Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Иликтөөгө из да, иш да бар...
Бакыт Жетигенов "Ар - Намыс " фракциясынын депутаты:
"Ар биринен 500-1000 доллар алышат,
кассага түшкөнү болгону 2000 сом..."

- Бакыт мырза, эс алуу учурун кандай өткөрдүңүз, кайсыл жакка бардыңыз?
- Июль айында эч жакка барганым жок, үйдө эле болдум. Августта Ысык-Көлдө үй-бүлөм менен 4-5 күн эс алдык. Ал жактагы кооз жерлердин бири болгон Григорьевка капчыгайын көрүп келдик. Соң-Көлгө барып эс алалы деп максат кылдык эле, быйыл ал жакка жетишпей калдык.
Токмок менен Кара-Балта шаарларында эл менен жолугушуп, пикир алыштым. Чынын айтканда, аталган шаарлардын көйгөйлөрү окшош экен. Биринчи маселе - бул мектеп жана бала-бакчанын жетишпестиги. Андан тышкары, спорт зал, спорт аянтчалары да жокко эсе экенин айтышты. Буйруса, элдин ушундай көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылабыз. Негизи жакшылап карап көрсөк айрым райондордо 10-15тен мектеп салынып жатат. Ал эми көп райондордо бир да мектептин курулуш жок. Мунун өзү калыстык эмес да. Себеби, ушундай чечүүчү жерде олтурган чоңдор тааныш-билиштик менен өздөрүнүн айылдарына жаңы мектептерди салдырып жатышканын да байкоого болот. Бала-бакчылардын жетишпестиги жылдан-жылга байкалып, буга эл абдан эле нааразы болуп келатышат. Союз кезинде көп бала-бакчалар курулганы менен, алардын басымдуу бөлүгүн мындан 10-15 жыл мурун колунда бар адамдар менчиктеп, жеке ишканага, саунага, көңүл ачуучу жай ж.б. айландырып алышты. Бийлик мына ошолордун менчикке өтүп жаткан тарыхын изилдесе, толтура мыйзам бузууларды табат эле. Мына ошонун негизинде кайрадан мамлекеттин эсебин алып, бала-бакчалардын санын көбөйтмөк. Андай менчикке берилип кеткен бала-бакчалардын көбү Бишкекте. Аны болсо жогорку бийлик мэрияга жүктөп койгон. Ал маселени чеч мэриянын колунан келбейт, Себеби, укугу чектелүү.
- Кечээ, жакында оппозициянын жакында ишке ашыра турган планын ачыктаган видеотасма боюнча кандай пикирдесиз?
- Кандай учур болбосун, оппозициянын планы бийликке кандайдыр жол менен каршылык көрсөтүү болуп эсептелет. Аны биз Акаевдин, Бакиевдин тушунда башыбыздан өткөрдүк. Азыр деле ошондой. Бирок, чын-чынына келгенде азыр бизде эски бийликтин тушундагыдай күчтүү оппозиция жок. Азыркы оппозиция күчтүү болбогону менен, жаңы система, жаңы бийликке жараша өздөрүнүн каалаганын кылып жатышат. Ким сөгөм десе, ачык сөгөт, шатыратып. Бийлик аларга эски бийликтин ыкмасына салып катуу күч колдонгон жок. Сөз эркиндиги да болуп көрбөгөндөй эркиндикке чыкты. Айтор, күчтүү болом, элге жагам, кайсы бир жакшы ишти кылам десе, оппозицияга толук шарт түзүлүп турган мезгил болуп турат. Тилекке каршы, мен андай нерсени байкай элекмин. Ал эми оппозициянын планын айтып берген Эрланбек деген жигиттин айткандары канчалык деңгээлде чындык экенин УКМК тыкыр иликтеп чыгышы зарыл. Мунун тамыры терең болушу мүмкүн. Бирок ал жигит ушунчалык белсинип, ушундай кадамга баргандан кийин ошол өзү айтып жаткан оппозициянын лидерлери сүйлөшүп жатканын тасмага тартып албаса да, жаздырып алса болмок, анда мындан да жандуу болмок деп эсептейм.
- Ушул иштердин башында белгилүү саясатчы АликбекЖекшенкулов туруп жатат деген кеп айтылды. Сиз ал кишинин дарамети канчалык деп эсептейсиз?
- Аликбек мырзаны эл катары жакшы дипломат экенин угуп жүргөм. Негизинен өз кесибин билген, тажрыйбалуу саясатчы. Бирок менин түшүнбөгөнүм, ал жаз айларында эле бийликти, Атамбаевди мактап жүргөн. Анан эле күзгө жетип-жетпей дароо 180 градуска тетир бурулуп, оппозициянын анабашына барып калганы кызык эле көрүнүш болуп калды. Жакшы жолду, же жаман жолду тандадыбы, мен аны айта албайм. Бирок менин ойлогонум, Аликбек мырза бийлик сунуштаган Европа мамлекеттерине элчи болуп кете берсе утмак. Кыязы, андай кызматтар аны канааттандырбаса керек. " Жок эле дегенде министр болом" деп ойлогон окшобойбу. Анын үстүнө, ал кишиге 2010-жылы революциядан кийин "Мегаком" компаниясынан 300 миң доллардан, 500 миң долларга чейин акча өөнөп алган деген айып коюлуп келатат. Ушундай кадамдары менен жогорку бийликке жакпай калса керек.
- Парламент саналуу күндөрдөн кийин көптөн көп күттүргөн Кумтөр маселесин чечүүгө камданып турган кези. Бул маселе боюнча сиздин пикирди уксак...
- Мен деле көптүн бири катары Кумтөр маселеси эл үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чечилсе экен деп Кудайдан тилеп келатам. Азырынча бийлик сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын бир аз сыр кылып, ачыкка чыгарбай жатканы менен, алдыртан биргелешкен компания түзүп, негизги үлүштүн бир аз көбүрөөгү, так айтканда 50 пайыздан жогорусу Кыргызстандыкы болот деген сөздөр айтылууда. Не демекчибиз, жоктон көрө жогору эмеспи. Себеби, 100 пайыз мамлекеттики кыла албайбыз да. Ошон үчүн болбой калды дегенде ушундай болуп чечилүүгө тийиш. Бирок канадалыктар Кумтөрдөгү алтындын көбүн казып алды, азы калды. "Центерра" жаңы сүйлөшүү боюнча Кыргызстандын көзөмөлүндө иштөөгө макул болушу мүмкүн экен. Анткени, Кумтөрдөгү алтын казылып бүткөн соң, анын ордун рекультивациялоо (ал жерди толук тазалап, таза топурак менен толтуруп, ордуна чөп өстүрүү ж.б. ) өтө кыйын. Анткени ага абдан көп каражат талап кылынат. Ошону эске алышкан, түз айтканда андай иштен качышкан канадалыктар Кыргызстанга баш ийген компания болууну да ылайык деп эсептеген варианттары да бар экендиги айтылууда. Эгер андай болуп калса, рекультивациялоо иши Кыргызстандын мойнуна түшөт да, мамлекет ал алтын кенден бир аз алган пайдасын кайра эле ошол ишке жумшап калат. Анын үстүнө бизде "Центерра" менен кен чыккан жердин кесепет-зыяндарын жоюу боюнча келишим түзүлгөн да эмес. Анткени, канадалык компания Монголиядагы алтын кенин иштетип бүткөн соң, ал жерге рекультивациялоо иштерин биздин Кумтөрдүн эсебин жүргүзгөн. Азыр биз мына ушул маселени жакшы ойлонбой жатабыз. Келечекте, ал маселе чындап баш ооруга айланышы толук мүмкүн. Болбосо, буларың аны менен баш ооруткусу келишпейт. Иши кылып, жолун таап Кыргызстандын алтынын талап-тоноп кетиши керек экенин ачык эле байкалып турат.
- Сиз парламенттин коррупция боюнча комитетине мүчөсүз да. Бул маселени жакшы билесиз. Президент: " күзүндө коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабын баштайбыз" деп жар салган эле. Натыйжасы кандай болот деп ойлойсуз?
- Президенттин айтканы, албетте колдоого аларлык чоң маселе. Бирок майнап чыгабы, чыкпайбы, ал башка маселе. Бул маселе ошол коррупциянын экинчи этабы менен, маанисин толук айтканда, коррупциянын келип чыгуу себептерин иликтеп, коррупционерлердин колго түшүрө турган укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө тыгыз байланыштуу.
Биздин комитетке коррупция боюнча көп кайрылуулар келет. Биз ошол кайрылуулардын негизинде иш алып барабыз. Жайында, Каржы министрлиги жана Мамлекеттик мүлк фондусу боюнча жумушчу топ түзгөнбүз. Себеби, аталган мекемелерде коррупциялык схемалар бар да, аны жок деп эч ким так кесе айта албайт. Мисалы, Каржы министрлиги каражаттарды кандай бөлүп жатат, ал акча өз максатына, дарегине жетип жатабы деген суроолор туулушу толук мүмкүн. Мамлекеттик курулушка да чоң акча бөлүнөт, алардын акчаны максаттуу пайдаланып жатканын да жакшылап көзөмөлдөө максатка ылайык. Ал жерде да кара схемалар иштейт. Тендерлер таза өтпөйт, курулуштардын сапаты начар дегендей... Биздин комитет, кандай иштеп жатат, коррупциялык схема барбы, жокпу ошону гана иликтейт. Ал эми кармаган, камаган, соттогон маселелерди укук коргоо органдары аткарат.
Былтыр "Кыргызтелекомду" текшерип, ал жерде чоң коррупция бар экенин ачыктаганбыз. Бирок ага тиешелүү чара көрүлбөй келди. Жакында, ошол мекеменин жетекчиси Аскар Баратбаев кызматтан алынды. Бирок эч кандай жоопко тартылган жок. Себеби, жогору жакта чоң колдоочулары бар дешти, ошон үчүн суудан кургак чыгып, кутулуп кетти.
Мен өзүм Энергетика системасындагы коррупцияны иликтейин деп белсинип турам. Анткени, бул тармак бизде эң эле коррупцияланышып, чирип бараткан тармактардын бири. Буйруса, тиешелүү адистер менен биргеликте, ушул тармактын кара иштерин ачыктап, элге алып чыксак, жакшы болот эле. Бизде Энергетика министри болуп кайсы адам келбесин, дароо эле тариф көтөрүү саясатын башташат. Эмне ал министрликте андан башка иш жокпу? Эмдиги жылы же кышында кыйын болот деп элдин "кулагын" жарым жыл эртелеп бышырып башташат да, акырын билгизбей сууну сатышат. Анан суу аз деп, светти өчүрүп, элди кыйнашат. Биз эң ириде Энергетика системасындагы коррупцияны жоготпосок, эч качан жыргабайбыз.
- Миграция тармагындагы да коррупцияны айтып жүрдүңүз эле...
- Биздин бул тармак такыр тартипке келбеген, баш аламан тармак. Министрлик түзүлүп, министр Айгүл Рыскулова баарын бир жерге топтоп, жакшы иш алып бара баштады эле, азыр министриң да, министрлик да жок. Мен бир аз иликтедим. Мигранттар менен эч ким баш ооруткусу келбейт. Сыртта жүргөн биздин мигранттарга баары кол шилтеп коюшкан. Ал бизге келип жаткан мигранттарды, айрыкча кытайлардан абдан жакшы акча жасашат экен. Мисалы, Жаштар министрлигинде миграция боюнча болгону 12 эле адам иштейт экен. Алар эмнеге жетишет? Жылына Кыргызстанда 12 миң кытайга квота берилет. Квотаны ТИМ, ИИМ, Жаштар министри талашты, акыры ушул министрликке берип койду. Аңдышканы ошол квота. Анткени, ар бир квотанын баасы 300 доллардан 500, айрым учурларда 1000 долларды чапчыйт экен. Жума сайын комиссия болот экен, алар бизге келе турган кытай жанагы 500 долларды берсе, ага квота берип коюшат. Бербесе жок. Ал эми ар бир кытайдан кассага түшкөнү болгону 2000 сом калганы чөнтөккө кетет. Менин сунушум, өкмөт, минтип жыргап жаткандарды колго чаап, катуу көзөмөлдөп, ар бир кытайыбы, индусубу, айтор бардык чет элдик мигранттарга мамлекетке 50 миң сом төлөсүн деген эреже киргизип койсун. Ошондо бул тармактагы, коррупция таптакыр жоюлуп кетпесе дагы, бир топ азаймак.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев