presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кадам ушул...
Мыкаачыны багып тургандык наадандык эмеспи?!
Айткандан да жийиркенесиң, уккандан да жийиркенесиң, бирок, айтпай коюуга да болбойт, укпай коюуга да болбойт. Колдон келсе тургус кылып сокку урушубуз керек эле. Жок, курулай кеп менен эмес, мылтыктын огу менен! Айтып турганыбыз: адам өмүрүн кыйган көркоолорду, мыкаачыларды айтканыбыз. Өткөндө жаздык эле, деле жазбаган гезит калган жок окшойт, Ак-Суу районунда өгөй ата, дале айтабыз атадан айлансын деп, эки жашар наристени үбөлүк менен сабап өлтүрүп жатпайбы. Аны төрөгөн эне сөрөйү кенедей кызына болушкандын ордуна күйөөсүнө кошул-ташыл кошо сабап турганын кара! Бу эки айбан жаңыдан кана тили чыгып, там-туң басып турган аппак наристени өлүрүп тынышты! Эми ошол эки айбандын жашоого укугу барбы?!

Андан мурун Бишкекте да жүрөк канаткан окуя болгон эле. Үсөн Сакетаев деген айбан-наадан өз канынан жаралган үч жашар кенедей наристесин зордуктап, бетин тилип, кабыргаларын сындыра сабаган экен. Э наалаты, ошол кенедей наристеде эмненин жаны! Догдурлардын мыктылыгы менен ал кенедей наристе аман калды, тиги наадан камакта жатат. Анын катыны "күйөөмдө доом" жок деп прокуратурага арыз менен кайрылыптыр. Бу дагы наадандыктын жеткен чеги болор!
Жаш наристелерди зордуктаган, өлтүргөн, акча тоноо үчүн адам мууздаган мыкаачылардын жашоого кенедей да акысы жок экендигин, аң-сезимдүү адамдар көп айта баштады. Бирөөнү өлтүрүп коюп, жашап жүрө бергенге кандай акысы бар, көркоолордун?! Ошол өлгөндөрдүн жакындары: эне-атасы, бала-чакасы, аялы, күйөөсү... мына ошолор өмүр бою жанбас арман менен күн өткөзөт эмеспи! Эгерде адам өмүрүн кыянаттык менен, атайылап кыйган немелерди өлүм жазасына кыйып салганда, тиги өлгөндөрдүн жакындарынын да деми суубайт беле. Азыр болсо, баласын өлтүргөндү багып жатканы, салык төлөп дейли. Бул иштин өзү наадандык!
Дайны жок акылдуусунган, ашкере гумандуу болгусу келген наадандар өлүм жазасына каршы, алардын демилгеси менен көптөгөн өлкөлөрдө өлүм жазасын алынып салынган. Бул адамзаттын чоң жаңылыштыгы деп айтат элем.
Азыр өлүм жазасы бир топ өлкөлөрдө мыйзам менен тыюу салынган, бир катар мамлекеттерде өлүм жазасы бар.
Бүгүнкү күндө өлүм жазасы негизинен атуу аркылуу ишке ашат. Аны менен бирге дарга асуу, дары куюп өлтүрүү, электр стулуна олтургузуу, башын кесүү жана таш бараңга алуу менен ишке ашат.
Өлүм жазасы адамгерчиликсиздикке жатат, андыктан аны алып салуу керек деп 1948-жылы 10-декабрда БУУнун Генералдык Ассамблеясы демилге көтөргөн. Андан кийин бул маселе үч ирет: 1977-жылы, 1980-жылы жана 1989-жылы көтөрүлгөн өлүм жазасын алып салууга бардык мамлекеттерге кеңеш-сунуш кылынган. Мамлекеттер өздөрү чечет.
Өлүм жазасын 1990-жылдан 40тай мамлекет таптакыр алып салган. Алар: Азербайжан, Албания, Ангола, Армения, Болгария, Великобритания, Венгрия, Гонконг, Греция, Ирландия, Италия, Канада, Кипр, Кот д"Ивуар, Кыргызстан, Латвия, Литва, Маврикий, Мальта, Мексика, Мозамбик, Молдавия, Непал, Парагвай, Польша, Румыния, Сербия, Словакия, Словения, Туркмения, Украина, Хорватия, Черногория, Чехия, Швейцария, Эстония, ЮАР.
2007-жылы өлүм жазасын алып салган мамлекеттердин саны 89га жетти. Дагы 10 өлкө өлүм жазасын согуштук абалда, же өзгөчө бир кырдаалда кана колдонот экен.
Муну менен бирге бир катар мамлекеттер өлүм жазасын колдонуучу кылмыштардын санын көбөйттү. Алсак, 21 мамлекетте шпиондук кылуу, мамлекеттик чыккынчылык үчүн өлүм жазасы колдонулат. Ал эми 13 мамлекетте терроризм, аба каракчылыгы, барымтага алгандарды өлтүрүү өлүм жазасына буйрулат.
Кээ бир ислам мамлекеттеринде зордуктоо, гомосексуализм, мусулман аял менен башка дин өкүлдөрүнүн сексуалдык байланышы өлүм жазасына алып келет. "Эл аралык амнистия" коомунун билдирүүсүнө караганда 2006-жылы 25 өлкөдө 1591 адам өлүм жызысына кыйылгын, ал эми 55 мамлекетте 3861 адам өлүм жазасына кесилген. Баарынан көп өлүм жазасы Кытайда колдонулган-1718 адам, Иранда-346, Сауд Арабиясында- 102, АКШда-37, Пакистанда-36, Иракта-34. Ушул 2008-жылы баш-аягы 2390 адам өлүм жазасына кыйылган.
Америкалык окумуштуулар өлүм жазасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, бир тобу өлүм жазасы өлтүрүүнү токтотууга жардам берет десе, экинчи бир окумуштуулар, тескерисинче, өлүм жазасы өлтүрүүнү токтотууга алсыз деген тыянагын чыгарышкан.
Билгендер айтып жатышпайбы, адам өлтүрүп колго түшкөн көркоолор дароо эле кыйкырат дейт, "мени эч нерсе кыла албайсыңар, өлүм жазасы деген жок, түрмөдө да жашоого болот" деп. Эгерде өлүм жазасы болгондо тиги көркоо кыйкырмак эмес, өлөрүн самап бар-жогу билинбей жинди болмок да! Башкаларга табылгыс сабак болмок.
Быйыл болсо керек эле, кайсы бир окуу жайында окуган бир жигиттин ноутбугун сатып алам деген бир орус жигит тигини өлтүрүп, ноутбугун алып баса бериптир. Өлгөн жигит кайсы бир мусулман улутундагы эне-атанын жалгыз уулу экен. Эми ошолор боздоп турганы. Тиги өлтүргөн неме 14 жылга кесилип, анан энеси шуулдаган неме го, түрмө жетекчилери менен сүйлөшүп уулун СИЗОго калтырыптыр, чарба жумушуна. Өлгөн баланын ата-энеси ошого күйүп жатат. Анан дагы тиги мыкаачы айбан мен өлтүргөн эмесмин деп ары жок адвокаттын айтканын аткарып турат экен. Эми анын эркелетип олтурбай аттырып салганда шордуу баланын шордуу ата-энесинин деми суубайт беле! Ушинтип былжырап турабыз!
Азыр Россияда өлүм жазасын киргизүү керек дегенди депутаттардан баштап жөн адамга чейин айткандардын саны көбөйүп жатат. Муну биз ойдон чыгарган жокпуз. Басма сөздөн, интернет булактарынан окуп жатабыз.
Адамгерчилик деген адам баласында сөзсүз болушу керек. Бирок, жаш наристени өлтүрүп зордуктаганды, акчасын алам деп мууздаганды, колу-бутун таңып акча кайда деп денесине үтүк баскандарды, бычак менен күнөөсүздүн ичегисин чубаганды... дагы ушундайларды кылмыш кылгандын эртеси аттырып туруу накта адамгерчилик болмок. Андан өткөн адамгерчилик болбойт эле!
Урматтуу окурман, Силер дагы оюңарды айткыла.

Баратбай Аракеев










??.??