Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Миграция көйгөйү
Бектур Абдыкадыр уулу, "Жаңы муундун коалициясы" коомдук бирикмесинин төрагасы:
"Өзүн сыйлаган мамлекет
мыйзамсыз миграция менен
күрөшүүсү зарыл"

- Кыргызстандагы миграция көйгөйү эмнеден келип чыкты?
- Жумушсуздук Кыргызстан эгемендүүлүктү алган күндөн бери эң маанилүү көйгөйгө айланды. Эсил кайран СССР учурунда шакылдап иштеген завод, фабрикалар Союздун союлушу менен аларда жоюлду. Таланып-тонолуп, менчиктештирилип кетти. Миллиондогон адамдар ишсиз калышты.Тыңыраактар бизнеске өтүп өз арбайын сого башташты, айрымдар мамлекеттик кызматтын арты менен ичип-жеп элдин мүлкүн жалмап байышты. Бирок жумушка жарамдуу аял-эркек , бука моюн, бура сан жигиттер жумуш издеп казактын талаалары аркылуу Орусияга ошол эле Казакстанга жана Батыш өлкөлөрүнө кетишти. Миграция маселеси мына ушул учурдан тарта курчуп баштады. Кыргызстандын ички эмгек рыногундагы чыныгы адистер четке кетип кесипкөйлөргө муктаждык жаралды. Ошол эле маалда Кыргызстандын ички эмгек рыногун чет өлкөлүктөр толуктай баштады.Бара-бара алардын саны өсүп, натыйжада ички эмгек рыногубуз коргоосуз калды.
- Эмне максат менен коомчулука билдирүүлөрдү кылып атасыңар жана чет өлкөлүктөрдүн көбөйүшү чынбы?
- Мыйзамсыз миграция болбошу керек. Өзүн сыйлаган мамлекет мындай мыйзамсыз жараян менен күрөшүүсү зарыл. Биз мыйзамдуулукту талап кылып жатабыз.Маселенин экинчи жагы ата-мекендик эмгек рыногун коргоо. Мыйзамсыз чет өлкөлүк эмгек мигранттары ээлеп алган жумушчу орундарын 60 миңден ашык Кыргыз Республикасынын жумушсуз жарандарына кайтарып берүү. Мыйзамсыз иштеген чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын көбөйүшүнө өз көзүбүз менен күбө болуудабыз. Мисал келтирсек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык 2012-жылдын 11 айында чет өлкөдөн 101,890 адам кирген болсо, анын ичинен 15,713 адам ишкердик виза менен, 7730 адам жумушчу визасы менен кирген. 2012-жылдын 11 айында эле биздин мамлекетке 23,423 адам ишкердик жүргүзүүгө жана ар кандай жумуштарда иштөөгө келген. Демек, берилген квотадан 13,423 адам ашып кеткен, бул Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндөгү" жана "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндөгү" мыйзамдарынын, ошондой эле Өкмөттүн квота бөлүштүрүү боюнча токтомдорунун бузулушуна алып келүүдө.
- Чет өлкөлүк эмгек мигранттары кандай тармактарда иштешет?
- Албетте, алар ар кайсыл тармактарда иштеп жүрүшөт, алардын көпчүлүгү соода, тейлөө, курулуш, өндүрүш, медицина, айыл-чарба жана башка тармактарда иштешет. Учурда Кыргыз Республикасында экономикалык ар кандай тармакта 200дөн ашык Кытай ишканалары иш алып барат. Алардын жумушчуларынын дээрлик көпчүлүгү чет өлкөлүк жарандар андан сырткары чет өлкөлүк эмгек күчтөрү Кыргызстандын ири соода жайлары болгон : "Дордой", "Карасуу", "Мадина", "Таатан" базарларында иштешет. Ошондой эле мамлекеттер аралык келишимдер менен иш алып барган ири долбоорлордо дагы чет өлкөлүк эмгек мигранттары иш алып барышат мисалга алсак: Бишкек-Торугарт автожолун курууда Кытайлык "China Road" ишканасында, өкмөттүк ири "Датка-Кемин" долбоорун дагы кытайлык электр курулуш ишканасы "TBEA" ишке ашырып, Кытай жарандары ишке тартылган. Чет элдик жарандар тарабынан ачылган ишканалар көпчүлүк жумуш орундары Кыргызстандын жарандары ээлейт деп келишет бирок, тажрыйбалар көрсөтүп жатат андай эместигин, тескерисинче чет өлкөлүктөр көп. Мунун себебин алар "биздин жумушчуларга коюлуучу талаптарга Кыргызстандын жарандарынын билим деңгээли жана квалификациялары жооп бербейт"- деп түшүндүрүшүүдө. Бул актанууга жатпайт. Себеп дегенде, Кыргызстанда көптөгөн ЖОЖдор жана көптөгөн техникалык окуу жайлар бар. Ал жерлерде жогорку билимдүү жана техникалык билими бар адистерди даярдашат. Башкача айтканда кесиптик билимим бар жаштар толтура. Бул жерде геосаясат болуп жатат. Ар бир чет өлкөлүк атуул өз улутунун, мамлекетинин кызыкчылыгын көздөйт жана алар бизге канчалык инвестиция салса аны эки эсе чыгарып кетүүгө арекеттенет. Ошол себептен, өз өлкөсүнүн жарандарын жумушка тартып жатышат. Бул жерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары утулуп жатат.
- Мыйзамсыз миграция коопсуздукка таасирин тийгизиши мүмкүнбү?
- Кыргызстандагы мыйзамсыз миграциянын күч алышы өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудуру менен түрдүү терс көрүнүштөрдү алып келет. Мыйзамсыз миграциянын күч алышы менен мыйзамсыз мигранттардын арасындагы кылмышкерлер жана кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарыбынан коомчулуктагы кылмыштуулуктун деңгээлинин өсүшүнө алып келет. Мисалы: адам сатуу, курал сатуу жана баңгизаттарын сатуу менен дагы дал ушул мыйзамсыз мигранттардын өкүлдөрү алектенип келгендерине күбө болуп келүүдөбүз. Андан сырткары мыйзамсыз миграция жараяны "көмүскө экономиканын" өсүшүнө, мыйзамсыз эмгек рыногунун кеңейүүсүнө, улут аралык чыналууга жана саясий-экономикалык кооптонууга алып келет.
Мыйзамсыз миграция жараянын токтотууга багытталган иш-чаралар миграциялык мыйзамды чыңдоого багытталуусу керек. Ошондой эле ал мыйзамдардын эмгек мигранттары тарабынан кынтыксыз аткарылуусун тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан катуу көзөмөлгө алуусу керек.Соңку убактарда чет өлкөлүк жарандар менен жергиликтүү элдин ортосундагы чыр-чатактар көбөйүп баратканын угуп, көрүп жатабыз. Ошондуктан, чет элдик жарандар биздин өлкөгө кайсы себеп менен келип жаткандыгына жана эмне ишмердик менен алек болуп жаткандыгына мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Антпесе, азыркыдай болуп чет өлкөлүктөрдү биздин өлкөгө эсепсиз киргизе берсек мамлекеттүүлүгүбүздүн жоголуп кетишине да коркунуч жаратышы ыктымал.
- Сындаган өтө оңой иш сиздерде сындан башка сунуштарыңыздар барбы?
- Албетте биз курулай доомат койгондон алыспыз. Жөндүү сунуштарды айтып чыгып аны жогорудагы аты аталган органдарга кагаз жүзүндө бергенбиз.
Алар: Кыргыз Республикасындагы миграция процессин жүргүзүүчү бирдиктүү мамлекеттик кызматты түзүү жана ал кызматка ушул тармакты толук көзөмөлдөөгө укуктук мүмкүнчүлүктөрдү берүү кажет. Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин 75-1- беренесине өзгөртүү киргизүү.Тактап айтканда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана колдонууда миграция мыйзамдарын бузгандарга салынуучу айып пулдун коломүн жумуш берүүчүлөргө жана кызматтык абалдагы адамдарга 100-200 эсептик көрсөткүчкө чейин, юридикалык жактарга 300-500 эсептик к көрсөткүчкө чейин көбөйтүү. Чет өлкөлүк жаран тарабынан тактап айтканда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана колдонууда миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айып пулдун көлөмүн 50-100 чейинки эсептик көрсөткүчкө көтөрүү ошондой эле ушул берененин негизинде мыйзамдарды одоно бузгандыгы үчүн мамлекеттин аймагынан чыгарып салуу (депортация) процесин жеңилдетүү керек. Бул албетте миграция процессине тиешеси бар жумуш берүүчү жана жумушчулардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талаптагыдай аткаруусуна түрткү бере алат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасында дүң жана чекене соода-сатык чөйрөсүндө жеке ишкерчилик менен алектенген жарандыгы жок чет элдик атуулдардын санын тактоо жөнүндөгү" токтомдорунун талаптагыдай аткарылышы учур талабы. Дагы бир сунушубуз чет өлкөлүк жарандарды жумушка тартаарда анын кесиптик билим деңгээлине карап тандоо.Чынында ал жумушчу биздин мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө салым кошо алабы.Ал адиске Кыргызстан муктажбы ушул жактары каралса мыкты болмок.

Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу