Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кудайберген Базарбаев,
Социалдык өнүктүрүү министри:
"Чет элдик бала асыроодон коркпошубуз керек"
- Социалдык өнүктүрүү министрлигине жетекчи токтобой койду.
- Министрлик - бул кимдир бирөөнүн жеке менчик фирмасы эмес. Мен кызматка жаңы келгенде аппараттагылардын баарын чакырып алып, ушуну ачык айттым. Акматтын же Ташматтын кадры деген эч болбойт. Артыңардан түшүп, эч ким куугунтуктабайт. Ар кимиңердин профессионалдык сапатыңарды гана карайм -дегем. Баарына бирдей мамиле кылып келем. 3 жылдын ичинде бул министрликти башкарган 9-министрмин. Үчүнчү же төртүнчү эмесмин, тогузунчу ирет келген жетекчимин. Бул жактагылар да кадимкидей жалкып калышкан экен. Мени качан кетирип жиберет экен деп жүрөк заада болуп бүтүшүптүр. Эч коркпогула -дедим. Эч ким жумуштан кетпейт, эч нерсени ойлонбой ишиңерди жакшылап кылгыла, чогуу, ынтымакташып, элге жакшылап кызмат кылалы деп чакырдым. Өзүм менен эч кимди ээрчитип келген жокмун.
- Бала асыроо маселеси менен байланышкан чуулгандуу окуялар ушул министрликти да кыйгап өткөн жок. Бул жаатта кандай иштер болуп атат?
- Балдарды эл аралык асыроо маселеси чынында өтө чоң маселе. Акыркы чуулгандуу окуялардан кийин бул тармакта иштегендердин баары эле бала саткыч болуп кеткенби деген ой элдин көңүлүндө орноп калыптыр. Бирок чынында андай эмес. Балдардын эл аралык асыроосу негизинен өтө керек иш. Биздин элибиздин, биздин коомдун бул маселе боюнча ою, маанайы өзгөрмөйүнчө бул өтө олуттуу маселе бойдон кала берет. Элдин оюн өзгөртүү үчүн эмне керек. Чындыкты айтыш керек. Эч нерсени жашырбай болгонун болгондой кылып, элге чындыкты айтыш керек. Баардык батыш өлкөлөрүндө бул нормалдуу көрүнүш. Багаар көрөрү жок наристелерди багып алган аларда кадимкидей эле көрүнүш. Кайрымдуулуктун эң бийик үлгүсү катары каралып келет. Мисалы Голливуд актрисасы Анжелина Жолинин 26 баласы бар экен. Алар муну менен өздөрүн жарнамалабайт же мактанбайт. Бул кадыресе көрүнүш. Орусияда деле бир жылда 40-50 миң баланы чет жакка асыроого беришет. А бизде жылына болгону 8-9 баланы чет элдиктерге асыроого уруксаат бергенбиз. Ал эми өзүбүздүн, Кыргызстандыктарга 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында 364 баланы асыроого бергенбиз. Акыркы 3 жыл ичинде биздикилер болгону 3243 баланы асырап алышкан. Калган балдарды кантебиз? Алар өмүр бою балдар үйүндө жашайбы? Үй бүлө дегенди билбей калабы? Алар деле жакшы жашоого, алар деле үй бүлөдө тарбияланууга укуктуу да. Биз ошондуктан чет элдик бала асыроодо чекти алып койдук. Канча кааласа ошончо баланы асыроо укугун берип атабыз. Бирок баардык жагынан көзөмөлдү күчөтөбүз, аккредитация берүү тартибин катуу карайбыз, УКМК, ИИМ, НПОлор менен биргеликте алардын жашоосун дүрбү карап турабыз. Биздин министрликте маалыматтар базасы жок экен. 2-3 айдын ичинде ошону түзүп чыктык. Кыргызстандыктар асырап кеткенден кийин калган балдарыбызды чет элдик бала асыроочуларга берели деп атабыз. Азыр биздин жарандар багып алгандан калган 161 бала бар. Чет элдик бала асыроо ишин жөнгө салып алсак алар да балким үй бүлөлүү болуп калышат. Биздин коом, элибиздин ишеничин арттыруу максатында АКШ элчилиги менен биргеликте реалдуу режимде теле-көпүрө уюштуралы деп атабыз. Бизден алынган балдар менен ошол көпүрө аркылуу сүйлөшөбүз. Ал -ахыбалын, ден соолугун, жашоосун сурайбыз.
- АКШнын Мамлекеттик департаментинин атайын өкүлдөрү менен жолуккан экенсиз. Эмне тууралуу сөз болду?
- Мурдагы күнү АКШнын Мамлекеттик департаментинин балдар иштери боюнча атайын кеңешчиси Сьюзан Жейкобс менен жолуктум. Ал америкалык жарандарга асыроого берүү үчүн бардык документтер бүткөрүлүп, бирок АКШга кете албаган балдар маселесин көтөрдү. Мындай тагдырга туш болгон 14 баланын асырап алууну каалаган жарандар маселенин оңунан чечилишин 3 жылдан бери күтүп жүрүшөт. Мындан улам атайын кеңешчи бул балдардын маселесин тезинен чечип берүүнү өтүндү. Бул балдардын маселеси эл аралык бала асыроочу уюмдарды Кыргызстанда каттоо тартиби жөнүндөгү жобо кабыл алынган соң гана чечилиши мүмкүн. Учурда бул жобо даярдалып бүттү. Биздин министрлик эл аралык бала асыроо боюнча жаңы жобо иштеп чыкты. Ага ылайык, бир катар эрежелер жөнөкөйлөштүрүлдү. Учурда бул жобону тиешелүү органдар карап, өз бүтүмүн берип жатат. Бул иштер бүтсө эле биз эл аралык бала асыроону жандандырабыз.
- Жаңы жобо коррупцияны жоебу?
- Бала асыроо боюнча жаңы жобо кабыл алуу демилгеси былтыр жайда Социалдык өнүктүрүү министрлигинде кыргызстандык балдарды чет өлкөгө асыроого берүү ишинде кыңыр иштер ашкереленген соң көтөрүлгөн. Анда чет өлкөлүк жарандарга кыргызстандык балдарды асыроого берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып менен мурдагы министр Равшан Сабиров, анын орун басары Гүлнара Дербишева камакка алынган. Андан соң чет өлкөлүк жарандардын кыргызстандык балдарды асыроосу убактылуу токтотулуп, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы жетекчилиги жаңы жобону даярдоого киришкен. Бул жобо даярдалып, бирок жарандык коом өкүлдөрү коррупциялык тобокелчилик чоң деп каршы чыкканы үчүн артка кайтарылган болчу. Учурда жаңы жобо канчалык деңгээлде жемкордукка бөгөт коёт деген суроо кабыргасынан коюлууда.
Маектешкен
Тиленбек Азык