presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Тасма талаасында...
Рустам Аташов,
режиссёр:
"Азыр бардык тасмаларга сапатсыз деген баа берилип жатат"
- "Эркектер - 3" тасмасын коомчулукка тартуулаганы турасыз. Алгач тасмаңыз туурасында кыскача айтып берсеңиз?
- Тасма тартылып бүттү. Учурда монтаждоо иштери жүрүп жатат. Кудай буйруса, 15- ноябрда даяр болот. Жакындарды, кино сынчыларды, журналисттерди чакырып бет ачарын Тарых музейинде өткөрөм. Тасманын кандай тартылганын ошол жерге келип көргөн эл баалайт.
- Бул мурдагы тасмалардын уландысы катары эле кетеби?
- "Эркектер -3" мурдагы тасманын жыйынтыктоочу бөлүмү десек болот. Азыркы тасмада жаңы актёрлор катышты. Дагы эки-үч үй- бүлөнүн, башкача айтканда үч эркектин турмушу, кылык- жоругу да чагылдырылат. Жалпысынан 6 эркектин алты башка тагдыры, комедия аркылуу коомчулукка ачылып берилет.
- Сиз өз тасмаларыңыз менен элди канчалык деңгээлде жакшы жолго чакырып жатам деп ойлойсуз?
- Мынчалык деңгээлде салым кошуп жатам, элди тарбиялап жатам деп менин ойлогонум аздык кылат. Мен канчалык жакшы ойлогонум менен баары коомчулуктун кабыл алуусунан көз каранды. Кинону көргөн адамдардын канчасына оң таасир берип жатат аны айта албайм. Эң башкысы менин максатым аз болсо да кино көрүүчүлөрдү оң жолго чакырууга салым кошуу. Тартылган ар бир тасмамды ошондой зор максат менен тартам.
- "Эркектер" киносунда секелек кыздын чоң кишилердин турмушуна кийлигишип, чоң адамдай сүйлөгөнү чындыкка дал келбей калат экен. Анан бул секелек кыздын психологиясына да терс таасирин тийгизет дегендер да жок эмес...
- Бул сөзгө толугу менен кошулбайм. Балким, чыныгы жашоодо мындай секелектер жокко эседир. Бирок такыр жок эмес. Азыркы жаштардын аң- сезими, кабыл алуусу, деги эле бардык жактан жетилүүсү алда канча эрте, тилдери да абдан так. Мындай такылдаган секелек кыздарды чыныгы жашоодон деле көрүп жүрбөйбүзбү. Эми бул кино. Ар бир чыгармачылык эмгек көркөмдөөнүн негизинде жаралат. Ошол себептен ал кооз, сулуу, кызыктуу, өзгөчө болот эмеспи.
- Азыркы учурда тасмалар абдан эле көп тартылып жатпайбы. Сиз тарткан тасмаларга эл кандай келүүдө?
- Ачыгын айтканда 2-3 жылдан бери тасма аябай эле көп тартылып жатат. Биздин кино сүйүүчүлөрдүн санына салыштырмалуу учурдагы тасмалардын саны аябай эле көп. Элди бир топ тасмага бөлүүгө туура келип жатат. Анан элдин башы айланып да калды. Кайсыл тасмага барганды да билбейт. Жарнамалар болсо шумдук. Барса, кино начар тартылган. Элди да иренжитип жатат.
- Тасмалардын сапаты жагынан эмес саны жагынан өсүп жатышы кино бизнесинин аксашына түрткү боло алабы?
- Кино - бизнес дегенге да кошула албайм. Тасманы тартуу көп эмгекти талап кылат. Жоопкерчилиги абдан чоң. Кино тартып эле элге көрсөтүп акча таап, байып жатат деген туура эмес. Тасмага канча каражат кетерин кино тарткан адам гана билет. Ал каражат акталса акталат, бирок байлык топтоого шарт түзө албайт. Тасмалардын сапатсыз, көп тартылып жатышы албетте, көрүүчүлөрдү иренжитет. Муну өзүбүз да байкап жатабыз. Мурдагыга салыштырмалуу көрүүчүлөр азайып калды. "Ай койгулачы ушул кыргыздардын тарткан кинолорун" деген адамдарды да көрүп жүрөм. Башкача айтканда жакшыбы, жаманбы, айтор, баардык тасмаларга "сапатсыз" деген баа берилип жатат. Ошондуктан киного бара турган адам тасманын жарнамасына эмес, тасманы тарткан режиссёрго, кайсыл студиянын тартканына карап барса көп адашпайт эле. Тилекке каршы, кээ бир кино тартуучулар жарнаманы укмуш берип, элди алдаганга чейин барышууда. Алардын тарткан кинолору көп учурда жарнамадагыдай жакшы болбой калып жатат. Мына ушул нерсе элдин нараазычылыгын жаратып жатпайбы.
- Буга ким күнөөлүү. Тасма тартып жаткан сиздер күнөөлүүсүздөр да?
- Кино тарткандардын баары күнөөлүү дебейм. Буга жарнаманы туура эмес бергендер менеджерби же продюсерби кыскасы, элди алдаган адам күнөөлүү да.
- Сапатсыз тасма тарткан режиссёрдун күнөөсү жокпу?
- Албетте, бар. Негизи жарнамада эмне кетсе, ошону тасмада көрсөтүш керек. Азыркы кээ бир режиссёрлор жарнама берип, андан кийин кино тартып жатпайбы. Барып көрсөң тасмадан жарнамада кеткен эпизоддорду көрө албайсың. Бул деген элди алдоо да.
- Кинолордун көбөйүшү сиздердин ортоңуздарда атаандаштыкты күчөтө алдыбы?
- Атаандаштыкты күчөткөнү менен кинолордун сапаты жагынан өсүшүнө өбөлгө боло албай жатат. Биз тасма тартуу менен атаандашпай, коомчулукка тарбия бере турган, көргөн адамды оң жолго сала турган фильм жаратышыбыз зарыл.
- Сиз "Эркектер" тасмасын 3 - бөлүмүн тартып жатасыз. Негизи бир эле тасманы улантып, башкача айтканда сериалга айландырып салган туурабы?
- Бул көрүүчүнүн кабыл алуусунан көз каранды. Биринчи тартылган тасма элге жакса, дагы уландысы болсо деген суроолор болгондо анын 2-3- бөлүмүн тартса болот. Кээде тартылган тасма жыйынтыкталбай элди бүдөмүк ойго салып бүтүп калат эмеспи. Мына ошондой кезде да улантып тартса жарашат. Ал эми кино толук бүтүп, жыйынтыкталса, эл суранбаса деле идеянын жоктугунан улам тарта берген туура эмес.
- Бир жолку маегибизде өзүңүздү дасыккан режиссёрмун деп эсептейсизби деген сурообузга жок деп жооп берген элеңиз. Азыр бул суроого кандай жооп айтасыз?
- Азыр деле жок деп айтам. Чыгармачыл адамдар эч качан мен чекке, бийиктикке жеттим деп айтпашы керек. Андай ойго келген адамда чыгармачылык өсүү токтойт. Чыгармачылыктын чеги жок. Адам эмгектин артынан жүрүп отуруп өсөт, тажрыйба топтоп, чыныгы кесип ээси боло алат.
- Сиздин кино жаатында жүргөнүңүзгө 5-6 жыл болду. Ушул жыл аралыгында өзүңүздүн купулуңузга толгон тасма тарта алдыңызбы?
- Жок, азыркы тартылган тасмаларым менин эң мыкты тасмаларым деп айта албайм. Купулума толуп, өзүм ыраазы боло турган тасманы тартуу ниетим бар. Кудай буйруса, сааты чыккан күнү ал тасма менин көрүүчүлөрдүн сынына коюлат.
- Кайсыл бир күнү тасма дүйнөсүнөн кетишиңиз мүмкүнбү?
- Муну айта албайм. Келечекти эч ким билбейт. Азырынча бул чөйрөдөн кетейин деген оюм жок. Дагы мыкты тасмаларды тартсам деген жакшы максаттарым бар.
Жаркынай Кадыркулова











??.??