Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Коңгуроо
Ар кыл суроого ар кыл жооп...

Элзар Өскөнбаева,
ырчы:
- студенттериңиздин арасында кадыр- баркыңызды кантип сактайсыз?
- Студент менен мугалимдин ортосунда сый мамиле болушу керек. Мен азыр жашмын. Заман дагы башкача. Бирок жашмын деп эле студенттер менен теңтуш болуп албай, башынан эле катуу кармап, ашыкча сөздөрдү сүйлөбөй, өз кадырымды сактоого аракет кылып келем. Чынында искусство тармагына көбүнчө жүрөгү таза, жакшы адамдар келишет. Менин студенттерим андай деле чектен чыккан тентек эмес. Дайыма бири- бирибизди сыйлап, колдоп турабыз.


Канат Култаев,
продюсер:
- Ырчынын атакка жетишине ким себепкер деп ойлойсуз. Ырчы өзүбү , продюсерби же мыкты ырбы?
- Бул Кудайдын буйругунан болсо керек деп ойлойм. Ырчы аябай таланттуу болуп, бирок жакшы ыры, жакшы продюсери жок болсо да чыга албай калышы мүмкүн. Мындай ырчылар аябай эле көп. Продюсер күчтүү болуп, ырчы талантсыз болуп калса да атакка жетпей калат. Жакшы ырды да элге жеткире албай койгон ырчылар бар. Менимче, бул жерде ушул үч нерсе айкалышканда гана атакка ээ болот дейм. Албетте, анан профессионализм болушу шарт. Анткени элдин табитин, талабын билип, ошого жараша ыр жаздырып ырдап чыгыш керек да.


Фарида Карбосова,
ырчы:
- Аккан арыктан гана суу агабы?
- Ооба, көптөр ушундай деп ойлошот. Бирок мен кээде ушул сөзгө кошулбай кетем. Себеп дегенде бизде эмне деген сонун, кайталангыс таланттар өткөн. Бирок баарынын эле балдары - кыздары алардын жолун жолдошкон жок да. Муну баарыбыз эле көрүп жүрөбүз. Албетте, бардык залкарлардын балдары атасынын жолун жолдогон жок деп айтуудан алысмын. Арасында атанын улуу болгондо да бар. Тилекке каршы, өтө аз. Ошондуктан, аккан арыктан гана суу акпастан, жаңы арыктан деле суу агат. Эгер Кудай адамга талант берсе, ал адамдын ата-бабасынан деле көз каранды эмес деп ойлойм.


Тынара Кубанычбек кызы:
- Үй- бүлөбү же карьерабы?
- Аялзаты болгон соң, албетте, биринчи орунда үй-бүлө. Аялзаты үчүн жакшы жар, балдарыңа мээримдүү эне болуудан артык бакыт болбосо керек деп ойлойм. Эгерде карьера менен үй-бүлөнү тандоо сыноосуна туш болуп калсам, ойлонбой туруп эле үй- бүлөнү тандамакмын. Үй-бүлө табылбайт, ал эми ырчылыкка убагы келгенде кайра кайтып келсе болот деген ойдомун.


Аваз Акимов,
ырчы:
- Достордун табити, көз караштары бирдей болот деп коёт. Досуңдун сүйгөнүнө ашык болуп калсаң кандай чечим кабыл алар элең?
- Досумдун сүйгөн кызын сүйбөйм деп айтуудан алысмын. Сүйүү достукту ылгабайт да. Сезим сага баш ийбейт. Ошол себептен турмушта досунун сүйгөнүн сүйүп калгандар да кездешет. Анын үстүнө турмуш дайыма эле биз ойлогондой боло бербейт. Жашоодо өзүң күтпөгөн көрүнүштөргө да кезигип каласың. Эгер досумдун сүйгөн кызына ашык болуп калсам, аны сыртка чыгарбай ичиме гана катып коймокмун. Достук менен сүйүүнүн ортосунда чоң айырма бар. Көп адамдар достуктун чегинен ашып, эки адамдын ортосундагы мамиленин бузулушуна себепкер болушат. Эгер досум менин сезимимди билип калса, анын мага болгон ишеничи жоголмок да. Ишенич болбой адамдардын ортосунда жакын мамиле, жылуулук болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан ал кыздын жанына жакын жолобоого, сезимимди досума билдирбөөгө аракет жасамакмын. Мага достук сүйүүдөн да кымбат.


Ариза Рыскулбекова,
актриса:
- Тасмага тартылып, элге таанылып калдың. Коомдук жайларда жүрүү ыңгайсыздыкты жаратпайбы?
- Менде андай комплекс жок . Коомдук транспортко түшпөгөнүмө эки жыл болуп калды. Өзүмдүн авто унаам бар. Эл эмне дейт деп атайын коомдук транспортко түшүп көргөн эмесмин. Эл көп жайларга бара турган болсо бара берем. Тандап баргандай жылдыз оорум деле жок. Бирок сабакка барганга убактым жок. Ошондон улам сабак берген эжелер "Жылдыз болуп сабакка келбей калды" деп айтышат экен. Бирок андай эмес, сырттан окугандыктан көп учурда убактым жок болуп сабакка бара албай калам.


Аскат Мусабеков,
ырчы:
- Элибизде: "Устатынан ашпаган шакирт шакиртпи" деген сөз бар эмеспи. Сиз канчалык деңгээлде окутуучуңуздун ишеничин актай алдыңыз?
- Аябай жакшы суроо экен. Устатым деп айтыш үчүн, ириде шакиртти шакирт деген да сөз бар. Андыктан адегенде шакирт деген атка татыктуу болуп, агайдан ашып түшпөсөм да агайымдын деңгээлине жетип, ал жасаган иштерди жасап, мен дагы жаш таланттарды, өзүмдүн шакирттеримди тарбиялап, элиме жакшы кызмат кылсам дейм. "Генерал болууну самабаган солдат солдат эмес" дегендей, менин да Улукмырза агайдай атактуу, салмактуу, барктуу инсан болгум келет. Агайдын эмгеги чындыгында абдан зор. Кандай сөз айтсак да агайга жарашат.



Съездбек Искеналиев,
ырчы:
- Саясатчы болгуңуз келеби?
- Саясатка такыр аралашкым келбейт. Алла Пугачёва айткандай өзүмдүн саясатым, трибунам, угарманым, күйөрманым, микрофонум бар. Мага башка саясаттын, портфель, кресло, кара көз айнектин кереги жок.


Минюра Рахимжанова,
ырчы:
- Эгер кимдир бирөөнү аябай сүйүп калсаң, сүйүүңдү кантип билдирмексиң?
- Ар бир адамдын бактысы өз колунда дегендей кимдир бирөөнү сүйүп калсам, өз бактым үчүн күрөшмөкмүн. Өз сезимиме ишенгенден кийин ал жигитке сүйүүмдү айтмакмын. Калганын кырдаалга жараша көрмөкпүз. Бирок мен мындай болушун каалабайт элем. Менин көңүлүмө жаккан мырза мен үчүн күрөшсө дейм.


Сезим Рысалиева,
хореограф:
- Байлыкка кызыгасыңбы?
- Материалдык байлык туурасында сурап жатсаңыз жок деген жоопту айтам. Моралдык байлыкка кызыгам. Жан-дүйнөмдүм толуп - ташып турушун каалайм. Мен үчүн чыныгы байлык, жакын адамдарымдын ден соолугу, бактысы амандыгы.



Жаркынай Кадыркулова