presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Жээнбековдой адамдардан алыс болгула..."
Спикер Асылбек Жээнбеков менен депутат Равшан Жээнбековдун ортосундагы кайым айтышуу коомчулуктун назарын өзүнө бурду. Айтсак, артында калбыры бар, бирөөнүн колу менен чок шилтегенди жакшы көргөн батышчыл Равшан мырза спикерге акыл үйрөтүп, "катуу сүйлөбө, андай бас, мындай бас, суроолорго жооп бербей, качып кеттиң" деп көрсөтмө берди эле, ага ачууланган спикер: "мен бардык суроого жооп берүүгө даярмын жана эч жакка качкан жокмун. Мен Равшан Жээнбековдой адамдардан алыс болуш керек экенин түшүндүм. Муну бетине айтайын дедим эле, өзүңүз качып кетиптирсиз! "-деп бетке бир ургандай катуу жооп кайтарды. Кыскасы, спикер мырза кайсы адамга кандай баа бериш керек экенин мыкты билет экен. Мисалы, "Р. Жээнбековдой адамдардан алыс болуу керек" экен деген сөз Равшан мырзага куп эле жарашып жатпайбы.
_____________________________________________________________________

Эл өкүлдөрү эңсегенине жетишти, эми талкалашат да...
Сентябрь айында болуп өткөн Бишкектеги ШКУнун кезектеги саммитине карата Кытай мамлекети биздин бийликке жогорку деңгээлдеги делегаттарды шаар ичинде ташып жүрүү максатында ар биринин баасы 80 миң долларды чапчыган "Cadillac" үлгүсүндөгү 46 машине белекке берген эле. Саммит бүтөрү менен эле депутаттар "бизге бергиле, бизге машине жетпейт" деп итке минген кедей кейптенип чыгышып, эңсегендерине эптеп жетүү үчүн көпкө аракет кылышып, акыры 46нын 10нун алып тынышты. Кымбат баадагы ал машинелерди эми депутаттар талашып айдап жатышат, күн сайын тойго, тоого айдай беришип талкалап салышары да белгилүү. Ошол эле учурда Социалдык өнүктүрүү, Жаштар, эмгек жана миграция министрлиги сыяктуу кедей министрликтерге да бирден "Cadillacтар" берилди. Буга чейин Кытайдан келген 46 "Cadillacты" сатып, андан түшкөн 3,5 - 4 млн. долларга бала-бакча жетпеген Бишкекке бала-бакча салынса деген тилекти айттык эле. Тилекке каршы андай болгон жок, тескерисинче илгеркидей эле таламайга түштү.
_____________________________________________________________________

Султандын ордуна Султан, Кубаттын ордуна Кубатпы?
Американын конгресси каржылап келе жаткан Бишкектеги "Азаттык" үналгысынын жетекчиси, белгилүү журналист Султан Жумагулов өз каалоосу менен кызматынан кетти. Анын ордуна убагында айым ажобуз Роза Отунбаеванын, кийин өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун пресс-катчысы болуп иштеп жүргөн Султан Каназаров дайындалды. Ошондой эле, "Азаттыктын" бир кездеги жетекчиси, азыркы кезде Улуттук Биринчи каналды жетектеп жаткан Кубат Оторбаевдин ордуна өзүнүн орун басары Кубат Болоткановдун барары акыркы кездерде аябай көп айтылып кетти эле. Бирок, бизге жеткен маалыматтарга караганда, Биринчи каналдын биринчилигине Султан Жумагулов барат дешет, билгендер.

Кожогелди барабы, барса кабыл алабы?
"Имиш-имиш кеп угам, иштен кетет деп угам" демекчи, ушу тушта ЭлТР коомдук каналынын башчысы Шайырбек Абдрахмановдун ишин тапшырып башка кызматка барары айтылса, анын ордуна маданият жана маалымат министрлигинин орун басарлык кызматынан оодарылып кеткен Кожогелди Култегиндин барары айтылып кетти. Кээ бир кесиптештерибиздин кобураганына таянсак, акын Кожогелдини коомдук каналдын журналисттери кабыл албайбыз дегенге токтолушуптур. Аңыздарды андан ары уласак, азыркы кезде өкмөттүк "Эркин тоо" гезитин жетектеп жаткан Осмонов Манастын дагы кел-кели кетип бара жатканы тууралуу кеп тарады. Айтор, журналисттердин кесиптик майрамы алдында, алмаштыруулар арбын болот окшоп калды...
_____________________________________________________________________

"Башкы чек арачы" К.Матеновдун иши
Кыргыз Республикасынын Чек ара мамлекеттик кызматынын төрагасы, полковник Курманакун Матеновдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, кызматтан убактылуу четтетилгени боюнча генералитетте ар кандай пикирлер айтылууда. Айрымдар: "К.Матенов Чек ара кызматында акаевдик-бакиевдик мезгилде калыптанып калган коррупциялык көрүнүштөрдү жоготууга белсенип, чек арага бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын уурдалып, сол чөнтөктөргө солонушуна бөгөт койду эле. Ошондон улам, оңой оокатка көнүп алган кээ бирөөлөрдүн катуу каршылыгына тушугуп жатат го",- деген пикирде. Мында акыйкаттын үлүшү канчалык, билбейбиз. Бирок, К.Матенов жетекчиликке келгени кыргыз чек арасында оң жагына өзгөрүүнүн жышааны байкалып турат. Башкасын айтпаганда да, ар качан өзбек коллегаларынын астында басынып, кээде алардын огуна тутулуп келген кыргыз чек арачылары кодулаган коңшулар менен теңата сүйлөшө баштаганы колдоого аларлык көрүнүш эмеспи. Айтор, чек ара төрагасынын ишин иликтөө ар кандай жек-жаатчылыктан алыс, кара кылды как жаргандай калыс жүрсө болгону.
_____________________________________________________________________

Майрамыңар менен, урматтуу милиционерлер!
Бүгүн кыргыз милициясынын күнү! Эң эле түйшүктүү жана эң эле сыймыктуу милиция кесибин аркалап, коомдук тартипти сактап келатышкан биздин ардактуу милиционерлерибиз, Абдылда Суранчиев, Бакыт Жусубалиев, Мелис Турганбаев, Зарылбек Рысалиев, Кашкар Жунушалиев, Капар Баатырканов, Рыскелди Момбеков, Алымбай Султанов, Калыбек Сатыбалдиев, Рафик Мамбеталиев, Эмил Салиев, Жеңиш Жоробеков, Сүйүн Өмүрзаков, Малик Нурдинов, Раат Мырзаканов, Азирет Кондубаев, Бакыт Сейитов, Шамбет Кубатбеков, Сталбек Рахманов, Жаныбек Аалиев, Камчыбек Абелдиев, Рысбек Момбеков, Рустам Мамыров, Мискенбай уулу Максат, Кубат Молдошев, Алмаз Токтошев, Кадырбек Жээнчороев, Айтбек Рысалиев ж.б. "Фабула" гезитинин жалпы жамааты чын дилден куттуктайт! Сиздердин ишиңиздерге ири ийгиликтерди, чын ден соолук, кажыбас-кайратты, үй-бүлөлүк бакытты каалайбыз! Сиздер бар, кыргыз милициясы бар, урматтуу укук коргоочулар!
_____________________________________________________________________

Cтатс-катчынын иши таза...
Өткөн саныбызда чыккан "Статс-катчы олигархбы?" деген алакандай маалымат чыккан. Анда: "Билим берүү жана Илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов өзүнүн менчик фирмасы аркылуу аталган Кыргызстандагы баштапкы класстын окуучуларына бериле турган тамак-аш даярдоочу азыктарды камсыздайт дешет. Жубайына катталган бул фирманы статс-катчы күчкө салып, ар убак тендерден ийгиликтүү өткөрүп алып, кирешени кудайга шүгүр эле чөнтөгүнө күргүштөтүп жаткан сыяктуу" деген маалыматты иликтөөгө алып, жыйынтыгын жакынкы сандарга жарыя кыларыбызды белгилегенбиз. Иликтөөнүн натыйжасында Калысбек Шадыкановдун эч кандай фирмасы баштапкы класстын окуучуларына бериле турган тамак-аш даярдоочу азыктарды камсыздабай турганы, жубайынын эч кандай ишке тиешеси жоктугу белгилүү болду.











??.??