Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Талкалануу
- Силерде сот системасы талкаланып, иши бүткөн экен- деп белгилүү америкалык юрист Джон Кьюзак билдирди
- Биз силердин сот-укук системаңарда эмне болуп жатканын изилдеп турабыз.Силердин соттор кылмыш иштерин "бирдеме" ала коюп бүтүрөөрүн биз жакшы билебиз.Бирок бир туплий менен үч бош бөтөлкө ыргытып, өтө оор кылмыш иши боюнча жазадан кутулуп кетүү деген бул дүйнөлүк сот практикасында болгон эмес.Силерди охлократиялык мамлекетти калыптап түзүп чыкканыңар менен куттуктайм- деди юрист. Эми чынын айтсак чет өлкөлүк юрист биздин менталитетти өлүп баратса түшүнбөйт. Ташиевди достору менен актаган шаардык соттор алчусун мурун эле алып коюп аларды актаганга шылтоо эле таппай турган, анан кудай жалгап туплий ыргытылып калды, ага шылтоолоп шаардык соттор шак эле кылмышкерлерди актап чыгарып салышты.
Миллиондогон телекөрүүчүлөр Ташиев өзүн Чынгызханга теңеп бийликти басып алам деп ак үйдүн тосмосунан секирип өтүп кароолдо турган жоокерлерди кубалап жүргөнүн көрдү. Кудай жалгап тосмонун бир шишине көчүгүн жырып алып Ташиев жакшы чуркай албай, кароолчуга жетпей калды. Жеткенде эмне болмок элестетүү кыйын.
Эми элдин баары көргөн кылмышты,шаардык эки сот кантип көрбөй калды? Таңкалыштуу!
Андан да кызык окуя Жети-Өгүз райондук сотунда болду. Жети-Өгүздө болуп өткөн башаламандыктарда: жол тосуу жана Кумтөрдө свет өчүрүү боюнча, административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча иш кайра Жети Өгүз РИИБне жөнөтүлүптүр. "Укук бузуучулардын ким экенин аныкталбагандыктан" деген шылтоо менен.Эми аларды аныкташ үчүн Шерлок Холмс болуштун деле кереги жок. Ошол окуяларда тартылган видеоматериалдарды кичинекей балага көрсөтсө дагы кимдин ким экенин жөн эле айтып бермек.
Кыскасы бизде жүрүп өткөн сот реформасы кагаз жүзүндө гана калып, эч кандай жыйынтык бербептир. Сотторду шайлаганда баягы эле аттын кашкасындай белгилүү,оозун араандай ачкан жегич, коррупционерлер шайланыптыр. Эми жаңы шайланган соттор баягы эле көнгөн адаттары менен элдин канын кактап сорууда. Жогоруда көрсөтүлгөн иштер буга далил. Дүйнө жүзүнө, биздин соттор үчүн, шерменде болуп бүтмөй болдук. Чындап биздин соттор адилеттүү болуп,элдин алкышына татыктуу болсун десек,сот системасында "косметикалык" эмес чыныгы реформа жүргүзүш керек. Алкы бузулган "монстрларды" эч качан тарбиялап оңдой албайсың. Ошондуктан азыркы соттордун көбүн кубалап, ордуна бузула элек жаш кадрларды коюп, адилеттүлүкө жетишпесек, башка жол жоктой көрүнөт.




Укук жок
Эркиндик бульварында сейилдеп жүрүп,кайсы бир скамейкада отурган картаңыраак кишини көрүп калдым. Ал киши эмнегедир катуу капаланып отургандай.Мен ал кишинин жанына отуруп сурадым:
- Сизге жардам кереги жокпу? Эмнегедир кыйналгандай түрүңүз бар. -Бир топко чейин унчукпай,анан улутунуп кейиштүү көз карашын мага такап, ал адам сөзүн баштады:
- Сиз мени туура түшүнүңүз,бирок менде ат көтөргүс кайгы бар. Төрт балалуу,үй бүлөөсүнүн жалгыз багаары,менин жалгыз уулумду,кечээ күнү сот беш жылга кесип жиберди. Ушул жылы эрте жазда, кой десем болбой, тайгакта машинесин айдап чыгып, жолго күтүүсүздөн чыга калган бомжду койдуруп кетип,ал кетчү жерине кете берди, уулумду болсо кесип жиберишти.Эми анын шордуу чиедей болгон балдарын ким багат кокуй.Мен болсо өмүр бою дыйканчылык кылып, алган пенсиям эки миң сом. Ал эмнеге жетет,байбичем болсо өтүп кеткен, келин иштебейт. Баарына мен күнөөлүмүн! Ушунча жыл жашап элдей болуп акча жыйнап,кырсык түшсө керек болот деп, катып койгонго жарабаптырмын. Сот сураган акчаны бере албай, баламды тарттырып жиберип, калжайып отуруп калбадымбы. Мына ата деп Иса Өмүркуловду айт. Анын көпкөн баласы жолдун жээгинде турган кишини, өзүнүн джип машинесин адыраңдатып айдап баратып уруп кетип, өлтүрүп салган.Бирок атасы кыйын экен, өзүнүн бир күндүк шабашкасын аябай, сотко,тергөөчүгө, жабырлануучуларга берип соттон актатып чыкты.Мен да адаммынбы? - деп байкуш чал өңгүрөп ыйлап кирди. Мен ыңгайсызданып, бирок эмне кылаарымды билбей айласыздан жолго түштүм.
Чын эле,ойлоп көрсөм биздин өлкөдө капчыктуу байлардын жана чиновниктердин укуктары корголуп турат, а карапайым элдин укугу жок. Мына күркүрөп күз да кирип келди жергебизге.Аны менен баягы аттын кашкасындай элибизге белгилүү чырлуу үч депутаттыгынан ажыратылган кылмышкерлер, буюрса 13-сентябрдан баштап митингдерге чыгабыз деп элди ачык эле коркутуп турушат."Уурусу күч болсо ээси арам өлөт" дегендей биздин коркок бийлик башын кумга катып,билмексенге салып жүрө берсе, туугандары, достору жана анча-мыгнча акчасы бар дөгүрсүгөн акмактар улам-улам митингдерге чыгып жолдорду тосо берет. Тоскондо да булар стратегиялык маанидеги Бишкек-Ош, Балыкчы-Каракол, Балыкчы-Кумтөр жолдорун тосот. Эмнеге десек, көрсө алар ошентип акча табышат экен да. Эки жүздөй өзүнүн кишилерин ээрчитип алып аракты агызып койсо, жергиликтүү желтамандар кошула берет экен.Анан карасаң эле жолдо миңдеген машиналар туруп калып он миңдеген айдоочулар,пассажирлер талаада жатканы аз келгенсип, маңдай-тери менен жыйнап алган анча -мынча түшүмү чирип, керекке жарабай калып жатат. Биздин өкмөт сөрөйдүн билермандары болсо, ошол шүмшүктөрдүн алдында байкелеп турушат.Ошол эле жолдо турган кишилерден ыктыярдуу топ түзүп,ага ОМОНду кошуп бейбаштарды тартипке чакырып койсо болот беле? Эми ошол адамдарды алдап жолго чыгарып,тостуруп уюштурган шылуундар Кумтөрдүн жооптуу кызматкерлеринен үч миллион доллар талап кылып жатканын баарыбыз телевизордон көрдүк. Карапайым эл,биздин таламыбызды талашкан эр азаматтар бар экен деп сыймыктанып жүрсө, көрсө алар өз чөнтөгүнүн арбайын согуп жүргөн шүмшүктөр экен.
Өткөн жылдын аягында президент өзүнүн жарлыгы менен автожолдорду тосууга тыюу салган мыйзамга кол койду эле, эмнеге ал мыйзам аткарылбайт? Бизде, азыркы мезгилде ,охлократиялык демократия тамырын кеңири жайып алгандыктан,карапайым эл, куру кыялданбай, белди бекем бууп, өзүнө гана ишенип оокат кыла турган заман келди.

Баяман Омар




Абайлап айда, айдоочу!
Адамды коюп
кетүүдөн сак бол!
Индияда элет жерлерин кой, чоң-чоң шаарларынын көчөлөрүндө уй баратса ыйык көрүп жол берип айланып өтүшөт. Ал жактын машина айдоочулары жолдо жөө жүрүүчүлөрдү да урматтап, алар өтө берчү жерлерден жол берип аяр лап өтүшсө керек. Аңды-дөңдү карабай адыраңдатып көзүн май баскан көпкөлөң айдоочулар жок шекилдүү
Өңгөсүн айтпайлы, биздин ордо калаабыз Бишкекте көчөдөн өтүп бараткан жан-жаныбарларды бери кой адамдарга жол бербей сүзө качырып айдаган көзүн май басып кудайды тааныбагандар көбөйүп кетти. Кыязы, рулда олтурган пенделердин айрымдары өздөрүн дөө- шаа сезип, көчөдөн өтүп бараткан адамды паренде катары сезип калышса керек.
Антпесе, жолдон жөө киши өтүп баратканын көргөн соң ылдамдыгын азайтып, аярлап айдашы керек эле да. Адам эмес тоок өтүп баратса коюп кетпеши мыйзам эмеспи. Антпей калышсын, жолдон кара башыл адамды койдуруп кетсе да жардам бергендин ордуна безбелдектей безе качып, из суутуп кетип жаткан айбан сымал айбандар бар экенин угуп эле жүрбөйбүзбү. Киши өлтүргөн кылмышкерге өлүм жазасы ылайык эле. Ошондо кылмыштын саны да кескин азаймак.Кандай пенде болсо да жоопкерчиликти, алдында турган коркунучту сезип, аста-аста жүрмөк. Баарыга мыйзам тең иштетилип коюлса менин кутулуп кетмей буйтка жолум бар деп кыйшаңдоочулар сээлдей түшмөк.
Өгүнү бир аксакал ак үйгө барам деп Чүй көчөсүнөн өтө бериште дүңкүйгөн чоң кара машина сүзө качырып коюп кете жаздаганын айтып кейип калды." Жол биздики эле, машиналар өтүп кетсин дегендей аярлап турушкан, анан эле кудай аткыр бул наалаты кайдан чыга калды билбейм сүзөнөөк букадай аңыраңдатып кирип келбедиби, качып араң кутулдум наалаты",- деген эле.
Ак үй жак кантсе да борбор жай эмеспи, бирде болбосо бирде МАИ кызматкерлери көрүнө калып теске салып, айдоочулар да " кызыл шапкечендер" көрүнө калса сестенип, дагы кайдан чыга калат деп, дегиси сактанып өтүшөт. Көрүнбөсө кудай берди дегендер оголе көп. Урдуруп, салдырып өтө беришет. Ошондуктан, светафор коюп койсо жакшы болмок экен деп ойлоп кетесиң.
Дагы бир жөө жүрүүчүлөрдү кокуйлаткан күйгүлтүктүү жер бар экенин айт ып койгум келет. Ал Алматы көчөсүндө "Форум" ишканасынын тушунда. Көчө толгон автоунаалар кымгуут түшүп аягы оңой менен көрүнбөйт. Дегеле чоң жолдон кесип өтө бериште жөө жүргөн адамга жол берер түрү жок. Бир аз тыным боло калса да кийинкилери зуулдап сүзө качырып кирип келгенин көрөсүң. Тепсеп кетүүдөн тартпагандай дегеле мурдун көтөрүп адыраңдап алганын кантесиң. Коюп кетпесин деп чуркап өтүүгө туура келет. Машина менен өпөйүп өчөйүп отуруп бараткандар адам өтүп баратат деп тизгинин тарта айдап жол берип коюшса эмне болот? Же алчайып " темир атка" олтурганда өздөрүн " монстр" сезип, жөө жүрүүчүнү адам катары көрбөй көздөрүн май басып калабы, бул көрпенделердин деген ой кетет экен. Айдоочулук маданият деген кайда, жол бергенди айтабыз да. Бирин бири жөөлөп, кууп өтүп, бир нерседен кур кала тургансып, же бир ажал кууп келаткандай айдап баратышпайбы кутургансып "темир жандар" же бул жерден бир "маичи" турганын көрбөдүм.
Ушундан улам " Медиа форум" ишканасынын тушуна жөө жүргөндөрдүн көчөдөн ары-бери өтүшүнө оңтойлуу болсун үчүн атайын белгисин сызып, светафор коюп коюшса маселе чечилип калмак, жөө жүрүүчүлөр коопсуз болушмак. Деги, бул аймактагы жол жүрүү эрежесин тескеп, көзөмөлдөө милдети кайсы мекемеге карайт болду экен? Андан бир жакшы жыйынтык чыгарып коюшат деген үмүт чоң.


Меңдибек Асылбеков