Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Көрөңгө
Дөөлөт Сыдыков, манасчы:
"Жаттап айтып, манасчымын
деп төш каккан туура эмес"

- Дөөлөт мырза, учурда эмне менен алектенип жатасыз?
- Азыр бир топ манасчы жигиттер менен Таластабыз. Келгенибизге бир жарым айдын жүзү болуп калды. Манас айтып жатабыз. Бул жакка келгенибиздин да чоң себеби бар. Улан Исмайылов деген манасчы жигитибизге аян түшүп, ал аянды аткаруу максатында Манас атабыздын жерине келгенбиз. Ал жигитибизге түшкөн аян боюнча Улан үч ай Манастын 14 урпагын айтышы керек. Уланды жалгыз жөнөтпөй биз дагы кошо келдик. Бул аян биз үчүн жакшы жышаан. Ошондуктан манасты башынан баштап айтып жатабыз.
- Эл аралап айтып жүрөсүздөрбү же маданий имараттарда айтып жатасыздарбы?
- Манас Ордодо айтып жатабыз. Манасчылык өнөрдү ыйык тутуп, бийик баалаган Бакыт Романов боз үйүн тигип, тамак -аш менен камсыздап, колдоо көрсөтүп жатат. Учурдан пайдаланып Бакыт мырзага терең ыраазычылык билдирип кетем.
- Эл аралап айтсаңыздар жакшы болмок. Эл кандай келип жатат?
- Манасты уккусу келген, манасчылык өнөрдү баалаган адамдар кайсыл жерге болсо да жетип угуп алышат экен. Бир жарым айдын ичинде атайын шаардан келип угуп кеткендер да болууда. Таластын башка аймактарынан келгендердин саны да көп эле. Анан ары-бери өткөн адамдардын баары кайрылып угуп жатышат. Ырас, эл аралап айтсак да болмок. Бул туурасында эми да караштырып көрөбүз.
- Жыл сайын манасчылар арасында сынактар уюштурулуп, ар кандай иш-чаралар өтүп турчу эле. Эмнеге быйыл андай иш-чараларды өткөргөн жоксуздар?
- Ооба, өткөн жылы атайын түз эфирде ЭЛТР телеканалы менен "Айтыш" коомдук фонду менен биргеликте манасчылар арасында сынак уюштурган эле. Эми сынактар деле жыл сайын өтө бербейт да. Сынактын да өз жол- жобосу бар дегендей. А быйыл болсо Талас жергесинде үч ай манас айтып жатабыз. Бул да биз үчүн чоң сынак деп эсептейм.
- Аянды пиар катары колдонгондорго кандай карайсыз. Дегеним, акыркы кездерде аян түшкөн адамдар абдан эле көбөйүп кетпедиби?
- "Аян болбой баян болбойт" деген илгертеден айтылган кеп бар эмеспи. Бул сөз да тегин жерден айтылган эмес да. Манас дүйнөсүнүн ачкычы- аян болуп саналат. Аян түшпөсө манасчы боло албайсың. Чыныгы аян түшкөн адамдар чыныгы өнөргө ээ болушат. Ал эми атын чыгарып, атакка жетүү үчүн аянды пиар кылгандар учуру келгенде эле иргелип калып жатпайбы. Албетте, аянга да аяр мамиле жасоо керек. Атты чыгаруу үчүн мага аян түштү деп калп айтып элди алдаган туура эмес деп эсептейм.
- Манасчылык улуу өнөрдү алып жүргөндөрдөн уучубуздун куру эместиги бизди кубандырат. Бирок азыркы манасчылар элди ээрчите албай жатпайбы?
- Бул жагын туура белгилеп кеттиңиз. Ырас, азыркы манасчылар Саякбай, Сагынбай аталарыбыз сыяктуу элди өзүбүзгө тарта албай жатабыз. Азыр эл нөшөрлөгөн жамгырга, ызгаар суукка карабай отуруп манас укпайт. Кээде бардык шарты бар жерде да бир саат чыдап уга албайт. Бул чындык. Буга манасчылар да, коомчулук да себепкер десем болот. Чындыгында улуу манасчылардын атын чыгарган эл болгон да. Ал кезде эл өнөрдү улуу тутуп, баалап- барктаган. Угарман мыкты болгон. Манасчыларды тескеп, таразага салып, аксагын оңдоп- түзөп турган. Азыр көпчүлүгүбүздүн андай талдоого аң- сезимибиз бышып жетиле элек. Мындай деңгээлге жетиш үчүн адегенде коомчулуктун аң- сезимин ойготуу керек жана манасчылар такшалып, бышып- жетилиши зарыл. Ал үчүн биз эл аралап, көп манас айтышыбыз керек. А биз болсо, эл кыдырып чыга албай жатпайбызбы. Буга шарт да жок болуп жатат.
- Шарт болбой жатканда кандай?
- Мамлекет манасчыларды колдой албай жатат. Манас мыйзамы кабыл алынганы менен ал кагаз жүзүндө калып, ишке ашпай жатат. Баары эле келип каражат маселесине такалат экен. Каражат жок болсо, кантип эл аралайсың. Ошондуктан мамлекет биздин жер- жерлерди кыдырып, эл аралообузга шарт түзүп берсе абдан сонун болмок. Анда Манас элге жакшы жайылмак.
- Бирок сиздерге колдоо көрсөткөн жеке ишкерлер чыгып жатпайбы. Бир канча манасчылар үйлүү, автоунаалуу болдуңуздар. Илгерки өнөр адамдары каражаттын тартыштыгына карабай эле эл аралап, материалдык байлыкка эмес, өнөргө өмүрлөрүн арнашкан эмеспи?
- Туура, мурдагы заманда өнөр адамдары материалдык байлыктын кулу болгон эмес. Алар үчүн эң алгачкы орунда өнөр турган. Алардын байлыгы да, бийлиги да, кубанычы да, кайгысы да өнөрдө болгон. Бул тана алгыс чындык. Бирок азыр заман башка болуп жатпайбы. Карабасаң катын кетет, бакпасаң бала кетет дегендей, үй- бүлөнү да багыш керек. Басканың да акча болуп калбадыбы. Ооба, Бакыт мырза бизге үй берип, автоунаалуу кылып чоң колдоо көрсөтүп жатат. Өнөрдү баалаган ушундай жигиттерибиз көбөйө берсин дейм. Бакыт мырзага баарыбыз рахмат айтабыз. Бирок манасчыларды жалпы эл колдой албай жатпайбы.
- Манасчылык улуу өнөр. Бул өнөрдү алып жүргөн адам бийик болушу, материалдык байлыктан руханий байлыкты жогору коюусу шарт. Балким азыркы манасчыларда ушул сапат жетишсиздик кылып жатса керек да?
- Эми азыр замандын талабы ошол болуп жатпайбы. Иштебесең, акча таппасаң, кантип оокат кыласың. Сырттан бирөө келип казаныңа оокат салып бербейт да. Биз бардык нерседен баш тартып, манасты жайылтууга бел байлаган күндө да жалпы эл ошону колдоп кете алабы, кептин баары ушунда.
- Эл кыдырып, манасты жайылтсаңар эл колдойт да. Эми бул биздин каныбызга сиңген өнөр эмеспи. Манасты эмес, кечээ пайда болгон диндерди деле сиңирип жатышпайбы?
- Динди таратуучулар эч нерсеге карабай эле эл кыдырып, өз диндерин элге жайылтып, элдин аң- сезимине сиңирип жатышат. Муну бир чети эрдик катары караса болот, бирок ошол эле учурда Кудайга жакпаган ишти жасап жатышат. Албетте, биз дин өкүлдөрүндөй эрдикке бара албай жатабыз. Бул өкүнүчтүү. Алардай болуп үй- бүлөбүздү таштап кетип калайын десең туура эмес иш кылган болосуң. Анда да эл ар кандай сөздөрдү айтып чыгышат. Үй- бүлө кургандан кийин аны камсыздоо, баланы багуу, туура тарбия берүү атанын милдети да. Биз дагы өз милдетибизди аткарып, Кудай алдындагы парзыбыздан кутулушубуз керек .
- А манасты жаттап айтканга кандай карайсыз?
- Аян түшүп манас айткандар айтуучу, манасчы болот, а жаттап айткандар аткаруучу деп аталат. Эми азыркы шартта кандай гана жол болсо да манас айтуу туура деп эсептейм. Анткени жаттап айтса да ал элге манасты жеткирип жатат да. Айта берсин. Канчалык манас көп айтылса, ошончолук элге көп сиңет. Бирок жаттап манас айтып алып эле, манасчымын деп көкүрөгүн койгулап чыга калган туура эмес.
- Өткөн жылы "Айкөл Манас" деген китеп чыгып, коомчулукта кызуу пикирди жаратып, талаш- тартыш жараткан эле. Эмнеге ошондо манасчы катары өз пикириңиздерди билдирген жоксуздар?
- Ооба, манасчылар аралашпай эле коелу деп сүйлөшкөнбүз. Окумуштуулар иликтеп, туурасын аныктап айтып жатышат. Китепти окуп, иликтеп, талдап чыгыш окумуштуулардын милдети да.
- Кызык, манасчылык өнөрдү алып жүргөн сиздер сырттан карап турсаңыздар. Анда манасты ким коргойт?
- Кимдики чын, кимдики калп экендигин аныктоо окумуштуулардын милдети да.
- Манас эпосунун бурмаланышы сиздерди кызыктырбайт экен да?
- Эми ал китепти мен окуган эмесмин. Окубай туруп бир нерсе айтуу да туура эмес го дейм.
- Эмнеге окуган жоксуз же жөн гана жаман көрүнгүңүз келбеген жокпу?
- Азыр аны окуганга шарт да жок. Ал кезде да убактым болбой жаткан. Ошондуктан китепти окуган жокмун.

Жаркынай Кадыркулова