presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Оторбаевден оомат оойбу?
Бир кезде КТРдин кара жашиги аталган кыргыз телевидениеси акаевдик да, бакиевдик да доорду башынан кечирип, бирде аксап, бирде таскактап, мезгил шары менен ушул күнгө жетти. Эки доордун камчысын чаап, эки жолку төңкөрүштө элдин талап тоноосуна кабылып, талкаланып, эл жек көргөн КТР- баары бир жалпы өлкөбүздү камтыган жападан жалгыз, стратегиялык мааниге ээ телеканал экенин тана албайбыз.

Мына ошол 2010 - жылы бир жагынан кыйроого учураган, экинчи жагынан ансыз деле техникалык жабдуулары эскирип, араң жаны калган КТРдин бүгүнкү абалына назар салып көрсөк. Авторитардык режимден кан кусуп кутулуп, парламенттик башкарууга өткөндөн бери биринчи кадам бул телеканалдын коомдук деген макам алганы болду. Коомдук болуп, коомдун бардык мүчөлөрү четте калбай эфирде бирдей мүмкүнчүлүк алганы менен КТРК али күнгө чейин мамлекеттин эсебинен жашап келет. Демек али да болсо КТРК өз бюджетине акча которулушуна тиешеси барларга көз каранды. Көз каранды дегенибиз учурдагы бийлик системасынын саясатын туура болобу, же туура эмеспи баары бир колдоого аргасыз. Ушундан улам биз экран бетинен, тактап айтканда КТРКнын жүзү болгон Ала-Тоо маалымат программасынан азыркы бийликке акарат келтирип, чынбы -калппы сын айткан оппозиция өкүлдөрүнөн көрө албай жатканыбыз да ошондон. Ошого карабастан кайсы бир окуя боюнча каршылашкан тараптардын бардыгына өз ойлорун билдирүүгө мүмкүнчүлүк берилүүсү, маалыматтык көрсөтүүлөрдүн көрүмдүүлүгүн көтөрө алды. Мындай тастыктоону Кыргызстандагы медиа майданды иликтөөгө алган М - Вектор деген уюм жарыялап чыкты. Алардын аныктоосуна караганда учурда КТРКнын көрүүчүлөрү россиялык ОРТ каналынан көрүүчүлөрүнөн алда канча көп. Мындай ийгиликке жетишкендиктери үчүн КТРКнын эмгек жамаатына чоң ыраазычылык айтыш керек, бирок чоң рахмат жана башта айтылган жогорку бийликтегилерге таандык. Эгерде алар мурдагы доорлордогудай КТРКнын мойнуна минип алганда, дагы деле бир тараптуу, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жалпы элге таңуулана бермек. Ошентсе да айрым бир жер тыңшаар мамыттардын айтымына караганда бийлик КТРКнын мойнуна минбесе да, ооздуктап жүгөн салууга аракеттер болуп жатат. Мурда КТРге бир эле президенттик администрация ээлик кылып, ээрде жалгыз отурса, азыр Өкмөтү, Парламенти кошулуп ээрдин кашын талашып турган кези. Баарынын коркуткан куралы КТРКнын байкоочу кеңеши. Мурда бир эле О. Ибраимов же О. Малеваная болсо, азыр катардагы депутатынан баштап, байкоочу кеңештин мүчөлөрүнөн бери КТРКнын жетекчисин "мени укпасаң, жеп жутам" дегендер. Мындайча айтканда 3 жылдан бери КТРКда сөз эркиндигинин желеги желбиреп турганы бийликтин 3 бутагына жакпай калды. Ушул 3 жылдан бери таанылгыс болуп өзгөргөн КТРК эл үчүн кызмат кылганы менен бийликтин Арзыматы боло албай, башталган иштин быт чыты чыкканы калды көрүнөт. Дегенибиз Азаттыктын тарбиясын алып, эл аралык стандарттар менен иштеп жаткан КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевди кызматтан алуу милдети ушул КТРКнын байкоочу кеңешине жүктөлгөн. Бул маалыматты өзүн ачыкка чыгаргысы келбеген байкоочу кеңештин мүчөсү тастыктады. Анткени 2012 - 2013 - жылдары сан ариптик жыштыкта Музыка жана Баластан телеканалдары, бир катар радиолор ачылып, иштеп жаткан радиолордун таралуу аймактары кеңейтилип, бир катар ийгиликтер болсо дагы, Оторбаевдин иши канааттандырарлык эмес деген чечим кабыл алынышы, айтпаса да түшүнүктүү. Бийликтеги кеңешчилерди карап көрсөңөр баягы эле эки доордун калдыктары, эки ажонун башын жуткандар үчүнчүсүнө даярдык көрүп жатышканы ачыкка чыга баштады. Анткени ошол эле жашыруун калгысы келген КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн айтымына караганда кеңештеги мүчөлөрдүн басымдуу бөлүгүнө, ошол кеңешчилер тарабынан сый тамак уюштурулуп, Кубат Оторбаевди кызматтан алуу боюнча "Барборос" планын ишке ашыруу тапшырмасы берилген. Анын чын бышыгын жакында билебиз. Мүмкүн жалпы коомчулук, адам укугун коргогон өкмөттүк эмес уюмдар талап кылып, ушул КТРКнын байкоочу кеңешинин жыйынын түз эфирде көрсөк кандай болмок? Ар бир мүчөнүн өз абийиринин алдында кандай сүйлөп, кандай добуш берерин көрмөкпүз. Азырынча туугандар КТРКны көрө берсек болот. Көздөгөндөр көздөгөнүнө жетип калса, кайрадан орустардын ОРТысын көрөбүз аргасыздан...
Элмира ЖАНГАЗИЕВА











??.??