Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Доор жаңырыгы
Мезгилден өткөн сынчы жок

Калайык жаны
кашайганда айтат
Ар бир чиновник өзүн зор ойлоп турат. Чынында эле анын зыңкыйгандай кызматы, анын аркасы менен жыйып алган байлыгы бар. А кылган иши эмне дейт. Көпчүлүгү эл тагдырын, эл турмушун, мамлекет кызыкчылыгын ойлобой эле керт башынын жыргалын ойлоп, күң тамак болуп күйпөлөктөп жүрүп жатпайбы. Же андай эмеспи. Чептей болгон, бастиондой болгон дворецтерди куруп алган чиновниктерди көрдүңүз беле?! Андай аткаминерлердин жашоосун ар бир кыргыз жакшы билет. Өздөрүнө накта "коммунизмди" ошолор куруп алышкан.
Эми ошолор эл үчүн деп бир клуб салып коюштубу. Тескерисинче элдин китепканасын, балдар бакчасын жана башка турмуш-тиричилик мекемелерин, ашкана, дүкөн, дагы толгон- токой чарба жайларын текейден арзанга менчиктеп, өзүмдүк кылып алышканын айта берип тил тешилди. Клуб салганды айтабыз да, тескерисинче казинолорду, сауналарды, "өркөнү өскөн" интернет-кафелерди, жан жыргаткан сайран дворецтерин, анан да заңгыраган тойканаларын куруп салышты.
Алардын кызматынан акчалуулар гана пайдалана алары турган иш да. Акча деген кайда кетип жатат, албетте мамлекеттин казынасына эмес, көпөстөрдүн " кампасына" куюлуп жатат да. Башкасын кой түшкөн пайдадан берекесин берсин деп салыгын эле ырастап мамлекетке төлөп турушса кудайдын кулагы сүйүнбөйт беле Эл жаны кашайганда айтат экен. Аны жазчулары жазат экен. Андан эч нерсе оңолуп, же өзгөрүп кетпейт дешет, бул да чындык. Коомдук пикир айтылып жатат, мунун маани-маңызы да абдан чоң. Ал жөн салды эле айтылып калган сөз эмес. Тегин жеринен айтылбайт. Ушунун өзүндө тоо силкинтер дүрмөт жатат.

Эл элегинен
өткөрүлсө
Көп партиялуулук дегениңдин зыңгыраган сыны, калдайган карааны эле болбосо, жакшы жагына тартар касиети анчалык деле болбосо керек. Ар кимиси туш келди тартып, өз кызыкчылыгын эле ойлоп жатпайбы. Эл кызыкчылыгын, мамлекет таламын аркалаганы чанда. Ар бир партия өзүнүкүн ала чаап, эл пикири эске алынбай калып жатпайбы. Өңчөй колунда барлардын заманы болуп калып жатпайбы. Шайлоолордо ошолор өтөт. Ар кандай кызматтарда ошолордун өкүлдөрү жүрөт. (Эр болсоң бирдеме деп көр). Бөйөн, чаян тили бир дегендей. Анан кантип карга карганын көзүн чукусун.
Илгери "оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" деген макал бар эмес беле. Бул макал ушу кезде да эске көп түшчү болду. ("Пулуң болсо кулуңмун" деген жолго түшүп жүргөндөрдү акыры келип түбүндө кусур урар). Колунан келеби жокпу кызматка тырмышып, эки тизгин бир чылбырды талашып жүргөндөрдүн көпчүлүгү ошолордун катары. Өз билгениндей дүңкүлдөп үстөмдүгүн жүргүзүп жатышат.
Акылы тетик, билими болумдуу, бирок, колу жука бирөөнүн эл өкүлдүгүнө шайланып, же бир алгылыктуу кызматка жеткенин көрө алдыңызбы. Эл арасында билим десе билими бар, сабыр десе сабыры бар, акылы терең генийдей ой калчаган алысты көрө билген не бир чыгаан азаматтар жүрөт жону жука болуп чоң жарышка чыга албай. Аларды алып чыгып эл кызматын аркалатса болбойбу. Дегиси, мурда жогорку кызматтарда иштеп жүрүп мамлекет астында күнөөгө баткандар, абакка олтуруп чыккандар, кылмышкерлерге шериктеш болуп жүргөндөр чоң сынактарга жолотулбаса келечегибизге жакшы боло турган. Ошондуктан, мындан ары көптөгөн партиялардын шайлоого, аламан байгеге чыгара турган кыраандарын да чын эле алар татыктуубу деп туруп элдин элегине салыш керек. Ошого ылайыктуу түзүмдү (системаны) тезинен иштеп чыгуу керек деген ой келип турат. Антпесе, сүрмө топ болуп сүрөөнгө түшкөндөрдүн арасында орто заарын айтпайлы, сабаты төмөн, өзүнүн деңгээли,жүрүм-туруму менен элди иренжиткен көз карашы тайкы пенделер келип калып жатпайбы.
Дегиси, эл көзү көрөгөч, жайнаган партиялардын эмне максат менен эмне тирилик кылып жатканы эл сынагына коюлуп турушу керек. Ошондо партиябы же " хартиябы" кимиси ким экени ачык көрүнөт.
Антпесе, шайлоо болсо эле ошолордун баары чама -чаркына карабай өпкөсү көөп аламан байгеге түшүп, элди убарага салып, мамлекет тагдырын чечер олуттуу сынакка доо кетирип, ар кандай шек түшүрүп, ашкере түйшүк жараткан турбайбы. Анын кимге кереги бар.

Алгандын
бермеги болот
Кыргызстандыктар, мамлекет дагы кудайга шүгүр экономикалык оорчулуктарга, ар кандай кыйынчылыктарга чыдап, түтүп келет. Арийне, чыдоонун да чеги болот эмеспи. Андай азаптан туура жыйынтык чыгарып чыгып кеткенге эмне жетсин. Ырас, кечигип жатабыз, көйгөй үстүнө көйгөй жаралып дегендей. Буйруса, анын эл кубанткан убагы да келер. Дегиси, бардык жакшы ой-тилекти ишке ашыруу аракеттерин тез жүргөнү жакшы.
Турмушта эч качан жоктон пайда болбойт, бар туруп жок болуп кетпейт эмеспи. Бирок, теңир ыроологон ушул мыйзамдын терең маанисин аңдап түшүнө албагандар деле турмушубузда толтура окшойт. Жемкорлукка каршы күрөштү күчөтөбүз деген кеп тынбай эле айтылып келе жатат. Бул жакшы жышаан. Мына ушул айбат сүрү республикабыздын Жогорку Кеңешинин үчүнчү чакырылышында кабыл алынган "Капиталды легалдаштыруу" мыйзамын чакыртып алуу менен коштолсо натыйжасы да бир кыйла жакшы болмок деген ой кетет. Миллиондогон кредиттерди алгандар ушул мыйзамдын негизинде жеңил-желпи кутулуп чыга беришкенин ким билейт. Анысы ал дечи, бирок, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк банктан алган 2,5 миллиард доллардын дартын кантебиз. Ал азыр деле мамлекетибиздин, элибиздин мойнунда көкөй кести болуп илинип турбайбы. Ири көлөмдөгү кредиттерди алып өз кызыкчылыгына пайдаланып койгон " киттер" төлөп бериши керек эмес беле. "Алгандын бермеги болот" деген накыл эмнени айтып турат. Мындан туура жыйынтык чыгарылса кана.

Өз ырыскыбызга
өзүбүз ээ бололу
Кумтөр кени, анын тагдыры жөнүндө канчалык күйүп-бышып айтып, жазбайлы, баары бир анын көйгөйү турмушубузга түшкөн көкөй кести болуп асманыбызда булуттай айланып турат. Кумтөр кенинин иштетилиши биздин элдин саламатчылыгына, табиятыбызга кандай таасир этет. Пайдасынан зыяны көп болор. Арты жакшылык болсо экен деп тилейсиң.
Кенди иштеткендердин 230 тонна алтын өндүрүп анын 1,5 тоннасын гана Кыргызстанга бергени эмне алдаганыбы, теңсинбегени, же шылдыңыбы. Эмнеси болсо да кичине кепке келимиш болуп ийилген түр көрсөткөнү менен ары жагында билгениңерди кылып алгыла дегендей "мурдун балта кеспей турбайбы" аларыңдын. Келишимди амалкөйлүк менен мыйзамга таяп тууралап алганына, анан да өздөрүнө боордош шериктеш "колдоочуларына" таянып тургандай.
Эмнеси болсо да чет элдик "алтын казгычтар" өз билгенин кылып, "өтүгүн төргө илип жатышат". "Жамандын коногу бийлейт" деп элдик накылда айтылгандай эле болуп жатпайбы. "Кайсыл жерде жашасаң ошол жердин ырын ырда" деген макалдын маанисин конокторубуздун сезбей жатканыбы, айтор кенебей жатканына жаның кашаят. Аларды өтө эле тайраңдатып төбөбүзгө чыгарып жибергендейбиз. Дагы да болсо кеч эмес. Өз ырыскыбызга өзүбүз ээ бололу. Намысты алдырбайлы, кыргыздар!
Бизди дүйнө жүзү карап турганын унутпайлы, бир боорлорум!

Өткөн тарыхыбызды
урматтайлы
Кудайга тообо кылдым. СССР ыдыраганда Карл Маркстын "Капиталын" чанып, марксизм-ленинизм окуусун жектеп чыккандар болбодубу. Шумдугуң кур, эми бул душмандардын кылган иши да. Мурдагы бийликтин, кулатылган падышалардын укум-тукумдары, урпактары, экинчи дүйнөлүк согушта жеңилип калгандардын "туяктарынын" аракети күчтүү болуп акыр түбү көздөгөн кара ниет максаттарына жетип тынышпадыбы. Тынышпадыбы деп коем да, кайдан тынчып калышсын, дагы деле өпкөлөрү өргө чаап, тымызындан үстөмдүккө умтулуп дөөгүрсүп жатышпайбы. ( Аны өзүңүз билесиз. Биз маңкурт эмеспиз) Бул адам пендесине илешкен өзүнчө бир коркунучтуу илдет тура. Анын кесепеттеринен кудай сактасын!
Карл Маркстын окуусун турмушка ашырган В.И.Ленинден өткөн кандай теоретик, стратег, жол башчы бар экен. Жалпысынан бир беткей жаман деп тарых жолуна таш тоголото берген болбойт. Өлкөнү тарыхтын катаал сыноолорунан, ички жана тышкы душмандардын калабалуу кесепетинен сактап, дүйнөлүк экинчи согушта жырткычтыгы ашынган фашизмди жеңип чыгууда, андан ары бүлүнгөн эл чарбасын калыбына келтирүүдө, жаңы жеңиштерге баштап чыгууда В.И.Лениндин шакирти И.В. Сталинден өткөн мамлекет башчысы бар бекен. Калгандары баары эле катарынан бүлүндүрүп келишпедиби. Эми анын кайсы бирин айталы. Баарын тарых өзү эле айтып турбайбы.
Азыр биз эмне кылып жатабыз. Кайсы өнүгүү жолуна түшүп баратабыз. Капитализм дегеле калайык-калкка бак-таалай алып келген эмес. Аны тарых да тастыктап турат. Элге бак-таалайды, кой үстүнө торгой жумурткалаган заманды социалисттик түзүлүш гана бере аларын айткан замандаштарыбыз көп. Азыр да ушул жол менен дүркүрөп өнүгүп,элин жакшы турмушка жеткирип жаткан мамлекеттер бар. Маселен, алыска барбай эле кошуна Кытай өлкөсүн алып көрүңүзчү. Өнүгүү боюнча дүйнөлүк айдыңга чыгышты. Кеп, кандайдыр бир түзүлүштө деле болбосо керек деп ойлоп кетесиң. Мына ушул жагдайда акыл калчап, ой чаргыта берсеңиз келечек жарык боло берет.
Азыр Сталин заманын, анын куруучулук, түзүүчүлүк күчүн баалап тургандар четтен чыгат. Аны эч ким жокко чыгара албайт. Биздин өлкөнүн өткөнү ошол Сталин заманы менен байланыштуу. Бул тарых, эч ким тана алгыс чындык. Тарыхтын кээде кайталанма жагы да болот. Ушу кезде Лениндин карааны алыстан бүлбүлдөп көрүнө баштаганын айткандар бар. Көпчүлүк мамлекеттерде ушундай болуп тургандай.
Учурунда Маркстын, Лениндин илиминен оозангандар азыр ар кайсы мамлекеттерде бийлик башына келип, рынок экономикасынын күүсү менен эл башкарып жатышпайбы. Анын күңгөй-тескейин элден артык эч ким айта албайт. Жакшылыгы көп болсун. Кептин баары анын түпкү уңгусунда, түпкүлүк максаттарында эмеспи. Элден өткөн сынчы жок. Баарына мезгил өзү тараза болот.

Меңдибек Асылбеков