Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадам ушул…
Заманың бөрү болсо
бөрү бол, алды шакал болбо!
Адам турмушунда кээси менен батып бараткан күндөй көңүлсүз учур болот, ошол батып бараткан ала булуттуу бүркөк күн, бөтөнчө дили таза ойноок балдарга жакпайт, анткени, эртең күн жаркырай тийбей, оюну калат… Үрүл-бүрүл эсте, кичине кезимде кечкисин күн бүркөлүп батканда, эртең күн чыкпай калса эмне болот деп коркчу элем…эми карыган кезде деле кээси менен эртең күн чыкпачудай сезилип кетет… Мындай абал биз окшогон тынчы жок мамлекеттердин жашоочуларынын башына келет ошобойбу…
Ооба, азыр биздин эртеңкибиз анча дааналанбай сур булут басып турат, адам ооруса айыктырып алчу Улукман Мамбет Аталык сыяктуу Улуу дарыгерлерибиз бар, ал эми "ооруп турган" заманыбызды айыктырып алчу "дарыгерлерден" кем болуп турат окшобойбузбу…Бу дагы өзүнчө чубала кетип жүрөгүңдү тынч алдырбай сайгылап турчу чоң маселе-башкы маселе бойдон турат… Бүгүнкү күндүн пессимисттеринин көргөн күнү курусун, оптимисттер деле жалтанып турат окшобойбу…Конкреттүүлүктүн жолун тоскон жалпылык менен ой улап көрөлү, окурманым…

АЛ ДАГЫ ТЫН!
Далайды кылып жатат, анын далай кылыктары али алдыда деп биз турабыз санааркай, бүшүркөп. Деле адам баласынан ашкан бечара жок, балээнин баарын өзү жаратып алат да, анан азабын дал өзү тартат! Ушундай да болот экен ээ?! Алтынга багынган турмушту айтканым… Алтынды жандан артык көргөн сезим жаратып алып, эми азабын аябай тартып турганы…
Тарыхтан билебиз, көбүн билбей азын билебиз - алтын деген балакет чыкканы адамзат анын азабын тартып келатканы. Жек Лондондун чыгармаларындагы Клондайк кенин көздөй жанталашкан адамдарды эсте, далайынын көмүлбөй калган өлүгүн эсте, бири-бири менен алтын талашып кырылышканын эсте! Анан да алтын жасайбыз деген далай алхимиктер дарга асылганын эсте! Алтын бар жерде өлүм бар, алтын дегениң ажал менен эриш-аркак жүрөт экен, алтын бар жерде адамзат тутунчу Улуулуктун бири калбай жок болот экен. Бул чындык жүздөгөн көркөм чыгармаларда, анан да көркөмү аз же жок, бирок, фактыга толгон тарых барактарында айтылып келет. Айтып жүрүшпөйбү "алтын" деген сөздүн өзү да "ал" анан "тын" деген эки сөздөн куралган деп. Ал дагы жаныңды тындыр дегени турбайбы, тындыр дегениңдин өзү өлүм жыттанып турат го ошол турган жеринде!
Ошентип, кылымдар келаткан алтындын азаптуу маселеси биздин мамлекетти тынч алдырбай келет, "Кумтөр" деген ат менен…
Ошол Кумтөр жаңыдан иштей баштаганда карапайым эл анын аки-чүкүсүнө анча түшүнө бербей, алтын казылып жатат, буюрса, турмушубуз оңолот деп топугун айтып турган да. Көрсө, ошондо эле Акаев баштаган жексурлар элдики деген аты бар алтынды карабаскан канадалыктарга алдатып, алдатканына, же алданымыш болгонуна, миллиондогон доллардан алып турган экен да. Анан Акаевиң куулуп, куулганы да курусун, алтындан көтөрө качып… анын ордуна келген Бакиевдер бийлиги алтынга тунуптур го. Ошол Бакиевдердин эң "чыгааны", өтө коркунучтуу желмогузу Максим дегени Канада тарапка ыңгайлуу келишимди ого бетер ыңгайлашырып берип, анын акысына 1,5 млрд доллар алып койгон тура! Мына сага, кыргыз элим! Жата бер, тытышып коюп! Каймагын калпытып жибергенсиң, эми көк сүтүн каалаганча талаша бер!
Акаевди Баекова үчүнчү ирет шайлап берген тушта алтын маселесин Усубалиев аксакал көтөрүп, көтөргөндө да катуу көтөргөн болуп, Акаевдердин жүрөгүн түшүрүп турду да бат эле чээнге киргендей жок болду, Усубалиевди эмес, маселени айттым. Көрсө, "ошол маселени мен токтотоюн, сен мобул маселени токтот" деп Акаев менен соодалашып коюптур да…өз кызыкчылыгындагы орчун ишти бүтүрүп!
Бакиев тушунда болсо, канадалыктар менен болгон ого бетер туура эмес келишимди парламентте олтурган оппозициячыл Роза Отунбаева баш болгон бир ууч депутаттар каршы болду, бирок, Шадиев, Наргозуев, Исабеков сыяктуу депутаттар келишим туура болгонун Бакиевдерге угуза-угуза айтып, айкырып, шапылдап-шупулдап кошоматтын классикалык түрүн көрсөтүп турушту го. Эми болсо, башкача сайрап турганы. Жигиттик деген ушундайда өлбөйбү, анан! Ошол кезде бир ооз каршы сөз айтуудан коркуп, дамбалын булгоого даяр тургандар, эми дегеле кой, баатыр болуп, канадалыктарга алданганыбызды кайра-кайра айтып, айтып эл тим калбай акчасын сапырып, адыраңдап бийликке каршы терең ою аз жаштарды тукуруп турганы, терең ойдон алыс бала-чаканы митингдерге чыгарып турганы. Бу дагы наадандык! Жалаң жарадар жандыкты качырып, тарп аңдып турган Африкадагы шакалдардан эки буттап баскан эле айырмасы барлар толуп кетти биздин элдин курамында, кыргыздын арстаны, жолборсу, бөрүсү болгусу келип?! Чөө дебей "шакал" деп алдык, анткени, бул сөз кыргыздын оозеки лексикасында аябай жаман сыпаттама катары колдонулуп келет…
Митингдерге чыгып Саруу айылы туура эле кылып жатат. Бирок, эки бирогу бар. Биринчиден, бул аябай эле кыйын болуп турган айыл Бакиев тушунда эмнеге нааразысын айткан эмес, экинчиден, мамлекетти мамлекет кылып турчу мыйзамдарды эмне үчүн тебелеп-тепсеп жатат?! Мына ушул эки нерсе митингге чыккандардын ишин күм-жам кылып жатпайбы. Баса десең, эл үчүн чыгып жатабыз дегендердин эки баштоочусу канадалыктардан 3 млн. доллар өндүрөбүз деп ачкөздөнүп камакта жатат, соттолгону турат. Муну кайда каттык?! Терең түшүнүүгө аракет кылбагандардын оюнда тиги эки неме "элдик баатыр" деңгээлине чейин көтөрүлүп жатат. Баатырың менен… Дагы бирөөлөр: "Эгерде бийлик бизге келип күч колдонсо, карышылык көрсөтөбүз, вертолётун атып түшүрөбүз" деп ачык эле адыраңдап жатпайбы. Ушунчалык да чолок акыл, чолок ой болобу?!
Бир айылдын ээнбаштарына алы жетпеген эмне деген мамлекет?! Андай мамлекеттин барынан жогу. Антип мамлекет болбой эле, Россия менен Казакстандын этегине эрмешип алганыбыз дурустур? Таш оозума! Бир ууч ээнбаштар эмне деген кана ойду ойлотпойт… Ошол ээнбаштарга акча берип, артына туруп алып телефон менен башкарып, көкүтүп жаткан шакалдарды жашырын бийлик аныктап жатат. Алардын кылганын акыры жакшылыкка алып келбейт! Эй, бийлик эңсегендер, сен бийликке мыйзамдуу жол менен кел! Туура, бул бийлик революциялык жол менен келген. Алар тарабынан Бакиев бийлиги кутуруп кеткендиги үчүн, ашынып кеткендиги үчүн, бүт байлык менен бийликти бир бүлөнүкү кылып алгандыгы менен, анысы аз келгенсип адам өлтүрүп турандыгы менен куулду да! Азыркы бийлик анын бирин кылган жери жок ко! Туура, азыркы бийлик тушунда деле коррупция дегениң бура бастырбай турат. Бул бийлик дагы бир маани чыгара иштей албай жатат. Кандай болсо да бул бийлик Бакиев бийдигиндей наадан бийлик эмес! Маселени дал ушул өңүттөн карап турушубуз керек. Акаев менен Бакиев бийлиги адам турмушунда кезигип турчу негативдин баарын өндүрүп-өстүрүп кеткен экен, азыркы бийлик андан арыла албай турат. Жакынкы жылдарда арылышы деле арсар… Анткени, тамырлап алган нерсени жоготуштун өзү абракадабрадай кете берет ко… Ага карабастан иштеш керек, иштеш керек деген маанини мыйзамды сактоо керек деген нерсе менен бир өзөктө карообуз зарыл! Ар-ар ким эле мыйзамды сактап турганда жыл айланбай жакшы жолго түшкөнүбүз дааналана түшмөк… андай болбой жатат, "балык деген башынан да, көчүгүнөн да сасып жаткан" кез келди. Келбей кал!
Туура, митингге чыгуу керек. Антип турганда бийлик чыйрак иштейт, артын кылчая карап кемчиликтерин тегиздеп турат. Бирок, митинг дегендин да мыйзамы бар. Анан митинг кылабыз деп акчага алданып жолду тосуп, бийлик өкүлүн кокодон алып, милийсанын погонун жулуп, алар менен кармашабыз деп таш-пашын камдап, өрттөйбүз деп "Молотов бөтөлкөсүн" камдап тургандарга жол жок болушу керек! А биздин бийлик тээ башында ылжырап-былжырап туруп берди эле, эми көрдүңөрбү, көчүгүн аарчый албаган адыраңбай балдар бийлик өкүлүн коколоп турганы! Өткөндөгү Караколдогу болгон окуяда милийса чечкиндүү аракет кылды окшойт, мындан ары ылаачындай тийчү маанайда болушу керек. Мыйзам чегинде, мыйзам чегинде кана! Кумтөр маселеси аябагандай татаал маселе, "өйдө тарса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат" болуп турат. Эгерде биз келишимди бир жактуу бузсак, анда миллиарддаган доллар айып пул төлөп калышыбыз мүмкүн. Экинчиден, Кумтөрдү улутташтырып туруп өзүбүз иштетсек, анда иштин бүткөнү. Кызмат талашып, алтын талашып кыргызың ошондо көрөт көргүлүктү. Андан көрө сүйлөшүү жолу менен биздин үлүштү көбөйтүү керек. Андан башка туура жол жок!

Ошол митинг күнү
ЭМИЛБЕК КАПТАГАЕВ
өзүнүн ким экендигин көрсөттү. Мээсин шамал үйлөп кеткен зөөкүр немелер Эмилбек Каптагаевди барымтага алып "өлтүрөбүз, мууздайбыз, өрттөйбүз" деп наадандык кебин айтып турган сүрөттүн-көрүнүштүн өзү биздин мамлекетибизде мамлекеттүүлүк дегениңдин баа-баркы кетип калганына кабар берип да койду. Бул наадандык көрүнүш мээси терең эместердин заманы келип турганына да кабар берип турду. Акыл менен, билим менен эмес, чаласабаттуу зөөкүрдүк менен аракет кылып кара курсагыңды тойгуза бер деген маани келгенин да айкындап таштады!
Дароо эле айтарым ушул: Эмилбек Каптагаев накта жигит экен, кабинетине жашынып албай, болбосо, тизилген милийсанын артынан жашынып алып сүйлөшпөй жанагы жарым жапайы кылыктары бар немелердин тике маңдайына барып бергенин баатырдык деп билели, накта жигиттин кылганы деп билели! Антпеске айлабыз жок, анткени, башкача бааласак, аныбыз калп болуп чыга келет.
Эмилбек Каптагаев кезегинде оппозицияга бир башкача жол менен келди. Ошол кезде оппозицияда жүргөндөрдүн көбү оппозициянын короосуна кызматтан алынгандан кийин, бийликтен запкы жегенден кийин өтүп турушту да. Ошондо да элеңдеп, элтеңдеп, кайра бийлик тарапка кире качкысы келип, аларга тизе бүккүсү келип кетип… Каптагаев антпеди. Ал бийликтин чирип турганын ошол өзү бийликте олтурганда эле билип, кайсы бир күнү оппозицияга кетерин тээ көкүрөгүнүн түпкүрүнөн сезип турду. Анан ошол бийлик тарапта иштеп туруп эле, оппозиция тарапка өттү. А кезде оппозицияда жүргөндөрдүн эч кандай укугу жок сыяктуу эле, күнү менен түнү бирдей...
...коркунучтуу убак эле да. Дал ошондой кырдаалда жанынын тынчына карап бийлик тарапта жүрө берсе болмок, жок, Каптагаев антпеди. Акылы менен билими ага жол калтырган жок, оппозиция тарапка жол баштап берди. Каптагаев оппозицияга келгени популистикке барган жок, токтоолугу менен, эң негизгиси, саясий абалды мыкты талдай ала турган жөндөмү менен, анан да билбегени калбаган универсалдуу билими менен оппозиция лидерлеринин бири болуп тынды, элге алынды. Мени калп айттырбас, Бакиевдин куулуп, кийинки бийликтин келишине Каптагаевдин кошкон салымы Отунбаева менен Атамбаевдикинен ашса ашат, алды кем эмес! Бакиев куулуп, анын бул жерде калган куйруктары жаман ишерди жасап шыйпактап, абал аябагандай курчуп, мамлекеттүлүгүбүз бычак мизинде турганда ушул эле Эмилбек Каптагаев Отунбаеванын жанында туруп, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калуудагы жөн билгилигин, өлчөп болгус эмгегин, аны менен бирге эр жүрөктүүлүгүн анын душмандары деле билет, билгиси келбесе да билет! Аны моюнга алышыбыз керек. Каптагаевди жакшы дейбизби, жаман дейбизби, баары бир турмуш чындыгы жеңип турат- кийинки бийликтин келишине Каптагаевче эмгек сиңирген жигиттер бирин-экиндир… Жеке менин Эмил мырзаны тааныганыма жыйырма жылдан ашты. Кээси менен сүйлөшө калам. Анын кандай инсан экенин "бир кемпирден" укпай эле, өзүмдүн практикамдан билип келем. Ал менин эч кимим эмес, мага тийген жардамы деле жок, андыктан ага берген жеке баамымдын тигиндей-мындай кылтылдаган, жойпулук жыттанган маселеси жок… Бир сөз менен айтканда, Эмилбек Каптагаев азыркы кыргыз саясатчы жигиттеринин авангардында турат. Мындай жигиттерди элине кызмат кылдырышыбыз керек, мейли сындайлы, мейли ур-тепкиге алалы, бирок, иштетишибиз керек, анткени, Каптагаевдай жигиттер, аз эле, өтө аз… Баса, Эмилди канчалаган адамдар, саясатчылар, уюшма топтор ж.б. сындырууга аракет кылышты. Бирок, Эмил мырза баарына чыдап келет, чыдап келгени бир башка, ал иши менен, билими менен, акылы менен тигилерге сокку уруп келет! Кийинки эле жылдарда Эмилге шыбалган баткакты алсаң бир чакан айылдагы үйлөрдү шыбап берүүгө жетип берет эле… Ал эч кимге теңелбей келет, теңелгиси келбей келет, эми да ошол нукта келатат, өзү тандап алган тайбас жолу менен, жүрөгү чаап берген жеке жолу менен! Анын жолу элим деген жол, кыргызым деген жол. Кыргызына көп күйгөндүгү үчүн орус гезиттер Эмил мырзаны канча каралабады "улутчул" деп. Ооба, ал өзү айткандай улутчул, бирок, анын улутчулдугу башка улуттарга зыяны тийбеген улутчулдук, кыргызым болсун, кыргызым жакшы жашасын, кыргызым жакшы баада болсун, кыргызымдын ыйыктыгы, Улуулугу жанбасын, кыргызым башка улуттардын тебелендисинде калбасын деген улутчулдук! Мындай мыктылыкты таап көр, ошол эле "мен" деп төш каккан жигиттерден, ошол эле саясатчылардан, ошол эле бийликтин башында тургандардан! Аз го андайлар, өтө эле аз го…
"Каптагаевди кетириш керек, элдик губернаторду шайлаш керек" деген ач айкырык чыгып жатат. Биринчиден, Каптагаевди кетирүүгө эч кандай себеп жок, тескерисинче, ага ыраазы кеп айтышыбыз керек, дагы да жооптуу иште иштетишибиз керек, экинчиден, "элдин губернатор" деген кызмат жок, болгон күндө да эл шайласын деген мыйзам жок. Жок жана жок. Жокко асылбай, бар менен иштегенге, ойлонгонго качан жетебиз? Ооба, тескери кеткен учурга акча аргасыз кылып жатат, акчадан кача албай турган мезгил келип да жетти! Антсе да, адамдыктан кичине, кипкичине бир нерсе калгандыр деп дили таза адамдар ойлоно калып жатпайбы…
Караколдогу окуя боюнча сегиз адам кармалган, соттун чечими менен алар эки айга камалды. Иши иликтенип бүтсө алардын тагдырын

СОТ ЧЕЧЕТ
Сот демечи, бул короодо деле жалпы мамлекеттегидей абал туруктуу эмес. Жазып келатабыз, Совет доорунда чылбыр- тизгини бар соттор кийинки эркиндик, демократия дегени келген мезгилден баштап таптакыр эле "жапайы турмуштан" орун алгандай абалга жетип турат, "мустанг" болуп да кетишти. Кийинки жыйырма жылдан ашуун убакта соттордун көбү укмуштуудай байыды. Атаганат, ошол "укмуштуудай" деген сыпаттаманы байлыгына, ачкөздүгүнө ыйгарбай, алардын кара кылды как жарган тазалык сапатына ыйгарсак эмне?! Эгерде сот таза болсо, анда кудайдан кийинки ыйык сыйда болмок! Андай болбой жатат, тазалыгы талаада калды, ачкөздүгү артып турат. Ачкөздүк аралашкан жерде чындык менен акыйкаттык дегениң каршылык көрсөтө албас! Бу кылымдап келаткан көрүнүш, каргашалуу чындыгынан жазбай келаткан көрүнүш. Баамыңызда бардыр, кээ бир чындык аябай ачуу болот, зыяны чоң болот! Жаман нерсенин чындыгына жан чыдап турбас!
Нечен бир ашынган көркоолорду, андан өткөн коррупционерди ж.б. кылмышкерлердин көбүн жеңил жазага тарткан да сот, соттомуш эткен да ушул сот, керек болсо каратып туруп эле актап жиберген да ушул сот. Анан эмей, алчусун алып деген куйрук кеби бар да! Кара жумуштун баарын аткарган кайран милийсабыз татаал, коркунучтуу жол менен нечендеген кылмышерди кармап келсе, сот акең аларды актап турганы. Муну айбандык деп койсо, баасын алганы деп бил!
Мыйзамды акчага алмаштырып турган сотторду сотточу жан жок болуп турат, ушул биздин мамлекетте. Анан да кызыгы, кайсы бир "боорукер" неме сотторду коргойт элем, уюм түзүп деп турганын кара?! Сотторду кимден коргош керек, алардан коргоно албай жатабыз го?! Ушундай тантырак турмуш!
Сентябрь айынын аягында соттор Кеңеши Бишкек шаарынын эки соту- Курманкул Зулушев менен Медербек Сатыевди мөөнөтү бүтө электе эле кызматтарынан бошотту. Официалдуу түрдө анын эки себеби бар экен: биринчиси-айтылуу үч депутаттын соту болгон 17-июнь күнү аталган судьялар эки тараптын сөзүн угуп туруп, сотту 24-июнга жылдырган чечимин, залда олтурган депутаттардын талапкерлери чуу чыгарып жиберсе, батинке менен атакалап жиберсе, мурунку чечимин бузуп туруп, тиги депутаттарды күнөөсүз деп бошотуп жиберген. Экинчиси-судьялар чечимин компьютер жок болгондуктан кол менен жазышкан, кийин беш күндүн ичинде мурунку жазылгандарды оңдошкон жана да ошол кол менен жазылган чечимди ишке тиркеген эмес. Анысы мыйзамды бузуу болуп эсептелет экен. Эки себеп, жогоруда биз белгилегендей официалдуу айтылган. Ал эми эки судьянын кызматтан алынышынын негизги себеби: акталган депутаттардан 300 миң доллар пара алыптыр деген кеп болду окшойт. Эми аны аныктоо кыйын дечи, бирок, судьлар пара алды деп таккесе айтылып да кетпедиби… Ырасында эле "бийликти басып алабыз" деп кашаадан ашып Ак үйгө атака жасаган Ташиевди таптаза бошотуп жибериш таптакыр жаман иш болмок…
Соттордун ишин реформалайбыз деп биртоп иштер аткарылган болот, бирок, жыйынтык чыгарчуу оптималдуу жолу табылбай турат, табылышы да кыйын. Адам дилин тазаламайын миң реформа жаса, эки миң реформа жаса, андан эч майнап чыкпайт! Азыр адамдардын алкымы араандай ачылып турганда, соттордуку алардан да кенен ачылышы бар да. Анан алардын кулкунун эмне зат менен бүтөмөксүң?! Аларга каршы "прием" жок! Кантсе да аталган эки судьянын кызматтан бошотулушу дурус эле иш болду окшобойбу. Мыйзамга таянбай Ленин районунун Акматбек Бакиевди бошотуп жиберген судьясынча "өзүнүн ички сезимине" таянып чечим чыгарган коррупционер судьяларга, түшүнсө, дурус эле сабак болду көрүнөт.
Судьялар адам укугун жакшы коргой албай жаткан учурда, алардын укугун коргойбуз деген органдын анабашы

ОМБУДСМЕН
шайланды. Бул ишке Асия Сасыкбаева шайланат деп бир ооздон айтып жатышты эле андай болбоду. Аталган айым бул ишти жакшы жөндөп кетмек. Бирок, шайланбай калганы жаман эле болду дейли. Анан "Аты-жыты жок Бактыбек Аманбаев шайланды" деп жазбаган гезит, айтпаган телерадио калган жок. Бул жигиттин "аты-жыты жок" эмес эле атын билбейм, "жыты" укмуш экен, шайланары менен "бур" этти дейсиң кыргыз жери сасып эле жатып калды. Анткени, журналисттер "сексуалдык азчылыкка" көз карашын сураса, "аларды колдойм" дегенин айтып жатпайбы!
"Орустун ойногону жаман, энесинин көчүгүн чукулап" деген жаман аттуу макал бар. Анын сыңары жанагы Европа элдерин бириктирип Евробиримдик болуп официалдуу иш алып барган бирикме уюм өз билгендерин, ошол европалыктардын салт-санаасын ж.б. башкаларга таңуулайт да турат. Ал немелерге сенин улутуңдун менталитетинин кереги жок болсо деле өздөрүнүкүн таңуулаганы таңуулаган. Адам мууздагандарды, наристелерди зордуктап туруп өлтүргөндөрдү ж.б. көркоолорду өлтүрүүгө болбойт, анда адам укугу бузулат деп мына ошол наадандар өлүм жазасын алдыртып турушат, ашынган баш кесерлер, "билгениңди кылып ал, мени баары бир жок кыла албайсыңар" деп ачык эле айтып жатышпайбы. Андан соң айбанда да жок көрүнүштү: эркек менен эркек, катын менен катын алышып-чалышып турган айбан да жасабай турган ишти-алардын эрди-катын болуп жашашын мыйзамдаштырып жатат. Ал адам баласына таптакыр жат нерсе, бул жаратканга каршы турган көрүнүш! Башка элге жарашса жараша берсин, алды мусулман баласына жарашпайт. Анан жанагы Аманбаев дегениңдин ошол ишке лоялдуумун деп турганы бул укук коргоочу деле жыргатып жибербейт дегенден кабардар кылып койду окшойт! Кебетеси, бу омбудсмен деле ыз-пыз сүрөт-көрүнүшү менен мөөнөтүн өтөйт ко…болбостур…
Кайран кыргызың алаамат болуп кетсе да илгертен келаткан

ТОЙ
берүү салтын улантканы уланткан. Кээ бирөөлөр той берүүнү, аш берүүнү таптакыр жоюш керек дегенди да айтып келет. Жок! Той менен ашты жоюуга болбойт. Ашкере чыгым жөнүндө кеп болсо, башка маселе. Той менен аш деген кыргыз улутунун бир салты, ата-бабадан келаткан жаман эмес салты. Андыктан аны биротоло жоюп салууга таптакыр болбойт! Маселе, дайны жок эле ачылып-чачылып, анан кайсы бир максатты, жеке максатты көздөп берген той-ашта болуш керек. Эми бул башка тарых, башка кеп болуп туруп турсун…
Аз мурун Шайлообек ыйманы куюлган Адилет уулун үйлөнтүп адыраңдап кетпей, артта калып калбай дурус тоюн берди. Той кадимки эле Табылды Эгембердиевдин "Супара" деген ажайып жайында өттү. Той тойдой эле болгону менен бир өзгөчөлүк болуп, баарыбызды ыраазы кылды окшойт. Ал маанайды алып келген Табылды болду. Болгону ошол-ал тамадалык кылыбатпайбы. Шакем той берерин айтканда, Табылды "Супарасын" той өтчү жайга, өзүн тамадалыкка сунуштаган экен. Шаке көнөт да. Анан той башталды. Мен да далай тойго катышкан элем, далай тамада дегенди көргөн элем. Ошол тамадалардын аттары башка болгону менен алып барганы, ошол алып барганынын мазмуну баары эле окшош: тамада жаттап алган кооз кебин куюлуштуруп айтып турат, жакшы кеп бекер эмеспи андан бирди калтырбайт, уяты бар сөзүнөн кошуп да коёт, алардын баарын кошкондо кунары кеткен, тамтыгы чыккан, жыртылып бүткөн сөздөр… анан диктатор сындуу болуп кетет, тойго келгенди "ары баспай бери бас, тигиндей кылбай, мындай кыл" деп зордуктап турганы, музыка дегениң кулагыңдын кужурун алат дейсиң, кээси менен чыга качкың келет! Тойго деген эс алганы барарын, далайдан бери көрүшө элек жакшы санаалаштар кезигип чер жазышарын, жаңы адамдар менен таанышарын, той деген бака-шакалуу болгону менен маңызында бейпил-тынчтыкта болушу керектигин тамада ойлонуп да койбойт, трафарети менен "зордуктап" турат. А бу жолу андай болбоду, Табылды бизди көрүнбөгөн, сезилбеген кандайдыр бир куралы менен башкарып, сүйлөтүп да турду, күлдүрүп да турду, ыр угузуп бийлетип да турду, чер жаздырып эс алдырып да турду, ары бас, бери бастан айтпады! "Ой, Табыке, сен бизди жыргаттың го, ээн-эркин эс алдырып" дейм да. Табыкенин айтканы ушул болду: "Эй Баратбай, кыргыз деген асмандагы куштай эркин болгон, эми деле эркин. Кыргыз эркин болбосо, балакеттин баарын баштап жиберет. Кыргызды эч ким, эч качан капаска сала алган эмес! Андыктан кыргызды эркин коюш керек, анан акелеп-жакелеп туруп башкарыш керек" дебатпайбы. Табылдынын мага берген аз жообун дагы да кыскарта чаап айтканым ушул болду. Табылды мурун тамада болуп көрбөгөн экен. Ойлоп коём, азыркы тамадалар уялбай-этпей эле Табылдыдан бир сүртүм сабак алып кетиши бар экен деп. Жараткан баарын эле Табылдыга берип коюптур: акылды да, чыгармачылыкты да, байлыкты да, эл башкара билгенди да,эл алдында жүргөндү да… болсун! Кээ бирине иштеп-иштебеген мээ менен байлыкты берет, бирине байлыгы жок мээни берет…дагы биринде экөө тең жок, азап күн! Шаке той берген тушта "Агындылар" китеби чыкпадыбы. Ошондон да сүйлөштүк, китептин мыкты болушу Шакемдин душмандарын көбөйгөнүн шарттай турганын айттык, кыргыздын тагдырынан баштадык, тамагын калтырбай жедик, батанын мыктысынан бердик… ошонун баарын ак дилден чыгып турду окшойт…Той сонун өттү!
Ошол күндөгү маанай бүт кыргызымда болсо, атаганат деп мен келатам…Тойдун эртеси да болду. Мамлекетимде маселе көп экен…

Баратбай АракееВ