Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ташиевдер танса да, факты тандырбайт…
ЖоКенин 3 депутаты 3-октябрда бийлик басып алууга аракет жасады деген айып менен камакка алынган. Кечээ жакында эле аталган депутаттар акталып чыгып, бийликти басып алуу үчүн куралдануу керек да деп кылган күнөөлөрүн моюнга алышпай, каратып туруп танып чыгышты. Бирок, факты деген - факты, андан эч ким качып кутула албайт. Дегенибиз, Башкы прокуратура Жогорку Сотко жазган сунуштама катында "атажуртчулардын" жардамчылары куралданганын жар салды. Сунуштамада эл өкүлдөрүнө тагылган айыптар конкреттүү фактылар менен бекемделгени айтылып: "К.Ташиев менен С.Жапаров 2012-жылдын 3-октябрында "Кумтөр" маселеси боюнча тынч митингин өткөрөбүз деп жарыялашып, өздөрү К.Ташиевдин коомдук жардамчылары Б.Исаев, К.Камчыбеков жана С.Кадырбаевдер менен бийликти күчкө салып тартып алууга даярданышып, ИЛ сериясындагы № 1937 "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча 16 даана патрону менен, "Макаров" үлгүсүндөгү тапанчанын 6 ок салынуучу магазини 9 мм 40 даана патрону менен, ХН сериясындагы № 0273 "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча 24 даана патрону менен, № 1133903248 калибри 9 мм МР-79-9 тм үлгүсүндөгү газ-травматикалык тапанча 10 даана патрону менен, № Н 10132455 калибри 7,62х39 "Сайга МК" аңчылык карабини 60 даана патрону менен, № 01593 калибри 9 мм" BLOW compakt" үлгүсүндөгү газ менен атуучу тапанча 5 даана патрону менен, № 0547102301 калибри 10х23т МР-471үлгүсүндөгү травматикалык тапанча 15 даана патрону менен, № Н10481991 калибри 12мм "Сайга-12К" аңчылык мылтыгы 5 даана патрону менен, № 1038776 сериясындагы калибри 10х28т "GRAND POWER T12" үлгүсүндөгү газ-травматикалык тапанча 13 даана патрону менен жана12 мм калибрдеги 47 патрон жана 2 даана бычак менен куралданышып, кылмыш жасаганга аракеттенишкен" деп баса белгиленет.
Демек, депутаттар канчалык танайын десе, көзөмөлдөөчү орган алардын акчыланып, карганса да тандыра койчудан эмес. Демек, курал-жарак табылгандан кийин төңкөрүш кылуу планы түзүлгөнү анык эмеспи? Мына ушул жагдайды Жогорку Сот көңүл сыртында калтырбай, ар кандай кысымдарга карабастан адилеттүү чечим чыгарса, Чыңгызхандын "шакирттери" кайрадан темир торго отурушабы?




"Крутой" машинелерди уурдаган"банда" кармалды...
30 миң доллардан
100 миң долларга
чейин...
Жакында Ички иштер министринин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкы башкармалыгы биргелишип бир чоң кылмыштын бетин ачышты. Биздин жерде катталган бул кылмышка көңүл бурбай коюуга мүмкүн эмес. Аталган эки башкармалык иттен кем эмес издеген из кубарлары менен, күнү-түнү машина аңдыгычтардан турган атайы ыкчам топ түзүп, ал топ: " Россиядан крутой машиналар уурдалып жатат" деген ыкчам маалыматтын негизинде, ишти башташкан. Натыйжада бул ишти майнап чыгара иликтеп, бир айдын ичинде ондон ашык уурдалган машиналарды кармашкан. Алар: "Мазда-3", "Мазда-6", "БМВ-525", "Ленд Крузер", "Тойота- Корола", "Ренжровер" ж.б. үлгүдөгү 2010-жылы, 2011-жылы жана 2012-жылдары чыккан баасы 30 миң доллардан 100 миң долларды чапчыган жалаң "крутой" машиналар. Алар Москвадан жана Москва облусунан уурдалгандыгы белгилүү болду.
Эң кызыгы Россиядан ушундай машиналар уурдалып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалыматтар Россиянын да, Казакстандын да укук коргоо органдарына түшкөн. Бирок, бул эки ири өлкөнүн кызыл шапкечендери "шабашка" кылышканбы, же башкы бир "ноосу" барбы, айтор алар уурдалган машиналарды кармашкан эмес. Балким такыр эле текшерүүгө да алышкан эмес чыгар. Кармалган учурда бул машиналардын документтери (техпаспорт) жасалма экени да ачыкка чыкты. Ошондой эле уурдалган машинларды Кыргызстанга айдап келип жаткан айдочуулардын жарымы кыргыз, жарымы тажик улутундагы адамдар болушкан. Россиянын жана Казакстандын автомагистралдары аркылуу Кыргызстанга чейин зуулдата айда келишип, биздин өлкөгө Чүй тарап аркылуу эмес, ал жерде жайгашкан Бажы бекетинен качып, Талас аркылуу кирип, Төө-Ашуу менен Ошту басып, Баткен аркылуу Тажикстанга кирип кетишчү экен. Көрсө, машиналар Кыргызстанга эмес, Тажикстанга уурдалып келип жаткан экен.

Машинелерди
наркотикага
алмашып
турушканбы?
Уурдалган машиналарды Россиядан Тажикстанга айдап келип жаткан айдоочулардын айтымына караганда, алар уурдалган машина экендигин билишкен эмес. Аларды жалдагандар бардык документтерди жасап беришип, акысына 600-700 доллар төлөп берип турушкан. Эске сала кетсек, өткөн жылы да "Россиядан машиналар уурдалып жатат" деген маалыматтар келип түшкөн. Ал маалыматтардын негизинде, Украинанын документтери менен "Ленд Курзер" жана "БМВ - Х 6" үлгүсүндөгү кымбат баадагы машина кармалган. Көп өтпөй "БМВ Х6нын" Россиядагы ээси (аял киши болгон) табылып, Кыргызстанга келип, машианысын айдап кеткен. Уурдагандар, кылмыш жообуна тартылышкан.
Ал эми быйылкы уурдалган машинанын саны туура 10. Учурда бул машиналар ИИМдин короосунда токтоп турат. Ээси табылганча ИИМдин карамагында болот, ээси табылса, алып кетишет, эгер ээси табылбай калса, анда бул машиналар сот аркылуу Кыргызстанга өтөт.
Уурулар машиналардын отургучтарынын алдындагы "винкоддордун" (зоводдо басылган номурлары) баарын өчүрүп же, сандарын алмаштырып салышкан. Бул машиналарды уурдагандардын "бандасынын" башында кимдер тургандыгы иликтөөнүүдө. Качан ачыкка чыгары азырынча белгисиз.
Казактар менен орустар өз аймагынан кармалбай, кичинекей Кыргызстандан кармалган уурдалган машиналар тууралуу маалыматтарды угуп алышып, "шок" болуп, "кантип эле биз кое берип жибердик" деп таңкалып турган чактары. Ушул окуядан кийин казактар тишелүү жерлерге 12 бекет коюшкандыгы маалым болду. Орустар да, "башкаларга уят болбойлу" деген ниетте өз аймагын, автомагистралдарын катуу көзөмөлдөп жаткан чагы. Дагы бир такталып-такталбаган маалыматтар боюнча: бул банда Россиядан уурдалып жаткан машиналарды Тажикстанда наркотикага алмашып турган. Бирок, бул маалымат канчалык деңгээлде чындык? Аны алдыда тергөө көрсөтөт.

Айбек Шамшыкеев.




"Дастан" күздө
сатылат!
Жогорку Кеңеш СССРдин мезгилинде түптөлүп, азыркы кезге чейин иштеп жаткан бирден-бир завод "Дастан" ишканасын менчиктештирүүгө уруксат берди. Өкмөт күзгө карай аны сатууну көздөп жатат.
Бул ишканага кызыгуусун Орусия, Индия жана Түркия көрсөтүп келгени белгилүү. Алардын ичинен Москва өзгөчө артыкчылыктарга ээ экени маалым. Мындай жагдай "Дастан" чыгарып жаткан продукциянын көпчүлүк комплекттери Орусиядан алып келиниши менен байланыштырат. Андан сырткары илимий-конструктордук борбор да Орусияда жайгашкан.
Маалыматка караганда, азыркы кезде Кыргызстандын колунда "Дастандын" 98% акциясы бар. Өкмөт анын баарын сатыкка коюуга даяр. Мурунку бийлик учурунда Кыргызстандын Орусияга 190 млн. карызын "Дастандын" 48% акциясына алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Бирок орус тарап ага макул болгон эмес.
"Дастан" ишканасы "Шквал" аттуу торпедо чыгаруу менен эле эмес, Бишкектин чок ортосунан орун алган жери менен да баалуу. Маалыматтар боюнча, заводдун аянты 24 гектар келет. Ал жерге апрель ыңкылабынан кийин турак үйлөр да курула баштаганы белгилүү. Андан сырткары Ысык-Көлдө торпедолорду сыноочу жайы да бар.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары "Дастан" заводун 30 млн. долларга, ал эми жерин 102 млн. долларга баалашууда.

ИИМ
Академиясы
Базарбаевден
"кутулду"
Пара алган деген шеек менен кылмыш иши козголгуп, 3-айдан бери сурактан башы чыкпай жүргөн ИИМ Академиясынын жетекчиси Алмазбек Базарбаев Ички иштер министрлигинин кадрларынын карамагында калтыруу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Учурда ИИМ Академиясын жетектөөнү көздөп, көптөн бери бир катар жоон топ кызыл шапкечендер чуркап жүрүшкөнү маалым. Аталган кызмат кимдин бактысына буюрат азырынча белгисиз. Ошентсе да айрым маалыматтар боюнча ректорлукка сырттан окуу бөлүмүнүн башчысы, полковник Автандил Кадыркуловдун талапкерлиги ылайык экени кенен сөз болууда. Ал ортодо Жаныштын жакын кадры катары ИИМдин биринчи-орун басарлык кызматын ээлеген, кийин ортодо министрдин милдетин аткара койгон, бирок акыркы кызматтан алынган Бакыт Алымбеков деген чуркап жатыптыр. Эгер Бакыт Алымбеков ректор болуп калса, ИИМ Академиясынын абалы кантер экен... Андыктан Автандил мырзадай таза кадрларды дайындаса аталган окуу жайдагы алешемдиктер оңолоор беле…