Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ыр дүйнө
Токтобүбү Черикчиева,
ырчы:
"Сахна мен үчүн өз уятымдан да бийик"
- Токтобүбү эже көптөн бери көрүнбөй, чыгармачылыктан алыстап кеттиңиз да?
- Чыгармачылыкка баш - отум менен киришип иштебей, жалкоолукка жеңдирип жүргөм десем туура жооп болот. Көп концерттерге катышпай, өзүмдүн талантыма ишенип жүрө берип, убакытты уттуруп койдум. Анын үстүнө той- топурдан да бошой албайт экенсиң. Чыгармачылыкка кайра киришкениме Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы эл аспаптар оркестрине солист болуп киргендигим чоң түрткү болду. Бул жерде иштеген мага аябай жакты. Талантты өстүрө турган жер экен. Жалкоолукту жеңип, эмгекчиликдикке тарбиялай турган жакшы өнөр чөйрөсү болгон жерге туш болуп, кайра талантымды багып, чыгармачылыгыма кызуу кириштим.
Чынын айтканда сен берген суроону акыркы кезде көп адамдар бере башташты. Кайда барсам эле "Ай Токтобүбү, кайда жүрөсүң, сени башка жакка кетип калган го деп жүрбөйлүбү. Көрсө Кыргызстанда эле турбайсыңбы" дешет. Бул суроолор менин чыгармачылыкка киришүүмө негизги өзөк болуп бере алды.
- Учурда жеке концертиңизди берүүгө камылга көрүп жүрүпсүз. Алдыда боло турган концерт туурасында азыноолак кеп сала кетпейсизби?
- Ырас, бир топ жылдан бери жеке концертимди бере элек болчумун. Элдин кайда жүрөсүң деген суроосуна жооп кылып жакшы концерт берсемби деп азыр даярдык көрүп жатам. Эми аябай укмуш даярдык көрдүм деп айта албайм. Бирок келген эл нааразы болбойт. 21-22- ноябрда Улуттук филармонияда болот. Концерт оркестрдын коштоосунда жандуу үн менен өтөт. Дагы бир айырмачылыгы концертке мени колдоп, куттуктап келген ырчылардын баары менен дуэт ырдайм. Мындан сырткары казак ырчысы Назира деген досум дагы концертиме конок катары келгени жатат.
- Акыркы жолу жеке концертиңизди качан бердиңиз эле?
- 1997- жылы бергем. Андан кийин 1998- жылы Сыймык жаңы чыгып жатканда кош концерт бергенбиз. Ошондон кийин концерт берген жокмун.
- Ошондо 15 жылдан бери жеке концертиңизди бербепсиз да. Абдан жалкоо экенсиз?
- Эми мен өз талантыма ишенип жүрө бердим да. Бирок мындай кылбаш керек экен. Талантты таптап, ырдап, сахнага чыгып, изденип, элге аралашып жүрүш керек экен. Мына ошондо гана талант ташкындап, өркүндөйт экен. Чынын айтканда профессионал ырчы болуп туруп, азыр да жеке концерт бергенден чоочулап коркуп жатам. Ырдай албай калам деп эмес, биздин муундагы ырларды эл кандай кабыл алат деп санааркап турам. Албетте, менин да күйөрмандарым, эски ырларды сүйгөндөр бар. Ошолорго, жалгыз Кудайга ишенип турам.
- Азыркы чыккан жаш ырчылар коркпой- үркпөй эле эки ыр менен жылына экиден концерт берип жатышканда, сиздин коркуп жатам дегениңиз кулакка башкача угулат экен?
- Алардын эмнеге коркпогонун өздөрүнөн сураш керек. Жүрөктөрү тоо окшойт да же алар чыгармачылыгына олуттуу мамиле жасашпайт го дейм. Негизи сахнага чыгарда коркосуң, коркуш керек. Кантсе да элдин сүрү бар. Кандай гана адам болбосун эл алдына чыкканда сөзсүз толкунданып, сүрдөйт. Бул элди, сахнаны сыйлоонун белгиси. Ар бир ырчы өзү ырдап жаткан сахнаны сыйлашы керек. Сахна деген мен үчүн өз уятымдан да бийик.
- 15 жыл аралыгында сахнада да, жеке жашооңузда да кандай өзгөрүүлөр болду?
- Көп деле жакшы, дүңгүрөгөн концерттер болгон жок. Биздин учурда ырчылар биригип алып укмуш концерттерди койчу элек. Азыр анын бири жок. Менимче, 15 жыл аралыгында кыргыз эстрадасында жакшы жылыштар эмес, тескерисинче жоготуулар көп болду десем жаңылышпайм.
- Сиз айткандай концерттердин уюштурулбай жатышына эмне себеп болууда деп ойлойсуз. Ырчылардын ынтымагынын жоктугубу же акчаны башкы максат кылып алышкандыгыбы?
- Профессионализмдин жоктугу. Билбейм, башкаларга кандай мага улуу муундагы ырчылардын концерттери, ырлары жагат. Алардын ырлары кулактын эмес, жүрөктүн ырлары да. Чынын айтсам, өзүм ырчы болуп туруп азыркы жаш ырчылардын көбүн тааныбайт экем.
- Азыркы жаштардын арасынан мыктыларды деп кимдерди айта аласыз?
- Албетте, андай жаш ырчыларбыз да бар. Бирок булар фольклор жаатындагы билим алып, беш жылдап музыкалык окуу жайларды бүтүргөн, мыкты, улуу агай- эжелерден сабак алган жигит- кыздар.
- Мурда филармонияда эмгектенчү эмес белеңиз. Ал жактан эмнеге кетип калдыңыз?
- Филармонияда 25 жыл иштедим. Өзүм комузчу болчумун. Атам катуу ооруп калып, уруксат сурасам, рапорт жаз дешти, мага ата- энемдин ден соолугу кымбат да, рапортун жазып кетип калгам.
- Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алектенесиз, эмнеге кызыгасыз?
- Көп нерсеге кызыгам. Бирок чыгармачылыктан сырткары бир нерсе менен алектенгенге такыр колум бошобойт. Негизи жумушум деле көп убакытты талап кылбайт. Бирок эмне кылып бошобой жатканымды билбейм. Бош жүрүп эле бошобойм. Элдей бизнесим деле жок. Мен кээде пикетке чыгып жаткан апаларга "Булар пикетке чыкканга кантип убакыт табышат"- деп таң калам.
- Ар бир аялзаты өзгөчө бир касиетке ээ болот эмеспи. Сиздеги өзгөчө касиет?
- Эми билбейм, өзүм айта албайм. Аялзатына тиешелүү бардык жумуштарды жасайм. Үйдү аябай таза кармайм. Тазалык менин урааным.
- Ушакка кандайсыз?
- Ушак айтканды, ушак айткан адамды да жаман көрөм. Дайыма бетке айтам. Апам мени ушак сүйлөбө, калп айтпа, уурдаба деп үйрөткөн.
- Такыр калп айтпайсызбы?
- Эми кээде кечигип калганда калп айтып коесуң. Бирок бирөөгө зыян алып келе тургандай калп айтып көргөн эмесмин.
- Балдарыңызга кандай энесиз?
- Колумдан келишинче жакшы эне болууга аракет кылам. Бир кыз, бир уулдун энесимин. Уулум 4- курста окуйт. Кызым да бой жетип калды. Апам мага айткан насаатты аларга айтып келем.
- Ич күйдүүлүк кылган учурлар болобу?
- Эч кимге көз артпайм. Жанымда күйүмдүү жолдошум, жаркылдаган балдарым, өзүмө жете турган оокатым, бир туугандарым аман, элибиз тынч мага ушул эле байлык. Башка бирөөнүн байлыгы, бийлиги мени кызыктырбайт.
- Эмнеге кубанасыз да эмнеге өкүнөсүз?
- Ден соолугум чың, ак эмгегим менен оокатымды таап жейм. Эл катары үй- бүлөм бар. Уул десе уулум, кыз десе кызым бар. Өкүнгөнүм улуу залкар таланттар менен бирге жүрүп эстелик үчүн сүрөткө түшпөй калганыма өкүнөм.
- Көңүл калган учурлар болду беле?
- Мындай нерселер аябай көп болгон, азыр да болууда. Бир жолу бирөөдөн жаман нерсе көрүп, аябай жүрөгүм ооруп, үйгө келгенде апам "Балам, өзүңдү колго ал. Кудайга койдум деп кой" деген эле. Апамдын ушул сөзү менин жүрөгүмдө өмүр бою жашап калды.
- Аял менен эркектин тең укуктуулугу деп аялдардын аша чаап кеткендигине кандай карайсыз?
- Бул туура эмес. Мен үйдө жолдошумдун эмес, баламдын жолун улуу карайм. Эркек деген аялдан бийик турушу керек. Аялдын пири күйөөсү деп тегин жерден айтылган эмес да. Кандай учур, кырдаал болбосун эркектин жолу аялдан улуу турат.
- Ар бир чыгармачыл адамдын чыгармачылык бийиктикке чыккан учуру болот. Бирок ал бийиктикте кармалып туруу ар биринин эле колунан келе бербейт. Сиз бийиктикке жетип, ал жерде кармалып тура алдым деп ойлойсузбу?
- Ооба, өзүм эңсеген чыгармачылык бийиктикке жетип, ал жерде азыркыга чейин турам дейм. 1997- жылы менин атагым аябай жакшы чыкты. Ырларым эл оозунан түшпөй хитке айланды. Бирок мен көөп кеткен жокмун. Дайыма жөнөкөйлүгүмөн жазган жокмун. Кандай болгондо да баарын эл таразалайт да.
- Чыгармачылык шыкты эмнеден аласыз?
- Кандай десем, жакшы чыгарма укканда, эски ырларды укканда жүрөгүм ойгонуп, чыгармачылык эргүү келет.
- Чыныгы таланттар ичимдикке жакын келишет эмеспи. Сиз бул жагынан кандайсыз?
- Мурда татып койчумун. Азыр такыр оозума албайм.
Жаркынай Кадыркулова