Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Иштесең ийгилик келет...
Мелис Турганбаев,
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси:
"Түнкү Бишкектен
коркпогула! биз бар..."

- Жолдош Генерал, учурда Бишкек шаарындагы кылмыштуулуктун деңгээли кандай? Өткөн жылга салыштырмалуу айтып берсеңиз?
- 2013-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарында 7152 кылмыш катталды. Алардын ичинен 4016сынын бети ачылган. Ал эми былтыр 7155 кылмыш катталган. Быйылкы катталган кылмыштар өткөн жылдын 8 айына салыштырмалуу 326га көбүрөөк ачылды.
Кылмыш иликтөө багыты боюнча 6083 катталып, анын 3246нын бети ачылды. Бул былтыркы жылга караганда 233 кылмыштын бети көбүрөөк ачылганынан кабар берет.
- Оор кылмыштар боюнча айтсаңыз?
- Эң эле оор кылмыш - бул адам өлтүрүү болуп эсептелет. Мына ушул кылмыш боюнча 8 айдын ичинде 45 факты катталды. Анын 43үнүн бети ачылды. Зордуктоо боюнча 94 кылмыш катталса, анын 92синин бети ачылды. Тоноочулук кылмышынан 712си катталып, анын 388ин ачтык. Каракчылык 107, алдамчылык 924 катталган. Бул кылмыштар да 80-90 пайызга ачылды. Быйылкы жылы шаарыбызда 2882 жарандын кылмыш ишин жасап, алардын ичинен 2824ү кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
- Шаарда күндүзгүгө салыштырмалуу түнкүсүн көп кылмыш катталат эмеспи. Мисалы, кафе-ресторандардагы мушташтар, көчөдөгү тартип бузууларды алдына алуу маселеси кандай? Сиз бул кызматка келериңиз менен түнкү милициянын иштешин камсыздаган элеңиз....
- Биздин ишке ашкан чоң долбоорубуз бул-түнкү милиция. Мурда Бишкек шаарында туруктуу түнкү милиция болбогондуктан күзөттө турган милиция кызматкерлери түн ичинде болгон кылмыштарды жана тартип бузууларды ооздуктоого жетишкен эмес. Негизи биздин шаарда көбүбүзгө билинбеген менен өтө эле "көңүлдүү" жана "сырдуу" жашоо бар. Ал жашоонун каармандары кимдер экенин айтып олтуруунун кажети жок. Биз түнкүсүн катталган кылмыштардын баарын анализ кылып көрүп, ошонун жыйынтыгында 2012-жылдын 30-декабрында түнкү күзөт милициясын түздүк. Түнкү милицияга бөлүнгөн ар бир машинеге (25 машине бар) GPS орноттук. Ар биринде үчтөн кызматкер кечки саат 9дан таңкы саат жетиге чейин шаарды кыдырып, көзөмөлдөп турушат. Алардын кайсыл жерде жүрүшкөндүгү бул жакта борбордук монитордон көрүнүп турат. Мисалы, Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде кимдир бирөөнү тоноп кете турган болсо, жабырлануучу адам, же окуяга күбө болуп калган жарандар бул тууралуу 102 номуруна чалып билдирсе, 5 мүнөттүн ичинде, кечиккенде 7-8 мүнөттө ошол түнкү күзөт милициясы ал аймакта болуп, курчоого алып калат. Ушундай оперативдүү иштин негизинде буга чейин түнкү милиция тарабынан бүгүнкү күнгө чейин 300гө чукул оор кылмыштардын бети ачылды. 184 457 автомашина текшерилип, 8641 административдик материал толтурулган, мас абалында автомашина айдагандардын 2126 кармалган. Айтор, түнкү милиция жигердүү иштеп жаткан соң, түн ичинде тартип баштагы жылдарга салыштырмалуу көзөмөлдө турат деп айтсак болот.
Ал эми буга чейин шаарда 2 эле түнкү күзөт тобу иштеп, алар эч нерсеге үлгүрбөй, жарандар "милиция чакырсак келбейт" деп жатышчу. Эми андай жок, бардыгы жогоруда мен айткан катуу тартипте иштеп жатышат.
- Сиз кызматка келгенден тарта, шаардын тегерегиндеги милиция көрбөй жашап келишкен ондогон жаңы конуштарга милиция пунктуларын ачуу менен алексиз? Муну реформанын бир кадамы деп эсептесек болобу?
- Мен мурун бир топ жыл шаардык милицияда иштегендиктен улам, шаарыбыздын жана анын тегеректеп жайгашкан жаңы конуштардын да көйгөйлөрүн жакшы билем. Азыркы Бишкекти мындан жыйырма жыл мурунку Бишкек менен салыштырып болбойт. Борбор кыйла чоңойду, 50гө жакын жаңы конуштар пайда болуп, калктын саны эки эсеге көбөйдү. Биздеги ченемдер боюнча, мурда бир аймактык милиция кызматкери 500дөн, 700ге чейинки элди тейлеш керек болсо, учурда аймактык бир милиция кызматкери 1500ден ашуун адамды тейлөөгө аргасыз болуп калган. Буга кошумча ошол кызматкерлердин жер-жерлерде отуруп иштей турган, калктын арыз-даттанууларын кабыл ала турган иш имараты же бөлмөсү да болгон эмес. Райондук бөлүмдөн чыккан аймактык милиционер жаңы конуштарга жеткенче эле түш болот, кайра кайтып келгенче кеч кирет. Туруктуу иш орду жок болгондуктан, жашоочулар керек маалда милицияны таппай убара. Биз бул маселени биринчилерден болуп чечүүгө аракет кылып, министрликке, мэрияга, башка демөөрчү болуучу тараптарга кайрылып, чечкиндүү түрдө ишти баштадык. Бардык жаңы конуштарга, жалпысынан 40 милиция пункттарын ачтык. Жакында шаардын мерчемдүү жерлерине дагы 14 милициянын атайын таяныч пункттарын ачканы жатабыз.
- Түнкү милиция сыяктуу жаңы долборлорду ачуу учурдун талабы болуп турганын жашырууга болбос. Ушул маселе боюнча пикириңизди уксак...
- Ошол сиз айткан натыйжалуу жаңы долбоорлордун баары ИИМдин жалпы реформасынын негизги чоң бөлүктөрү болуп калышы абзел. Биз ушундай максат менен шаардык милицияда реформанын багыттарын аныктай турган кадамдарды баштадык. Мисалы, бир эле мезгилде бир нече жаңы долбоорлорду ишке ашыруу аракеттерин көрүп жатабыз. Айтсак, жогоруда айтылган "Түнкү милиция", "Милициянын таяныч пункттары", "Коопсуз короо" жана "Коопсуз мектеп" долбоорлору. Бул долбоорлор натыйжалуу иштеп жатат. Бирок милицияны реформалоого талапка ылайык каражат бөлүү керек, антпесе реформа тууралуу сөз кылуунун не кереги бар?!
- БШИИБда шаардыктардын арыздарын жана маалыматтарды кабыл алып турган айтылуу "102 борборуна" бир топ сындар айтылып келет. Мисалы, ал борбор талапка ылайык милдетин так аткарбайт деген нааразычылыктар боюнча эмне айтасыз?
- Быйыл 8 айда биздин "102 борборуна" 64 344 маалымат келип түшкөн. Мына ушул маалыматтардын 85-90 пайызы боюнча атайын чаралар көрүлдү. Учурдан пайдаланып айтып коюшум керек. Бизге "102 борбору" аркылуу келип түшкөн ар кандай маалыматтарга чара көрүү үчүн өтө кыска убакыт каралган. Эгерде кандайдыр бир кылмыш жасалган болсо, ошол аймакка 5-10 минуттун ичинде барып, чара көргөнгө азыр убактыбыз жана шартыбыз бар. Өтө чукул көрүлгөн аракеттердин натыйжасында 8 айдын ичинде 1483 кылмыштын бети изи суутулбастан ачылып, кылмышка шектүү жарандар кармалды.
- Шаарыбыздагы дагы бир өкүнүчтүү көрүнүштөрдүн бири - бул өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук экени жашыруун эмес. Бул боюнча шаардык милиция кандай чараларды көрүп жатат?
- Бишкек шаарында өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыш 8 айда 98ге жетти. Былтыр ушул мезгилде 98 кылмыш катталган. Чынын айтканда, буга чейин ШИИБби бул көйгөйдү азайтууга чамасы болчу. Мисалы, мурун бир мектеп инспекторуна 3төн 5ке чейин мектеп туура келчү. Биз карап көрүп, башкармалыктагы айрым кызматтардын штаттарын кыскарттык дагы, ошонун эсебинен шаардагы 100 мектепке 100 инспектор даярдап бердик. Алар күнү бою иш алып барышат. Ал 100 мектепте 109 миң 445 окуучу билим алат. Ага бизден сырткары мектеп жетекчилиги да көзөмөлгө ала алат. Билим берүү жана ички иштер министрлиги, шаар мэриясынын көмөгү менен ар бир мектепте мектеп инспекторунун профилактикалык бөлмөсү ачылып, укуктук-милдеттик окутуу каражаттар менен камсыздалды. Натыйжада окуучулар арасындагы тартип бузуулар жана кылмыштуулук бир кыйла кыскарды.
- Коомчулуктун кызыгуусун жана нааразычылыгын жараткан "тентек" кыз Назик Чодронова тууралуу айта турган оюңуз бар чыгар. Себеби ал МАИ кызматкерлерин тоготпой, министрдин жана сиздин атыңызды сатып, жалпы кыргыз милициясына көлөкө түшүргөндөй болду го...
- Туура айтасыз, андай мыйзамды сыйлабастарга катуу чара колдонушубуз зарыл. Мен аны таанымак турсун уккан да эмесмин. Балким башка жакта колдогону бар чыгар. Бирок ар ким кыялына, мүнөзүнө жараша иш кылат да. Менин атымды сатуу менен эмнеге жетишти? Жыйынтыктап айтканда, өзү эле уят болду. Ал кыздын чектен чыккан "тентектиги" башка өзүнө-өзү батпай, "баатыр" болуп жүргөндөргө аз да болсо сабак болот деген ойдомун.
- Сизге сын айтып, атайын каралагандар азайбай эле арбып бараткансыйт. Мунун себеби эмнеде?
- Кыргызда: "ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" деген жакшы кеп бар. Ошол сыяктуу эле бир орунга отура бербей, кызматчыларым күнү-түнү чогуу жүрүп, жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн тынымсыз иштерди жасап, шаардык милицияга реформа жүргүзүп жаткан мен тууралуу ушунчалык көп ушактарды таркатып жатканын жакшы билем. Эгер мен иш кылбай, телефон менен башкарып коюп, ар кимдин айтканын аткарып отура бергенимде тескерисинче, мени мактагандар көп болмок. Анткени, бизде ушундай учур болуп калды, ким иштесе, ким элге жакыныраак болуп баратса, ошонун артынан ушак таратуу адаты арбып кетти. Менин душмандарым жетиштүү. Анткени, канча жылдан бери ички иштер тармагында иштеп, анын ичинде оперативдүү кызматкер катары канчалаган оор кылмыштардын, уюшкан кылмыштардын бетин ачып келе жатам. Айрыкча, 2010-жылдын апрелинен тартып, Кыргызстанга толук үстөмдүгүн жүргүзүп, мурдагы бийликтер менен коюн-колтук алышып, каалаган нерсесин жасап калышкан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн башына тургандан бери мени жакшы көрбөгөндөрдүн катары арбыды. Анткени, биз сөз менен эмес, иш менен криминалдардын тамырын кыркууга чындап аракет кылбадыкпы. Мейли, ушак бүгүн айтылат, эртең айтылаар, аягында баары бир чындык жеңет. Мен болсо эч алаксыбастан, коркуп же тайсалдабастан өз милдетимди аткарып, алдыга койгон пландарымды аткара бермекчимин.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев