Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кыргызстандын түштүк аймагында биринчи жолу ветеринардык клиника ишке кирди
Сузак районуна караштуу Мундуз айылы Кызыл-Туу, Кыз-Көл жана Сузак айыл өкмөттөрүнүн борбору болуп эсептелинет. Жергиликтүү калк негизинен мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенишет. 21-сентябрь күнү Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Мундуз айылында Кыргызстандын түштүгүндө биринчи жолу ветеринардык клиника, агро зооветеринардык аптеканын ачылыш аземи болду.

Ачылыш аземине аталган иш чаранын демилгечиси ЖК депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурболот Мирзахмедов, Жалал-Абад областтык мамлекеттик ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысы Жумабек Аскаров жана башка коноктор катышышты.
Жергиликтүү ветеринар Исакбаев Шамшидиндин айтуусунда айыл жери заман талабына жооп бере турган ветеринардык кызматка муктаж. Бул туурасында Исакбаев: "Өнүгүү-Прогресс" партиясы түшүнүп, жеке ветеринардык ишкердикти колго алып, бизге баардык шарттарды түзүп берди. Биз айыл жерине ветеринардык кызматты үч багыт боюнча жүргүзөбүз. Биринчи багытыбыз малга керектүү дары-дармектер менен камсыз кылабыз. Түз чыгаруучу фирмалардан алынып келинип базар баасынан арзан баада элге сатууга койобуз. Экинчи багытыбыз малдарды дарылап, сарайларды, аянттарды жуксуздандыруу кызматын көрсөтөбүз. Майда жандыктарга операцияларды жасайбыз. Ал үчүн бизде баардык шарттар түзүлдү. Ал эми үчүнчү багытыбыз бул малдарды жасалма жол менен уруктандыруу. Бул үчүн бизде бардык керектүү шаймандар менен камсыз болгонбуз. Азыркы күндө элдин колундагы мал майдаланып кетти. Сандан сапатка өтүү максатында жасалма жол менен уруктандырууну колго алдык. Көрсөтүлгөн кызматтарыбыздын бардыгы өкмөт түзүп берген прейскуранттын негизинде болот. Белгилей кетчү жагдай эгер чакыруулар болсо жерине барып, ветеринардык кызмат көрсөтөбүз. Кызмат акыбыз келишимдин негизинде болот" деп билдирди.
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында караганда ушул убакка чейин өкмөт элге жеткиликтүү ветеринардык кызмат көрсөткөн эмес. Ветеринардык клиниканын ачылышы эң туура кадам деп эсептешет.
"Өнүгүү-прогресс"
партиясынын пресс кызматы.




Элдар ТАЖИБАЕВ,
Тоо-кен профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы:
"Кумтөрдү" улутташтырабыз десек социалдык жарылуу болот"
- Элдар мырза, кыргыз бийлиги: президенти, премьер-министри жана депутаттары: "Экономикабызды көтөрүү үчүн инвесторлорду тартуу керек" деген сөздү аябай көп колдонушат. Мына ушул сөздү колдонуу менен бүгүнкү күндө Кыргызстанда инвесторлорго карата жасалган мамиле кандай болуп атат деп эсептейсиз?
- Негизинен өкмөт жакшы эле аракеттерди жасап жатат. Буга мисал катары Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү заводдун жарым-жартылай ишке киргенин айтсак болот. "Жерүй" алтын кенин конкурска коюшту. Тилекке каршы ал ийгиликтүү болгон жок. Анткени коюлган баасы өтө жогору болуп калды. Бирок, биздин тармак боюнча көйгөйлөр бар. Мисалы, мурда салык кирешенин 10 пайызы болуп эсептелинчү. Азыркы тапта болсо алтындын дүйнөлүк баасына жараша болуп калды. Эгерде алтындын баасы 1700 доллар болсо, кирешенин 11 пайызы салык катары төлөнөт. Ошондо бир ишкана 1 миллиард киреше тапса, анын 111 миллиону салык катары алынып калат. Мурда "Макмал" алтын кени 15 миллион салык төлөп келсе, азыр андан 8-9 эсе көбүрөөк салык төлөп калууда. Анын айынан геологиялык чалгындоо иштерине акча тартыш болуп калууда. Кыргызстанда дагы көптөгөн кен чыгуучу жайлар бар. Ошолордун бардыгын ишке киргизүү керек. Бирок, алардын бардыгын Мамлекеттик геология агенттиги өзү ишке ашыра албайт. Андыктан биз бул тармак боюнча өзүнчө министрлик ачуу сунушу менен чыгып атабыз.
- "Кумтөр" долбоору боюнча эки тарап биргелешкен ишкана түзүү Меморандумуна кол коюшту. Бирок, дагы деле аталган ишкананы "улутташтыруу, келишимди денонсациялоо" темасы уланып келет. Ишкананы улутташтыруудан мамлекетибиз пайда табабы?
- Бул маселе боюнча буга чейин эле эл аралык деңгээлде кадыр-баркы бар эксперттер, өзүбүздүн эксперттер дагы ойлорун айтып келишти. Алардын айтуусу боюнча "Кумтөрдү" улутташтырууга бара турган болсок, ишкананын иши бери эле дегенде 3-4 жылга чейин токтоп калат. Ал эми анда 3,5 миң Кыргызстандын жарандары иштейт. Алардын ар биринин багып жаткан үй-бүлөсү бар. Ошондо бери дегенде эле алардын айлык акыларына 20-30 миңдин тегерегиндеги адамдар көз каранды. Анан элестете бериңиздер, ишкананы токтотуп койсок эмне болот? Социалдык жарылуу болот. Андан тышкары сот иштери башталат. Анткени бизди "Центерра" жана анын акционерлери эл аралык сотко берет. Ошондуктан улутташтыруу маселеси өтө коркунучтуу маселе. "Кумтөрдүн" ишин эч качан токтотпош керек. Кетирилген катачылыктар боюнча канадалыктар менен Кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Менимче, алардын биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимге келгендери туура чечим. Кыргызстандын эли Жогорку Кеңешти шайлаган. Жогорку Кеңеш өкмөттү курады. Демек, азыркы бийликти эл шайлаган. Андыктан өзүбүз шайлаган бийликке, өкмөткө ишеним артышыбыз керек. Алардын биргелешкен ишкана түзүү тууралуу чечимин жападан-жалгыз туура чечим деп айтат элем. Улутташтырууга бара турган болсок, көп нерседен утулуп калабыз.
- Инвесторлорду да качырбай, Кыргызстандын да кызыкчылыгына туура келе тургандай болуш үчүн биз кандай кадамдарды жасашыбыз керек?
- Жогоруда айтып өткөнүмдөй "Кумтөрдү" улутташтырабыз десек, анда инвесторлор бизден биротоло жүз үйрүп кетишет. Анткени алар дагы Кыргызстанда кайсы бир ишти туруктуу жасап кетерине көздөрү жетпей калат. Эч кандай кепилдик жок деген пикирге келишет. Андыктан закондо эмне жазылса ошонун бардыгын аткарыш керек. Мурунку бийлик болсо дагы, ал биздин мамлекеттики болчу экендигин эстен чыгарбашыбыз керек. Мурунку бийлик аркылуу түзүлгөн келишимдерди, эл аралык актыларды да сактоо керек. Менин оюмча мындан ары келечекте үч тараптуу келишимдерди түзүү зарыл. Биринчи тарап өкмөт, экинчи тарап инвестор, үчүнчү тарап жергиликтүү бийлик, жергиликтүү эл. Ар бир тарап келишимге кол коюп жатып, өз моюндарына жоопкерчилик алышат. Ошондо инвестор дагы мыйзам чегинде иштейт, жергиликтүү эл дагы ишке тоскоолдук жаратпайт, өкмөт кепилдик берет.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев