Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Майрамкүл Тиленчиева, "Ар намыс" фракциясынын депутаты:
"Кытайдын КАМАЗдарына чара
көрбөсөк, азыркы салынып жаткан жолубузду кайра эле талкалап алабыз..."
- Майрамкүл эже, депутат болгондон бери кандай маанилүү мыйзамдарды жаза алдыңыз?
- Депутат болгонума бир жыл болду. Былтыр 27-сентябрда мандат алып, ишке киришкем. Бир жылдын аралыгында төрт мыйзамды жазууга катыштым, азыр эки мыйзамды жазып күзүндө парламентке сунуштайбыз.
Нарын облусу боюнча эл өкүлү болуп шайлангандыктан, шайланаарым менен эле шайлоочуларым облустагы ар кандай көйгөйлүү маселелер менен кайрыла башташты. Облустагы эң көйгөйлүү маселелердин бири бул суу маселеси. Нарын районундагы суу жиберген насостук станциялардын баардыгы эскирген. Тактап айтканда кырк жылдан бери ремонттолгон эмес. Депутат болгон күндөн тартып, мына ушул маселелерди чечүү максатында Өкмөткө тапшырмалар берилип бүгүнкү күндө насостук станцияларды оңдоо иштери башталды.
Андан тышкары төртүнчү чакырылыштагы депутат Гүлжамал Султаналиева, Нарын районундагы Алыш айылына мектеп курдуруу боюнча демилге көтөрүп жакшы иш-аракеттерди баштаган экен, бирок бул иш аткарылбай калыптыр. Ошону аягына чыгыралы деп, мен жана менден башка дагы нарындык депутаттар биригип, түрктөрдүн гранттына киргизип, жакында эле грант өтүп, 17 миллион сом бөлүндү. Буюрса күзгө чейин мектепти бүтүрүп берсек деген оюбуз бар.
- Алыш айылында мектеп жок болгондуктан, буга чейин аталган айылдын балдары Салкын-Төр эс алуу жайындагы лагерден билим алып келишкендигин билебиз...
- Айылдан үч чакырым алыс жайгашкан Салкын-Төр лагерине барып окушчу. Жазында эле, спикер, депутаттар барып, айылдын абалы менен таанышып келгенбиз. Ошондой лагерде окуса дагы жакшы окуган балдар жок эмес экен. Республикалык олимпиадага катышып, биринчи орунду алган балдар бар экен. Андыктан биз ал балдардын билимин өркүндөтүп, жакшы окуусуна шарт түзүп мектепти салып бербесек болбойт.
- Мектеп канча окуучуга ылайыкталып салынууда?
- Мектеп 165 окуучуга ылайыкталып салынат. Ошондой эле Нарын шаарынын кире беришиндеги 64 деген кичи райондогу көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү бир топтон бери токтотулуп калган. Жылуулук берүү системасын оңдотуп берүү жөнүндө аталган кичи райондун жашоочулары мага кайрылышкан.
Аны калыбына келтирүү үчүн Өкмөткө тапшырма берилип, өкмөт тарабынан тиешелүү курулуш материалдары жеткизилип 192 батирдин жашоочулары, жашоочулардын саны 1000ге жакын, быйылкы жылы жылуулук менен камсыз болушат.
Андан тышкары Кочкор районунда дагы башталып бүтпөй калган мектептер бар экен, ошолор бүткөрүлүп, ачылыштары болду. Эки мектепке компьютерлерди алып барып белекке тапшырдым. Ошону менен бирге депутат А.Баатырбеков болуп Ат-Башы айылына, Нарын шаарынын РТС аймагын таза суу менен камсыз кылуу боюнча түрктөрдүн "Тико" деген фирмасына кайрылып, алар аймактарды жеринде барып көрүп, таза суу чыгарып берүүгө убадасын беришти. Буюрса ал дагы орундалат болуш керек деген ойдомун.
- Депутаттыкка чейин кайда, ким болуп иштедиңиз эле?
- Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин Оттук айылындагы мектепте мугалим, 1983-жылдан баштап комсомолдук, партиялык советтик кызматтарда иштедим.
1995-жылдан баштап салык системасында иштеп келгем. 2008-жылдан Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп эки жыл иштегем. 7-апрелден кийин облустук шайлоо комиссиялары жоюлуп, ар кандай долбоорлор менен иштеп жүрдүм. Көп өтпөй эле партиялык тизме менен парламенттик шайлоо башталып, "Ар-Намыс" партиясынан "Нарын облусу боюнча координатор болуп иштеп бериңиз" деген сунуш түштү. Партиянын съезди болуп, депутаттыка 28-болуп тизмеге кирдим.
- Бишкек -Торугарт жолу боюнча да маселе көтөрүп жүрөсүз...
- Бишкек-Торугарт жолу өтө көйгөйлүү маселелердин бири. Кээ бир адамдар Кытайдын КАМАЗдары менен товарларын алып чыгып байып жатса, карапайым тургундардын үйлөрү жарылып, жабыркап жатат. Бул маселе боюнча май айында атайын барып шайлоочулар менен жолугуп келгем. Өзгөчө Нарын районундагы Оттук, Ат-Башыдагы Карасуу айылдары жолдун жээгинде болгондуктан, жол жээгиндеги көпчүлүк жашоочулардын үйлөрү жарылып кетиптир. Колунда бар адамдар жаңы үйлөрдү салып алышкан экен, жаңы үйлөрү деле жарылыптыр. Кыргыз-кытай чек арасына терминал куруу боюнча маселе көтөргөм. Өкмөт эртерээк маселени карап, терминалды курса жакшы болот эле. Чек арага чейин товарларды кытайдын КАМАЗдары алып келсе, андан бери өзүбүздүн КАМАЗдар менен алып келишибиз керек, ошондо бир топ жарандарыбыз жумуш менен камсыз болмок. Антпесек азыркы салынып жаткан жолубузду кайра эле талкалап алабыз. Ансыз деле жол сапатсыз салынып жатат деп айтып жатышат. Жолдун сапатсыз салынып жаткандыгы боюнча Президентке дагы кирип айткам.
Май айында депутат А.Баатырбеков экөөбүз транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Ж.Исаев, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары жана жооптуу кызматкерлери жана жолду куруп жаткан "China Road" компаниясынын кызматкерлери, экспертери менен жолдун курулушун көрүп келдик. Жаңы салынган жолдор дагы кайрадан жарылып жаткан, бул эмне себептен болуп жаткандыгын, куруу технологиясы туура, туура эмес экендиги жөнүндө тапшырмалар берилип алар 2 айдын ичинде тактап бизге жооп бермей болду.
Мындан сырткары Нарын облусунда аткарылуучу көйгөйлүү маселелер абдан көп, мисалы мектептер, бала бакчалар, жаштар үчүн үйлөр курулуш керек. Нарын облусу боюнча ички каттамдагы жолдун баары оңдолушу керек.
Суроо салган
Мирлан Алымбаев






Экономиканы да ойлойлу…
Тоо-кен өндүрүшүн түшүнгөнүбүз дагы, түшүнбөгөнүбүз дагы "Кумтөрдү" улутташтыруу сыяктуу талаптарды коюп, жол тоскондор чыгып жатат. Бирок, аталган ишкананын ишин токтотуу менен биз мамлекетибиздин экономикалык абалына балта чаба тургандыгыбызды түшүнгүбүз келбей жатат окшойт. Андыктан "Кумтөр" ишканасынын Кыргызстандын экономикалык абалы үчүн канчалык чоң таасири бар экендигин цифралар менен гана келтире кетели. Калганы өзү эле түшүнүктүү болоор. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандагы ишканалар тарабынан 62 млрд 812,4 миллион сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдагыга салыштырмалуу 18, 4 пайызка жогору болгондугун айгинелейт. Ал эми бул пайыздан "Кумтөр" ишканасынын өндүрүшүн өзүнчө бөлүп кое турган болсок, өндүрүштүн өскөнү болгону 3,2 пайызды түзүп калат экен. Ал эми калган 15,2 пайыз өсүш "Кумтөр" ишканасына гана тиешелүү. Мына ушундай көрүнүш менен үстүбүздөгү жылдын алдыңкы беш айындагы өндүрүштүк продукциянын 60 пайызын бир гана "Кумтөр" ишканасы өндүргөн. Калган 40 пайызы гана башка бардык ишканалардын жалпы өндүрүшүнө таандык. Демек, "Кумтөр" ишканасын токтотуп салуу менен биз экономикабызды гана сызга отурбастан, мамлекетибиздин пайдубалына да доо кетире тургандыгыбызды унутпайлы…

Кусту…
Кыргызстанга чет жактан алкоголдук ичимдик алып келип саткан эки компания мамлекетке келтирген зыянын моюнуна алып, чыгымды толугу бойдон төлөп берди. Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынан кабарлашкандай, "Гермиона Трейд" жана "Галеон Трейд" компаниялары бажы төлөмдөрүнөн качып, 5 миллион 175 миң сом төлөбөй койгон. Кылмыш иш ачылып, тергөө учурунда бул сумма толугу бойдон мамлекетке төгүлдү.

Майлуу-Суу лампа заводу сатылат…
Июлдун соңунда "Майлуу-Суу электролампа заводу" ААКнын базасындагы "Майлуу-Суу лампа заводу" ишканасы инвестициялык сынакка коюлат. Ишкананын башталгыч баасы 889 млн сом турат. Кечээ өкмөттүн отурумунда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ишкананы өкмөт сатып алуудан баш тарта тургандыгын билдирди. Оторбаев заводду келечекте модернизациялоо үчүн пайдалуу инвестор тартууну сунуштады.
Ошондой эле ал, өкмөттүн заводду сатып албай тургандыгы тууралуу расмий документтерди алгандан кийин департамент ишкананы конкурска коюп жаткандыгын айтты. Экономика министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаментинин директору Болсунбек Казаков заводдун белгиленген кредитордук карызы 400 млн сомго экендигин айтып, анын 215 млн сому төлөнбөгөндүгүн кошумчалады. "Ишкананын белгиленбеген кредитордук карызы 200 млн сом", - деди ал.

Жардамга муктажбыз…
Кыргызстандын Каржы министри Ольга Лаврова 10-июлда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан Эл аралык донорлордун жыйынында Кыргызстан көп жагынан тышкы факторлорго көз каранды болгон экономикасы чакан өлкө экенин малымдап, "Бизге дүйнөлүк экономикасы бар өлкөлөрдүн жардамы маанилүү болуп саналат. Жыл сайын жана квартал сайын өкмөт ачык айкындуулукту камсыз кылыш үчүн донор долбоорлорун текшерет",- деп кошумчалады. Ошондой эле, бюджеттин тартыштыгын азайтыш үчүн 2010-жылдан тартып Россия - 30 млн доллар, Түркия - 10 млн, Кытай - 1 млн доллар бергенин билдирип, "Өнүгүү боюнча шериктердин жардамы менен Кыргызстан 2010-жылдан кийинки маселелерди жое алды",- деп кабарлады.