Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Тасма талаасында...
Нурбек Мусаев, режиссер:
"Эл көрсө
экен дейм"

Былтыртан бери кино жаатында "Ак кеме" деген чыгармачылык топ түзүлүп, мыкты кинолор тартылып келет. Аталган топ учурда эки кино тартты. Биринчиси жазында көрүүчүлөрдүн сынына коюлуп, алдыңкы кинолордун бирине айланган "Карт бойдок" көркөм тасмасы жана учурда элдин сүймөнчүлүгүнө арзып, өзгөчө жаштар арасында өтө чоң кызыгууну жаратып жаткан "Көргүм келет" драмалык тасмасы. Ал эми "Ак кеме" чыгармачылык тобу тууралуу кыскача маалымат бере кетсек, топто жети бала эмгектенет. Жетөө тең жогорку билимдүү, режиссер жигиттер. Топтун уюштуруучусу акыркы учурда аты чыгып келе жаткан жаш режиссерлордун бири Акжол Болотбеков, бүгүн биз "Көргүм келет" тасмасынын режиссеру Нурбек Мусаевди кепке тарттык...

- Нурбек мырза. "Көргүм келет"- тасмасын тартууга эмне түрткү берди?
- Көргүм келет" биринчиден биздин экинчи тарткан тасмабыз. Буга чейин "Ак кеме" чыгармачылык тобу Съезбек Искеналиевдин продюссерлик борбору менен биргеликте "Карт бойдок" көркөм тасмасын тарткан элек. "Көргүм келетти" тартуу идеясы бизге ошондо эле келген. Себеби сценарий даяр эле. Самат Усупов аттуу сценарист досубуз мурун эле жазып даярдап койгон.
- Кинону тартууга канча каражат кетти жана каражатты кайдан алдыңыздар?
- Каражатты "Ак кеменин" балдары өз чөнтөгүбүздөн чыгардык. "Карт бойдоктон" алган гонорарыбызды чогултуп, кинонукун киного жумшайлы деп кино тарттык. Жалпысынан 30 миң доллардан ашык каражат кетти.
- Кинодо жаштардын ортосундагы мамиле, жаштардын таалим, тарбиясын ачып бергенге аракет кылган экенсиздер...
- Ооба, кино негизи турмуштан алынып тартылат да. Кинонун сценарийи турмушта эле болгон окуялардан алынып тартылды. Негизгиси бүгүнкү күндөгү эң көйгөйлүү маселердин бири болгон сойкулук, жаштардын коомго, жашоого болгон көз карашын ачып берүүгө аракет кылдык. Бир эле сойкулук темасын ачып берсек болмок, бирок биз антип бир эле маселенин тегерегинде тарткыбыз келген жок. Ар тараптуу тарттык.
- Сүйүү темасын да мыкты чагылдырган экенсиздер...
- Сүйүүгө өзгөчө басым жасадык. Анткени азыр айылдан келген жаш кыздар шаардык, далайды көргөн жигиттердин тузагына илинип, алданып калып жатышпайбы. Бир чети ошол жаш кыздарга дагы сабак болсун дедик. Ойлонушсун, алданышпасын. Мисалы жогоруда айткандай эле кинодогу бир эпизод турмушта болгон окуя. Мындан бир топ жыл мурун "Топ таш" деген теле берүүдөн бир жигит арман кылып айтып берген эле. Ошону эпизодго айланттык.
- Мисалы кайсы эпизод...
- Жигити сүйлөшкөн кызын башка бала менен жүргөнүн кармап алганы жогорудагы баланын арман кылып айтып берген эпизоду. Кино негизи ошол эпизоддун негизинде тартылды. Биз кинону тартаардан мурун сценарийди окуп суроо өзүбүзгө бердик. Баланын мындан аркы турмушу кандай болот, кызы минтип алдап жүргөн экен деп. Ошентип ойлор жаралып, фантазиябызды иштетип, кинону тарттык. Кыскасы кинону бир эле окуянын негизинде эмес, коомдо болуп жаткан жалпы окуянын негизинде тартылды. Кинодо күтүүсүз бурулуштар көп болду. Башка кинолордон биздин кинобуз ошонусу менен айырмаланды. Учурда Кудайга шүгүр, театрлардагы алдыңкы кинолордун бири катары көрсөтүлүп жатат.
- Топтогу жетөөңүздөр тең режиссерсуздарбы?
- Баарыбыз тең өз адистигибизди билген балдарданбыз. Режиссер мен болсом, Акжол Болотбеков коючу оператор, сүрөтчү Орозбай Абсатаров, үн режиссер Калыкбек Шерниязов, директор Алмаз Супатаев.
- "Карт Бойдок" киносу Съезбек Искеналиевге таандык эмеспи, контрактык негизде эле иштешсеңиздер керек..
- Ооба, Съезбек тартып бергиле деп акчасын берген. Биз тартып бердик. Баардыгы келишимдик негизде болду. "Карт бойдокко" кеткен чыгым мен билгенден акталды.
- Алдыда дагы кандай кинолорду тарталы деп турасыздар?
- Ойлор көп, кинону тандап, беш жыл билим алып, режиссер болгондон кийин өмүр бою кино менен жашап, мыкты кинолорду тартсак деген оюбуз бар. Улуу режиссер агаларыбыздын жолун жолдоп, мыкты режиссерлордон болууга аракет кылмакчыбыз.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев