Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Зайнидин Курмановго тил бүттү
"Ак жолдун" ашынган жактоочусу болуп, Бакиевдерге кошоматты кабаттап айтып жүрүп ошол кездеги 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы болууга жетишкен Зайнидин Курмановго тил бүттү. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин дайны билинбей кетти эле, эми парламентаризм боюнча эксперт болуп, акыл үйрөтө баштады. Ал түгүл Жогорку Кеңештеги топторду сыра сүйүүчү топторго салыштырып жиберди. Бул тууралуу Зайнидин Курманов 28-октябрда Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында маалымдап: "Фракция - бул саясий кызыкчылыктар боюнча клуб. Ал эми топтор сыра сүйүүчүлөр тобу сыяктуу, саясий көз караштар боюнча түзүлүшпөйт", - деп балп этти. "Өңгөсү айтса да, сен шүк отурчу" деп өз алдынча топторго биригип жатышкан депутаттардын бирөөсү да айта алышкан жок. Сыягы, Зайнидиндин сыпаттамасы жаккан окшойт.


Эл кезекке туруп өтө турган көпүрө
Президент А.Атамбаев түштүк магистралды улаган түштүк-чыгыш өтмө жолдун жана көпүрөнүн ачылышына катышып ар кайсы маселе тууралуу катуу сүйлөдү, өзгөчө саясатын сааты чыкылдап жатканын баса белгилеп Кумтөрдү баш кылып, калганын төш кылып, сөз менен төпөштөп алды. Аны талкууга албайлы, бирок жаңы көпүрө тууралуу туура кебин айта кетели. бул Көпүрөнү салууга 250 миллион сомдой кеткен. Президентке эле эмес, элге да жакпаганы көпүрөнүн жанындагы жарым метрлик адамдар баса турган жол. Президент: " бул жол 2 метр болушу керек эле, бул чечимди ким кабыл алса, ошону кызматтан алгыла, шайтан алгырдыкы" деп катуу ачууланды. Туура жана түз айтыптыр. Чынында ал жолго бөлүнгөн миллиондор уурдалып олтуруп, натыйжада элдер кезекке туруп өтө турган, анан да анча-мынча семиз адамдар батпай турган кичинекей жол салынып калды да. Бул боюнча терең иликтөө жүргүзүү зарыл. Биринчи кезекте шаардык архитектура жооп берүүгө тийиш.


Жолдошева эми баласынан кичүү СапарбаевгЕ асылды
Кечээ күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Жылдыз Жолдошева жаш депутат Жоомарт Сапарбаевге асылып, өзүнүн абийирин дагы бир ирет айрандай төгүп алды. Комитет: Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 16,5 млн. доллар каражатты Саламаттык сактоо жана Социалдык өнүгүү министрликтерине бөлүү жөнүндө маселени карап жаткан. Бир кезде Жолдошева Саламаттык сактоо министрлигинин ишине канааттанбаганын катуу айтып чыкты эле, Сапарбаев анын сөзүн бөлүп: "Эгер, биз баарыбыз ушундай көпкө сүйлөсөк, эч нерсеге убакыт жетпейт. Бизде регламент деген бар, ошондуктан аны сактоону өтүнөм"- деген сылык оюн билдирсе, анын бул сөзүн туура эмес кабыл алган Жолдошева: "Кыргыз калкы үчүн маанилүү болгон маселе чечилип жатканда, сүйлөнгөн сөзгө кеткен убакыттын мааниси жок. Мени менен абайлап сүйлөшүңүз. Сиз керек болсо менин уулумдан кичүүсүз. Же эмне, сиз муну Текебаевден үйрөдүңүз беле?" -деп өзүнчө эле "титиреп" тилдеп кирди. Кызык, бу Жолдошева деген айым, сөздүн маанисин түшүнүп-түшүнбөй, угуп -укпай эле, анан да улуу-кичүүгө карабай, баары менен эле уруша берчү болду. Деги кайда барып токтоор экен?


Президент Атамбаев уулун армияга жөнөтөт...
Президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда Аламүдүн суусу аркылуу өткөн көпүрөнүн ачылышында сөз сүйлөп жатып, "Атамбаевдин уулу Туркиядан келип, бирөөнү сабап салыптыр" деген маалыматтар гезиттерде чыгып жатат. Менин уулум кимдир бирөөнү сабамак тургай, Бишкекке келе элек. Ал Түркияда окуусун улантып жатат, бир жылдан кийин келип, армияга кызмат өтөөгө барат", - деп билдирди. Эске сала кетсек, президенттин уулу Түркиянын Анкара шаарындагы англис тилдүү Билкент университетинде окуйт.


Билим берүү тармагын кербен сарайга айлантып...
Деги эле Кыргызстанды бейөкмөт уюмдар тейлеп калышты. Ар кимиси өз билген талканын чалып, көрүнгөн жерге тумшуктарын тыга беришет. Ошондойлордун бири "Таза табигат" уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева деген айым. Дауталиева Билим берүү, Энергетика тармактарындагы коррупцияны ачып жатам деп, аталган тармакты каалагандай текшерип, кааласа келип жатып алган, каалаган убакта туруп кеткен кербен сарай кылып алды. Мындайды Башкы прокуратура да жасабайт. Мына билим берүү тармагындагы башкача айтканда, мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин тамактандыруусун текшерип, Санэпидемстанциянын ролун аткарып, каалаган бала бакчадан каалаган тамак-ашты "текшертмекчимин" деп каалаганча көтөрүп кеткен өнөр тапты. Алып кеткенин же кайра кайтарып бербейт. Бул тууралуу тамак-ашын көтөртүп жиберген мекемелер кеп кылып отурушат. Кызыгы билим берүү мекемелери министр Канат Садыковдон эмес, Анара Дауталиева келе жатат деген "калчылдап" калышат экен. Россияга, Өзбекстан жана башка бир топ өлкөлөр бейөкмөт уюмдарды агент катары кабылдап мыйзам кабыл алышты, бизге ушул нерсе жетпей турат окшойт. Болбосо, буларың чалмакей чала беришет.


"Тентигенди" качан токтотушат?
Кечээ күнү Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйыны өтпөй калды. Буга себеп баягы эле кворум маселеси. Аталган комитеттин мүчөлөрү бул жолу "тентип" кетишкенби, же көп тойдун бирине барышып, баштары ооруп калышканбы? Анысы белгисиз. Айтор, кворум жоктун айынан далай комитеттердин жыйындары өтпөй калып келет. Көбүнчө, биринчи күндөгү комитет жыйындары көп үзгүлтүккө учурап калат. Анткени, эл өкүлдөрүнүн көбү бешинчи алтынчы жана дем алыш күндү толук кандуу эс алуу күнү катары кабыл алышып, бул күндөрү саякаттамай жана той - топурга бармай менен өткөзүшөт. Анан тойдо айда тойлошуп, биринчи күнү баштары зыңылдап, жумушка чыкпай баш жазып кетишет. Муну элдин баары билет, спикер Асылбек Жээнбеков дагы жакшы билет. Натыйжада, эл өкүлдөрү көп убакытын жеке маселелерге коротуп салышып, парламенттин ишине аз убакыт бөлүп, маанилүү иштер жана мыйзамдарды аз убакыттын ичинде чампалап, чала бүтүрүп келишкенин эч ким жокко чыгара албайт.