Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Шам...
"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын саламаттык сактоо тармагын көтөрүү, элеттик калктын саламаттыгына кам көрүү максатында "Өз жүрөгүңдү сакта" деген долбоордун алкагында алыскы аймактагы айылдардын жашоочуларын атайын көчмө дарыгерлер тобу аркылуу акысыз текшерүүдөн өткөрүүдө. Кезектеги текшерүү иши Аксы районунун тоо зонасында тактап айтканда Кара-Жыгач айыл округунда жайгашкан №7 үй-бүлөлүк борборунун имаратында уланды. Көчмө дарыгерлер тобунун курамында улуттук кардиология институтунун профессор-доцент, дарыгерлери бар жана заманбап медицина жабдыктары менен камсыз болгон. Аксы районунун тоо аймагындагы 5 айыл округдарынын жашоочулары дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүштү жана акысыз дары-дармектер, кеңеш беришти. Көчмө топтун кароосунан өтүшкөн айрым бейтаптардын айтымында ушул эле улуттук кардиология институтунун дарыгерлерине жана жүрөк дартын аныктоочу аппаратка кезекке туруп келишкенине 3 айдан ашкан. Бул иш-чараны уюштурган партияга ыраазычылыгын билдиришти. Андан сырткары текшерүүдөн өтүшкөн ар бир бейтап мындай заманбап медициналык жабдуулардын кароосунан өтүү үчүн бир топ акча каражатын талап кылмак. Жогорку Кеңештин депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевдин эл саламаттыгына кам көрүп, алгылыктуу демилгелерди жүзөгө ашырып жатканына карапайым калк ыраазы экендиктерин билдирип, алкоолорун айтышты.
Андан сырткары партиянын спортту өнүктүрүү программасынын алкагында Кара-Жыгач айылындагы Кадыркул Чекиров атындагы №23 орто мектептин волейбол командасына спорттук кийимдерди жана спорттук жабдыктарды тапшырышты. Команданын мүчөсү Мелис Медетбек уулунун айтымында бул берилген спорттук жабдуулар менен кийимдер жаш спортчуларга стимул берет. Анткени мындай шартта спортко кызыккан ар бир окуучу көңүл коюу менен иш алып барат.
Аталган партиянын элеттин, карапайым калктын саламаттыгы үчүн жүргүзүп жаткан иштери чындыгында ат көтөргүс экенин танып болбойт. Учурда Бакыт Төрөбаев башында "Өнүгүү-Прогресс" Өкмөт жасабаган бир катар иштерди жасап жатканына эл күбө. Эл жүгүн аркалаган Бакыт мырзадай жигиттерибизден 3-4 болсо эле Кыргызстаныбызды алдыга сүйрөп кетет эле. Ылайым Бакыттай жигиттерибиз бар болсун.

Даярдаган
Жолдошбек Турдугулов




Көйгөй...
Милициялык кызматты аркалап,
аялым менен ажыраштым
Милициялык кызматты аркалаган бир милиционер редакциябызга кайрылып, кызматтан тапкан арманы жана милиция менен калктын ортосундагы мамилени кантип чыңдоо тууралуу сунушун билдирди. Каармандын өтүнүчү менен атын атабай, ысымы өзгөртүлдү.
Аскердик милдетти өтөгөн соң милицияга кирип, иштей баштадым. Арадан убакыт өтүп, үйлөндүм. Чеке жылытпаган айлыктын аздыгынан, жокчулук турмуштун торуна кабылдым. Үйлөнүп, жайланып сүйүүнүн күчү менен араң алты ай тынч жашадым. Келинчегим кош бойлуу болуп, жер-жемишке талгак болуп, ошону алып бере албай, жаным кашайган учур болду. Ал күн эч эсимен кетпейт. Анын үстүнө күн дебей, түн дебей жетекчилеримдин буйруктары менен убактымдын 90 пайызы кызматта болуп, акыры үй-бүлөдө чатактар башталды. Же жетекчи түшүнбөйт, же иштегениме жараша айлык жок. Ошентип балам төрөлбөй жатып, ажырашып тим болдум.
Мындай көйгөй менде эле эмес! Мындай көйгөй милицияда иштеген көптөгөн кесиптештеримде бар экенине толугу менен ишенем. Чынын айтканда милиция кызматкерин азыркы учурда адам катары эл да, бийлик да эсептебейт. Бийлик кылгылыкты кылып, өздөрүнүн туура эмес башкаруусунан улам элди нааразычылыкка түртүп, эл көтөрүлгөн соң милицияны астыга түртө салып, эл менен тирештирип, өздөрү жылуу иш бөлмөлөрүндө отуруп, окуяны сыртынан сереп салымыш этип, акылдуусунуп отурат. Натыйжада ким жаман? Албетте биз, милиция, баардык көөнүн баары бизге шыбалат да калат!
Бул милицияны ичинтип-кийинтип, иштеген саатына жараша айлык маянасын төлөп, ач карышкырдай жулунтпай, ток пейил кыла турган, жөнөкөй милиция кызматкерлеринин талабын талашкан министр келмейин, жогоруда айтылган көйгөй жана коомчулук арасындагы милицияга карата терс пикирлер күчөгөндөн күчөй бермекчи.
Менимче ИИМге граждандык катардагы зээндүү жетекчи келсе деген сунушум бар. Себеби милиция менен коомчулук ортосундагы көйгөй көбүн эсе граждандык көз караштагы адиске жакшы белгилүү жана ал формачан адамга караганда жумшагыраак карап, үй-бүлөлүк маселени да түшүнөт деп ишенем.
Бектурсун Калыгулов