Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кадам ушул…
Адамды уйдан бөлчү маданият жана билимсиз жаштар
Шаке жаңы эле жарык көргөн "Агындылар" деген китебинде айтыбатпайбы: "Илгери кары адамдардын билими жок дечи элек, азыр болсо жаштардын билими жок" деп. Ушундай арман болуп турат.

Мурунку муун кийинки муунду сынга алыш үчүн ошентип айтылып жаткан жок, турмуштун өзү жогорудагы чындыкты көзгө сая көрсөтүп жатпайбы! Так эсебин билбедик, бирок, Кыргыз мамлекети жогорку билимдүү жаштары боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орундун биринде экендиги анык. Карап багыңыз, азыр мамлекетибизде толгон университеттер бар, ошолордун баары жогорку билимдүүлөрдү штамптап конвейердегидей чыгарып жатканы. Жогорку билими да курусун, билим дегенден караманча куру! Жогорку билимдүү деген эңгезердей аты бар он баланын бири, а балким жүзүнүн бири эле билимдүү деген атка татыктуу болбосо, калганы "ымыркай", аман эле болсун!..
Баламды окутат элем деп канча адам саап жаткан уюнан, эптеп кураштырып алган беш-алты коюнан ажырап жатат, жайды жайлата бел түзөбөй өстүргөн түшүмүнүн акчасын бүт жумшайт. Берки кичине балдары эптеп мектебине барат, жарытылуу тамак ичпей, кийими толук бүтөлбөй. Кээ бир үй-бүлөгө жогорку билим деген нерсе кадимкидей эле кайгыны алып келип жатат, кээ бир окуясы трагедияны таяна жыгылып жатат! Андай жогорку билимдин кимге кереги бар?! Анын үстүнө ата-энесин сызга толтургузуп коюп окуусун бүткөн бала кадимкидей билим алса эмне? Атасынын башынын да билимин албай көңдөй барып, ого бетер көңдөйлөнүп чыгып жатпайбы! Болуптур, көптөн келаткан бүтүм экен сөзсүз жогорку билимдүү болуш керек, андай билимиң жок болсо башкалардан төмөн каласың, сортуң төмөн болот деген. Эй, эми ал убак өтпөдүбү. Сен папке көтөрүп бир кызматта жүргөнүң менен орустун сантехниги менен сварщигинен алда-канча төмөн жашайсың, сенин жарым жылда тапканыңды телевизор оңдогон орус он-он беш күндө эле таап алат. Сен ошону билбей койдуң. Жогорку билимден айланбай ата-энеңди азапка салба да. Сен деген сантехник бол, автомашина оңдогонду үйрөн, сваркалоочу бол, телевизор оңдо, компьютер оңдо. Ошондо сен бүлөңдү жетиштүү багасың! Азыркыларда деле ар жок, түз эл барып милийса, прокурор, сот болгусу келет. Ал ишке мээси жетеби, ошондой иштердин бош оруну барбы, андай менен иши жок, иши кылып эле юридикалык окууну бүтсө болду, Остап Бендер айтмакчы "баарын кооз тарелкага салып келип берет". Милийсада, прокуратурада, сотто, жана башка ушул сыяктуу иште иштегендердин "май талкан" деген нерсеси болот, ал жерде иштегендердин дээрлик көбү таза эмес, коррупцияга ченемсиз баткан. Килейген үйү бар, кымбат машинасы бар, а балким, эки-үч дачасы бар, дүкөндөрү, сауналары, кафелери, ресторандары ж.б менчиктери бар. Алардын катын-балдары шапар тепкендей жашайт. Анан аны көргөндөр юристтик билим алгысы келбей коебу?! Салык, бажы кызматтарында иштегиси келип тургандар канча дейсиң. Ал жердеги алып-жуткан наадандар азгырып турбайбы, арам тапканы менен! Эми бул жагын эч андай мамлекеттик иш-чара токтото албай калды го. Анткени, мамлекетти көзөмөлдөп, ошону мамлекет кылып иштетип тургандардын бири калбай коррупция дегенге алдырып салбадыбы. Албетте, кагаз жүзүндө, оозеки жүзүндө коррупцияга каршы күрөш жүрө берет дечи, кээси менен бирөөлөрдү камай салып. Бирок, андан эч нерсе чыкпай турганын мамлекетибизде жашаган аң-сезимдүү адамдардын баары билет!
Илгерки коммунисттик заманда кантип бүгүнкү күндөй болсун. Анда топук кылуу деген бар эле, тобо келтирүү деген бар эле, уят-менен сыйытты көз ирмем унуттурбачу идеология бар эле, калпка салып койсо да, анан дагы башкаларга мисал болуп бере алчу адамдарыбыз бар эле, мыйзамдарды сыйлап да, коркуп да турган жол бар эле. Анан да маданият деген: адабият, искусство, анын ичинде кино, скульптура, живопись ж.б. күн сайын көз алдыга келип, бура бастырбай тарбиялап турчу да. Кинотеатрлар, театрлар, маданият үйлөрү, клубдар бака-шака эле, ар түрдүү чыгармачылык кружоктор, кароолор, конкурстар, адабий кечелерден күн куру эмес эле. Ошондо коррупционер болууга чама-чаркың жетпей чарчап келип, көңүлүң сонундарга тоюп келип уктачусуң да. Азыркы адамдардын көбү чөнтөгү акчадан бөксө келсе, уктай албай, уктаса да жаман түш көрүп чабалактап чыгыбатпайбы! Акчанын айынан ырылдашкан эрди-катын канча дейсиң, ажырашып кеткени андан көп! Акчага байланган турмушуң менен сенин!
Адамдын адам болуп өмүр сүрүшүнө маданият негизги ролду ойнойт, ал эми уйдун уйдай болуп сүт берип, эт берип жашашына жем-чөп керек. Уйга кинонун да, китептин да, жомоктун да, ал турсун жапжаңы компьютердин да кереги жок. Уй жем-чөпкө тоюп кепшеп жатса болгону. Койго да жем-чөп керек. Ошол койлордун ортосуна бир чака жемди алып барып төгүп жиберчи, айланайы-ын, бирин-бири тебелеп, жөөлөп жаналакетке түшөт, жеп алыш керек өзү кана… Дал жогорудагы, уйдай, койдой болгон адамдардын тобу пайда болду. Аларга кинонун да, китептин да, сүрөттүн да кереги жок, эптеп эле акча тапса болгону. Алар китеп көтөрүп бараткан адамды көрсө мыйыгынан күлөт, чын дилден шылдыңдайт. Мурун биз маймылдан, алар деле айбан да, жаралган экенбиз, эми адамдардын айбандар жарала баштады окшойт…Кээ бирөө "балдарым ачка олтурса, кийими бүтүн болбосо, сенин китебиң менен ырыңдын кимге кереги бар" дегенди айтат. Бирок, ошол китеп менен ыр адам баласын ушул деңгээлге жеткиргенин ойлой албайт. Аны ойлонууга эртең табыш керек болгон акча жол бербейт. Адам болуп эле, адамча жашап эле катын-баласын багып алса болорун көп адамдар айкындап эле келатпайбы. Балээнин баары ачкөздүктө болуп жатат, акчага болгон карандай кумарда болуп жатат...
Илгерки жаштардын кумири космонавттар, айталы, Гагарин менен Титов, согуш баатырлары-Чолпонбай, Дайыр Асанов, 28 баатыр, анан чыгаан акындар, жазуучулар, окумуштуулар, спортсмендер болчу эле. Азыркы жаштардын кумири- чыгаан коррупционерлер, кримавторитеттер, согуштун баатырлары, популист чоңдор. Келечек кайда кетип барат?!
Ушул азыр коррупциядан таза деген тармак, ишкана, уюм ж.б. калбай деле калды көрүнөт. Кудайды бетке кармап, ыйман жөнүндө асмандын башын айтып жаткан молдолордун уюмунда жыл сайын чыр чыгат, "баланча жеп койду, түкүнчө жеп койду" деген. Анан ошондой жерди коррупция аралай чаап жүргөндөн кийин, айталы, прокуратура жөнүндө айтып не убара?! Анан да ошол мусулмандардын башкы уюмундагы кызмат талашууларды айт! Бирин-бири шыбагандарын айт! Андай учурларда эмне, кудайдын каарына калуу болбойбу?!
Эмки жаштардын кызыккан нерселери, албетте, бар, алар: баалуу чөнтөк телефондору, ноутбук, магнитофондор, телевизорлор, сыбызгыган музыкадан ныпым жок, темир-тезектин катуу үнү коштогон айкырык ырлар, жинди чалыш мода, анан ар мүнөттө бирден адам өлтүрүлгөн кызыл кыргын сериалдар, порнография… Саналгандардын баары адамдык сапаттан акырындык менен айрытчу нерселер, адам сезимдерин жок кылчу нерселер. Сезими жок адам, ал робот, робот-адам эмес! Азыркы жаштар "Манастан" кабары жок, андан кийинки кенже эпостордон кабары жок, кыргыз элинин салт-санаасынан кабары жок, келиндин эртең менен кайната менен кайненеге учурашып жатып жүгүнгөнүнүн маанисин билбейт, эмне үчүн атчан жөөгө салам берерин билбейт… алар жүздөгөн чыгармаларды, айталы, "Каныбекти", "Күүнүн сырын", "Жараланган жүрөктү", "Мезгил учатты", "Гулливердин саякатын", "Сырдуу аралды", "Кожо Насрединди", "Абайды", "Көчмөндөр кагылышын", "Сынган кылычты", "Телегейди", "Кычанды", "Кылым карытар бир күн" менен "Деңиз бойлой жүгүргөн ала дөбөттү", "Том Сойердин жоруктарын", "Гаврошту", "Капитан Гранттын балдарын", "Суу асты менен 80 миң чакырымды", "Миң бир түндү", "Биздин замандын кишилерин", "Узак жолду", "Көл боюнданы", "Пейилдин оңолушун", "Согуш жана тынчтыкты", "Кавказ туткунун", "Капитан кызын", "Темир селди", "Көтөрүлгөн дың" менен "Тынч Донду", "Көрүнгөндүн колунданы", "Сайгакты", "Жолборс терисин жамынган баатырды", "Менин Дагестанымды", "Чал менен деңизди", "Тимур жана анын командасын", "Мартин Иденди", "Талкалоону", "Жаш Гвардияны", "Адам болгум келетти", "Алитет тоо таяндыны", "Тарас Бульбаны", "Чыныгы адам жөнүндө повестти", "Болот кантип курчудуну", "Таабалды Пудовкинди", "Кыргыз эл жомокторун"… Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылычтын, Барпынын…Мидиндин, Райкандын, Алыкулдун, Турардын, Жолондун, Анатайдын, Шайлообектин ырларын, ж.б. ондогон-ондогон чыгармаларды, китептерди окуган эмес, окубайт дагы! Адам сапаттарынын, адамдыктын, ыйыктыктын баары ошол китептерде айтылган. Китеп тарбиясын башынан өткөзбөгөндөн кийин… эмненин турмушу?!
Журналисттер-маданиятты жайылтуучулар, аны менен бирге адамдыкты алып жүрүүчүлөр да, коррупцияга каршы тургандар да болуш керек го. Азыркы жаш журналисттердин көбүнүн тилеги эле кантип баюу керек, кантип чоңдор менен жакындашуу керек. Аларда билим дегенден эч нерсе жок, китеп окуган эмес, болуп жаткан турмуштан аз-маз түшүнүгү бар, тереңдеп бир нерсе сурай келсең, накта көңдөй. Анан интриганы жазгандан алдына киши салбайт… Жашабай жатып машина мингендерин айт, жашабай жатып чоң кызматтагылар менен теңата болгусу келгенин айт. Анан ошондойлор эмнени жазып жыргатат?! Жазган күндө деле "кайсы арына жазат, өзүнүн кылганы тиги" деп четтен эле айтышат да, айтып жатпайбы. Эл деген баарын көрүп-билип турат. Журналист деген болушунча таза болуш керек экендигин эстен чыгарбайлы, урматтуу ошол татаал кесиптин ээлери.

Баратбай Аракеев