presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Нарын акча жыттанат да
Өткөн жумаларда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбековду кызматтан алат экен, арызын жаздырып алыптыр, ордуна Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кайыпов барат экен деген маалыматтар жарык көргөн. Канатты кызматтан алууга кызыкдар болгондордун башында Чыныбай Турсунбеков турары да айтылган. Анан эле баары бас-бас болуп калды. Буга дейре Нарындын губернаторлугун талашкандар болчу эмес. Эмнеге эми Нарын облусун башкарууну көксөгөндөр көбөйүп, ага кызыкдар болгон күчтөр өз кишисин отургузууну самап калышты, десе акчанын жыты келе баштаптыр. Дегенибиз, Нарын дарыясын бойлото 4 чакан ГЭСти курууга РусГидро 450 миллион доллар бөлөрү айтылууда. Эксперттер аталган ГЭСтерди курууга кетчү каражат 200-250 миллион долларды гана түзөөрүн кеп кылып келишет. Ал эми 450 миллион доллар насыяга бааланган долбоор, Кыргызстандын мойнуна түшчү карыз. Чиновниктер болсо ошол каражаттан кантип миллиондорду "жеп" калабыз дегенге кызыкдар. Нарын губернаторлугун алууну самагандары ошондон экен.


Сот көз карандысыз деп айтуу татаал
Жогорку Соттун төрайымы борбор калаадагы жогорку окуу жайдын студенттери менен жолугуп, көз карандысыз соттордун ишин кароодогу суроолорго жооп берип жатып, "Сот чечим чыгараарда көз карандысыз болушу керек. Бирок соттук ишти карап жатканда элдер жолдорду бууп, митинг өткөрүшөт. Ошондуктан көз карандысыз деп айтуу татаал", - деп билдирди. Кошумчалай кетчү жагдай, жарандык активисттер маалымдагандай, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева сот кеңешине Жогорку Соттун судьясы Муратбек Асановду мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү көрсөтмөсүн берди. Билдирүүгө ылайык, Жогорку Соттун судьясы Муратбек Асановго карата чечим кабыл алынды жана президент Алмазбек Атамбаевдин атына аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө сунушу киргизилди.
Жарандык активисттердин маалыматы боюнча, Жогорку Соттун судьясы 1956-жылы туулган, Ош областынын Лейлек районунун тургуну Муратбек Асанов эки жолу соттолгон: 1985-жылы уурулук, 1992-жылы мушташ үчүн. Бул фактыларга карабастан ушул жылдын жаз айында сотторду тандоо кеңешинде болгон конкурста ал Жогорку Соттун судьясы болуп тандалган.
Конкурска Асанов ИИМ башчысы Абдулда Суранчиевдин соттолгон эмес деп кол койгон КР ИИМдин маалымат борборунан алынган справканы тапшырган.


Тескери "ушатып"
Адамдар кубулганда хамелеондон дагы өтүп кетери ырас экен. Кечээ эле ар кимдин эшигин жыртып, журналисттерди чогултуп чай берип кошоматтанып жүргөн, күлү бир жерге додо болбогон Жамалбек Рысалиев Социалдык тамактандыруу департаментинин жетекчиси болуп барганы тескери "ушатып" калыптыр. Эмне деп дебейсиздерби? Уялбай эле: "Журналисттик иликтөөлөрү жок эле уккан ушактарын көркөмдөп жиберген калемгерлер көбөйдү. Көбү окуянын чын бышыгына жетпейт же акча бергендердин ырын аткарганы ич ачыштырат. Журналисттик этиканы сактагандар өтө аз. Кээси күбөлүгүн жасатып, мөөр бастырып алса эле өзүн арстан сезип ажааткана менен троллейбуска түшсө деле көрсөтүп корсоңдой берет. Андай калемгерлер үй-бүлөлүк жеке маселе менен белден ылдый түшпөй калды", - дейт. Журналисттерге сын тагып жаткан Жамалбек мырза сиз өзүңүз журналист "сөрөй" болуп "Мекен Ынтымагы" партиясынын төрагасы Темирбек Асанбековду кантип сызга отургузганыңыз, "Замандаш" партиясындагы былыктарыңызды айтса кагаз бети түтпөйт. Эл сүйлөсө да сиз шүк отурсаңыз кантет. Азыркы барган жериңизди деле жыргатып жатпасаңыз керек. Чебердеп сүйлөсөңүз, былыктарыңыздын чубалып чыгышы сизге кызыкпы?


Бийликке элдин ишеними аз дейт
Азыркы учурда элдин бийликке болгон ишеними аз экенин Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев маалымат жыйынында мойнуна алып, эл ишенимине кириш үчүн иштөөдөн башка жол жоктугун билдирди. Бул тууралуу Өкмөт башчы: "Экс-президент Аскар Акаевге 1996-жылга чейин элдин ишеними чоң болчу. Андан кийинки президент болгон Курманбек Бакиевге да 2007-жылга чейин эл чоң ишеним артып келген. 2010-жылы бийлик алмашып, убактылуу өкмөт бийликке келгенде, эл коммунизмге келдик, бардыгы жакшы болот деп бийликке элдин ишеними чоң болчу. Азыркы учурда ишеними аз. Элдин ишенимин алыш үчүн иштешибиз кажет", - деп агынан жарылды. Ошондой эле, "Кумтөрдөгү үлүштү 67%-33%га жеткиребиз дей берсек, анда бир дагы өкмөт иштей албайт. Кумтөр экономикалык маселеден, саясий маселеге айланып кетти. Кумтөр келишими боюнча менин эч кандай күнөөм жок. Күнөөм болсо далилдерди келтирип бериши керек мени күнөөлөгөндөр", - деп кошумчалады.



Кулов акчыланууга өттү..
Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Башкы прокуратурага, "Ар-Намыс" парламенттик фракциясынын лидери Феликс Куловдун 2005-2006-жылдары премьер-министр болуп турганда Улуттук гвардиянын территориясына бийик турак жайларды курууга уруксат берген ишин баалоо тапшырмасын берди. Тактап айтканда, Кулов Өкмөт башчысы болуп турганда аскер объекттерин жана жер тилкелерин менчиктештирүүгө жол бербөө боюнча мыйзамга карабастан 2006-жылы өкмөттүн токтому менен Улуттук гвардиянын территориясындагы 1,6 гектар жер "Юнис Курулуш" ЖЧК мүлкүнө берип жиберген. Компания анын ордуна казарма жана дагы 3 объект курган. Маалым болгондой, ошол кезде 1 сотых жер 8 миң долларга бааланган.
Феликс Кулов болсо өзүн "сүттөн акмын" деп жанын сабоодо. Бул туурасында: "Кол коюлганы эсимде жок. Бирок, Улуттук гвардиянын командиринин макулдугу жок чечим кабыл алынбайт эле. Менимче, бул иш менден кийин болгон" деп бир айтып, анан "ойгонуп" кетип: "2006-жылы Улуттук Гвардиянын аймагындагы 1,6 га жерди казарма имараты, ашкана, медициналык пункт, чакан типография куруу боюнча жер тилкесин берүүгө кол коюлган. Ошол кезде мен премьер-министр болуп тургам. Ал токтомго менден тышкары ошол кездеги Коргоо министри Исмаил Исаков, Өнөр жай министри Алмазбек Атамбаев да кол койгон. Мунун баары саясий оюн болуп жатат. Мен коркпойм, азыркы мага карата каршы иштеп жаткан жаш балдар менен кыздардан. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Улуттук Гвардиядагы берилген жер боюнча токтом менен таанышпай туруп эле коррупция деп жатышат", - деп актанды.
Ал эми ал кезде Атамбаев министрликтен эбак кетсе, Исмаил Исаков ал токтомго кол койбогонун маалымдады. Улуттук гвардиянын башкы командири, аскер объекттеринин аймагында курулуш иштерине тыюу салынгандыгын жана ал бул токтомго каршы болгондугун билдирди.
Минтип калптары ашкереленип, былыктары былгып чыга баштаганда кара башын калкалоонун амалын көрүп "саясий буюртма" дегенди оозана баштады.











??.??