Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Өнөр төр
Закирбек Дүйшөнбек уулу:

"Комуз...
күүнүн сыры...
кайрыктар...
образ жана сахна"

- Закирбек, учурда Ошто чыгармачылык сапар менен жүрүпсүң. Концертиңер кандай өттү?
- Негизи башынан эле башка жумуштар менен бир жактарга барбайм. Сапарым чыгармачылык сапар гана болот. Учурда Ош шаарында жүрөм. Жакын досум Жалал- Абад облусунда концерт коюп, досума колдоо көрсөтүү максатында келгем. Жалал- Абаддан Ошко келдик. Концертибиз жакшы, жогорку деңгээлде өттү. Кудай буюрса, жолго чыкканга да кам көрүп жатабыз.
- Азыркы заманда көпчүлүк жаштар эртерээк атакка жетип, эл оозуна алынганды каалашып эстрадага басым жасап жатышпайбы. Сен эмнеге кыргыздын кан- жаны менен бирге жаралган комузду тандап алдың?
- Бул улуу өнөрдү тандап алышымдын негизги себеби кыргыз болуп төрөлгөнүм. Анан мени жарык дүйнөгө алып келген ата- энем, комузда кол ойнотушкан бир туугандарым түрткү болгон десем жаңылышпайм. Биз үй- бүлөбүз менен өнөр аздектеген, каада-салты болгондо да кыргыздын өзүнө гана тиешелүү болгон салттарын сактаган, комуздун кайрыгы, залкар күүчүлөрдүн күүлөрү менен жашаган бүлөбүз. 4-5 жашымдан тартып эле колума комуз алып, алгач обондуу ырларды, дастандарды ырдап жүргөм. Жөндөмүмдү байкаган ата-энем алты жашымдан баштап айылдагы музыкалык мектепке киргизген. Андан кийин Бишкек шаарына келип Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебине кирип, көптөгөн мыкты комузчулардан сабак алып, 9-классты бүткөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, диплом алгам. Бул менен эле чектелип калбай билимимди өркүндөтүү максатында Улуттук консерваторияга тапшырып Руслан Жумабаев агайдан көп нерсени үйрөндүм. Албетте ырдаш колумдан келет, бирок сахнанын деңгээлинде эмес. Кичинемден комуз чертип, бой жеткенче ушул багытта жүргөндөн кийин аз болсо да, өз журтума, элибиздин уңгулуу өнөрүн жана кылым карыткан кыргыз комузун аздектөө милдетим экенин туюп, бул ыйык жана бийик өнөрдү коомчулукка жеткирүүгө, деңгээлин көтөрүүгө болгон аракетимди жасоодомун.
- Жаңы комуз чертип баштаганда комуз менен эл оозуна алынып, ийгиликке, бийиктикке жетем деп ойлодуң беле? Дегеним, ал кезде комузду эч ким деле укпай калган эмес беле?
- Ийгилик жараттым, бийиктикке жеттим деп айтуу эрте. Бирок комуз өнөрүнүн элге алынып, деңгээли көтөрүлүп бара жатканы мени абдан кубандырат. Сиз туура айтыңыз, биз жаңы комуз кармаган кезде бул өнөр азыркыдай аздектелбей калган эле. Деги эле биздин салттык музыкабыз, төкмөлүк, манасчылык өнөрлөрүбүз ошол кезде көңүл борборунан четте болчу. Биздин сахнаны, маданиятыбызды батыштын музыкалары басып алган эле. Эми акырындык менен өз ордуна келип жатат. Бирок азыр деле мамлекет тарабынан жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай келет. Комузду көтөрүү үчүн мамлекет атайын кароо- сынактарды өткөрүп, мыктыларды сыйлап, дем- күч берип турса, бул өнөргө болгон кызыгуу мындан да артмак. Бирок кыргыз эли жашап турганда комуздун үнү өчпөйт. Себеби кыргыз элинин тарыхы терең, маданияты бай, пейили кенен, өнөр аздектеген бийик эл. Ушундай элдин улуу өнөрүнүн ээси болуп, колума комуз кармап жүргөнүмдүн өзү эле бийиктик деп эсептейм.
- Ата- энең, бир туугандарыңдын баары комузда кол ойнотушат экен. Алар дагы сахна адамдарыбы?
- Жок. Ата- энем сахна адамдары эмес. Баары башка кесиптин ээлери. Бирок кыргыз болгондон кийин кыргыздын улуттук аспаптарын, өнөрүн аздектөө, билүү, ыйык тутуу ар бир кыргыздын милдети деп билишет.
- Комуз менен чоңойгондон кийин күү чыгарбай койбосоң керек?
- Күү чыгарууга мектепте окуп жүргөндө эле аракет кыла баштагам. 6 жашымда атам канча обон билет экенсиң санап көрөйүн деп жанына отургузуп алып, ойнотуп калды. Жалпысынан 10дон ашык обон билет экем. Бирок өзүм оюмдан чыгарып ар кайсыл күүлөрдү черте берип, 40тан ашырып жибергем. Көрсө, ошондо эле ар кандай кайрыктарды жарата баштагам экем. Алгачкы обонум 3- класста жаралган. Азыр репертуарымда 4-5 обонум бар. Көп эле учурда обон чыгарам, бирок унутуп калам. Бир жолу черткен күүнү жаттап калып, кайра чертүүгө мүмкүн эмес. Ал үчүн жаздырып алыш керек. Жаздырып чертейин десең, илхом келбейт. Ошондуктан көп обондор жазылбай калат.
- Күү черткен адам күүнүн тарыхын билип, күүнү түшүнүшү керек дейт. Ар бир ойногон күүлөрдүн тарыхын билесиңерби?
- Бул сөз шакирттерге эмес устаттарга айтылышы керек. Устат ар бир күүнү үйрөтүп жатканда шакирттерине анын тарыхын айтып берип, ал күүнү кандай образда элге жеткириш керек экендигин түшүндүрүүсү шарт деп ойлойм. Ал эми өзүм туурасында айтсам репертуарымдагы ар бир күүнүн тарыхын билем жана эл алдына чыкканда айтып бере алам. Болгону азыр сахнага чыкканда ойноло турган күүнүн тарыхын айтканга мүмкүнчүлүк болбойт. Убакыт тар. Ошол себептен биздин эл чертилип жаткан күүлөргө көп түшүнө беришпейт. Анткени күүнү түшүнгөн адамдар азыр чанда гана. Ошондуктан күүлөрдүн тарыхын айтып, элге түшүндүрүп чертүү керек дейм.
- Күүнү угарманга жеткирүүдө кыймыл -аракет роль ойнойбу?
- Сөзсүз. Кара күүлөрдү черткенде жылмайып отурсаң туура болбойт да. Күү менен адамдын сахнадагы образы дайыма шайкеш келиши керек. Ал үчүн комузчу чертип жаткан күүнүн сырын жандүйнөсү менен туя билип, күү аркылуу айтылып жаткан кайгыны жүрөгү менен өткөрүүсү абзел.
- А өзүң башка бирөө ойноп жаткан күүнүн сырын түшүнө аласыңбы?
- Шаңдуу күү менен кара күүнүн айрымасын дароо эле ажырата алам. Кара күүнүн да кандайдыр бир кайгыны, жаман кабарды айтып жатканынын бамдоого кудуретим жетет, бирок ошол эмне кайгы экендигин так ажырата албайм.
- Өзүңдүн күүлөрүңө кандай баа бересиң. Залкар күүчүлөрдүн күүлөрүнүн деңгээлине жетеби?
- Жетет, ашат, кем калат деп айта албайм. Ар бир жаралган күүнүн, ырдын, дастандын, обондун баасын алуучу учуру келет. Менин күүлөрүмдү эл угуп, эл сындап, эл баалайт. Өзүм эч нерсе айта албайм. Учур көрсөтөт.
- Кыргыздын улуу өнөрүнүн ээси болгондон кийин өз тегиңди жакшы билсең керек?
- Сөзүңүздүн төркүнүн түшүндүм. Жигит болгондон кийин жети атаңды билишиң керек да деп айтканы турсаңыз керек. Тилекке каршы, жети атамды толук билбейм. Бул суроо мага берилген суроолордун эң оору. Ушул суроо берилбесе экен дейм. Себеби, атам томолой жетим өскөн. Калганы түшүнүктүү го дейм.


Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова