Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Оппозиция, адыраңдаба, акыл менен жүр да
Адатта жаман тилек ташка тийип турушу бар. Бу жолу да ушундай болду. Оппозициябыз деп бийликке жете албай жүргөндөрдүн бийликти басып алуу тилеги ташка тийип бырын-чырыны чыгып кетти окшойт!
Азыркы оппозициядагы өздөрүн "шер" да ойлоп, "эр" да ойлоп тургандар кимдер. Шашпай баа берип, алардын баскан жолун сыдыра эскерип койсоң, чыгаандары деле жок экен. Ушулар экен алар: Суваналиев, Бекназаров, Ташиев, С.Жапаров, Кожоналиев. Булардын ар биринде килейген-килейген кара тактары бар. Аларды эл билет, эл азыр баарын билет. Мына ушулар бийликти басып алууну көздөп Караколдогу банктардан карыз алган аялдарды топтоп, аларга адыраңдаган саруулуктарды кошуп, Каптагаевди барымтага алып, бийликти басып алмак болот. Милийса аларды өкмөт имаратына жолоткон жок. Дал ошол кезде Суваналиевден Таласка барып, элди көтөрмөкчү болду эле, эл деген оңой эмес экен, "Катани-Патаниңди..." деп туруп кууп салышты. Бекназаров менен Ташиев болсо түштүк тарапта элди чогултуп жүрүштү. Алар депутат болбосо, же шайлоо кампаниясы болбосо, элди эмнеге убара кылышты дейсиң. Ооба, бийлик алмакка экен го. Өзүн оголе кыйын саясатчы көрүп алган Бекназаровдун мурунку кыйын иштери, эми жадатма деңгээлине жетип тынды.
Азыр президент Атамбаевдин баа-баркы кезиндеги Акаев жана Бакиевдикине караганда алда-канча жогору экендигин эли айгинелеп берди. Атамбаев "кет" деп айткандар болбоду, кээ бир шантрапаларды кошпогондо!
Садыр Жапаров Минскиге кеттим деп коюп бул жерде болчу үчүнчү революцияны күтүп Алматыда жатыптыр дешет. Анан бул жердеги планы ишке ашпай калгандан кийин айласыздан Минскиге учуп кеткен тура. Бакиев шефи эмне деп кеңеш берип жатты болду экен? Баса, Каптагаевди камап турушкан машина Садыр Жапаровдун карындашыныкы тура. Жапаров болсо: "Карындашым машинаны мурун эле сатып жиберген. Азыркы ээси алысыраак тууганыбыз болот" деп чыкты.
Бакиев куулардагы оппозиция башындагыларды эстейличи: Отунбаева, Атамбаев, Тургуналиев, Каптагаев, Текебаев, Сариев, Исаков, Чотонов, Шыкмаматов. Азыркы оппозициядагыларды жогоруда аты аталгандарга салыштырып көр...
Оппозиция кээси менен позициядан күчтүү болуп турушу шарт. Ал эми биздеги оппозиция аман эле болсун...


Кайыпов Муратбековдун ордун ээлейби?
Азыркы бийликтин тушундагы мамлекеттик кызматкерлердин ичинен тың иштеп, өз ишин мыкты алып барып жаткан саналуу кадрлардын бири катары көзгө көрүнүп калган Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков жакын арада кызматынан алынаары айтылууда. Албетте, андай деле жүйө кылчу кемчилдиктер деле жок. Болгону губернатордун орду керек экен. Кимге экенин иликтеп көрсөк, айрым узун кулактар Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Аманбай Кайыпов дешти. Аманбайды Нарындын бир катар таасирдүү лөктөрү губернатор кылабыз дешип, жогорку жактагылар менен сүйлөшүп, ишти бышырып койгону айтылууда. Сыягы жакын арада кадрдык өзгөрүү болуп калышы толук мүмкүн. Кайыповдун Муратбековдой ишти жөндөп кеткенге чамасы жетер бекен.



Оторбаевдин аначылыгы күйдүрөт да...
Биздин чиновниктер кызык эле болушат. "Өлалбай жатып өлөң айтат" дегендей. Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигине Корея жана Жапония өлкөлөрүнүн киришин сунуштады. Мындай пикирин ал 18-октбярь күнү Сеулда өткөн "Евразия доорунун глобалдык кызматташтыгы" конференциясында билдирген. Оторбаев эгер ал өлкөлөр биримдикке кирсе, экономикалык мүмкүнчүлүктөр дагы да кеңейерин белгилеп, Борбор Азия өлкөлөрү Евразия интеграциясынын маанилүү звеносу экенин айтып, Бажы биримдиги Евразия экономикалык уюмунун күчтүү мүчөсү болоруна мүмкүнчүлүк жогору экенин кошумчалаган. Мына сага тамаша. Аталган уюмга кирүү менен Кыргызстан утабы-уттурабы деген суроонун башы ачылбай турганда, "чычкан ийнине кире албай жатып, куйругуна калбыр байлайт" болуп, Оторбаев Сеулге барып "оттоп" кеткени жаман болуптур. Бардан дагы Бажы биримдигине кимдер кирип, кимдер кирбешин Кыргызстан эмес, Россия чечерин Оторбаев оюна албаганы кызык. Башкаларга аначы болгонду ким коюптур десең...



Улуу манасчынын мааракеси Кочкордо өткөрүлөт
Ушул жуманын этегинде белгилүү манасчы Шапак Рысмендеевдин 150 жылдык мааракеси болот. Демилгечилер манасчынын урпактары, неберелери. Жеке коомдук уюмдар тарабынан "каржыланып манасчынын "Манас" "Семетей" "Сейтек" эпостору жарык көрдү. 25-октябрда Кочкор районунун борборунда манасчынын эстелиги ачылып, кыргыз оюндары өткөрүлөт



Эркин болгусу келет...
Өздөрүн эркин депутат катары эсептешкен, "үйүрдөн" бөлүнүп калышкан Өмүрбек Абдрахманов менен Равшан Жээнбековдун катарын дагы бир депутат толуктамай болуп турат. Алсак, КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков "эркин депутат" болгусу келип, фракциядан бөлүнгөнү турат. Тагыраагы бөлүнүп калат окшойт. Жарашса-жарашпаса деле президентке ич күптүсү бардай эле сын айтып асыла берип, натыйжада өзүн чоочун короодо жүргөн "текедей" эле сезип амалы түгөнгөн көрүнөт. Экинчиден, эч нерсеге жоопкер болбой, ээн басып, ээн турган жакшы экенин "үйүрдөн" бөлүнүп калгандар аркылуу жакшы туйган окшобойбу.


Илбирсти сактоо форуму жана "Бир бол"
Тоо илбирси кыргыздарда байыртадан бугу, бөрү, багыштай тотемдик жаныбарлардан болуп келген. Ошондуктан тоо илбирсин сактоо боюнча дүйнөлүк форум бүгүн Бишкекте өз ишин баштады. Президент Алмаз Атамбаевдин катышуусунда өткөрүлүп аткан ал форумга дүйнөнүн Кытай, Ооганстан, Пакистан, Индия, Россия сыяктуу 12 өлкөсүнөн, 70тен ашык эл аралык уюмдардан өкүлдөрдүн келүүсү күтүлүүдө. Окумуштуулардын маалыматтары боюнча, азыр дүйнөдө 7 миңге жакын тоо илбирси калса, анын 300дөйү Кыргызстанда экен.
Акыркы убактарда тоо илбирсин сактап, көбөйтүүгө окумуштуулар, экологдор гана эмес, чыгармачыл адамдар, айрым саясый партиялар да активдүү катышып атат. Алсак, улуу сүрөткер Чыңгыз Айтматов акыркы "Тоолор кулаганда" романында тоо илбирсин "Кыяматтагы" Ташчайнар менен Акбарадай көркөмдүктө, философиялык тереңдикте чагылдырса, "Бир бол" саясий партиясы ак илбирсти өзүнө эмблема кылып алып, эл арасында аны сактап көбөйтүүнү пропагандалай баштады. Бул жагынан "Бир бол" туура саясат жүргүзө баштады десек болот.


"ФАБУЛА" пресс