал каалагандай боло бериш керекпи? Менин Батукаевди абактан чыгарып жибергенге укугум болсо бир жөн эле. Укук башка адамдарда да! Аны баары эле билип турат. Ошол кезде Атаханов менен Рысалиевдин мамилеси кандай эле? Ит менен мышыктай эле го, туурабы? Мен түрмө системасында 1985-жылдан 1992-жылга чейин иштегем. Ал системаны аябай жакшы билем. Батукаевди судьялар сот залынан чыгарып жибергенин кеңешчим мага айтары менен, мен милициянын начальнигине чалып: "Батукаевди атып кетишет" дедим. Себеби, мен анын тарыхын башынан аягына чейин жакшы билем да.
- Кимдер атмак эле?
- Мисалы, Рыспек Акматбаев жана анын балдары боюнча өч алына элек болчу. Камчы Көлбаев менен ич ара чатагы бар болчу. Камчыга Батукаевдин эртеңки күнү эркиндикке чыгып кетиши кереги жок нерсе болчу. Уйгур Шаттын Рустам деген баласы тууралуу да чечилбеген суроолору бар эле. Андан башка дагы толгон-токой душмандары бар. Ушундан улам, аны жок кылышмак, кандай болгон күндө да.
- Атса эмне болуптур, ушунча ызы-чуу кылган адамды коргоштун кереги бар беле?
- Түшүнбөгөндөр ушинтип ойлошот. Мисалы, сот "Батукаев эртең чыгат" десе, анда, өчү бар адамдар план түзүшмөк да, атышмак. Бирок кандай жагдайда, кандай курал менен атышмак? Кеп ошондо болчу. Балким эл көп жерде, күчтүү курал менен атышса же жардырышса, бейкүнөө адамдар да кетмек да, туурабы? Себеби, Батукаевдин кайсы машинеде олтурганын кол салгандар так билбейт да, эки-үч машиненин арасынан. Маселен, чоң жолдо светофорго токтогондо атышмак. Мына ошондо чоң ызы-чуу башталмак. Эгерде ошондой окуя орун алганда, анда менин дарегиме мындан да арбын, ачуу сындар айтылмак. Мага Батукаевдин өмүрү кымбат эмес, мен үчүн мээнеткеч элимдин өмүрү кымбат! Узатуу учурунда ушул гана кызыкчылык бар болчу менде. Макул, түрмөдөн чыгып кетти, бирок, аны эмне үчүн аэропорттон чыгарбай коюшпайт? Кеп ушунда болуп жатпайбы?! Ушу тапта "Ата-Мекен" партиясынын айыпталып жаткан төрт депутаты ушул ишти кызарбаган беттерине кармашып, ар кандай ушактарды таркатып, мени жаманатты кылып, өздөрүнүн мародёрлук боюнча кылмыш иштерин жапканга жандалбастап жатышат. Булардын мындай аракетин кесиптештери гана эмес, жөнөкөй адамдар деле билип турушат. Өткөн айда өздөрүнүн "ардагер" деген атын булгашкан үч-төрт полковник сөрөйдү мага карата айдакташты. Алар айтып жатышат, "Рысалиев деген тергөөчү эмес" дешип. Ооба, мен "опермин", а алар эмнеге адвокат болуп алышкан жана кимдердин? Кыязы аларга менин ордумду ыйгарып койгон окшойт.
- Батукаевдин эжеси Турсунбек Акунга 100 миң доллар бергенин жар салды. Бул канчалык деңгээлде чындык?
- Мен аны чындык же чындык эмес деп айта албайм. Бирок бир нерсени айтып коёюн. Батукаев кылмыш дүйнөсүнүн жазылбаган мыйзамы менен жашаган адам. Андыктан, ал акча берген күндө да анысын айтпайт. Айтса, өзүнүн чөйрөсүндө "стукач" болуп калат. Бул деген алар үчүн өлүмгө тете иш. Ал эми, маалыматтын гезитке чыгып кетишинде бир мандем бар. Буга ким кызыкдар болгонун убакыт көрсөтөт.

"Кыйын болушса, мени сындырып көрүшсүн..."

- Эми "Ата-Мекендин" депутаттарынын 7-апрелдеги талап-тоноочулукка катышы бар деген чоң маселени бир аз кенен сүйлөшсөк. Башкы прокуратура ал кылмыш ишин кайрадан тергөөгө жөнөттү. Мунун себеби эмнеде? Мадылбеков эмитен эле: "мына биз акталдык, бул Рысалиевдин эле ойлоп тапканы болчу" деп, кайрадан сизди катуу сынга алып жатышканы кандай?
- 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата-Мекен" партиясы Бишкекте болгон шампандын баарын филармонияга алып келишип: "мына биз уттук, шайлоодо биринчи болдук" деп катуу майрамдашкан, шайлоонун жыйынтыгы чыга электе эле. Мен ошондо өтүп баратып аларга: "уткан, утпаганыңар азыр белгисиз" деп айткам. "Ой, силер милициялар айта бересиңер, кайдан билесиңер?" деп, ишенимдүү сүйлөшкөн. Жыйынтыгы кандай болду, көрдүк го. Булар өздөрү тууралуу эч качан жаманды айтышпайт. Кетирген кемчиликтерин да моюнга алышпайт. Мына карап көргүлөчү, Болот Шердин үстүндө эки кылмыш иши бар. Бири 2010-жылдагы мародёрлук боюнча, бири казактын белгилүү жараны айтып чыккан 2005-жылдагы да талап-тоноочулукка, басып алууга катыштыгы бар боюнча кылмыш иши. Мадылбековдун үстүндө, Октябрь, Сокулук райондорунда милиция болуп иштеп жүргөндө колхоздун кеңселерин менчиктеп, аны аялына каттап койгон боюнча кылмыш иши алигиче бүтпөй турат. Бул бир. Экинчиси 2010-жылдагы мародёрлук боюнча иш. Төлөгөновдун мародёрлуктан тышкары алдамчылык боюнча кылмыш иши бар. Ал тажиктер менен иштешип жатып, алардын өтө чоң суммадагы акчасын алып, аны кайтарып бербей койгон. Анан тажиктер арыз жазышса, аларды "бул жакка келсеңер өлтүрөм" деп коркуткан. Коркуп калган тажиктер Кыргызстанга келбей койгондуктан улам, кылмыш иши убактылуу жабылып калган. "Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" деп айтылгандай, алар бул кылмыш ишин эч качан мойнуна алышпайт. Уурулардын болгон табигаты ошондой да. Качан болсо, элдин алдына чыгып алып, кооз сөздөрдү сүйлөп, кылган кылмыштарын танып турушат. Эми буларга дагы эмне деп айтыш керек? Кандай далил табыш керек?! Дагы катуулатып айтканда, ботко болуп, аралашчусу аралашып бүтүп калган. Текебаев өткөндө мага "энеңди таанытам" деп айтты. "Айтылган сөз, атылган ок" дегендей, айткан тилин тишине, тишин тилине күбө кылам. Өмүрбек мырзанын энеси бар болсо, аман болушун тилейм, мен ага жаман сөз айтпайм. Бирок, дагы айтайын, оозун көптүрүп айттыбы, тилин тишине күбө кылам. Булар ойлоп атат, милицияны талкалап коёбуз деп. Милиция десе эле ППС менен МАИни элестетишет. Милициянын арасында кыйындар, мен деген жигиттер бар. Мен өмүр бою опер болуп иштеген адаммын. Кыйын болушса, мени сындырып көрүшсүн. Булар трибунадан он беш мүнөт бирөөнү жамандап сүйлөшөт да, кайра бери чыкканда далыга чапкылап, көк чай ичип олтурушат. Ошого көнүшкөн. Мен булар менен көк чай ичпейм. Эркекче сүйлөшөм. Ошону менден күтүшсүн!
- Сиз ал төрт депутаттын катыштыгы бар делген 10 кылмыш ишин алып чыкпадыңыз беле. Учурда анын канчасы тергелип бүттү? Тергөө иштерине конкреттүү түрдө бут тоскондор кимдер?
- Ал он иштин сегизи тергөөдө. Алты кишинин үстүнөн бир топ эпизоддордон турган кылмыш ишин сотко өткөзгөнбүз. Анын ичинде Райкан Төлөгөновдун да баласы бар. Эми ойлоп көрүңүзчү? Райкан Төлөгөнов мылтыкты Абдулла Юсупов менен Дастан Оморовго берип жатат. Алардын бирөөсү Сузактан, дагы бирөөсү бул жерден кармалган. Мылтыкты эмнеге берет, ал деген адамды өлтүрө турган курал да. Адамды мылтык менен эмес, таш же вилка менен сайып өлтүрсө да, ал кылмыш ишинде курал катары эсептелет. Биздин прокурорлор болсо: "ал мылтык деген "гладкоствольный экен, болбойт"-деп, кишинин күлкүсүн келтирип жатышпайбы. Ушундай да болобу: "Мэ, бул куралды ал, тала-тоно, өлтүр" деп берип жатса, булар ал куралды жок шылтоо менен жокко чыгарышып: "буга айып эле төлөйт" деп кишини таң калдырып жатышат. Кайдагы айып? Тажрыйбасы бар юристтердин кылганы ушубу? Жумушун сыйлабаса да, өзүн сыйлашпайбы?! Андан тышкары, Төлөгөновдун баласы "10 миң доллар берем, Абдулда Юсуповду өлтүрүп бергиле" деп, түрмөдөгүлөргө заказ берип жатат. Анысы тасмага тартылып, иште тиркелип жатат. Эми сот аларга канча берерин ким билет? Бирок бул жерде бери болгондо 5 жылга кесилиши керек.
- Сизди Мадылбековдор: "Юсупов менен чогуу мончого барат" айтып чыгышты... Буга эмне дейсиз?
- Эмне демек элем, алар мен тууралуу түркүн жомок сөздөрдү ойлоп чыгарышып. Эптеп мени элге жаман көрсөтө албай жатышат. Акыл-эси толук, өз алдынча терең ой жүгүртө алган адам мародёрлук маселеси боюнча ким күнөөлүү, кимдики чын, аны эчак талдап, жыйынтык чыгарып коюшкан. Бирок, ар ким ар кандай айта берип, көпчүлүктүн башын айлантып да жатышат. Мисалы, КТРКны алалы. Ар кандай көрсөтүүлөрдү берет, ар кимди сүйлөтөт. Бирок мени бир чакырбай койду. Мародёрлук боюнча атайын тартылган тасманы элге көрсөтпөй койду го. Эмнеге көрсөтпөйт? Эмнеден коркот? Анткени, Кубат Оторбаев Текебаевдин айтканын аткарбаса, анда Текебаев ага көрсөтчүсүн көрсөтүп коёт. Бул көпчүлүккө түшүнүктүү. Менин айтканым калп болсо, анда Оторбаев бир жолу түз эфир уюштуруп, кыйын юристтерди, эксперттерди, депутаттарды, Текебаевди, мени чакырсын! Эл көрсүн да чындыкты! Ушул иш колунан келеби, кудурети жетеби? "Учур" башканы, "Де факто" башканы, "Фабула" башканы жазасыңар. Бирөөсү бул тарапка, дагы бирөөсү наркы тарапка тартып жазышат. Ошентип элдин башын айлантып жатпайбызбы. 3 жылдан бери талаш -тартыш токтобой келатат. Акыры чекит коюш керек да буга! Оторбаев КТРКдан болгонун болгондой реалдуу берсин. Муну да Текебаев бердирбей жатат. Мына Текебаев: "биз Бакиевдердин мүлкүн коргоп, мамлекетке өткөзүп беребиз" деп айтып жатат. Мамлекетке Бакиевдердин кайсы мүлкүн өткөзүп беришти? Бир сом өткөздүбү? Мен айтып жаткан буюмдар кайда жоголду? Ошол баасы миллиондорду чапчыган буюмдарды мамлекетке өткөзгөн деген тиешелүү бир кагазы барбы? Бар болсо Текебаев: "Зарыл сен бизди жөн эле күнөөлөп жатасың, мына биздин момундай кагаздарыбыз бар" деп, ачык-айтсынчы! Ал Жаныштын 50 жылдык тоюнда Өмүрзак деген берген сувенирди "подделка" деп айтып жатат, мен айтып коёюн, Текебаев өзү "подделка". Ал деген Индиянын антиквариат кумарасы. Анан кандайча жасалма болуп калат?
- Текебаевдер: "Рысалиев президенттин көрсөтмөсүн аткарып, ушундай кадамга барып жатат"-деп айтышпадыбы. Бул сөз канчалык деңгээлде чындык? Президент ушул маселеге чындап эле кийлигишип жатабы?
-Эгер мен президенттин көрсөтмөсү менен ушул ишти кылсам, анда прокуратура эчак мен тарапты кармамак да, момундай кылтыңдамай иштери болмок эмес. Президент бүгүн арбитр. Ал бул маселеге кийлигишкен жок. Мени кабыл алган жок. Быйыл мени 5 -майда кабыл алган. Ал эми Текебаевди канча жолу кабыл алыптыр, сурап көргүлөчү?
Текебаев менин дарегиме айткан сөздөрүнүн ичинен өзгөчө бир сөзүн өзүнө жегизгендей деңгээлге жеткизип туруп анан токтойм. Булардын ууру экенин мен көрсөтөм. Ага алым да, акылым да жетет. 2005-жылда да, 2010-жылда басып алуучулукка катышышкан. Эл билсин да, кимдин ким экенин ачыкташыбыз керек да, акыры. Азыр тергөө булардын 8-апрелден 12-апрелге чейинки 4 эле күндүк ишин тергеп жатат. Андан башка да кылмыш ишин козгой турган кылыктары, былыктары тоодой болуп үйүлүп жатат. Алар азырынча былкылдабай жатат. Биринчи ушул төрт күндүк ишин бүтүрөлүчү. Бир кылмыш бир жылда, керек болсо он жылда ачылат. Ошон үчүн мунун баарына убакыт керек.
Абдулла Юсуповдор бир дагы далил заты жок түрмөдө олтурат. Карандай сөздүн күчү менен олтурушат. Мен мародёрлук боюнча бир топ далил зат алдым, курал-жарак алдым, күбөлөрдү таптым, айтор, аларды айыптаганга негиз боло турган бардык материалдарды топтодум. Ошолордун негизинде ачылган кылмыш ишин нотариустан өткөзүп, бир нече көчүрмө кылып сактап койдум. Башкы прокуратура аны жоголуп кетти деп жатпайбы, меники жоголбойт, өрттөнбөйт, качан керек болсо, ошондо даяр турат.
- Былкылдабай жаткан иштери тууралуу ачык айтпайсызбы?
- Мен аны азыр айтпайм. Убагы келет? Кудай аман койсо, ага да жетебиз.
- Мародёрлук боюнча дагы эмне кошумчалайсыз?
- Айта турган сөздүн баары айтылды го дейм. Дагы кайталайын, Текебаев Оторбаевге уруксат берсин, ал КТРКдан мародёрлук маселеси боюнча түз эфир уюштуруп, ачык талкуу кылсын. Тергөө хроникасын элге толук көрсөтсүн. Анан ошол хроникада бир нерсе туура эмес болсо, анда мени сотко берсин. Эл ошондо Текебаев таза экенин же мен таза экенимди таразалайт эле да. Эл ушуну талап кылсынчы. Эгер президент мен тарапта болсо, анда КТРКдан эчак көрсөтмөк. Бабановго жабыштырып жатышат, эгер ал да мен тарапта болсо, НТСтен эчак толугу менен кайталап көрсөтүп турмак.
(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев












??.??