Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Айтылбай турган сөз эле...
Эркин Алымбеков,
"Ата-Мекен фракциясынын депутаты, ЖКнын Адам укуктары
жана мамлекетик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасы:
"Мени уят кылган таксистти таптым,
аны менен эркекче сүйлөшөм..."
- Эркин мырза, алгач сиз жетектеп жаткан комитет карап жаткан Акыйкатчыны шайлоо маселесинен сөз кылсак. Шайлоо кайсы күнгө белгиленди?
- Буйруса, келаткан бейшемби күндүн күн тартибине алып чыгууга даярданып жатабыз. Биринчи кезекте программасы барларды, жыйындарга үзбөй катышкандар чыгат. Жыйындарга келбей жүргөндөрдү да алып чыгабыз, бирок алардын талапкер болуп буга чейин жыйындарга себепсиз катышпай жүргөндөргө артыкчылык берилбейт.
- Акыйкатчыны тандоо жана шайлоо маселеси өтө эле көпкө созулуп кетти. Ошондон уламбы, 50дөн ашуун адам талапкер болушту окшобойбу...
- Биз бул маселени карап жатканда, убакытты атайын узак койгонбуз. Анткени, мен Акыйкатчы болом дегендердин баары катышсын, баары ачык жана таза өтсүн деген ниетте койгонбуз. Негизи мыйзамдын нормасы менен бир айдын ичинде (ЖК иштеп жаткан учурда) Акыйкатчыны кезексиз жыйын чакырып туруп, шайлап койсок деле болмок. Бирок коомчулук жана эс алуу учурунда талапкерлигин коё албай калгандар: "жоодон качкандай шайлап салышты, шашпай, тандап шайлашса, биз да катышмакпыз, катыша албай калдык, өзүнүкүн эле жылдырып шайлап алышты " деген сөздөрдү айтмак. Биз ошондой сөздөн алыс бололу, потенциалдуу талапкерлер чыксын деген ниет менен, убакытты кенен койдук. Коомдук, фракциялардын талкуусун, тегерек столдорду, ачык жыйындарды өткөрдүк. Талапкерлердин, коомдук ишмерлердин баары Акыйкатчы маселеси боюнча өз ойлорун айтышты.
- "Шайлоодо Асия Сасыкбаева тандалат. Анткени анын артында "Ата Мекен" жана сиздин комитет турат"-деген кептер да бекеринен айтылып жатпаса керек...
- Минтип айткандарга жок деп четке кага албайм. Менин байкашымча, 50дөн ашуун талапкерлердин 10дон ашыгы Акыйкатчы болууга татыктуу адамдар десем болот. Ал эми партиялашым Асия айым, буга чейин өзүнүн ким экендигин таза эмгеги менен көрсөткөн. Бул мактагандык эмес, чындык. Анткени көп жылдар бою адам укугун коргоо багытында үзүрлүү иштеп келди. 2005-жылдагы революцияда Конституциялык кеңешмесинин төрагасынын орун басары болуп, өзүнүн активдүүлүгүн, чечкиндүүлүгүн көрсөткөн. Кыскасы, мен кесиптешим Асия айымды татыктуу талапкер деп эсептейм.
- Акыйкатчы болобуз дегендердин арасында акча сунуштап, тааныш-билишер аркылуу аракет кылгандар да болсо керек. Андай жок, баары идеалдуу деп так кесе айтуу кыйын го...
- Ошондой далилдер болсо ачык айткыла, алып чыккыла. Биз андайга жол берген жокпуз жана бербейбиз дагы. Анткени менин позициям баарына белгилүү. Анын үстүнө талапкерлердин материалдык абалы бирдей, ашып-ташыган байлыктары да жок. Баары билимдүү, өз эмгектери менен нан таап келаткан адамдар. Бир сөз менен айтканда, Акыйкатчыны шайлоого байланышкан коррупция маселеси болушу мүмкүн эмес.
- Сиздин жеке турмушуңузга байланыштуу суроо. Жакында эле сиздин мас болуп алып, көчөгө заара ушатып, телефондон ар кимге чалып жатканыңыз тууралуу тасма интернетке чыкты. Коомчулук аны кызуу талкуулап, сизди катуу сындап турган чагы. Бул боюнча эмне айтасыз?
- Туура. Ал интернеттеги тасма боюнча ар ким ар кандай айтып жатканын өзүм да билем. Биринчиден, ал тасма жасалма, андай-мындай деп айтпайм. Жалган эмес, чындык. Ошон үчүн мен коомчулуктан ошондой жагымсыз ахыбалым менен интернетке чыгып калгандыгым үчүн кечирим сурайм. Бирок баса белгилеп айта кетчү сөзүм бар. Ал күнү кореялык досторум мени кызым, неберем менен Чыгыш-5те жайгашкан корей ресторанына чакырып, чогуу тамактанганбыз. Кызым менен неберем иштери менен Мадина базарына (түштөн кийинки убакыт) менин айдоочумду айдатып кетишкен. Мен болсо, коноктор менен кечке чейин олтуруп, ал жактан чыккандан кийин: " айдоочум эс алсын, кыйнабайын" деген ниетте, кызуу абалым менен фирманын эмес, жеке таксистти тосуп, үйдү көздөй айдаткам. Жолдон чоң бактын түбүнө заара кылганым да чын. Артымдан ал таксистти телефондун камерасына тартып жатканын кайдан билиптирмин. Эми антип турмуш кыстап жатса, андайды миллиондогон адамдар деле жасайт да. Бирок мен таксистке тийишип, же анын акчасын бербей койсом бир жөн. Эмне себептен мени камерага тартып алып, коомчулукка жар салганына түшүнбөйм. Ал деле эркек да, анын да башында бар дегендей. Ал: "менин машинемде баары тасмага тартылат" деп ачык айтса болмок. Менимче, ошол тасманы интернет- сайттардын бирине саткан болуш керек.
- Бул тасма сиздин аброюңузду бир топ эле түшүрүп койду да. Коомчулуктун: "бийик трибунада кооз сүйлөшөт да, мындай чыкканда өздөрү этиканы сакташпайт" деген туура сынына кошуласызбы?
- Менин аброюма доо кеткени чын. Мен коомчулуктун алдында уят болуп, бир топ эле оңтойсуз абалда болуп калдым. Себеби, буга чейин менин артымдан мындай жаман сөздөр айтылган эмес. Эч кандай жаман иштерге барган эмесмин. Буга коомчулук өзү күбө. Мен таксисттин бул кылган ишин пасчылык деп эсептейм. Себеп дегенде мен атайын элге көрүнбөйүн деп, коопсуздукту сактап таксиге олтурсам, аны кылган акмакчылыгы ушундай болду. Кокус мен таксиге олтурбай, ошол таксист бала көчөдө темтеңдеп баратканымды тартып алса, анда каршы да болбойт болчумун.
- Таксистти таап сүйлөшө алдыңызбы? Тапсаңыз кандай жазалайсыз?
- Мен балдарым аркылуу ал таксист баланы таптым. Ал негизинен башка жумушта иштейт экен. Бош убактарында гана эл тартып, кошумча акча таап жүргөн жигит экен. Жакынкы күндөрү аны мага алып келишет. Мен өзүмдү сабырдуу кармап, анын көзүнө тик карап, көргүм келип турат. Максаты эмне экенин, кимге сатканын, ким чыгарганын сурайын деп жатам. Эгер эркекче сүйлөшөм десе, эркекче сүйлөшөм. Мен өзүм, жаш кезимен спорт менен достошуп келаткан адамдардын биримин. Ушу кезге чейин, күнүгө эртең менен чуркап, бир саат машыгам. Андыктан мен кимдир бирөөгө жемимди жедирбейм деп ачык айта алам.
- Комитеттин аткарып жаткан иштери тууралуу сөз кылсак... Мисалы, силердин комитет сот реформасын ишке ашырууга толук кандуу катышып жатат да...
- Сот реформасын жүргүзүүгө түздөн-түз катышпасак да, бизге тиешелүү маселелер боюнча катышып жатат. Мисалы, Конституциялык мыйзамдар менен жөнгө салына турган маселер бар да. Мен өзүм соттук реформа тобуна мүчөмүн. Ал эми бул боюнча төрт эксперттик топ түзүлгөн. Чынында сот реформасы бир топ эле узакка созулуп, жай жүрүп жатканын мойнубузга алышыбыз керек. Бирок буга да, обьективдүү жана субьективдүү себептер болду. Аны азыр баарын санап айтып олтуруунун анча кажети жок. Ошон үчүн кыскарта айтканда, биз жакында Кылмыш кодексине, граждандык кодекске ж.б. кабыл алынган мыйзамдын негизинде өзгөртүү жана толуктоолорду киргизебиз. Буйруса, ал мыйзамды октябрдын аягында парламентке алып чыгабыз.
- Соттор таза иштебей, коррупция менен жашап жатса, сот реформасы өз максатына жетет деген өзүнчө эле жомок болуп калат го...
- Туура, биз биринчи кезекте соттордун талапка ылайык иштеп, коррупциядан алыс болушу үчүн, аларга бардык шарттарды түзүп беришибиз зарыл. Биринчи кезекте, алардын айлык-маянасын мүмкүн болушунча көтөрүшүбүз абзел. Мисалы, жергиликтүү соттордукун 2000 долларга, ортоңку инстанцияныкын 2500 долларга, ал эми Жогорку Соттукун 3000 миң долларга жогорулатып бергенге аракет кылып жатабыз. Мамлекеттик бюджет канча кыйналса да, айлыктарды ушундай деңгээлге чыгарышыбыз талапка ылайык болот. Анан ошондо, таза иштебеген сотторду коколоп, катуу суракка алсак болот. Эгер ушу бойдон калтырсак, анда эч кандай жылыш да, өзгөрүү да болбойт.


Маектешкен
Айбек Шамшыкеев