Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Мелис Карыбеков:
"Кийинки президент менин досум болот..."
- Мелис бейке, өткөн саныбызда Атамбаевден кийин кандай башчыга туш болобуз деген суроого, Атамбаев бийликтен кеткенден кийин анын энергиясы бийликте калат, ал энергия менен төрт жыл жашаш керек деп айттыңыз эле, ошондон бери ал кандай энергия болду экен, Атамбаевден кийинки президент ким болду экен, сурап, билип бергилечи, жазгылачы деп окурмандар редакциябыздын телефонун тындырбай коюшту, деги ал эмне болгон энергия, Атамбаевден кийин ким президент болот?
- Албетте бул суроо коомчулукту кызыктырып жатканын мен өзүм деле билип турам. Негизгиси биз коомчулук, эл кандай болсо Атамбаевден кийин коомго жараша ошондой президент келет. Анткени "эшегине жараша тушагы"- деген жакшы сөз бар эмеспи. Элдин пейили бузулуп, буга чейинки эки президенттин тең пейилдери бузулуп уурулар кармалса экен, коррупция жоюлса экен деп тиледик эле, тилегенибиз ишке ашып, жогорудагы ойлорубузду ишке ашырган президентибиз отурат. Атамбаевден кийин кандай президент келээрин албетте Атамбаев деле башкалар деле чечпейт. Ал президентти тарых алып келет, тарых шайлайт. Эл кандай президентти кааласа, ошондой президент шайланат. Өткөндө коомдук ишмер, саясатчы Дилл аттуу немец менен маектешип калдым. Ал айтат "мен көзү ачыктарга ишенип калдым"- деп. Эмнеге десем, "Бакиевдин учурунда бир досум төлгө салдырып көрсө, төлгөчү Бакиевден кийинки президент аял киши болот, төңкөрүш болот деп айткан"- дейт. Мен ойлонуп калдым. Мен андай президент болот, мындай президент болот деп көп эле айткам, бирок, аял киши президент болот деп айткан эмесмин.
- Демек Роза Отунбаеванын президент болоорун билген эмес экенсиз да...
- Ооба, тар чөйрөдө айтып калчумун. Акаевдин аялын мисалга тартып. Мисалы Акаев өлкөнү он беш жыл башкарса, анын жарымын аялы башкарды да. Көзү ачык катары жүрөгүмдүн тереңинде Роза эжени президент деп эсептеген эмесмин. Албетте Роза эжени сыйлайм. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Бакиев бийлиги менен бирге күрөшүп, бирге жүрдүк. Абдан оор кезеңде өлкөнү башкарды. Роза эженин кадыр баркы абдан жогору. Роза эже Курманжан датка, дагы башка баатыр энелерге окшоп, ошолордун катарында тарыхта калышы керек. Бирок Роза эже президент болоордун алдында анын артында күчтүү кол турган. Ал ким дебейсиңби? Роза эже президент болгонго чейин КСДП партиясында төраганын орун басары болчу да. Ал эми төраганын ким экендиги жалпы коомчулукка белгилүү болсо керек. Кыскасы Атамбаев бийликтен кеткенден кийин анын энергиясы бийликте калат.
- Энергиясы дегенди кандай түшүнсөк болот?
- Энергиясы деп Атамбаевдин денеси бийликтен кетет, энергиясы калат. Энергия болсо Атамбаевдин жасаган иши. Ал ишти келген президент улантып кетиши керек. Улантпаса болбойт. Президент кандай жол менен келсе дагы Атамбаевдин баштаган ишин улантуусу зарыл. Мейли ал КСДП партиясынан келеби, мейли "Ата-Журт", "Республикадан"- мейли "Ар -Намыс", "Ата-Мекенден" келеби, иши кылып, Атамбаевдин иши уланышы керек. Анткени эл Атамбаевдин ишинин уланышын каалайт. Ал адамдын жашы Атамбаев менен тең болбошу керек. Атамбаевден улуу да болбошу керек. Демек аны кийинки муундун адамы деп айтсак болот. Кийинки муун деген кайсы? Мисалы мен башка муун, сен башка муунсуң, экөөбүздүн ортобузда дагы бир муун бар. Ошол муундан келип калышы мүмкүн. Эл бийликке жаштар келсин дейт. Президент жаштардан болсун дейт. Эл тааныбаган жаңы адам келсин деп да көп айтышат. Бирок эл тааныбаган, билбеген адам президент болгон болбойт. А балким ал дагы эл билбеген, аялынан корккон бирөөдүр. Айтор ким болсо дагы азыр деле белгилүү болуп калды, аны сөзсүз Атамбаев алып келиши керек, же дагы бир чоң саясий күч алып келет, мен муну жөн гана божомол катары айтып жатам, айтылчу нерселер дагы алдыда, азырынча жарылбай турайын.
- Ким болоорун негизи билип эле жатсаңыз керек...
- Билбейм деп айтпайм, билем. Ал адамды сезип, байкап жүрөм. (күлүп) кимиси болсо дагы ал менин жакын досум.
- Илгери Агымга бекен, кайсы бир гезитке Путин эркек уулдуу болот деп айттыңыз эле...
- Анда Путин жаңы шайланып эки кызы бар экен деп катуу сөз болуп жаткан кез болчу. Ошондо бирөө күлгөн сен оюңан чыгарып айтып атасың деп. Путиндин эркек уулу барбы жокпу, аны мен билбейм, бирок аялы менен ажырашпадыбы, кээ бирөө айтат, баласы бар деп. Балким бардыр, жок болсо эми болоттур.
- Көзү ачыктыгыңыздын сыры жөнүндө да айта кетсеңиз?
- Өйдө жактан айтылган маалымат кандай болуп келгенин сага айтып бере алсам, анда мен Мелис Карыбеков болбой эле коет элем. Маалымат ар кандай болуп келет. Наристенин оозунан угам. Кээде жөнөкөй, карапайым бир адам менен маектешип отуруп, ошондон алам. Кээде түш көрүп, түш аркылуу билем. Гезиттен, китептен окуйм. Айрым учурда өзү эле келет. Таңгалычтуу кээде кулагым чурулдап, кандайдыр бир инопланеталардын бар экендигин сезип, ааламга байланышка чыгам, кыскасы маалымат кандай болуп келгенин так айтып бере албайм. Маалымат кантип келгенин билбейм. Мен азыр өзүмдү өзүм тааный элекмин. Негизгиси мен таза болушум керек, жалгыз болуп, көрпенделикти унутуп, монахтын образына барсам, балким маалымат азыркыдан дагы көп келип, көп нерсени билмекмин деп ойлойм. Адам болгондон кийин жашаш керек. Үй бүлө багыш керек, оокат кылыш керек, ошентип көр пенделиктин сазынан чыга албай, экөөнүн ортосунда келе жатпайынбы. Мен деле адаммын да. Чарчайм. Эл катары эс алгым келет. Эс алам. Өтө көп эс алып кеткенде кайра өзүмө келип, тазаланам. Жаш курагым келип калгандыктанбы, жашым ошону талап кылып жатат көрүнөт, акыркы убакта жашоодон сүйүү издеп жүрөм. Сүйүү десе эле аял эркектин ортосундагы махабатты түшүнүшчү эле, андай эмес, жан дүйнөнүн сүйүүсү, башка бир өйдөкү күчтүн сүйүүсүнө ээ болуп, ошондон ырахат алып, ошону менен жашоо.
- Көр пенделик жөнүндө сөз кылып калдыңыз, элдин турмушуна дагы жаныңыз кейип, ичиңиз ачышса керек...
- Элдин турмушуна буга чейин абдан жаным кейичү. Эмне үчүн кыргыз ушундай оор турмушта жашайт деп өзүмө өзүм суроо берип, жооп таба албай, кыйналаар элем. Азыр көнүп калдым. Себеби коомду мен оңдой албайт экенмин. Коом мени бузуп коюшу мүмкүн.
Коомду мен өзүмдүн айылым аркылуу карайм. Айылым аркылуу бүт дүйнөнү көрүп билем. Биздин айылда кыргыз, орус, дунган, уйгуру да жашайт. Карап турсаң, кыргыздан башкасынын баары эмгекчил. Дунгандар жер иштетип оокат кылып жатат. Дунгандардын жери гүлдөп, өсүмдүк өсүп турса, кыргыздардын жери куурай басып, каралбай турат. Уйгурлар болсо бизнес кылышат. Кыргыздар уй багып, уйгурларга өткөзүп берет. Уйгурлар бизнесин жүргүзүп, кафе- ресторан соода түйүндөрүнүн баарын куруп жатышат. Былтыр бир уйгурдун короосуна кирсем 108 жылкысы бар экен. Кыргыздар багып, малай болуп жүрүшөт.
Кыргыз эли жалкообуз, эч нерсе кылбайбыз. Илгери менин бир жеңем айткан, күйөөсү каза болуп жесир калды эле, "кыргыз кыйын болсо тууганын асырап ала албайт, жакшы болсо көрө албайт"- деп. Анысы кандай биздин коомдо көрө албастык деген абдан өнүккөн. Бирок кыргыз сараң, ач көз эл эмес. Колу ачык, берешен эл. Мисалы өзбектерди алалы, колунда жок, эптеп жашаган өзбектин үйүндө жок эле дегенде бир килограмм алтыны бар. Ал алтынды кантип чогулткан, сараңданып, дүйнөгө байланып, акчанын артынан кубалап жүрүп чогулткан да. Дагы бир жолу айтайын. Ичи тардык, көрө албастык деген жаман оору кыргызды бийлеп алды. Ичи тар адамдын жолу жабык болот. Эгер улуттун ичи тар болсо, улут өнүкпөйт. Алсыз мамлекет болот. Ичи тар адамдын ашказаны, өтү ооруйт. Андай оорулар менен ооругандар бизде абдан көп. Коомду мен сындап айта албайм. Мухаммед пайгамбардын айтканы бар, " заман бузулду деп айтылса, ал замандын эмес, адамдын бузулганын бил" деп. Азыр эл аябагандай саясатташып кетти деп жатабыз. Кайсыл жерге барба, чоңунан кичинесине чейин саясатты сүйлөшөт. Менин көзүм жетти кыргыз эли саясатсыз жашай албайт экен. Эң негизгиси эл башы таза болуш керек. Эл башы таза болуп, ак иштеп, калп айтпаса коом да таза болот. Эгер башчы жаман болсо, анда коомдо бузулат. Билесиңби, Бакиевдин убагында эл аябай бузулуп кеткен. Анткени Бакиевдин жан дүйнөсү таза эмес эле. Бакиев жеткен калпычы, эки жүздүү адам болгон. Кээ бирөө айтышат, Бакиев адам катары жакшы болчу деп. Каяктагы жакшы? Анткени Бакиев отуруштарда көңүл ачып, ичип отурганда андан жакшы адам жок болгон экен. Отуруштун көркүн аччу экен да. Бирок элдин алдына чыгып алып, карандай калп айтып, аягы эмне болду?

P.S.
Эмки саныбызда кыргыз элинин келечеги, жаштардын эртеңки турмушу, аял эркектин ортосундагы мамиле, сүйүү, жана башка кызыктуу темалардын тегерегиндеги маекти окуй аласыздар. Кызыктын баары алдыда...

Маектешкен
Мирлан Алымбаев