presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Коррупция короосунан...
Маданияттын мафиялары...
(Башы өткөн сандарда)

Көп "жеген", бирок кеп жебеген Керим мырза
Керим мырзанын "кереметтүү" иштерин иликтеп жазаардан мурун, гезитибиздин өткөн санына жарыяланган беш ооз сөздү баш сөз катары кайрадан кайталап коюну эп көрүп турам.
...Кысталактыкы десе, кыскасын айтканда Кыргызстанда акыркы учурда канчалык коррупциялык иштери ачыкка чыгып, үстүнө улам үйүлүп кылмыштан кылмыш козголгон адамдар түрмөгө олтурмак тургай, тескерисинче Теңирин тааныбай азуусун айга бөлөп, күүсүн күнгө созуп жатышат. Сасык саясатчыларды кой, "элге үлгү көрсөтөт, жан дүйнөсү аруу" деген маданият тармагында жүргөн аткаминерлердин баары болбосо да, басымдуу бөлүгү мамлекеттин байлыгын тоношуп, супер интригадан интрига уюштурушканга мастер болушуп, эчак булганышкан. Ал булганыч эмнеге алып келет? Албетте, ирик-чирикке, орусча айтканда "мусорго" алып келет. Андай адамдардын ана башында учурда Маданият министри болуп, каалаган "кашасын" чалып жаткан Султан Раев турат. Андан кийинки ардактуу деп эсептелген экинчи орунду азырынча Керим Турапов көп жылдан бери ээлеп келет. Бул кишинин коррупциялык иши чачтан көп болбосо да, айтып түгөтө албагандай эле бар. Анын андай иштери өзү он бир жыл бою жетектеген улуу, демократ акын атабыз Токтогул Сатылгановдын ысымын алып жүргөн улуттук филармонияга түздөн-түз байланыштуу. Керим мырзанын коррупциялык ишин мындан бир жыл мурун ушул өзүбүздүн гезитке: "Маданият жана туризм министрлигинен уурдалган миллиондор" деген ат менен сандан-санга жарыяланган көлөмдүү макалада да ачык-айкын ( эске салсак, ал макала КРнын Эсептөө палатасынын текшерген жыйынтыгы боюнча жазылган) жазганбыз. Эми ал макаланын айрым урунттуу учурларын кайталап берели. Анткени, ал боюнча укук коргоо органдары эч кандай чара көрүшкөн жок. Турапов мырза болсо, эч нерсе болбогондой, филармониядан бир тыйын жебегендей түр көрсөтүп, көптөрдү түңүлтүп жүрөт, улам жаңы сенсациялуу иштердин автору болуп...
Филармония багыты, милдети маданий болгону менен, ичинде өтүп келаткан иш-чаралар ар кыл багытта. Алардын арасында чоң саясий иш-чаралар да байма-бай өтүп турат. Филармониядагы андай саясий иш-чаралардын бири 2008-жылы август айында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйыны болду. КМШ өлкөлөрүнүн президенттери катышкан бул ШКУга ошол жылы бир нече ай бою катуу даярдык көрүлгөн. Натыйжада филармониянын чоң залында президенттердин катышуусундагы чоң жыйын өттү. Ал иш-чарага карата эски бийлик - филармонияны толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүү чечимин кабыл алышып, казынадан миллиондорду бөлгөнү белгилүү.
Ал кезде маданият тармагынын "Кощейи" атка конгон кайран Султан Раев өзү Маданият жана маалымат министри болуп манчыркап турган. Кыргыз эл артисти, "апасынын жапкан нанын" улам сагынган, таланты ташкындаган Керим Турапов филармониянын эки тизгин, бир чылбырын (2000-жылы директор болуп шайланган) 7 жылдан бери бекем кармап, мекеменин ички-тышкы маселелерин ийне-жибине чейин иликтеп, "чычкан акеге кебек алдырбай" турган чагы.
Ошентип филармонияны капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 2007-жылы бюджеттен 56 миллион сом (дагы бир маалыматта 65 миллион сом ) бөлүнөт. Бул чоң акчанын филармонияга "ташкыны катуу суудай агып келиши" министр Раев баш болгон бир катар чоң кекиртек аткаминерлер үчүн асмандан тилеген тилектин кокусунан жерден чыга калганындай эле болгон.
56 миллион сом менен филармонияны капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жалпы жонунан 15 курулуш фирмасы катышкан. Ал фирмалардын арасында биздин окурмандарга белгилүү Султан Раевдин кол баласына айланган еврей Сергей Богдановдун "Элайтик " фирмасы да бар. Жасала турган иштердин долбооруна министр Раев менен директор Турапов кол коюп, бекитишкен. Демек, "бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы" дегендей, ал долбоор бир топ кишилерге пайдалуу, мыкты долбоор болгонун алдыда бирге окуйлу...

Раев менен Турапов 7,5 миллион сом жешкенби?
56 миллион сомду "бөлүп алып" филармониянын ар кайсы жерин оңдошкон 15 фирманын ишмердүүлүгү ар кандай. Бирөөнүн жеп ичкени анча билинбей калса, дагы бирөөлөрдүкү төөнүн өркөчүндөй болуп оркоюп көрүнүп калган. Бирок алардын жасаган иштери жана короткон акчалары канчалык билинбей калса да, канчалык оркоюп көрүнүп турса да, Раев менен Тураповдун көз алдында, так эсебинде болгонун баамдап билсек болот. Башкалар жедирип, же алданып калышы мүмкүн эле, бирок далайды көргөн бул "карт бөрүлөр" ал фирмаларга акча жедирбей, тескерисинче өздөрү алар менен тең бөлүшүп, же тендерде утуп чыккан фирмалардан 10-15 пайыз үлүшкө олтурушкан, же керектүү курулуш материалдарынын баасына ашыкча баа кошушкан, балким аз кеткен жерге "көп кетти" деп жазышканын айттырбай түшүнсөк болот. Айтор, ушу сыяктуу ылайыктуу ыкмаларды колдонушкан.
Эми далилдерди келтирип, кайсы фирмалар канча акча жегенин, так айтканда аткарган иштеринин баасын канчалык ашыкча баалаганына токтололу:
***
Имараттын электр насосторун, өрт өчүрүү системаларын ж.б. иштерди 1 327 964 сомго жасаган, тиешелүү жерден лицензия албаган "ЭСБ" ЖЧКсы 186 971 сомду ашыкча көрсөткөнү аныкталган. Кожоюну Бектуров. К. Жашаган жери Бишкек шаары Осмонкул көчөсү № 28.
***
"ФОРТРЕСС" ЖЧКсы филармониянын (текшере келгенде бул фирманын да лицензиясы жок экени аныкталган) канализациялык иштерди аткарууда 1 369 941 сомго бир катар иштерди аткарган. Максатсыз пайдаланганы, же сол чөнтөккө солонгону 1 649 400 сом. Кожоюну Адылбеков У.Е. Жашаган жери Бишкек шаары. 7-кичирайону. № 39. кв. 4. Киев көчөсү № 93 үйдө жашаган Суракматова Г. Э. да Адылбековдун өнөктөшү болуп эсептелет.
Дагы бир лицензиясы жок "БВБ БЛЭСС" ЖЧКсы филармониянын үчүнчү кабатын 5 437 936 сомго капиталдык оңдоодон өткөргөн. Максатсыз пайдаланган акчанын суммасы 422 870 сомду түзгөн.
***
Бул фирманын кожоюну Мелихов Игорь Владимирович. Россиянын жараны. Белгородская обл. жашайт экен.
Турапов менен Раев муну кыргыз фирмалары жок калгансып, бул фирманы жердин түбүнөн таап келишкен экен. Кыязы, Мелихов министр менен директорго жакшы "чотур" чыгарып берсе керек го...
***
Ал эми С. Раевдин эркеси, эч кимден коркпогон "ЭЛАЙТИКтин" кожоюну Богданов менен Турапов жалпысынан 3382034 сомго келишим түзгөн. Ашыкча көрсөтүп жеген акчасы "араң эле" 883 528 сомго жеткен. Мисалы, "отделкалык" иштерден 12 909 сом. Андан тышкары, "Пекин" ресторанына эч кандай келишими жок оңдоо иштерин жүргүзгөн. Жеген акчасы 250 130 сом. Бул Тураповдон алган акча, тактап айтканда мамлекеттики. Кызыгы, Турапов "Пекинге" эмнеге акча бөлдү болду экен? Биздин билишибизге караганда, ал ресторанды алып иштешкендер филармонияга жөн гана ижара акысын төлөйт. Бизге жеткен маалымат боюнча "Пекиндин" кожейкеси Хикиза аттуу айым да Богдановго оңдоо иши үчүн 250 миң сом берген экен. "Элайтик" электромонтаж иштерин да жасаган. Бирок анын андай иштерди жасоого уруксат кагазы жок болгон. Турапов муну билсе да, көз жумуп койгон.
***
Турапов "СТРОЙТЕХМОНТАЖ" (бул фирманын дагы лицензиясы жок) ЖЧКсынын кожоюну Эшимов. Э. Ж. менен жалпы жонунан 13 702 683 сомго филармониянын бир топ жерине оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жалпысына 7 келишимге кол коюшкан. Болгону 1 467 640 сом "пайда" көргөн экен. Мисалы, бул фирма бешинчи кабатты оңдоодо 11 087 сом, балет залынын сантехникалык иштерин жасаганда 69 820 сом, коомдук "сан узелди" жасаганда 310 920 сом, фойе жана чоң залдын "отделка" иштеринен 453 848 сомдун дайыны чыкпай калган. Мындай мисалдарды жазып олтурсак арбын. Эшимовдун жашаган жери Чүй району, Чүй айылы. Береговая 179.
***
"ТИССА" ЖЧКсы 10 даана кондиционер, 10 даана термостат, 30 даана "контактор" ж.б. ушу сыяктуу жабдыктарды Германиядан алып келгендигин өздөрүнүн кагазында көрсөтүшкөн. Бирок бул жабдыктар Германиядан эмес, Ташкенттен алынып келгендиги айтылат. Айтор, ал жабдыктар немистердикиби же өзбектердикиби, айтор түшүнүксүз...
Кыскасы, бул фирмага аталган жабдыктарды алып келүү үчүн 968 200 сом бөлүнгөн. Анын чыныгы баасы 719 060 сомду түзгөн. Кожоюну Муратов Р. Р. Жашаган жери Бишкек шаары. Горький көчөсү №1.
***
Лицензиясы жок "ДОЗ" фирмасына жалпы жонунан 898 290 сом которулган . Анын 681141 сому максатсыз пайдаланганы текшерүүдө чыккан. кожоюну Алибаев. К.Б. Жашаган жери Бишкек шаары. Автосборочный көчөсү.
Мына ушул сыяктуу мисалдар ондоп саналат. Анын баарын майдасына чейин жаза бербей, чоң суммадагыларын гана мисалга келтирдик.

4,5 миллион сомго азайып кеттиби?
Филармонияда жасалган оңдоо иштеринен ушундай жолдор менен уурдалган акча жалпы жонунан 7, 5 млн. сомду түзөт. Бул боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуу топко жана коррупцияга каршы башкы башкармалыгы козгогон. Бирок ал иш азыр 5 мекемеден турган комиссиянын экспертизасынын кароосунда экен. Бул экспертиза аудиттер казып чыккан ал 7, 5 миллион сомду 4,5 миллион сомго азайтып жиберишиптир. Кыскасы, Раев, Турапов өңдүү кызыкдар адамдардын кийлигишүүсү менен, же адатка айланган жең ичине сүйлөшмөйлөрдөн улам ортодо 3 миллион сом кыскарта чабылганы айтылууда.

(Уландысы кийинки санда)
Айбек Шамшыкеев









??.??