Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Чын элеби?
Талант Исаевдин былыгын ким тыят?

- Тынай мырза, бир катар МАИ кызматкерлери Жол коопсуздук кызматынын жетекчиси Талант Исаевдин ишине нааразы экениңиздерди билдирип келе жатасыздар, себеби эмнеде?
- Себеби жалпыга белгилүү болгондой эле 2013-жылдын 14-февралында 21-буйруктун негизинде МАИ кызматкерлерин аттестациялоо боюнча министрдин буйругу чыккан. Ал буйруктун чыгышына бирден- бир себепкер болгон, тактап айтканда аталган буйруктун демилгечиси жана уюштуруучусу генерал Талант Исаев экендигин жашырууга болбойт. Туура, аттестация болсун, биз ага каршы эмеспиз, бирок аттестация аябагандай коррупциялык жол менен өткөрүлдү. Негизи Талант Исаевдин жол коопсуздук кызматына жетекчи болуп калганы бизди аябай таң калдырат. Анткени Исаев аталган кызматта буга чейин иштеген эмес, жумуштун спецификасы кандай экендигин таптакыр түшүнбөйт, түшүнмөк турсун толук билбейт десем деле жаңылышпайм. Быйыл кыргыз МАИсинин 77 жылдыгын белгиледик. 77 жылдан бери аттестация болуп, ушунча кызматкер аттестациядан кулап, өтпөй калат деген болгон эмес, биринчи жолу болду.
- Жалпы канча кызматкер өтпөй калды?
- 186 кызматкер өткөн жок. Кыскасы генерал Талант Исаев Кыргызстанда анын ичинде МАИ тармагында коррупциянын гүлдөгөнүн дагы бир жолу далилдеди. Ошондой эле тууганчылык, жердешчилик деген ит оорунун өрчүгөнүн мен болуп өткөн аттестациядан ачык байкадым. Керек болсо Исаевдин аттестациядан өткөрүү үчүн кимден канча акча алгандыгы жөнүндө бизде далилдүү фактылар бар. Мисалы, Ош шаарында МАИ инспектору болуп иштеген кызматкер аттестациядан өтүш үчүн Оштон Бишкекке банк аркылуу 1200 доллар которгон экен. Ага март айында Исаевдин адамдары чалып, "акча берсең өтөсүң, биз жардам берип өткөрөбүз" дешиптир. Баса, Исаевдин дагы бир былыгы бар, ал 2008- жылы жол кырсыгына учурап, качкан экен, артынан МАИчилер кууп, жеткенде ал МАИчилерге айтыптыр, " мен силерге көрсөтөм" -деп. Айтканындай эле быйыл ошол МАИчилерди аттестациядан өткөзбөй, кулатып салды. Айтор Исаев жетекчи болгондон бери МАИ тармагында эч кандай алга жылуулар болгон жок. Система таптакыр талкаланды. Жылына канчалаган жол кырсыгы катталып, канчалаган адамдардын өмүрү кыйылып жатат. Кыскасы Исаев жетекчи болгондон бери өлкөдө кансыз согуш жүрүүдө десек болот. Буга чейинкисин айтпай эле акыркы алты ай аралыгында катталган жол кырсыктарынын санын алсак, 150 пайыздан жогору болгон экен. Бул деген кенедей Кыргызстан үчүн абдан чоң көрсөткүч да. Анысы аз келгенсип Исаев иш алып барбай эле өзүн рекламалап, пиар компаниялар менен иш алып барганды жакшы көрөт. Методикалык жактан жарытып иш алып барганын көрө элекмин. Кызматкерлердин формасы жаңырбайт. Мисалы мен МАИ кызматкери болуп иштеп келе жатканыма 18 жыл болду. 18 жылдан бери ИИМден форма алып кийе элекмин. Өз каражатыма эле сатып алып кийип келе жатам. Кийгиле деп форма берет, анысы бир жуугандан чыкпайт. Бир жууп кийсең эле жарабай калат. Себеби анын баарын арзан материалдан тигилип, сапатсыз болууда.
- Машинелердин терезелерин караңгылатуу ишине дагы Исаевдин өзү аралашкандыгы айтылып жүрөт...
- Албетте, терезелерди караңгылатуу иштери Исаевсиз бүтпөйт. Терезелерин караңгылаткан машинелерди Исаев өзү кубалап, кармап, өзү камап, кайра өзү макулдук берип чыгарат. Административдик кодекстин 508- беренесинде жазылгандай терезелери караңгылатылган машинелерге каршы административдик протокол түзүлсө, ишти сот органдары караш керек болчу. Сот карабай эле Исаев өзү карап, өзү иш алып барып жатат. Айтор Исаев машинелердин терезелерин караңгылатуудан акча жасап, бизнес кылабы деген ой келет.
- Аттестацияда сиздерди " жөнөкөй эле суроолорго жооп бере алган жок" ошол себептен кулап калышкан деп жатышпады беле?
- Бизден дагы төмөнкү бааларды алып, бирок кандайдыр бир жол менен аттестациядан өтүп кеткендер көп эле болду. Мисалы биздин арабызда жыйырма баллдан жогору балл алган кызматкерлер бар, алар өтпөй, башкалар өтүп кеткени бизди нааразы кылууда. Анысы аз келгенсип, аттестацияга Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Алар оюна келгенди айтып, Динара Ошурахунова "силер МАИчилер менин жолдошумду тосконсуңар"- деп, мыйзамга туура келбеген өзүнүн үй-бүлөлүк кызыкчылыгын коргоп, биздин аттестациядан өтүүбүзгө ачыктан-ачык бут тозушту. Рим империясы качан куралган деген суроо беришет. Бизге андай суроону берүүнүн эмне кереги бар? Биз деген тарыхчы же башка эмеспиз да. Биз деген МАИ кызматкерибиз, жол эрежесин кантип сакташ керек? Айдоочуларга жол эрежесин бузбоону кантип үйрөтүш керек, мына ушул жөнүндө суроо берсе, биз жооп бермекпиз. Айтор аттестация абдан мыйзам бузуулар менен өттү. Биз буга чейин тиешелүү органдарга кайрылып келгенбиз. Башкы прокуратура, Ак үйгө чейин кайрылганбыз. Үнүбүздү эл угуп, өлкөгө акыйкаттык орносо экен, эл билсе экен деген максатта сиздердин гезит аркылуу жалпы коомчулукка кайрылып, билдирип коюуну туура көрдүк.

Жылдызбек Жороев,
МАИ кызматкери:
- Талант Исаев Жол коопсуздук кызматынын башчысы болуп келгенден бери эч кандай иш болгон жок. Азыр жол кырсыгы 150 пайыздан жогору болду. Бул эмне деген жоготуу. Элибизде жакшы макал бар го "бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" деген, анысы кандай аталган кызматты жетектеген адам дагы өз ишин билген, тажрыйбалуу адам болсун да. Биз нааразыбыз, эгер жогору жак Исаевге тиешелүү чараларды көрбөсө, анда биз жакын арада нааразычылык акциясына чыгабыз.
Мирлан Алымбаев