Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эгер эртең эне тилим жоголсо, Анда бүгүн жан кыюуга даярмын.
Расул Гамзатов
Тил касиетин, кыргыз тилинин кудуретин аалам элин таңыркаткан " Манастан" көрүп ал!

Эне тилин урматтоо,
Келечек муун өнмөгү.
Эне тилин басмырлоо,
Ата-тегин көмгөнү.

Кусейин Карасаев

Эгемендик алганыбызга 22 жылдан ашканы менен мамлекеттик тил болгон эне тилибиз өлкөбүздө ар кандай иш-чараларда, мекеме-ишканаларда, министрликтерде, жогорку окуу жайларында, чоң жыйындарда, дегеле турмушубузда кеңири колдонууга алынбай четте сумсайып боз ала болуп турганы кыргыз намысына тийип турат экен. Жаратканыбыз агарып-көгөрүп, өнүп- өсө бергиле деп бешенебизден сүйүп эне тилибизди ыроолоп берсе, анан ушул улуттук дөөлөтүбүздүн кадырына жете албай , ырыскыбызды мүчүтүп турсак кантип жакшылык болсун! Ардана тургандай абалда турсак ара-чолодон "жаштарыбызга орус тилин мыктылап үйрөтүп алалы " деп жар чакырып, добулбас каккан опуртал "демилгечилердин" чыга калып жатканы ансыз да түнөрүп араң турган чыдамыбызды чагып, жаныбызды кашайтып жиберет экен. Кыргыз дилине жуутпас мындай "иштердин" арты жакшылык эле болсун. Кыргыз элин жараткан кудай өзү эле сактасын! Анан кыргыз жүлүнүндө өрттөнүп турган бул маселени күн сайын эмес саат сайын кулакка кумдай куюп айтып турушубуз керек, сыясын кургатпай дембе дем сөөгүнө жеткире жазып турушубуз керек деген ой асман боюу көтөрүлө шарпылдаган мухит толкунундай күргүштөп, сүрдүктүрүп келе берет экен...
Кыргыз тили бай гана тил эмес, эзелтен келаткан байыркы улуу тил. Өз өлкөбүздө эне тилибиздин кадырын көтөрүп, ажаатын ача албасак, эмнебиз эл да, эмнебиз мамлекет. Тил улут менен мамлекеттүүлүктү аныктап турган эң башкы касиет. Азыр биз мына эгемендик алганыбызга 22 жылдан ашканы менен артыкчылыкты колдон тарттырып, ооздон алдыргандай болуп турабыз. Мамлекеттик тил деп аталганы менен улуттук тилибиздин мамлекеттик башкарууда чоң жыйындарда жана башка чоң иш-чараларда кеңири колдонууга алынбай, четте бозоруп, сумсайып калып жатканына жан кашаят.
Өкмөттүк жыйындарда, депутаттык корпуста көпчүлүгү жалаң кыргыздар олтурса да айрым замандаштардын кыргыз болуп туруп орусча сүйлөп жатканына, дегиси эле көпчүлүк учурларда чогулуштардын орус тилинде өтүп, иш кагаздарынын ушул тилде жүргүзүлө беришине качанга чейин келише берүүгө болот. Бул чекеге чыккан чыйкандай өзүнчө бир көкөй кести күйгүлтүк маселе болду. Анын чырмалышкан түйүнүн кесе чабар мезгил келсе да чабылбай келе жатат. Өздөрү жарытып тил билбеген кээ бир пенделердин ортодон чыга калып " эчки тууй албай жатып койго арачы түшүптүр" деген накылды эске салып, ар кайсы жылаандын башын көрсөтүп, суу кечпес арамза демилге атпайларды көтөрүп чыгып, улуттук тил айдыңыбызга чаң салып, боз түшүрүп, жагымпоздук саясатын жүргүзүп жатканын кантесиң. Эми алар өңгө деле эмес, өзүбүздүн эле кыргыздын кара чечекей кулундары, болгондо да элге таанылып, эки тизгин бир чылбырды билегине орой кармаган, улут кызыкчылыгын көкөлөтө көтөрүп берер азаматтарыбыздын арасынан чыгып жатканы күйбөгөн жерди күл кылат. Намысты унутуп жатса айла жок тура. Аларды ардантып, улуттук сезимин ойготуп, жоопкерчиликке чакырып коер арга болсо кана?!
Өзүбүздүн эне тил болгон мамлекеттик тилибиз өз өлкөбүздө, мамлекеттик ишибизде, окуу жайларда, мекемелер менен ишканаларда жана башка тармактарда толук колдонууга алынбай өксүп турса, кытай, англис тилдери тим эле тамыры чайлап өнүгүп келе жатат. Жаштарыбыздын чет тилди, көп тилди билгени жакшы, эң башкысы эне сүтү менен кошо эмген эне тилин мыкты билип алсын дегеним! Антпесе эмнеси кыргыз. Биздин өлкөдө түрк, корей жана башка тилдерге болгон кызыгуу да жылдан жылга өөрчүп баратат. Ага кызыктырып, азгырып жатышат. Чет мамлекеттердин ушундай саясаты бар! Эми ал айтпаса да түшүнүктүү деңизчи. Айтайын дегеним өз өлкөбүздө мамлекетик тилибиздин колдонуудан мүчүп, өксүп турганына, ага көлөкө түшүрүп жаткандардын адыраңдап жүргөнүнө ичиң күйүп, арданат экенсиң. Эмне үчүн биз өз өлкөбүздө мамлекеттик тил болгон эне тилибизди үй-бүлөдөн, бала бакчадан баштап жогорку деңгээлдеги бийиктикке чейин кеңири колдонуу демилгесин колго ала албай жатабыз. Бул маселенин ийин келтирип ар тараптан ыкчамдатып чечүү мамлекетибиздин да, улутубуздун да келечегин аныктаар, тагдыр чечер олуттуу жараян, зор вазийпа болуп турбайбы!
Өткөндө Мухтар Шаханов айтып жатпайбы: " Азыркы казактардын 70-80 пайызы космополиттер, казакча жазып, окуй алышпайт. Бийликтегилердин бири да баласын, небересин казакча окуткан жок. Бул маскара эмей эмне?!"
"Эмки чоң маселе кыргыздардын эне тилин сактоо зарыл. Кыргыз тилин билбесе депутаттыкка шайлабаш керек",-деп...
Бул сөздүн мааниси терең кетип, ар намысыбызды козгоп турбайбы. Биздеги акыбал эле оңуп кеткен деп турасызбы. Мамлекеттик тилибиз ар тарабынан мүчүп, аксап турат. Мамлекеттик тил өзүбүздө эле көбүнэсе мамлекеттик жыйындарда, ар кандай конференцияларда менен кеңешмелерде сүйлөнбөй келет. Көпчүлүк учурда каратып туруп эле орус тилине кезек берип, төргө өткөрүп коебуз. Ар нерсенин жөнү бар, өз жолу болот. Он чакты гана башка улуттардын өкүлдөрү болуп, негизинен зал толо кыргыздар олтурса жыйынды камырабастык менен орус тилинде өткөрө берүү жарабас. Керек болсо эл аралык деңгээлдеги жыйын болсо да биздин өлкөдө жүрүп жаткандан кийин, мамлекеттик кыргыз тилине артыкчылык берилип, андан кийин башка тилдерге которулуп берилсе туура болот, жарашып эле калат. Азыр эмне котормого байланыштуу заманбап компьютердик техника дегениң дүңүнөн өсүп - өнүгүп калды, ар кайсы тилди суудай билген, семичкадай чаккан котормочуларыбыз, тилмечтерибиз деги жетишет. Бул жагынан маселе жок. Ошентсек эле кыргыз тилинин кадырын каратып туруп көтөрүп алган турбайбызбы!
Эми маселени бери жагынан, так кесер өңүтүнөн карап көрсөк кенебестик менен жоопкерсиздиктин өзүм билемчилик чардаган быткыл сазын көрөбүз. Мекемелер менен ишканаларда, министрликтерде, ал турсун окуу жайларда иш кагаздары мурдагыдай эле орус тилинде жүргүзүлүүдө. Чиновниктердин көпчүлүгү кыргызча жакшы сүйлөй албайт, мамлекеттик тилде жаза албагандары да көп. Башка тилдерди билгени жакшы, ага эч кандай каршылык жок. Эң башкысы мамлекеттик тилди билип алсын. Антпесе, мамлекеттик кызматта олтурууга укугу жок экенин мыйзам тилинде туюндуруп коюш керек. Мамлекеттик тил комиссиясы кызматы сынакты президенттикке ат салышта гана колдонбой, ушул жагынан кеңири жүргүзө башташса келечегибизге жакшы боло турган. Анан эле өз кемчиликтерине көз жумуп коюп, укурукту алыс ыргытып, биздин укуктарыбыз тепселип калып жатат деп өпкөсү казандай көөп, ызакорлонуп арыз муң айтып "арманы аттын башындай" болуп турганын көрөсүң.
"Тил үйрөнгөнгө эң алгач база керек, бул нерсе алиге түптөлө элек, окуу китептери жетишпейт, акыр аягы тил үйрөнүү үчүн оо бир топ убакыт керек" деп саймедирегендер сандап чыгып жатпайбы. Мунун баары жөн эле суу кечпес шылтоо деп койсок жарашат. Баш отун коюп кызыкса эле тилди тез үйрөнүп кетүүгө болот. Аны далилдеген мисалдар турмушубузда толтура. "Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт" деп элдик накыл эске салып тургандай эң башкысы айрым пенделерде тил үйрөнүүгө каалоо жок болуп жатат, болсо да кымындай гана, жан дилин берип кызыкпай жатышат. Айта келсе эле күчкө салып жатышат, кысым күчөдү деп догурунуп калышат мамлекеттик тилди билбегендер. Орус тилдүүлөр эле эмес, кыргызча чала билген бир боорлорубуз да өпкө өпкөсүнө батпай арыз-арман айтып турганын көрүп ал!
Өткөндө өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кеңешмесин орус тилинде жүргүзө баштаганда мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов жүйөөлүү кебин айтып, "эне тилди урматтайлы, мамлекеттик тилде алып барсаңыз жакшы болбойлу..." деп бир силкинип алды. Жөн салды экен, мейли деп коелу...
Ырас, бардык жерде, бардык учурда жүйөөсү менен талап кылуу керек. Бирок, мажбурлоо жолу менен тил үйрөтө албай турганыбызды бөркүбүздөй көрө беришибиз керек. Ага эң биринчи иретте элдин кызыгуусун ойготуп, ал үчүн ошого тете зарылчылыкты пайда кылуу зарыл. Адамдар мамлекеттик тилди үйрөнүүгө өздөрү мажбур болуп умтулгандай жагдай түзүлүшү керек. Ал турсун мамлекеттик тилде мудаа сүйлөп, эркин жаза билгендерге жакшы кызматтарды сунуштап...
| Уландысы 14-бетте |
| Башталышы 12-бетте |
кандайдыр бир артыкчылыктарды берүү абзел. Бар анан эне тилин үйрөнүүгө далбас урбаган "киргиздерди" көрүп ал. Жыргал турмушту гана эңсеп терең уйкуда мемиреп жаткан аң сезими чукурана ойгонуп, " бирдемеден" жыт алгандай заматта мекенчил болуп чыга келишет.
Сөздүн ачыгы милдеттүү зарылчылыктары аныкталып, талабы күчтүү болсо мамлекеттик тилди элдин бардыгы үйрөнөт, билбеген адам калбайт, англис же корей тилин үйрөнүүгө далбас ургандай эле жантыгынан жата калып ынтааланып окуп, ал турсун жадыбалдай жаттап киришет. Кээ бир боорлорубуз намысына келип, өздөрүнүн ким экендигин сезип ардана турган болсо эне тилин кыска убакытта эле үйрөнүп алышмак.
Ал эми биздин айрым "киргиздерде" тоготпостук кесепети тоңдой катып, түбү кыргыз экенин унутуп, " мурдун балта кеспей", анан да каяша айткан болуп жүрүп жатышпайбы, кайсы арына. Эне тилин билбей жүргөнүнөбү?! Аттиң ай, кайран бир боорлор, эмне дейли эми силерге...
Мамлекет ири алды кыргыз улутуна таандык экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Кыргыз деген байыркы доордон кайсыл бир цивилизациянын өнүмдөрүн өзүндө сактап, бүткөн боюна сиңирип алып эчен бир опурталдуу капсалаң кезеңдерден каргып өтүп, азыркы биздин заманга жетип келген улуу эл экенин, болгондо да Манастын эли экендигин жар салып айтып турушубуз керек. Байыркы рухтун кутун сүйүнтүп, кан жаныбызда айбарланган демин суутпай, дымып калбай, намыска туулган эл экенибизди өзүбүздүн азаматтык иштерибиз менен көрсөтүп турушубуз керек. Байыркы эл, болгондо да цивилизациянын алып жүрүүчүсү болгон таланттуу, баатыр эл экендигибизди, өңгөсүн айтпайлы дүйнөгө даңаза кылып аң-таң калтырган океан " Манас" турбайбы! Тил касиетин, Кыргыз тилинин кудуретин аалам элин таңыркаткан мына ушул чалкып жаткан кереметтүү мухиттен көрүп ал!
Анан эмнеге кээ бир кыйын чыкма пенделерибиз, аттуу- баштуу эле азаматтарыбыз кыргыз тили техниканын тили эмес, өсүп-өнүгүүнүн тили эмес деп ойду- тоону дөөрүп жатканына, анысы аз келгенсип эми өз тилибизди кое туруп жаштарыбызга орус тилин үйрөтүп алалы деген "демилгечи" билермандардын чыкканына кыргыз элинин күйбөгөн жери күл болуп жатпайбы! Деги алар эмне деп, эмненин башын " оттоп" жатышканын терең аңдап биле алышты бекен?!"... Эгерим орус тили колдоого, коргоого муктаж эмес, дегеле биздин көтөрмөлөшүбөзгө зар эмес..., андан көрө эне сүтү менен кошо эмген эне тилибизди, мамлекеттик тилибизди өнүктүрүп, өстүрөлү, кадырын көтөрүп көкөлөтөлү деп чыгышса боло!!!
...Келечегиң кең болсунчу эне тил! Кудай буйруп, сенин да өз өлкөңдө кадырың көтөрүлүп, зоболоң өсүп ооматың артып, багың чаап калар күн келер. Ал кыргыз элинин да, мамлекетибиздин да келечеги болоруна үмүт артып турам.
Меңдибек Асылбеков