presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Советбек Байгазиев:
КАНЫКЕЙ МЕНЕН БАКАЙДЫН МАНАСТЫН МАМЛЕКЕТИН САКТАП КАЛЫШЫ
| Башталышы өткөн санда... |

3. Сексендеги Чыйырды эненин бороонду беттеп чыгышы же Бакайдын көз жашынын сыры

Ошонун ичинде Семетей - Чыйырды чоң энесинин да, Бакай акылмандын да үмүтү болучу. Кандай кайгыга батпасын, Каныкей баары бир кыйын кырдаалда жалгыз калбайт. Кара мүртөз Жакып чалынын арамдыгы, чыккынчылыгы менен келише албай, айкөл эне Чыйырды келини Каныкей тарапка өтүп, Көбөштүн чабуулу учурунда балтыр бешик небересин коюнуна катып, тоо-таштын, карагай-чердин арасына корголойт.Зилинде Чыйырды эненин Манасы менен Каныкейин бир эле киши деп эсептегени сезилип турат. Чыйырды үчүн Каныкей менен бир болуу уулу Манас менен, анын арбагы менен бир болуу деген кеп. Мына ошон үчүн тагдыр таразага түшүп турганда, 80деги жашына карабай, келинин колтугунан жөлөп, "0, Каныкей кулунум, белиңди байлап, кайрат кыл, атакең Темиркандын шаарына, тентип кирип кетели", деп кеңешин берип, өбөк болот. "Көбөш көр шүмшүк баштады, казандан бери талкалап, кайырчы кылып таштады, Ала-Көл элек саз болдук, Ала-Тоо элек пас болдук," деп арман кылган карыган Чыйырды байбиче да небереси үчүн тирүү жашагысы келет. Теңирим берген ушул чүрпөм аман болсо, атасынын арыгын улап чабаар, оогон жүгүн түзөөр деген үмүттө небересине кара жанын чаап, аны ажалдан арачалап, алыскы чоочун өлкөгө тентип кетүүгө тобокел кылат.
Чыйырды:
- Өзөндөн аккан булагым,
Өлөрдө көргөн чунагым..
Манастан калган мурасым,
Башымдагы паанайым,
Балтыр бешик Семетей -
Маңдайдагы таалайым!
Аңдып келип, алты арам
Адырды бойлоп ашпасын.
Алсырап араң турганда.
Төбөбүздөн баспасын.
Кармап алып жетимди,
Өз билгенин кылбасын.
Кетели балам, олтурбай,
Кокустан кудай урбасын! - деп чебеленип, Каныкейди шаштырат. 80 жашында ата конушун таштап, бели бекчейип, көзү чекчейип карыган кезде, үйдүн төрүндөгү тынчтыгы менен коштошуп, келини, небереси үчүн бороонду беттеп жолго чыккан Чыйырды эненин акыйкатчылдыгына жана руханий эрдигине таазим!
Кылдын кырындагы кырдаалда качкан Каныкейге карыса да калдайган караан болуп, унутулгус көмөк көрсөткөндөрдүн дагы бири Бакай. Эки качкындын артынан издеп келип таап, болгон аракетин жумшап, ары бери чапкылап, азык-түлүгүн, минээрге унааларын камдап берип, мүңкүрөп турганда Чыйырды менен Каныкейдин "өчкөн отун тамызган" Бакай карыя.
Акылман Бакай эл-жерине кызматы өткөн канышаны өтө жогору баалайт. Кыз кезинде көргөндө эле "ургаачынын ыктуусу, ак жоолуктун мыктысы, ал Каныкей турганда, санжыргалуу башыңды, жер жүзүнө кан кылаар" деп Манаска айтып, кийин ушул көрөгөч болжолу чын чыгып, Каныкей кадыры бийик канышага айланганда, Бакайдын төбөсү көккө жеткен. Аксакал даанышман Манастын жарын өз бир боор кызынан артык көрөт. Ошон үчүн Манастын ордосунун таланып-толонуп, ойрондолгонун күтүүсүздөн көрүп, Каныкейди таппай калганда: "Жагылган шамым өчкөнбү, жалгыз балам Каныкей, жоо олжолоп кеткенби? Канатымдан кайрылып, кантип тирүү турамын, канышам Каныкейден айрылып", деп буркурап ыйлап жибербедиби.
Терең ойлонсок, Бакайдын сакалы ылдый жашын куюлтуп ыйлап турганында көп маани жатат. Элинин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, жоону бирге жоолашып, доону бирге доолашып, Бакайдын Манас менен кошо кыргыз мамлекетинин устунун тургузганы жалган беле? Чоң Казатта Алмамбет, Чубак, Сыргакка окшогон мамлекетти коргой турган көкжалдар шейит болуп, кийин Манастын көзү жумулуп, анан баягы кырк чоро Манас бардагыдай болбой, Абыке-Көбөш тарапка ыктап калганда, журттун ыйык ордосунун тиреги деп Бакай Каныкейди санап, Каныкейди бел тутуп, ишенип жүргөн болучу. Эми моминтип, өзүнүн көзү тирүү турганда, өз колу менен кошо курушкан Манас ордо, мамлекет коргону кыйратылып, анан ушул ойрондолгон ордонун устунун кайра тургуза турган Каныкей менен кабыландан калган туяк өлүү-тирүүсү билинбей, дайынсыз болуп жатса, Бакай буркурабай коёбу?
Бакайдын көз жашы - бул Манастын мамлекетинин тагдырынын -күйүтүн тарткан улуу көз жаш. Бул көз жашта чоң сыр жатат.
Семетей перзент - мамлекеттик масштабда, улуттун стратегиялык кызыкчылыктарынын багытында ойлонгон Бакайдын тереңдеги үмүтү эле. Ошон үчүн даанышман карыя Семетей жөнүндө ойлонгондо: "айкөлдөн калган жалгызым,астыга салса ак жолум, аркамда калса сан колум, оо, Семетей күл ботом, кара кашка тынарым, Манаска тете болот деп, кармап бир турган чырагым" деп, ичинен баланы эркелетип, караанына жалынып турчу. Семетей атасы Манастай болуп, кыргыз мамлекетинин чырагы болот деген үмүттү, ойду ичинен желектей желбиретип, алдейлеп алып жүргөн. Ушул идея "Алты арамдын" бийлигине каршы оппозицияга өткөн Бакай аксакалдын жан дүйнөсүн ич жактан тиреп турган түркүк сыяктуу болучу. Ордонун тып-тыйпыл болуп чабылганын көргөндө, Бакайдын ичинен бүлүнүп, жанагинтип буркурап ыйлап жибергени, дароо астындагы тулпарга олбуй-солбуй камчы уруп, оң-тетири теминип, жетим менен жесирди жандалбастап издеп жөнөгөнү бекер жерден эмес болучу.

4. Каныкей менен Бакайдын Букарга бараткан жолдогу улуу жолугушуусу же кайтып келүүнүн жана күтүүнүн философиясы

Бакайдын, Каныкейдин, Чыйырдынын Букарга качып бараткан жолдогу жолугушуусун биз УЛУУ ЖОЛУГУШУУ деп атаар элек. Чындыгында эле бул улуу патриоттордун жана даанышмандардын УЛУУ ЖОЛУГУШУУСУ болгон. Эмне үчүн?
Сыртынан үстүрт карап, окуп кеткен адамга бул жолугушуу кыйын-кыстоо кырдаалда качкан менен издегендин бири-бирин табышы, алардын бул кездешүүдөгү сүйлөшкөндөрү - бири-бирине кайгысын айтып кейип-кепчиген жөнөкөй эле кеп-сөздөр катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок чындыгында андай эмес. Бул сүйлөшүүнүн маани-маңызы өтө тереңде жатат. Керек болсо, тагдырга тете сүйлөшүү. Манастын мамлекетинин бүлүнүшүнүн, журт ордосунун кыйрашынын, кайгыда калган жан дүйнө кризисинин шарттарында жана тагдыр бычак мезгилде турган кырдаалдагы жолугушууда элдик лидерлердин ортосунда жөн салды, көрпенделик деңгээлдеги сүйлөшүүнүн болушу мүмкүн эмес. Эмесе, Каныкей менен Бакайдын диалогуна көңүл буралы: Бакай менен Каныкейдин ортосунда бул жолугушууда төмөнкүдөй чоң сөз жүрөт:

Бакай:
- О, Каныкей, кулунум,
Бүгүн бурдуң санааны.
Алыска сапар жол жүрүп.
Аман сактап алыпсың
Манастан калган баланы.
Мындан ары, Каныкей,
Аңылдаган алты арам
Кеңкол бойлоп конушпайт,
Кыйгачташкан кырк чочко
Баштагыдай болушпайт,
Жыл он эки ай болгончо.
Балам, төө кайтарып күйөрмүн.
Төбөндөн тийген ит менен,
Кырдаалы келсе Каныкей,
Мен төбөлөшө жүрөрмүн.
Төрөмдөн калган жалгызды,
Мен он эки жыл күйөрмүн.
Он эки жылда келбесе,
Таласты балаң көрбөсө,
Азабын тартып кордуктун,
Ажалсыз Бакай өлөрмүн.
О, Каныкей, кулунум!
Аңгеме дүкөн курай жүр!
Ал-абалы кандай деп,
Бакайдын жайын сурай жүр!
Сен Букардан тарткыча,
Бек байлаймын белимди,
Төө ичинде кара нар,
Мен Желмаянды сактармын.
О дүйнө кеткен жалгызым -
Манастын тузун актармын.

Каныкей:
- Өзөнгө кырчын тал бүтөр,
Өлбөгөн жанга мал бүтөр.
Манастан калган бир жетим,
Эсен болсо, эр жетер.
Эр жеткенче, эс кетер,
Эшикке келген дос кетер.
Эсен болсо каралдың,
Эптеп-септеп күн өтөр.
Капа болсок, кан аба,
Кайратың жетим бар, аба.
Манастан калган белек бар,
Баш көтөрөр жөлөк бар,
Балаң аман турганда,
Баладан сага өбөк бар.
| Уландысы бар... |










??.??