Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадам ушул…
парламенттик-Президенттик башкаруу эмес, акча башкаруусундабыз...
Учурдагы жалпы адамзат турмушунун чалдыбарын чыгарган коррупция деген өтө коркунучтуу монстрдан кантип кутулуу керектигине баш катырбаган бир дагы мамлекет жок болуп турат. Бул илдетке кабылбаган бир дагы мамлекет жок өңдөндү. Дүйнөлүк масштабда макталган Швеция, Швецария, Дания, Германияда коррупциянын жылт эткен учкундары көрүнө калып жатат. Аз өтсө "учкундан жалын тутанбайт" бекен?! Ошол эле Америкасы менен Япониясы, Кытайы менен Россиясы... коррупцияга белчесинен батып турган мезгили. Ал жактын да келечеги алдыда, дагы аз убакыт өтсө кокосунан батары бар. Ал эми биз болсок, коррупцияга чөгүп барабыз, бирде тумчугуп, бирде какап-чакап чыга калабыз. Бүтөр күнүбүз аз калгандай да көрүнүп кетет... Анын бетин нары кылсын деп бир силкинип алалы.
Ооба, акчанын азгырыгына туруштук берчү адамдар миңдин биринен эле чыгат экен. Адам өзү жакшыбы, жаманбы, кандай мүнөздө болбосун акчага каршы тура албайт экен. Азыркы жеп-ичкен адамдарыбыздын ичинен нечен бир мыкты азаматтар бар, боорукер, жүрөктүү, билимдүү дегендей... Анан акчанын алдына келгенде эле Чынгызхандын алдында турган күнөөкөрдөй калтырап туруп бергени коркунучтуу көрүнүштү элестетип кетет. Анан да "Пулду көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр" деген коркунучтуу макал да жашап келет...
Коррупцияга каршы бүт дүйнө күрөш жүргүзүп келет, бирок, жыйынтык теңирден тескери чыгып жатканы. Коррупцияга канчалык катуу күрөш жүргүзсөң, аның ошончолук күчөйт экен. Андан көрө ал күрөштү токтотуп койгон туурадыр деп ойлойсуң, кебетеси туура ойлойсуң. А бирок, кайра эле болбой коррупцияны жоготуш керек деп ураан таштаганың таштаган...
Биздин мамлекетте коррупциялык иш кадам сайын кезигип жатканы. Ошолордон санаган бололу, аны токтотууга алсыз болсок да жок дегенде элдин эсине салып санап туралы да, "Алыбек алына жараша" дегенге жамыналы да... санагандан башка не кылдык?!
Көптөн бери эле коррупция жыттанган бир жаман кеп айтылып келет: Бишкек жылуулук борборун (БЖБ) реконструкциялоо үчүн тендер өткөзгөн болуп Кытайдын кайдагы бир аты бар, заты жок фирмасын тандаптыр деген. Билгендердин айтымында ал фирма эч бир орчундуу иш бүтүрө элек экен, кайсы бир чет өлкөдө да тендерге катышып ута албай калыптыр. Эми кызыгы ушунда, Кытайдын дагы бир фирмасы БЖБны реконструкциялоо үчүн тиги фирмага караганда алда-канча тажрыйбалуу, далай ишти бүтүргөн фирма экен, анан дагы тигилерге караганда 30 млн. доллар арзан жасайт экен! Мына коррупция деген дал ушул жерден оркоюп көрүнүп жатпайбы. Ошол 30 млн. доллар парага жумшалбайбы?!
Жакында эле Бишкектин башкы архитектору Алмаз Абдыкадыров кызматынан алынды. Билгендердин айтымында бул архитектор далай жерге мыйзамсыз үй курууга, имарат салууга улуксат берген дешет. Ал улуксаты кайдан бекер болмок?! Эми ал тынч кана кетирилди. Эгерде элдин оозундагылар чын болсо, анда жооп бериш керек эле да!
Акаевдин тушунда "Кумтөр" менен болгон келишимди жактаган ошол кездеги финансы министри Болот Абилдаев менен өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев прокуратура тарабынан камакка алынды да, кайра үй камагына чыгарылды. Канча адам кармалат, камалат, анан үй камагына чыгарылат, андаң соң иш таптакыр токтойт. Ушул жерден Темирбек мырза жөнүндө бөлүп айтып кеткенибиз туура болуп турат. Ошол келишим кол коюлуп жаткан учурда анын иштегенине 12 эле күн болгон экен. Ал алтындан канадалыктарга алдаталы деп кол койгон эмес, колду жаратылыш сакталат деген мааниде койгон. Мындай айтканда Акматалиевде күнөө жок. Күнөөнүн баары Акаевде, анын Айдар деген уулунда, булар менен катар Танаевде, Сарыгуловдо, Кудайбергеновдо... дагы бар накта жооп берчү адамдар. Прокуратура ошолордун баарына кылмыш ишин козгош керек, терип-тепчибей.
Бу коррупционер дегениң элдин ырыскысын алып эле тим олтуруп калбайт экен, бет-сети жок да болот экен. Мисалы ушул: ошондой коррупционерлерди кармап, күнөөсүн мойнуна коюп ташка тамга салгандай дааналап жатса да "жок, мени деген саясий заказ менен камап жатышат" дейт да турат. Саясий заказдан кетеби?! Ал дегениң ачкөздүгүнөн, наадандыгынан, элин эл дебеген кара ниеттигинен ортонун акчасынан жеп алган. Анан саясий заказды суутуп коюппу?! Бийлик кимге саясий заказ кылат? Эгерде ошол адам тың болсо, билимдүү болсо, артында калдайган эли турса, тартынбаган эр жүрөк болсо, анан анын баары бириге кетип бийликке шек келтирип жатса... анан ошондо саясий заказ кылышы мүмкүн. Анан акча дегенден башканы билбеген, эл алдындагы абройду кой, катын-баласынын тебелендисинде калган бечара немелерге эле кайдагы саясий заказ?! Булар акчасын чачып туруп митингдерди, пикеттерди уюштуруп жатат, керек болсо, эченди төрөгөн энелер жолду тосуп алып жатпайбы. Тентек балдар ко, каалаган санда салып-урат, керек болсо таш бараңы даяр, өрттөп жиберчү бөтөлкөсү даяр, ичем десе ичкилиги даяр, итчилиги андан көп... Коррупционер деген эмнелерди кана кылбайт!
Коррупцияга каршы күрөштө журналисттер туура сөзүн айтуудан тажабай, ошол коррупционерлерге сокку уруп турушу керек эле, бирок, кээси менен теңирден тескери кетип, абийирсиз коррупционерди мактап турбайбы. Бекер мактабай калсын... Мейли, эгерде ошол коррупционерди эл билбесин, анда мактап-жакта. Ал эми элдин баары билген, коррупциялык иши бүтүндөй журтка кайра-кайра даңазаланып бүткөн немени каратып туруп мактап, аны мыкты, таптаза адам кылып чыгарса, итчилик ко бир!
Биздин мамлекеттеги коррупцияга каршы күрөштүн дагы бир кызыгы- коррупцияга каршы коррупционерлер күрөшүп жаткан учур көп кездешип жатат. Коррупцияга каршы күрөштүн алдыңкы сабындагы сот, прокуратура, коопсуздук кызматы, милиция, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында коррупционерлер батпай кетпедиби. Эми ошолор коррупцияга каршы күрөшүп жатканы. Кээси менен алардын ичинен колго түшкөндөрү бар. Алар "бир кумалак бир карын майды чириткендер" эмес, миң кумалак болуп көбөйдү! Бул деген трагедия!
Мамлекет жазылган мыйзамдын чегинде жашап турат дегениң менен, адамдар арасында жазылбаган мыйзамдар басымдуулук кылат. Мына ошондой мыйзамдардын бири- Негизги мыйзам-пара берип ишти бүтүрүү. Айталы, балаңа метирка алганда, ошол балаң бакчага барганда, мектебине киргенде, ал жерде окуп жүргөндө, кийин жогорку окуу жайына өткөндө, дунган-пунгандар мектепти бүткөн баласын армиядан алып калганда, догдурга көрүнгөндө, айыл өкмөтүнөн, акимчиликтен, мэрияга ж.б. жерлерден кандайдыр бир официалдуу кагаз алганда, жер алганда, үй курганда, бирөөнү кызматка койдурганда, салыктан качканда, ГАИчилерге кармалганда, ... койчу деги, миңдеген учурда чоң кичине пара сунулуп турганы. Ошол сунулган жана "ак дилден" кабыл алынган параны суммалай келсең, мамлекеттик бюджеттен ашып түшөрү бар! Азыр бизде парламенттик-президенттик башкаруу деп жатпайбызбы, жогуңуз эй, азыр биз акчанын башкаруусундабыз. Тигилер болсо акчанын кол алдындадыр...
Баратбай Аракеев