Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадам ушул…
Парламентаризм
торолуп кетер беле…

Адам сезими укмуш да, кээси менен реалдуулукту сезет, билет да, кээси менен аны сезбей да коёт. Буга мисал толтура. Ошондон бир мисал, адам баласы үчүн өзү жок жердин баары жакшы, анда жок нерсенин баары жакшы. Ошондуктан биз мурун көрбөгөн, терибиз менен сезбеген парламенттик башкаруу дегенди киргизип алып, азырынча анын азабын жакшы эле тартып жатабыз. Аны колдогондордун пикиринде бара-бара парламенттик башкаруу калыбына түшүп жакшы жыйынтыгын берет дегенди айтып жатышат. Ага деле макул дейли, бирок, реалдуулукка таянсак, андай болчу түрү жок. Анткени, парламенттик башкаруу деген биздикиндей менталитети бар мамлекеттерге туура келбеген система окшоду.

Совет доорунда бизди окутуп келди эле "парламентаризм капиталисттик өлкөлөргө мүнөздүү... парламентке элдин өкүлдөрү шайланат деп коюп, жалаң эле байлар шайланат..." деп. А чынында парламент деген андай деле коркунучтуу нерсе эмес экен. Эгерде анын өзөгүнөн тайбай пайдаланса, башкаруунун дурус системасы катары мамлекетке, элге кызмат кылып бере ала турган экен. Парламентке жалаң байлар шайланат дегени бизге да келип олтурат. Азыркы парламентибизди карасаң, "итке минген кедейден" бирди таппайсың, жалаң "төө үстүндөгүлөр", жалаң кана колунда бар, керек болсо коррупционери толо, анан да уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү да бар деп какшап жатышат. Чын-чынына келгенде парламентибизди жалпы эл шайлаган жок. Шайлоочунун жарымына жетпегени бүтүндөй парламентти шайлап берип жатпайбы. Санга кайрылалы да: өткөндөгү шайлоого 29 партия катышып, бешөө парламенттен орун алды. Алар: "Ата Журт"- 8,47%, КСДП-7,83%, "Ар-Намыс"-7,57%, "Республика"-6,94%, "Ата Мекен"-5,49% добуш алышкан. Баарын кошкондо 36,5% болот. Көрдүңүзбү, бул парламент шайлоочунун жарымынын да добушун ала алган эмес. Анан "бизди эл шайлаган" деп оозун да, башка жерин да көптүрө айтууга таптакыр укугу жок! Антсе да "бизди эл шайлаган" дегенди айтуудан чарчабай келет. "Эл" деген маани калктын көпчүлүгүн түзөөрдү эмдигиче биле алышпай турганы жаман болуп турат.
Парламентте кимдер олтурат, баарын кайдан санамакпыз, азын айталы: мурун шашлык сатып күлала болуп жүргөнү бар, арак чыгарып элди сугарып жатканы бар, ун чыгарган тегирменчиси бар, дары саткан, адам ден соолугунан пайда тапканы бар, самолёт, вертолётторду саткан эргулу бар, салыктан жеп-жуткан жеп-жуткучу бар, бензин ташып соода кылганы бар, соттолууга даяр болуп калганы бар, агаларынын ордуна олтурганы бар, жанына жөн эмес, зөөкүр эркек да тура алгыс албуут аялдары бар, колунан келсе, эркекти боозуткусу келген аял аттуусу бар, криминалы менен "жыт алышканы" бар... негатив мүнөздөмө берчүнүн баары бар! Ошондон улам парламент бир бүтүнгө бириге албай, маани-маңыздуу иштей албай турат. Бирин-бири аңдуу, жамандоо, көралбоо, жажалап жалган кеп менен беттен алып жеңип туруу, жеке турмушка ашкере киришүү ж.б. парламенттин маңызын түзүп калгандай да көрүнөт. Ооба, парламентте сөзсүз талаш-тартыш болот, пикир келишпөөчүлүк болот, ал мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн дейли. Ал эми биздин парламентте көбүнчө жеке кызыкчылыктын кармашы, жеке абройлордун кармашы болуп турганы. Бул жакшы көрүнүш эмес. Баса, "парламент" деген сөз француздардан алынган тура, ал "сүйлөө" деген маанини билдирет экен. Ал эми биздин парламентти "куру сөз сүйлөө" деп койсо деле жарашпай көрсүн!
Биздин парламентке мүнөздүү көрүнүштүн бири- кай маселе болбосун дароо комиссия түзө салып изилдеп-иликтеп кирүү. Анысы жакшы, бирок, андан чыккан майнабы көрүнбөйт ко?! Кана, кайсы комиссия мыкты чечим чыгарып берди? Санай албайбыз. Анткени, андай факт жок. Парламентте чырдуу окуялар болуп турат, ал күндөлүк турмуш деңгээлине жетип да калды. Ошондой иштердин бири- парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын мародёрлукка катышы бар деген такталып жаткан маселе. Бул иш жакынкы жылдарда чыныгы баасын ала турган түрү жок. Ал ишти изилдеген тарап тангыс факт бар деп, айыпталып жаткан тарап ал деген жалган жалаа деп турушат. Бул иште Башкы прокурор Аида Салянова айым принциптүү мамиле жасай албай тургандай болуп жатат. Килейген чекитти ошол тарап коюш керек эле... Мародёрлукту иликтеген комиссиянын башында турган генерал Зарылбек Рысалиев деле дайны жок жалаа жаба бергендей чала сабат, болбосо акылы менен билими өлчөлүү эместир. Ал кыргызынын мен деген тайманбас жигиттеринин бири, ишинин профессионалы. Анан ошондой жигит дайны жок жерден эле бирөөлөргө жалаа жаба бербей калсын!
Эмне үчүн биздин парламенттин ишинде позитивине караганда негативи көп болуп жатат? Анын негизги себеби эле ушул - бул парламент партиялык негизде шайланып, анын ичине жөнсүз адамдар толуп алган. Жок, жөнсүз деген жеке адамдын керт башын сыпааттаганыбыз жок, анын кылган, кыла келген кылыктарын, иштерин айтып жатканыбыз. Ошол шайлоодо, мисалы биз "Ата Мекенге" деп добушту бергенбиз, анын курамындагы, маселен, Абдрахмановго добуш берген эмеспиз. Билсек, Текебаевди, Болот Шерди, Алымбековду, дагы бир-экөөнү билсек керек эле да. Парламентке келген беш партиянын курамында не бир түркүн адамдар бар экенин карапайым шайлоочу кайдан билмек?! Эгерде бир мандаттуу шайлоо болгондо, анда кеп башка эле да. Ошентип, партияга жамынып алып депутат болуп "итибай-чотубайлардан" да шайланып алышты. Албетте, баары эмес. Партиялык шайлоонун бир кемчилиги ушул экен. Кызыгы, кайсы бир партия менен депутат болуп шайланып алып, анан анын коалициясынан чыгып жатканы, өзүнчө топ болуп. Бул аябагандай болумсуз иш. Сен деген партиянын атынан шайлангансың, анан анын фракциясынан чыккандан кийин, депутаттыгыңды өткөрүшүң керек. Жок, азыр андай болбой турат. Тырышып кетпей олтурушат. А турсун фракциядан чыгып, өзүнчө топ түзүү мода да болуп кетти окшойт. Ушундан соң парламенттин кайсы биримдигин айтабыз. Биримдик болбогон жерде ийгилик да, жакшылык да аздыр, же жоктур...
Популизм дегениң парламентибизде гүлдөп турган учуру. Эл алдында аброй көтөрүүнүн камын ойлоп кээ бир депутаттар жөн эле жулкуна берет, бышпачу ишти айтып. Күн мурун Жылдыз Жолдошева чыгып алып "митингге чыккандарды сабап жатыптыр, укуктарын бузуп жатыптыр" деп элге бир көрүнүп алды. Эгер Жолдошева өзү ойлогондой кыйын экен, тигилердин мыйзам бузгандарын: жол тозгонун, мамлекеттик бийлик адамын барымтага алганын, "өлтүрөбүз" дегенин, обладминистрацияны басып алууга болгон аракетин, таш менен, "Молотов бөтөлкөсү" менен куралданып келгенин эмне үчүн сындабайт, андай иштерге эмнеге сокку урбайт. Антсе, элден упай албай калбайбы. Ушундай чолок, тереңи жок саясат! Ооба, Жолдошева кээси менен туура маселе көтөрөт, бирок, оозунан эмне чыкса, оюна эмне келсе эле баарын туура кылып көрсөтүүгө аракет кыла берүү популизм деген оорунун симптомдору болуп эсептелет. Мына ушундан "аман-эсен айыгып" кетсе, Жолдошева айым мыкты депутат болмок... Дегинкиси, акыл менен, сыпаалык менен иш алып баруу биздин парламентте жетпей турат.
Эки наадандын- Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин айынан мамлекеттик башкаруунун калыптанган системасынан президенттик башкаруудан кеттик. Президенттик башкаруу Америкада, Россияда, Францияда, Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. чоң-чоң мамлекеттерде дурус эле майнабын көрсөтүп жатат ко. Биздин элге коллективдүү башкаруу анча алымсыз эмес, биздин элге баш-көз болуп турчу лидер керек эле... Парламенттик башкаруу менен кылдыраган учур да бүтөр...
Баратбай Аракеев