Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Юбилей алдында
Абдыжапар ЭГЕМБЕРДИЕВ:
"ТОЛКУНДАРГА ОКШОП ЭРТЕДИР-КЕЧТИР ӨЗ ЖЭЭГИБИЗГЕ КЕЛЕБИЗ"
Ысык-Көл облустук "Ысык-Көл кабарлары" гезити келерки жумада өзүнүн 75 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат. Биз ушул окуяга байланыштуу гезиттин башкы редактору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл аралык Поэзия Академиясынын академиги Абдыжапар Эгембердиевди кепке тарттык.

- Абдыжапар аба, сизди илгери "Мугалимдер газетасы", "Учитель Киргизистана" деген гезиттерди жетектеп турган кезиңизден бери билип, чыгармаларыңызды окуп келатам. Андан бери деле билинбей чейрек кылым өтүп кетиптир. Облустук басма сөзүңүздөр минтип 75 жаш кутман куракка келип отурат...

- Бул тарых ченеминен алганда көз ирмемчелик аралык болгон менен, гезит үчүн чоң убакыт экен. Басма сөзүбүз 1938-жылы 1-сентябрда "Ысык-Көл правдасы" деген ат менен партиянын обкомунун, облустук Кеңештин органы катары чыга баштаган. Агезде гезиттин баары эле "тиги правда", "бу правда" деп чыкчу эмес беле.
Ортодо облус жоюлуп кетип, гезит 13 жыл жабылып калды. Кийин 1988-жылы Ысык-Көл менен Нарын кошулганда "Ала-Тоо таңы" деп жарык көрдү. Облустар бөлүнгөндөн бери "Ысык-Көл кабарлары" деп чыгып келатат. Жумасына бир жолу чакан форматта 8 бет болуп басылат. Жамаатыбыз деле өлчөлүү.
- Каржылоо жагы кандай?
- Жыл ичинде 1 млн. сом чыгымдайбыз. 50%ы республикалык бюджеттен келет. Теңин гезитке жаздыруунун, рекламалык материалдарды жарыялоонун эсебинен өзүбүз табабыз. Айтор, элдикиндей эле турмуш.
- 6-ноябрда мааракелик иш-чараңыздар өтөт экен. "Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык" болот го?
- Мына ушул жагы болбойт. Негизи азыр кыргыз туугандарыбыз "беш бармак" жегенге көнүп алышпадыбы. Аш, той болсо, же башка бирдеңке өтсө эмне союптур деп эле турушат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Биз тамагынан мурда сабагына көңүл бөлөлү деп чечтик. Жыйын өткөрүп, келер-кетер сөздөрдү айтабыз. Куттуктоолор болот. Сыйыбыз кафеде чакан түштөндүрүү менен эле бүтөт. Комсоо көрүнөт дечи. Башкалар да ушуга өтө баштаса, жылыш кылган болор элек.
- Мына мен деле басма сөз тармагында келатам. Баштан өтүп атат. Гезиттердин барк-баасы мурдагыдай болбой баратат го?
- Бул, биринчиден, заманга жараша болуп атат. Компьютер, интернет дегендер чыкты. Тыш жакта кыбыр эткендин баарын ар кайсы сайттарды ачып эле билип алышууда. Экинчиден, басма сөзгө жаздырууга жергиликтүү жетекчилер маани беришпейт. Башкаларды жаздырганды кой, районду, шаарды, чоң-чоң мекемелерди башкарып атып өздөрү гезит окубаган жетекчилер чыкты. Облустун, өзү башында отурган район менен шаардын турмушун, элдин көйгөйүн билбесе, башкалардын пикирине кызыкпаса, анын эмнеси жетекчи?! Мына ошолор азыр кодура картөшкөдөй жайнап чыгып, ишибиз оңолбой атат да.
Карл Маркс учурунда "тарбиячы өзү тарбияланган болуш керек" деп жазбады беле. "Оозуң кайсы десе, мурдун көрсөткөндөр" аким, мэр, айыл өкмөт болуп алып, элдин шоруна калып атышпайбы. Баары эмес дечи, көбү ошондой.
- Аларды кантип тыябыз?
- Бул эми кыйын маселе. Совет мезгилинде "кадр тандоо", "кадрдын резерви" деген сонун система бар эмес беле. Жаштар окууну бүтүп келери менен байкоого алынып, идиреги бар делгендери эсепке кирип, акырындап тарбиялап, кызматтан кызматка жылдырып отурушчу. Азыр көчөдө жүргөндөр бир күнү аким болуп, аким кайра бир күнү көчөдө калып, эртеңки күнүнө ишеним болбой, ошондон улам майлуу жер болсо эле беш манжасын эмес, мурдуна чейин тыгып ийип атышпайбы. Козу карындай жайнаган партиялар "өз улагымдан теке салам" деп, "чала жан" бирөөлөрүн түртө берип, такыр ишпалдасын чыгара турган болду.
- Президент кадрлардын сапатын жакшырталы, таза адамдар иштесин, коррупцияны кыскарталы деп аракет кылып эле атпайбы?
- Аракет кылып атат. Тегереги таза болбой атат да. Колу жеткени эле мүлжүп атса, Президент болсо да жалгыз кишинин колунан эмне келет! Мына элин багат деген эки президент миллиарддаган сом байлыкты өздөрү уурдап, куйруктарын түйүп баса беришти. Алардын айлык акысы, мыйзамдуу тапкан кирешеси деле бала-чакасы түгүл, укум-тукумуна жетпейт беле. Же кыргыздын менталитети ушундайбы, падышалар өздөрү уурулук кылып, шүмшүйүп качып жүрүшсө, башкалар эмне болуп кетиптир!
Мен бизге Кытайдагыдай катуу тартип киргизсе болбойт беле деп да ойлойм. Аларда белгилүү өлчөмгө чейин пара алгандар ири айып төлөп, андан бир тыйын ашкандар атылып атпайбы. Мына былтыр эле 10 миңден ашуун чиновник атылды. Арасында министрлери, вице-мэрлери, башка кыйындары да жүрөт. Ошону да өкмөттүн эсебинен атпай, үй-бүлөсүнө 8 юань төлөтүп, эки ок менен көзүн тазалап жатышат. Бирок, андай жолго түшсөк, биздин "аткаминерлердин" баары атылып кетип, таза ит болгон турабыз.
- Абдыжапар аба, кыйла жерде иштедиңиз, көптү көрдүңүз. Сизди азыр толгонууга салган эмне?
- Биринчиси-мамлекеттин, элдин тагдыры. "Итаалынын балдарындай" эле ыркырашып атабыз. Министрби, депутатыбы - сүйлөсө баары эле кыйын. А кылган иштерин көрсөң жипкиресиң. "Кыргыз Туусунун" өткөн санында Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылынын четинен, так эле көлдүн жээгинен 15,5 га жерди ээлеп алганы тууралуу ушул эле Көлдүн бир атуулу Шаршенбай Шакитовдун "Жолдошеванын жолу болсун же Чоң-Сары-Ойдогу 15,5 га жер депутат айымга кандайча бөлүнүп кеткен?" деген сын макаласы жарыяланды. Ишиме байланыштуу эл ичинде тез-тез болгондуктан, көпчүлүктүн бул жерге нааразылыгы тууралуу менин да кабарым бар. Деги ушу Кудайга жагаар ишпи?! Курманжан датканы биз да сыйлайбыз. Бирок, анын үч-төрт сүрөтүнөн, бирин-экин буюм-териминен башка музейге койчу эмнеси бар? Жолдошева 15,5 га жерге эмнени койгон жүрөт. Деги жоругу жолдо калсын!
Бул эми бир эле мисал. Мындай шылуундарды айта берсең чети оюлбайт. Ушинтип жер-суусун бир жагынан, казына-мүлкүн экинчи жагынан талап-тоной берсек, мамлекеттин келечеги кантет? Эртең тарап кетип, бирөөлөрдүн колтугуна кирип калбайбызбы?
Экинчиси-мен өткөндө бир макаламда жазгандай, мурда эки жүздүүлөр бар эле, азыр төрт-беш жүздүүлөр көбөйүп кетти. Сенин көзүңчө куйругун шыйпаңдатып бирдеңке айтат да, мындай чыгып эле тескери кетет. Атүгүл бир мекемеде иштеп атып, эч кимисине ишенбейсиң.
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көпчүлүгүбүз окудук да. Мен айрымдарын төрт-беш сыйрадан караган учурум болду. Бирок, "Жаңы Ала-Тоонун" быйыл сентябрдагы санында чыккан "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" повестин кайра окуп отуруп, улуу жазуучунун калемгерлик чеберчилигине, керемет сөз байлыгына, адам табиятын жүрөк-жүлүнүнө чейин сыдырып өткөн терең психологизмине, ааламдай кенен ой чабытына дагы бир ирет таңдандым. Эгер биздин кыргызбайлар ошондой туңгуюк абалга туш келсе улуу-кичүүсүнө, ата-баласына карабай, бири-бирин "жеп" салмагы турулуу эле да. Байлык, бийлик дегенде ата-энесине чейин сатып ийүүгө даяр турган немелер өмүрдү кыл учунан кайрып алар, алтынга тете бир уурттам суу үчүн буга сөзсүз барышмак.
Орган карыя, Кирискинин атасы Эмрайин, Мылгун акеси деңиз жээгинде күн кечирип, нерпанын эт-майы менен жан баккан нивхилердин тукум улаар бир чүрпөсү үчүн өмүрлөрүн жокко санап, кандай улуу иштерге барып коюшту. Түнөргөн деңиз үстүндө, туман баскан коюу караңгылыкта, 11 жашар уулунун аман калышына тырмактын агындай үмүтү калбай, жан дүйнөсү сыздап турган Эмрайиндин адам чыдагыс абалын карачы! Көкүрөктүн тазалыгы, рухтун бийиктиги, каны-жаныңдын бир бүркүмүн алып, аты-жытыңды эртеңки күндөргө алып кетчү муундун тагдырына күйүп-жануу ушул эмеспи! Анын жанында биздин жарандардын жаланып-жуктанып, ыркырашып-тытышкан пенделик жорук-жосундары курусун.
- Биз турмуштун өтө чиеленишкен жактарына кирип кеттик окшойт. Бирок, муну моюнга албаска чара жок. Эми чыгармачылык жагдайга келсек, сиз жөн эле журналист эмессиз да, акын-журналистсиз. Мурда жалаң ыр китептериңиз чыгып келсе, быйыл жарык көргөн "Толкундар жээкке келишет" жыйнагыңызда прозага да кайрылыпсыз. Бул эмне, поэзиядан четтөөбү, же кара сөз менен айкалыштыруу экспериментиби?
- Ыр, кантсе да, жаштыктын иши эмеспи. Мен акындык табиятыма жараша мурда эле аз жазчумун. Кандайдыр толгонуу келмейинче жаза албайм. Бул ирет ошол ыр менен жеткире албаган жагдайларды кара сөз түрүндө берсем дедим. Бири-бирине аралашып кеткен жерлери бар, автобиографиялык мүнөзгө да ээ. Айтор, эксперимент дегениң да окшоп кетип атат. Турмуш агымы кайда алып барбасын, биз толкундарга окшоп эртедир-кечтир өз жээгибизге келебиз да. Китептин аты да ушул мааниде коюлду.
- Кызыңыз Аида илим менен акындыкты бирдей алып келатат. Поэтикалык китептери чыккан, филология илиминин доктору. "Жаңы Ала-Тоо" журналынын ушул октябрдагы санынан небереңиз Элтурандын ыр топтомун окуп калдым, орусча жазыптыр. Аларга багыт бердиңиз го?
- Ыр жаз деп эч кимисине айтканым жок. Эгер негизи болсо, булак өзү көз жарып чыкканы оң эмеспи.
- Эми акырында, юбилейлик каалооңуз?
- Ылайым эле өлкөбүз тынч, элибиз эсен болуп, биз калайыкка кызматыбызды кыла берели!
Маектешкен:
Айсулуу КӨКӨЕВА