Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Советбек Байгазиев:
КАНЫКЕЙ МЕНЕН БАКАЙДЫН МАНАСТЫН МАМЛЕКЕТИН САКТАП КАЛЫШЫ
| Башталышы өткөн санда... |

Бакай :
- Ой, Каныкей, кулунум,
Темиркан конуп жетерсиң,
Атаңы айыл болорсуң.
Арка чачың өрө көр,
Алдейлеп турган чунакты
Ысмайылга бере көр!
Оолакка салгын боюңду,
Чоочундай кылгын оюңду.
Балаң эрбейип атка мингенче,
Ок өтпөс тонун кийгизбе,
О дүйнө кеткен Манастын
Ата экенин билгизбе!
Тулпарды минип желгенде,
Жашы он экиге келгенде,
Жибергин ушул Таласка,
Зыярат кылсын жетимим,
Курдашым көкжал Манаска!
Мен кыянын башын чалармын,
Кыйналып Бакай өлбөсөм,
Кыямат жүзүн көрбөсөм,
Кыйындан калган белекти
Мен жолдош кылып алармын!
Билбегенин билгизем,
Туйбаганын туйгузам!
Мен ээрчитип жүрүп эр кылам!
Эр уулу менен тең кылам!
Белин бекем буушам,
Бексинген Коңур канкордон
Берендер кунун куушам!
Аман келсе жетимим,
Бакай гана күнүн көргөнү!
Жетим аман келбесе,
Байкушуң Бакай өлгөнү!

Каныкей :
- Өлбөсөм Чаткал жайлармын,
Өзөнгө бээм байлармын.
Көлөкөм аман турганда.
Көбөштү мен да айдармын,
Доңуз канды жайлармын!
Абыкесин аймармын,
Көбөштү көргө киргизип,
Эл ичинен айдармын! (Бириктирилген варианттан. 19160-жыл).

Карыя ушул бала үчүн өлбөй тирүү жашаарын, ушул баланы 12 жыл саргарып күтөөрүн көз жаш аралаш какшап айтып, Таласта күйөөрү күтөөрү, күрөшкө чыгаар адамы, Манастын тузун актаар абакеси бар экенин Каныкейге туйгузуп отурат. Каныкей болсо, "өзөнгө кырчын тал бүтөөрүнө" ишенич кылып, Бакайдын күткөн үмүтүн актоого чечкиндүү экенин туйгузуп, карыяга кайрат тартуулап жатат. Айкөл Манас атасынын тууруна кондуруу үчүн балапан Семейтейдин канатын жетилтүү- Каныкей менен Бакайдын арзыган арман-тилеги.
Мына ошентип, бул диалог жөнөкөй эмес, улуу мазмунга толгон УЛУУ БААРЛАШУУ, сырдашуу жана Ата журт тагдыры, анын келечеги тууралуу стратегиялык УЛУУ АКЫЛДАШУУ десек эч жаңылбас элек. Терең карап, айтылган сөздөрдүн ары жактагы маанисине кадалана үңүлсөк, Букардын жолунда Бакай менен Каныкейдин көздөрүнөн жаш агыза баарлашып, ушинетип акылдашканынан, Семетей аркылуу "өзөктөн чыккан өрттүн, өздөн чыккан жаттардын" Таластагы зордукчул бийлигин кулатуунун, Манастын ордосун кайра калыбына келтирип, арстандын туусун кайрадан орнотуунун, кыргыз мамлекетин, эл-журттун көз карандысыздыгын сактап калуунун улуу планы түзүлгөндүгүн, ушул максатта мындан аркы иш-аракеттердин стратегиясы аныкталгандыгын көрбөй коюшка мүмкүн эмес. Бул диалог - улуу мүдөө үчүн эки элдик кеменгердин ортосунда тымызын түзүлгөн УЛУУ КЕЛИШИМ. Бул диалог улуттун тагдыры жөнүндөгү УЛУУ САНАА. Бул жерде куугунтуктагы Каныкейдин Букарда жүрүшүнүн жана Букардан кайтуусунун философиясы жана Бакайдын Таластагы УЛУУ КҮТҮҮСҮНҮН сыры, маңызы берилип отурат.
Мына ушинтип, дагы айталы, Семетей эмчектеги "ыңаалаган" ымыркайдан улуттун улуу үмүтүнө айланат. Бакай, Каныкей, Чыйырдынын Букарды беттеген жолдун бир ашуусунда ушул "улуу үмүттү" ортого алып, кайра, кайра жыттагылашып, бири-бири менен ажыраша албай турган учуру "Семетей" эпосунда мындайча сүрөттөлөт:
Деп ошентип, зор Бакай,
Беренден калган белектин,
Оң бетинен бир жыттап,
Сол бетинен бир жыттап,
Улам-улам кучактап,
Үчөө бирдей бышактап,
Көздүн жашын төгүшүп,
"Көрүшкөнчө кош бол", - деп.
Ортого коюп жетимди,
Улам-улам өбүшүп …

Бакай менен Каныкейдин өйдөкү жолугушуусунун жана сүйлөшүүсүнүн мазмуну Бакайдын эпосто "Караңгыда көз тапкан, олуя Бакай карыя" делип, ал эми Каныкейдин "калк энеси" деп бекер жеринен аталбагандыгын биздин көз алдыыбызда дагы да даана ачып көрсөттү. Акыл-эстери Ата мекендин көйгөйлөрү менен алек болгон чыныгы рухий жол башчылар экендиги, "Мен" деп төшүн какпаган, бирок көптүн жүгүн аркалаган, калктын нагыз "жабылуу кара ингендери" экендиги алакандагыдай айкын боло түштү. Бул жерден Бакайдын бул дүйнөдө тирүү жашап жүргөңдүгүнүн маңызы- Манас экөө кан, тер менен курган кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн сактоо, коргоо философиясында экендигин да ачык туюндук. Эгерде бул улуу дөөлөт "Абыке-Көбөш алты арамдын" колунда калып, жок боло турган болсо, анда бул Бакайдын граждандык трагедиясынын жана өлүмүнүн өзү болмок. "Жетим аман келбесе, байкушуң Бакай өлгөнү" дегени кара башынын физикалык өлүмү жөнүндөгү кеби эмес, биринчи иретте, акылмандын өзүнүн моралдык өлүмү жөнүндөгү түтөгөн күйүтү. Ушундайча ойлонуу ыгы жагынан Каныкей Бакайдын эгизи сыяктуу. Эгерде айкөлүмдүн, эл-журтумдун үмүт-тилеги - жалгызым Семетейден ажырай турган болсом, анда Букарга кетишимдин да, Таласта тирүү басып жүрүшүмдүн да зарылдыгы жок, бу көрөкчө "айланайын энеке, курман болуп кетейин!" деп, ал Чыйырдыга чырылдап -чыркырайт. Мынакей, улуттун чыныгы улуу гражданиндери. Элдин эки чоң мүлкү бар: биринчиси баатыр, экинчиси акылман деген сөз бекеринен эмес экен го.
Кыскасын айтканда, айкөл Манас курган кыргыздын эгемен мамлекетин кыйрап турган устунун Семетей аркылуу кайра тургузуу, ыйык ордону калыбына келтирүү боюнча Каныкей Бакай, Чыйырды үчөөнүн жашыруун кездешүүсүн жана макулдашуусун баяндаган окуя "Манас" эпопеясынын идеялык-көркөмдүк, патриоттук-философиялык, моралдык мазмунун бийикке көкөлөтүп көтөрүп турган сюжеттик "атланттардын" бири экендигин баса белгилегибиз келет.

1.Каныкейдин эмиграциядагы жылдары, падыша Темиркандын айкөлдүгү, эркин өскөн Семетей же Каныкей кыргыздын кызыбы же тажиктинби?

Эми ошол улуу план кандайча ишке ашты? Каныкейдин Букардагы турмуш-тагдырын, Семетейдин ал жакта кандайча өсүп тарбиялангандыгын кыскача болсо да иликтебей туруп, бул соболго дароо жооп берүү ашыккандыкка жатаар эле.
"Семетей" эпосунда шер Манастын кайнатасы, "Букардын каны Темиркан акылы терең, колу март, касиеттүү жан эле" деп мүнөздөлөт. Чынында эле, Темиркан адамдык асыл касиеттерге эгедер, токтоо мүнөз, сабырдуу, тынчтыкты сүйгөн, элин-жерин бейпилчиликте, токчулукта кармаган, камкор, балдарына мээримин төккөн акылман падыша. "Кыз да болсо кенжемди, алтымыш уулга бербейм деп, тоюма токсон союптур" деп, Букарга бараткан жолдо Каныкей чыйырды энеге балалык күндөрүн аңгемелеп, атасын ыраазычылык менен эскерет. Кичинекейинде кенже кызын кандай жакшы көрсө, азыр Каныкей Таластан каралуу болуп, кайгыда кайтып келгенде да, Темиркан аталык кучагын жайып, Ысмайыл уулу экөө ак көрпө жайыл болуп тосуп алат. Ысмайыл да, атасы Темирканды тарткан пейли кенен, акылдуу жигит, эжесинин күйүтүн дароо түшүнүп, өтүнүчүн жата калып кабыл алып, Семетейди бала кылып алып, бул жөрөлгөгө арнап, той берет. Каныкейдин Букардагы турмушу ушинтип башталат.
Семетей таякеси менен таятасынын колунда атасы Манас, жери Талас, энеси Каныкей экенин билбей, бейкапар өсүп, чоңоё баштайт. Таятасы Темиркандын небереси Семетейге кандайча агыл-төгүл мамиле жасагандыгынан бир мисал тарта өтөлү. Таятаны угалы:
- Ушул турган Семетей,
Тулпардан калган туягым,
Туу казанат чунагым,
Найзага таккан желегим
Асылдан калган белегим
Алып келген Каныкей -
Өз сөөгүмдөн чыкканым
Өлгөңдө көргөң Семетей,
Тилегиме келгеним,
Баламдан чыккан эрмегим.
Кааласа, жазар кумарым!

Темиркандын бул сөзүнөн, анын күйөө баласы - маркум Манасты өтө жогору баалай тургандыгы, кызы Каныкейди жанындай көрөрү, табиятынан гумандуу, мээримдүү, кенен киши экендиги, жээн небересине чын жүрөгүнөн күндөй чачырап төгүлүп тургандыгы айкын-ачык көрүнүп турат. Темиркан менен Ысмайыл "Көңүлү эркин өссүн" деп, канаттууга кактырбай, камчылууга чаптырбай, Семетей үчүн бардык камкордуктарды көрүшүп, баланы жайына коюшат. Мунун баарына көз салып турган Каныкей, атасы менен инисине тымызын ыраазы болуп, тилеги орундалып жатканына ичинен тобо кылып, "алыста калган элиңе, аныктап тиер керегиң" деп, Семейтеди айланчыктап, уулунун караанына жалынып турат.
Бир жагынан минтип баласынан кичине санаасы тынып турса, экинчи жагынан Каныкей Букарда жашап жүргөндө, Таласты, элди-жерди сагынып, ичи туз куйгандай ачышат. Ала-Тоо дегенде жүрөгү элеп-желеп. "Касиеттүү кыргызды, кайрылып көрөр күн болсо, баштагыдай болтурса, Таласка кудай кондурса" деп дайыма ак эткенден так этет. "Кең-Колдон чапкан көчүмдү, келберсинген Көбөштөн, кетирбей алсам өчүмдү" деп, алты арамдын үстөмдүгүн жоготуп, айкөлүмдүн ордосун ордуна койсом дегенде эки көзү төрт. Баягы Бакай менен шерттешкени күнү-түнү оюнда. Басса-турса Манастын арбагына жалынып турат.
Теңирим кыргызыма Семетейим менен жеткирер бекен деген тилекте, өзүнчө төлгө кылып, Букардагы чоң тойдо, Тайтору тулпарды байгеге чапкан учурдагы Каныкейдин Ата-Тоодогу эли-жерине байланышкан ички толгонуулары жана патриоттук санаркоолору эпосто өзгөчө көркөмдүк күч менен берилген. Букарда кандай күйүт, арман, сагыныч менен жашагандыгын, ошондогу Каныкейдин психологиясын даана туюнуш үчүн анын төмөнкү ички монологун окуйлу:
| Уландысы бар... |