Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кара сөз менен
ырдалган поэма
- Чын элеби-дейт Шакем толкунданганы дем алганынан сезилип. Чынды эмне кыласың жетим, сен өзүңдүн ким экениңди дагы эле билбей сезбей жүрөсүң, сен кыргыздын адабий тарыхында болуп көрбөгөндөй чоң талантсың дедим. Шакем күлүп аттыбы же ыйлап аттыбы ким билет бирок таноолору кубанып кыймылдап жатканы телефондон көрүнүп жатты.
Келмеси оозунан түшүп мукактанып ишенип ишенбей өзүнө өзү таң калып жатты Шакем. Кубанып жатты Шакем.Шакемдин талантын байкаган биринчи адам катары мен да сыймыктанып кубанып жатты. Эми мен сынчы болбосом дагы Шакемдин агындыларынын артыкчылыгын айтып көрөйүн.
Биринчиден агындыларды биз көнүп калган бир да жанрга жабыштыра албайсың. Бул роман да эмес повесть да эмес, очерк да эмес аңгеме да эмес иши кылып эчтеке эмес. Бирок аңгемедей окулган кара сөз менен жазылган поэма десем туура болчудай. Мындай жанрда кыргыз адабиятында бир да чыгарма жазылган эмес. Себеби кыргыз жазуучуларынын дээрлик көпчүлүгү орус жазуучуларынын таасири менен аларды туурап жазышкан. Шакемдин артыкчылыка айланган бир кемчилиги бар ал орусча китеп окубаптыр. Кыргызча эле көргөн билгенине уккандарынын кызыктууларын аралаштырып оозеки сөз менен жөн эле эркин формада жазып салыптыр. Бул жагдай Шакемдеги чоң таланттын тамгасы деп ойлосок туура болот. Анткени таланттуулар гана эл баскан жол менен баспай эч ким басып өтө элек жаңы жол менен башкача басышат. Бул китепти окуш канчалык кызык болсо ошончолук оңой дагы. Агындыга окшоп калак тартып кыйналбай эле жыргап агып кете бересиң, агынды болуп дарактын түрлөрү да агат, тири шумдук тамырлар да агат, бүчүрлөр да агат жадагалса жалбырактар да агат. Дарактыкынан кызык жалбырактардын жашоосуна күбө болосуң. Китепте сюжет да жок ирээттүлүк да жок окуялардын ортосундагы биз көнүп калган байланыштуулук да жок. Китепти ортосун ачып окусаң да кызык, аягын ачып окусаң да кызык. Бир-эки барагын эле окуп алгандан кийин жеп көрө элек таттуу тамактан ооз тийип алган киши кейиптенип калганын окубай кое албайсың.
Экинчиден китептеги эң негизги артыкчылык автордун түбү жок тил байлыгы. Мен деле айылда өскөм. Кыргыз тилин суудай эле билем деп жүргөм. Көбүнө сынтакчымын. Көрсө өрдөк жокто чулдук бий болуп, жөн эле мактанып жүрүпмүн. Шакемди окуп алып ушундай курч, ушундай терең, ушундай көркөм жана ушундай кооз тилди жараткан элиме ыраазы болдум. Кыргыз болуп жаралганыма ыраазы болдум. Ушундай тилди күкүмүн калтырбай чогултуп алып китебине чачып салган жандосум Шакеме ыраазы болдум. Китепти суу төгүлбөс, камчы салдырбас жорго мингендей эле кыйналбай жыргап окуйсуң. Сөздүкө кирбей калса да эски элдин көкүрөгүндө сакталып келаткан бирок окуганда түшүнүктүү шыбак жыттанган табылгынын тамырындай терең сөздөрдү окуп моокумуң канат. Кыргыз жашоосуна жабыла кирген жаңы түшүнүктөрдү чагылдыруу маселесине келгенде да Шакем талантына баш ийип башкаларды туурап баарын тантырап кыргызчалай бербей оригиналында эле орусча жазып салганы да мени ыраазы кылды. Тил дегендин негизги милдети эмне? Оюна келсе же эмнени сезип туюп түшүнүп турсаң, ошону толугу менен төкпөй чачпай башкаларга түшүндүрүү болуп эсептелет. Турмуштун агымына өзгөрүп өнүгүүсүнө жараша жаңы идеялар, ойлор, түшүнүктөр пайда болуп аларды так жана түшүнүктүү кылып туюндурган жаңы сөздөрдүн пайда болушу табигый нерсе.
Эгер андай ойлор, идеялар, түшүнүктөр чет элдин таасири аркылуу пайда болсо аларды түшүндүрүү үчүн, ошол ойду идеяны түшүнүктү биринчи жараткан чет элдин тилинин пайдаланылышы дүйнөлүк сөз тарыхындагы көнүмүш адатка айланган. Аны биздин айрым жарма патриоттор, тагыраак айтсак жалган патриоттор түшүнүшпөйт же түшүнүп турса да өзүлөрүн патриот катары көргөзгүсү келишет. Буларды колдогон айрым атактуу тилчилерибиз да жок эмес. Эми эмне дейли кой аксагы менен миң дегендей алар аман эле болушсун баары бир тилибиздин таскагын токтото алышпайт.
Мындан жүз жыл мурун орустун славянофилдер деген адабий агымынын "орус тилин таза сактап калабыз" деген аракетинен эч майнап чыкпай, орустун тантык тили эми алтымыш пайыздан ашыгы чет тилден алынган улуу орус тилине айланганын эч ким тана албайт. Биздин миң жылдан берки тилибиз азыр да түшүнүктүү. Ал эми орустун миң жылча мурда жазылган "игордун полку жөнүндөгү сөз" деген тарыхый китебин, орустун элин кой тилчилери толук түшүнө албай эмгиче калем мокотуп чырдашып жүрүшөт. Кеп сөздүн кандайча пайда болгонунда эмес кандайча колдонулганында. Ошон үчүн кыш кынагандай сөздүн ордун таап сүйлөгөн кишини чечен деп, жазган кишини таланттуу жазуучу деп коюшат. Ал эми талант даарыбаган жазмакерлер бардык кыргыздын кырып кетире албастай болуп канына сиңип калган чет элдик сөздөрдү кыргызчалаган аракети атың чыкпаса жер өрттө дегендей эле кеп. Дагы бир айта кетчү маселе чет элдин таасири тийбеген күнү да улуттук тил өз алдынча өнүгүп, өсүү процессинде айрым бир эски сөздөр же кыскарган түрүндө айтылып же башка бир эски ойду жаңыча жакшыраак түшүндүргөн сөзгө орун бошотуп жок болуп кеткени табигый нерсе. Ошон үчүн айрым жасалма патриотторубуздун сөздүктөн таап алган же манас эпосунан таап алган өлүк сөздөрдү пайдаланышы алардын атагын чыгарууга алы келбейт. Негизи сөздү жазуучулар түзбөйт. Сөздү эл өзү түзөт. Ал эми жазуучулардын милдети ошол эл түзгөн сөздү Шакеме окшоп туура жана кенен пайдаланып өз атагын эмес сөз атагын чыгаруу болуп эсептелсе керек. Сөз деле күлүк атты таптагандай багууга муктаж нерсе. Сөздү бага билген, өз жанындай сүйө билген, сөз баркына жете билген Шакеме окшогон таланттын китебин окуганда гана нукура тилдин ширеси тамчылаган даамын сезесиң. Ар бир сөздүн өз ордунда жайгашканда гана ширеси тамчылай баштаарын түшүнөсүң. Бир эле ойду сезимди же түшүнүктү он башкача айтып түшүндүрсө болот бирок алардын тогузу кургаган алма жегендей таасир калтырса бирөө гана кызара бышып жаңы үзүлгөн алма жегендей таасир калтырат. Бул пикиримди далилдеген мисалды келтирбей эле коеюн себеби китептин дээрлик ар бир барагы менин пикиримди далилдей алат.
Үчүнчүдөн китепте кыргыздын алтымыш жыл ичиндеги саясий эмес руханий тарыхы маданий тарыхы жандүйнө тарыхы социалисттик реализмге туураланбай үстүртөдөн эмес түпкүртөдөн казылып жазылган. Шакем атасынан өлүү айрылып, апасынан тирөө айрылып кой ай менен иши жок тоголок жетим өсүптүр. Жетимдеги бир артыкчылык аталуу байкабаганды байкайт, көрбөгөндү көрөт, сезбегенди сезет эмеспи. Жетимдин орду социалдык тепкичтин асты жагында болот эмеспи. Өзү болбосо да ички сезими ошондой болоорун мен жарым жартылай жакшы түшүнөм. Себеби мен атаман эрте айрылып, энелүү эрке жетим болуп өскөм. Мен энесинен тирүү айрылганына эмгиче тагдырына таарынып жүргөнүн да түшүнөм. Себеби менин энеме да жуучу түшүп жүргөнүн бала болсом да сезчүмүн, бирок өлгүдөй кызганчымын. Энем отуз үчүндө жесир калып бүт өмүрүн бизге арнады. Азыр азабы кайтып эки уул бир кызынын чайын ичип чыдамдуу тагдырына ыраазы. Өкмөт жетимдерге жардам катары берген кара купайке колума тийгенде катуу сүйүнгөм. Себеби ал колго тигилбеген менин жонума илинген биринчи фабрикадан чыккан кийим болчу.
Шакем болсо тоголок жетимдерге берилет деген сөздү укканда айыкпас жарасы жарылгандай чыңырып, ызасына чыдабай мектептен чыга качып үйүнө келип алып, таштап кеткен апасынын атын айтып улуп, боздоп ыйлаганын аны көрүп, багы жок шордуу чоң энеси ыйлаганын окуп алып, көз жаш аралаш таң калдым. Энемдин баркын ошондо түшүндүм. Тагдырга айла жок Шакемдин апасы ал мезгилде жаңы турмуш курбаска айласы жок экенин, жыйырма жаштагы жесир жалгыз баласы менен оокат кылып кетиши да ал замандагы Ат-Башынын шартында өтө оор маселе экенин анда бала Шакем түшүнбөсө да, кеменгер чоң энеси түшүнүп, келинине бакыт каалап уруксаат берет. Айтылбаса да ал кемпир кийин апасы баласын жаңы бүлөсүнө батырып алат деп үмүттөнсө керек. Бирок Шакем энесин ээрчип өгөй атасыныкына барган күнү эле, өз апасы ага тартынып салкын мамиле кыла баштаганын, бала болсо да сезип ызасына баш ийип, апасы менен катташпай калат. Апасынан айрылганы менен акылы да адамгерчилиги да ааламга тете чоң энеси менен он эки жыл чогуу жашоо бактысын башынан өткөргөнүн, Шакем эле эмес биз да агындыны окугандан кийин түшүнүп отурабыз, окумуштуулардын айтканына ишенсек, адамдын адам болуп калыптанышы айлана чөйрөсүнө жараша, алты жашына чейин эле аныкталып калат экен. Шакемди он эки жыл бою алтынга алмашкыз чоң энеси өзүнөн тар бирок түбү жок терең чөйрөсүндө бузулбас адам эле эмес, соолубас талант кылып тарбиялап салыптыр. Алты сөз айтса экөөнү макал-лакап менен айткан Шакем экөө куурма чай менен оокат кылып жүрүшсө да, бир чала тааныш конок келип калса, унга катып койгон суур этин сууруп чыгып коногуна берген, сүйлөсө сөздү чарчаткан, иштесе ишти чарчаткан. Алы жетпесе да акылы жеткен жаманга да, жакшыга да бирдей мамиле жасаган, адамгерчиликтин эталону кылып музейге коюп койсо музейдин көркүн ачаар, Шакемдин чоң энеси жомоктогу кемпирдей эле сезилип, Шакем эмес агындыны окуган адамга да оң таасирин тийгизет. Шакемдин түпкү таланты атасынан да апасынан да жугуптур.
Атасынын да, апасынын да ооз эки жамактап ыйлап ийген өнөрү бар экен. Алардан жуккан өнөрдү чоң энеси сугарып, жетимдик ызалуу турмуш курчутуп, таянаары жок жалгыздык жашоонун кордугу чыңалтып отуруп майтарылбас талантка айланган Шакемдин өзү эмес, ошол таланты туйлап токсонунчу жылдары жарылып, кайдыгер элдин эштегин эзе баштап чагылгандай жарк этип чыга келди. Эгер ошол талант туйлабаса Шакем башка акындарга окшоп жардам бербейт деп өкмөткө таарынып көпчүлүктүн көлөкөсүндө, арактын азабын да, Зейненин азабын да арбытып, өлүүнүн да, тирүүнүн да эсебинде жок жүрөт беле же жүрбөй калат беле бир кудай билет. Азыр жок болуп бараткан, эстегенде жүрөктү жылыткан ичти ысыткан ал замандагы асыл адамдардын кулк мүнөзү өз ара мамилелери, касиеттери аларга аралаш жүргөн арамы, жашырса да оркоюп көрүнгөн, алдым жуттумдар жөнүндөгү кыскача кооз айтылган узун жомок Ат-Башынын Ача-Кайындысынан башталып, Нарында көп токтобой армияны бүтүрүп, Фрунзенин филфагынан кечпей эле аттап өтүп, кайра Нарынга карай тескери агып, Нарында таш түшкөн жеринде оор болуп салмак күтө баштаганда, алмалуу жердин кызы Зейненин пайдасы тийип, өмүрүндө биринчи жолу бирөөнүн, тагыраак айтсак Асанбек Стамовдун жардамы менен кокустан борбор шаарыбыз Фрунзеге, болгондо да филармониянын бейтааныш жамаатына жагымы жок жампадай болуп аргасыздан аралашып калып жетим кезинде көрбөгөн кордукту ошол жерден көрөт. Өлчү жери ошол жер тирүү калчы жер да ошол жер экенин сезген өлгүсү такыр келбеген кыйналган сайын табына келип курчуган өлөрман жетимдин өнөрү ошол жерден жарылып ээсин жалпы журтка таанытат.
Төртүнчүдөн Шакемдеги тимеле окугандын шилекейин агызып чоң рахатка батырган сүрөткерлик. Тоо таштын, табияттын кооздугун оозду ачыра сүрөттөгөнүн айтпайын, бадага айдалып бараткан уйлардын өзүнүн кыял жоругун мындай коелу, туяктарынын кыймыл аракетин сүрөттөгөнүн киного тартып да, Шакемдей кылып түшүндүрө албайсың. Туяктын чаңдын чаңга басылган жол жээгиндеги чөптүн ортосундагы мамиледен тири шумдук поэзияны жаратууга жараган Шакемдикиндей талант болгон эмес болору да күмөн. Ал эми агындыга илинген бактылуу адамдардын кулк мүнөзүн, кыял жоругун кебете кешпирин, жакшы жаманын баарын бир шилтем сүйлөм менен ашык кеми жок сүрөттөп салганы эсиңди гана оодарып, бир кумардан чыгарат. Шакемдин китебине илинген мурда эле кыргыз элине белгилүү адамдардын өлгөнү да бар, тирүүсү да бар. Өлгөндөрүнө Шакем сөз менен тургузкан эстеликтей эстеликти эч ким тургуза албайт. Тирүүлөрү өзүлөрүнүн ким экенин Шакемди окугандын кийин түшүнүп Шакеме ыраазы болот деп ойлойм. Шакемди окуп Сансызбаев Мусаев деген көзү өтүп кеткен залкарларды билип алар дагы өзүмдүн кыял жоругумду көрүп эс алдым. Кадимки Матен Сыдыковдун көзү өлгүчө сен өлсөңчү деген элге терс мааниде тарап кеткен сөзү, айласы кеткенде козулардын өлүмүнө түздөн түз тиешеси бар болуп, өлүктү жашырган жоопкерчиликтен качкан алдамчы жетекчиге карата айтылган сөз экенин түшүндүм. Ал адам өз заманындагы эл үчүн жанын аябай иштеп, тоодой эмгек кылган кемчилиги болсо да, анын эмгегинин баасын кемите албаган сыйлоого татыктуу тарыхый адам экенине түшүнүп өзүмө да Шакеме да ыраазы болдум. Сыдыков жөнүндө Шакем көбүнчө Молдобай деген сөзгө чечен сыйлаган татыктуу адамдан угуп жазыптыр. Ал эми маркум Мелис Эшимканов жөнүндөгү сөз өзгөчө сөз. Шакем ал менен чогуу иштешип аны Мелистин өзүнөн да жакшы билет экен. Мелистин эрдигин да, иттигин да чачып төкпөй жашырбай толук жазыптыр. Мелис жөнүндө чыккан китепти окугам же чынымды айтсам окуй албай койгом. Бирок Шакемдин китебин окуп алып Мелис жөнүндөгү менин пикирим жакшы гана жагына өзгөрдү десем китепти окуган адам мага ишенет деп ойлойм. Түгөлбай Казаков өлбөс-өчпөс обончу эле эмес, таланты талаага кеткен чечен экенин. Ал адвокат болуп калганда күнөөсүз кесилген бечаралардын саны кескин кыскармак экенине түшүндүм. Дегеле Түгөлбайдай таланттын бийлик чөйрөсүндө ордун таппай жүргөнү Түгөлбайдын күнөөсү эмес, бийликтин күнөөсү деп ойлоп ыза болдум. Кайталангыз куудул Асанкул менен манасчы Уркаш жөнүндө тамак ичпей отуруп окуш керек болбосо бышкыра күлө берип маңдайыңдагы элдин баарын булгайсың. Мен китепке кирген теректей белгилүү адамдарга гана токтолдум. Теректин бутагындай бүчүрүндөй жана жалбырагындай маанидеги адамдарга токтолбой эле коеюн. Теректен кем эмес жалбырактар бар. Ошол жалбырактардын чоңураагы китептин автору Шакем. Шакем өтө маанилүү жалбырак. Аны толук түшүнүш үчүн китепти жалкоолонбой окуп чыгыш керек урматтуу окурман.

Таабылды Эгембердиев