presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Пенде турмушу катаал сыноосу бар өзүнчө табышмак дүйнө

Айлампа дүйнөдө адам баласы не деген гана күндү башынан кечирбейт. Кудай ыроолоп бешенесине жазып койгон тагдыры болот. Аны өзгөртүп жибериш жөн эле пенденин колунан келе бербес. Чимирик атып айланган ошол тегеректе турмуштун ысыгына каарылып, суугуна тоңуп, шакардай кайнап өмүр өтө берет. Пенде турмушу катаал сыноосу бар өзүнчө табышмак дүйнө. Дегиси, телегейди тегиз кылып ажаат ачкан мээримдүү күндөрүндө да , жан дүйнөнү сыздатып, эсти эңгиретип башмалдырык аттырган оор кезеңдеринде пенденин ар дайым кудай берген касиетин сактап адам болуп турганына не жетсин! Бул оңой кудурет эмес. Ага бардык пенденин эле чама-чаркы жетип жатабы?! Ким болбойлу, акыры пенде болгондон кийин деген собол ороктой тартылып чимирилип келе берет. Сөз оролу келип, ой удулу да ушул жагына тартып кетип турганы...
Ар бир адамдын өзүнө кудай тартуулап койгон ырыскысы болот. Адам пенде кудай өзү жараткан гениалдуу түзүлүш, биологиялык дүйнө (жан), ( чыгарма) эмеспи. Тереңден баамдап акыл калчай келсек адамга теңирден генийлик буйруган экен. Анын өтөсүнө, кадырына адам пенде жетип жатабы, адамдык касиетин жана кудуретин сактап калып жатабы кеп ушунда эмеспи. Алардын чанда бири гана атактуу болуп чыгып дүйнөгө таанылат экен. Алардын деле жан кейиткен азаптуу тагдырдан сыртта калбаганын караңызчы! Пенде турмушу деген ушу да.
Акыл калчап байкай келсең атактуулук деле түбөлүктүү ыйгарылбаган кеп экен. Мезгилдин доорлордун алмашышы менен эскирген кийимдей чечилип ташталчу, жада калса ал турсун мезгилдин бир бүктөмүндө дымы чыкпай кала турган убактылуу эле азгырыктуу жаңырык экен. Алардын чанда бири гана сакталып калып, кийинки элге жетип келип, урпактар эске алып урматтап турбайбы.
Дүйнөдөн не деген генийлер, не деген бир көйкашка баатырлар, не деген бир кайталангыс таланттар өткөн. Бизге жеткени чалкып жаткан мухиттин бир тамчысындай эле кеп да. Дүйнөнүн не деген бир кереметтери өрттөлүп кетип, же бир башка апаатка тушугуп жок болуп кетип
жатат. Адамзатынын акыл казынасы болгон не деген зор кенчти сактап турган китепканалардын жана башка адамзаттык баалуу мурастардын байыртан бери бир нече ирет жексенделип атайын жок кылынгандыгын, өрткө же башка бир кырсыкка туш келип тыптыйпыл талкаланып кетип жатканын эстөөнүн өзү канчалык аянычтуу.
Не деген бир классиктердин эмгегинин, акыл мөмөлөрүнүн, өнөр дөөлөттөрүнүн чаң басып турганына жүрөк ооруйт. Адамзатынын гениалдык акыл казынасын, аалам керемети сыйган көркөм туундуларын элге кеңири жеткирсек кана. Дүйнөнү жаңылоого, адамзатын кунарсыздык апаатынан сактап калууга алардын эбегейсиз зор пайдасы тиймек. Генийлердин кадырына жете албагандыктан да адамзаты азап тартып жаткандай. Генийлер Көк Теңирге жакын олуя сындуу, пайгамбар сыяктуу жандар болот, демек кудайдын нускоосун туюп, сөзүн айтып, анын ыкыбалында болуп жашаган таланттуу адамдар деп айтсак жарашат.
Адам баласы гений турсун, ушу кезде кээде өзүнүн адам касиетин унутуп, жамандыгы ашынып , адамды урматтай албай, ал турсун жырткычтыгы күчөп кетип турган коркунучтуу кургуйга түшүп кетип жатканын кантебиз. Адамзатын алааматка кептөөчү мындай апааттын кесепеттеринен кудай өзү эле сактасын!
...Адам пенделерге айла жок экен. Адамдык нарктан тайып кеткендери өтө эле көптөй. Бири бирине карышкырдай тийип, бирин бири ичтен тымызын жеп, кылтасын кыйып жаткандары канча. Бул өзү жырткычтыктын жеткен чеги, адам уркун жулукка тээп, ичтен курттай жеп зыян кылып турган митечилик, эң эле коркунучтуу механизм.
Жараткандын бүтүмү да өзүнчө эле генийлик экен. Ар нерсенин өзүнүн мөөнөтү, башталышы жана аягы бар. Бул кудайдын мыйзамы. Турмушта эскиргени алмашып, мөөнөтүн өтөп бүткөнү кетип, улам жаңылары келип алмашып дегендей кандай гана доор, заманда болбосун кудайдын кудурети менен иштеп турган мыйзам ченемдик түзүлүш бар дегеним. Сөз удулу, кеп төркүнү эмне жөнүндө жүрүп жатканын өзүңүз баамдап тургандырсыз. Эгер мындай мыйзам ченемдик болбосо адамдар алда качан эле өздөрүн тукум курут кылып жиберишмек окшойт. ( Адамдын жырткычтыгы жеңип кеткенде кырылып жатып көксөөсү сууйт, кыргын, апаат менен аяктайт). Мындай апаат кыяматты көрө келген замандар болгонун, бүтүндөй бир цивилизациялар кыйрап кеткенин, тоолор чөгүп, мухиттер какшып жер бетинде жашоо оту өчүп, быкшып калганын тээ байыркы замандын тарых түпкүрүнөн баамдап билип жүрбөйбүзбү...
Кудай жараткан дүйнөнү урматтап, турмушту сактап туруу үчүн эң алды өзүбүз ар дайым адам болуп, нарктуу нускалуу адамдык касиеттерибиздин кадырын көтөрүп, ар дайым өркүндөтүп өнүктүрүп турушубуз керек экен. Көпчүлүк учурда ушул жагынан кедерибиз кетип, көпчүлүк пенделерибиздин "айбанга" айланып, " жырткыч" болуп кетип жатышканы сай-сөөктү сыздатып турбайбы, аттигиниң! ...Бизде руханий байлыктан материалдык байлыктын жогору коюлуп кетип, үстөмөндөп турганы өтө өкүнүчтүү. Адамды бай адам анан кедей адам деп ажыратпайт. Жакшы адам, жаман адам деп аныктайт. Байлыгы ашынган, мансаптуулардын бардыгы эле жакшы адамбы?! Адамды кордоп, атып өлтүрүп жаткандар да ошолордун арасынан чыгып жатпайбы көзүн май басып. Адам урку, руханий дүйнө басмырланган жерде көпчүлүк учурда айрым пенделердин кан ичер көркоого айланып, жан кечти болуп кетип жатканын көрүп турбайбызбы.
Ким эмнени кыйратып жатыптыр. Ким эмнени кыйратып жатканын эл көрүп турат. Аталар кашыктап жыйган дүйнөнү чөмүчтөп чачып жаткандар бар. Эзелтен ата -бабаларыбыз өлчөп бүткүс курмандыктарга барып, кан төгүп салгылашып жатып коргоп калып, урпактарына мураска калтырып кеткен тууган жерибизден, байлыктарыбыздын четинен кертип саткан элге жек көрүмчү айлакерлер чыкты. Эл ырысын кыркканга эч кимге укук берилген эмес. Ага суук колун салгандары кусур урат дешкен. Демек, элдин байлыгы, ырыскысы кол тийгис болушу керек. Ага жараткандын өзүнүн мыйзамы бар, андан эч ким кыйгап өтүп кете албайт. Ошон үчүн кудай көз салып турган дүйнө дейбиз.
Кыйратмак турсун адамды, элди кордоп, укугун тебелеп жаткан кейбирлер бар. Бул дүйнөдө кудайга жакпаган жакпаган жосунсуз жексур жоруктар ашкере көбөйүп кетти. Андай шүйкүмсүз иштердин өлчөөсү өзү менен кетсин дейли. Ошондуктан, мындай адилетсиздикке кудайдын каары келип өз эскертүүлрүн жиберип жатабы деген ой кетет. Жер жүзүндөгү апаат кырсыктарды; зилзала, жер көчкү, цунами, суу ташкыны, сел каптоо жана башка апааттарды эсиңизге алып ойлонуп көрүңүзчү. Тегин жерден эч нерсе болбойт. Мунун да өзүнчө ааламдык мыйзамы, сыры бар экенин бөркүңүздөй эле көрө бериңиз.
...Бул дүйнөдөн узап бараткан пенденин оозуна суу тамызып, мээрим салып тирилтип жиберген керемет бар. Бул эми кудайдын кудурети менен болор иш. Шаңшып жүргөн адамдын көөнүн чөгөрүп, боз ала кылган көрпенделер бар. Жогоруда айтпадымбы, алар ыйманын жеп жүргөн "киши-жырткычтар". Адамдын сырттаны адамдын көөнүн оорутпайт. Ал убактылуу дүйнөдө адамдын ыйык экендигин, азиз мейман экенин сезет.
Бул дүйнөнүн бейпилдигин коргоп, пендеге шак этип катуу айтпай ызааттап, адамдык нарк-насилди сактап, таман акы маңдай тер менен жашап жүрүүнүн өзүндө генийлик бар. Генийлик да турмушту, кудай жараткан дүйнөнү, адамды урматтай билүүдөн башталат.

Меңдибек Асылбеков










??.??