presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Кызыл кулак"
"Ата-Журт" фракциясында Азамат Арапбаев деген "кызыл кулак" депутат бар. Пайда чыккан жерден кыя өтпөй, баса калат. Мындан бир жыл мурун Кыргызстандан тышка бензин, солярка ташылып чыкпасын деген тыюуга карабай, Россиядан жалдырап сурап келген күйүүчү-майлоочу майларды Тажикстанга контрабандалык жол менен тонналап ташып, миллиондогон сомго туйтунганы тиешелүү органдардын көңүлүн буруп, натыйжада 30 тонналык 10 чакты машинасы кармалып, офиси тинтүүгө алынган. Бирок бул жоругун мойнуна албай, парламентте актанып, укук коргоо органдары чектен чыгып, аша чаап жатышат деген жүйөө менен өзүн жабырлануучу катары "байкуш" кылып көрсөткөн жайы бар. Айтор "суудан кургак чыкканды жакшы" билет. "Кызыл кулактыгын" ушундан бил, кайран депутат Араван районундагы цемент заводунун сапатсыз цементин Кызыл-Кыядагы цемент заводдун токтоп калышынан пайдаланып, Кызыл-Кыянын цементи кылып Тажикстан, Өзбекстанга жогорку баада сатып, миллиондогон доллар пайда көргөнү узун сабак кеп болуп жатат. Эми болсо алдын-ала эле жаңы курула турган "Камбар-Ата-1" ГЭСин цемент менен камсыз кылууну өзүнүн Араван районундагы цемент заводу аткара тургандай кылып арык чаап чуркап жүрөт, Өкмөт башчыга жагынып. Эгер Кудай буйруп аталган ГЭСтин курулуш иштери башталып кала турган болсо, цемент Арапбаевдин цемент заводунан ташылып келиши мүмкүн. Бирок андай болгон күндө, ГЭСтин платиналары Арапбаевдин цемент заводунан чыккан сапатсыз цемент менен курулса, ит болобуз го. Ошондуктан, ири долбоорлорго "кызыл кулактарды" аралаштырбай иш кылуу абзел.


"Фабуланын" кожоюну алмашты
Гезит жамаатынын элге айта турган эки ооз сөзү бар. "Фабула" гезитинин кожоюну учурда "Учкун" ачык акционердик коомунун башкы директору Рыскелди Момбеков экени жалпыга маалым. Рыскелди мырза, акыркы учурда гезиттен тажаганбы, же таарынып таңдан кечке телефон чала берген саясатчылардан кутулайын дедиби, айтор саясий гезиттердин салмактуусу болгон "Фабуланы" белгилүү параписхолог Мелис Карыбековго сатып жиберди. Эки дос гезиттин баасын канчага баалашканы бизге жеткен маалыматтарга караганда эски кожоюн эки жумадан бери кожоюндук кылып жаткан жаңы кожоюнга 50 миң долларга пулдаптыр. Бул жагы жамааттын иши эмес деңизчи. Болгону Мелис мырза, жамаатка Момбековдой күйүмдүү болсо экен. Баса, жаңы кожоюн гезиттин түмөн түйшүгүнө түтсө экен деп биз турабыз, алты ай өтпөй сатам деп жар салып чыкпай...


Укмуштай кыялданат экен...
Каркыра казактарга кетип, Максим Бакиев ЦАРИИнин кожоюну аталып, өлкөгө келип жаткан инвестицияны, бүтүндөй республикалык бюджетти көзөмөлдөп, эл-жер деген мекенчил кыргыз мыкты уулдары четинен атылып, криминал менен бийлик табакташ болуп турган Бакиевдердин доорунда Адилет министри болуп, бир ооз адилеттик, чындык тууралуу айтканга жарабай, коңулга башын катып күн көргөн Марат Кайыпов деген бар эле. Убагында Курманбек Бакиевге кошоматтанып, азыркы кезде Белоруссияда чогуу жүргөн токолун мыйзамдуу аялы кылып эл алдына алып чыгуунун камын көрүп, натыйжада эки аял алуу боюнча мыйзамдын долбоорун жазып, тилекке каршы анысын парламенттен өткөзө албай, депутаттардын төө бастысында калып, ал аз келгенсип коомчулукка келеке болуп, жыйынтыгында Бакиевдин көксөөсүн аткара албай тил угуп, деми сууган. Кийин 2010-жылдагы революциядан кийин дымы чыкпай жүрүп, "Бүтүн Кыргызстан" партиясына жармашып, депутат болмокчу болгон кыялы ишке ашпай калган. Анан сот болмокчумун деп чуркады, сотторду тандоо кеңешинин элегинен өтпөй, мыш болду. Акыйкатчы болуунун эңседи, депутаттар талапкерлигин жаратпады. Айтор кайсы жакка тумшугун тыкса да жолу болбоду. Сыягы, адамдан оомат кетип, мээнет чырмаса эсепте жок калат тура. Бирок мындайлардын "жаман иттин аты Бөрүбасар" болуп, дымагы күч болот экен. Дегенибиз, Марат мырза учурда "Атамбаевди кантип кетириш керек деп пландын үстүндө кыялданып" жатканын айтып, жакында эле кайсы бир басма булагына маек берди. Көрсө, жолу катуу кишинин кыялы да бир укмуш болот турбайбы? Кудайды карасаң боло, сени ким угат деген киши жок. Эки аял алуу идеяңан кийин, жада калса аялың деле укпай калса керек. "Алыңа карап ышкырып, мурдуңа карап бышкырсаң" кантет Марат мырза, элге күлкү болбой...


Саат жебеси тескери иштей баштады...
Эл арасында бийлик "коррупция, криминал менен күрөшөм" деди эле, бирок убадасынын өтөөсүнө чыга албай жатат деген сындар арбыды. Буга УКМКнын алдында түзүлгөн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын жүргүзгөн иш аракетинин солгундай түшүшү, криминалга каршы күрөштүн мизи кайтып, Батукаев баштаган бир катар кылмышкерлердин кайрадан эркиндикке чыгып кетиши себеп болуп жаткандай. Ички иштер министри Абдылда Суранчиев эки айдын ичинде криминал менен күрөшүү боюнча ишти жандантып, кетирилген кемчиликтерди жоём, болбосо кетем дегендей кылды эле. Алигиче чеке жылытарлык жылыш деле байкалбайт. Министрдин "эт менен челдин" ортосундагы мындай илең-салаң аракети жогору жактын чыдамын түгөткөн өңдөнөт, жаңы жылдын аржак-бержагында кызматтан алынары күтүлүүдө. Учурда бир топ чиновниктер ИИМдин эки тизгин бир чылбырына ээ болуш үчүн тымызын аракет кылышууда. Арасында жогорку кызматтагы, милиция тармагынан алыс айым да бар.



Сариев Акаев менен Танаевден акча сураганбы?
Кылым чыры атыккан Кумтөр маселеси далайдын абийирин төкмөй болду. Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимдерде мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш жүргүзүп, чыккынчылык кылганы боюнча сыртынан кылмыш иши козголгон, Россияда баш калкалап жүргөн мурунку Өкмөт башчы Николай Танаев, Кумтөрдөгү көзбоёмоочулукту иликтеген мамлекеттик комиссияны жетектеген Экономика министри Темир Сариевдин эл билбеген жоругун айтып чыкты. Тактап айтканда, Танаев Сариевдин Аскар Акаев экөөнөн миллиондогон акча сураптыр. Министр Темир мырза болсо чиновниктерге тиешелүү адат менен Танаевди 2005-жылдан бери көрө электигин, бул жалган каралоо экенин айтып актанууда. Коомчулук кимисине ишенерин билбей турат. "Бактын башы жөн жеринен кыймылдабасын эске алсак", Танаев жактан соккон шамалда кеп бар... Деги бизде таза чиновник калды болду бекен?










??.??