Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Күндө тууса, күндө жок!"
Энергия акысын топтой албай, элдин жонунан кайыш тилгиси бар!
Электр энергия акысын көтөрүш керек деп мурун өкмөт тарап күңк-мыңк сыпатында айтып келсе, эми эки бетин табактай кылып туруп эле "акыны көбөйтүш керек" деп чыкты. Акыр аягы көбөйтүп коюшу турмушка ашчудай болуп турат. Ал жөнүндө премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кочкор тараптан айткан тура.

Жаман мисал болуп турат: дал ошол электр энергияны эл менен эсептешпей туруп көтөрө коем деп Курманбек Бакиев Минскиге чейин кире качты го! Азыр Бакиевдин заманы эмес дечи, бирок, акыны көбөйтүүнү калың эл каршы алары болуп берчү иш.
Баарыбыз деле билип бүттүк, көз карандысыз эксперттер деле айтып жатат: ушул кездеги баа деле жогорулатылган баа, энергетика тармагына эмгектенгендер, бөтөнчө жетекчилер, ушунчалык көпкөн дейсиң, өндүрүлгөн энергиянын акысын чыпчыргасын калтырбай өндүрүп алуунун татаал, кыйын жолунан качып, оңой жолуна-бааны көбөйтүү жолуна ыктап жатат. Электр энергиясынын линиядагы жоготуусу 22%ти түзөт деп жатат аны жоюу керек, анан эң негизгиси коррупциялык иштерге каршы туруу керек. Ал жолду энергожетекчилер билет, бирок, жасабайт, анткен күндө капчыгына агып турчу акчадан куржалак калбайбы, эртең эле катыны үйүнөн кууп чыкпайбы!
Азыр, биздин маалымат боюнча, толгон ресторандар, кафелер, сауналар ж.б. көңүл аччу жайлар керектеген энергиясынан алда-канча кем төлөөрү "капка катылган шибеге" болуп турат ко! Аларды тыкыр текшерген адам жок. Текшерип, иштебей турган счётчикти кармап алган текшерүүчүнүн көбү берген парасын алып баса берет. Мына ошондойлордон арылыш керек. Эсимде, мындан үч-төрт жыл мурун Каракол шаарындагы "Темирлан" деген кафени текшеришсе счётчигинин үстүнө килейген магнитти "мингизип" койгон экен, анысы тегеренбей калыптыр. Ошондо текшерүүчүлөр айыпты олчойто салганын уккам. Дал ошондой текшерүүгө алыш керек! Эгерде электр энергиясынын тарифин сөзсүз эле көтөргүсү келсе, дале болсо жанагы ресторандар, кафелер, сауналар... короткон энергиянын баасын көбөйтүшү керек, көбөйткөн бир жөн, аларды тыкыр текшерүүгө алыш керек, счётчиги иштебей кармалса, жүз миңдеген айыптарды салыш керек. Кандай болгон күндө да электр энергияга бааны көтөрбөй эле ишти жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү бар. Антиш үчүн ал тармакка ишти мыкты билген, эң негизгиси таза, таптаза адамдар келиши керек. Азырынча ал тармакка коррупционерлер толуп алган... Баса, электр энергияны бөлүштүрүүчү алты компанияны кыскартып экиге түшүрсө эмнеге болбосун. Ошентсе, эксперттердин айтуусунда 50 млн. доллар үнөмдөлмөк экен.
Эгерде аталган тармакта иш мыйзам чегинде кана жүргөндө анда ал тармакты өнүктүрүүгө да, ал тармакка алган кредиттерден убагы менен кутулуп турууга да жетип бермек деп билгендер какшап жатат. Ошолор менен кеңешип, билбесе ошолордон сурап иштесе болбойбу? Билбегенди сурагандын уяты жок деп айтып келатабыз ко...Отун-энергетика боюнча көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев мырза мындай дейт: "Энергетика министри премьер-министрге электр энергияга болгон тарифти көтөрүү керек деп кат жазыптыр... 2005-жылдан баштап энергосекторго 800 млн. доллар грант, кредиттер түшкөн, алар кайда сарпталганыны дайыны жок... Эгерде тариф көтөрүлсө, Энергетика министрлиги 1млрд. сом кошумча каражат алат экен".
Премьер-министр ошол Кочкордо жүргөндө "жер налогун да көтөрүү керек" дегенди айткан экен. Дыйкандар четинен жини кайнай баштады. Бизге чалгандардан айтканым. Мобу Бишкекте, же башка шаарларда жатып алып балчаңдата эт чайнап, каймак-майын нанга сүйкөп, салатына помидор, бадыраң ж.б. туурап жеп, аялдары кыям жасап жаткан жер-жемиш, өсүмдүктүн баары жерден алынат, малдын баары жер менен мал. Анын баарын бизге жеткирип жаткандар дыйкандар. Алардын эмгегин сыпаттап бериштин өзү азап. Анан алар иштеткен жерге салыкты көтөрүү таптакыр туура эмес.
Өкмөт курамы жалаң мыктылардан түзүлгөндө эмне?..
Баратбай Аракеев