Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Болот Садыркулов,
маркум Медет Садыркуловдун иниси:
"Байкемдин өлүмүн соттор
бизнеске айлантып алышты..."

Маркум Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча каралып жаткан соттук иш өткөн жумада аскер гарнизондук сотунда кайрадан уланды. Сотко маркумдун улуу агасы Жакшылык Садыркулов, Мелис Садыркулов, иниси Болот Садыркулов катышып, буларды билдирди. Ошондой эле Медет Садыркулов өлтүрүлгөн учурда казак кыргыз чек арасындагы "Ак жол" постунда чек арачы жана МАИ кызматкери болуп иштеген кызматкерлер келип, көрсөтмө беришти...

- Болот мырза, сот акыйкат каралып жатабы?
- Сот кайрадан башталды. Себеби күнөөлүү тарап дагы, биз дагы сот кайра каралсын деп аппелация бергенбиз. Чындыгында сот алгач туура эмес чечим чыгарып койгон. Азыркы карап жаткан сот деле туура чечим чыгараарына көзүм жетпейт. Эптеп эле ишти будамайлап, жаап салгысы келүүдө. Тактап айтканда күнөөлүүлөрдү күнөөсүз кылып актап. Азыркы күнөөлүү деп табылып, камакта отургандар, ошол эле алардын башчысы Жаныш Бакиев баш болуп бир гана Медет агамды эмес, алар Руслан Шаботоев, Раатбек Санатбаев, Үсөн Кудабергенов, Баяман Эркинбаев баардыгын өлтүрүшкөн да. Анан аларды сот кантип актап чыгат билбейм. Деги бизде мыйзамдуулук качан орнойт, президенттибиз Алмазбек Шаршенович реформаны соттордон баштоо керек экендигин жакшы эле айтып баштабады беле, анан эмнеге соттор тазаланбай жатат, түшүнүксүз?
- Соттор күнөөлүлөрдү актап чыгууга аракет кылып жатабы?
- Алебетте. Сот өз билгенин кылып жатат. Жашырганда эмне, байкемдин өлүмүн соттор бизнеске айлантып алышты. Күнөөлүлөрдү актап чыгуу үчүн, Бакиевдерден акча алып жатабы деген да ой келет.Эгер соттор туура эч ечим чыгарбаса, анда биз күнөөлүлөрдү Кудайга койдук, Кудай жазаласын, кан кое бербейт, бул дүйнөдө жазаланышпаса дагы, алар тиги дүйнөдө жазаланышып, тозокко түшүшөт. Мен байкем өлгөндө айткам, Бакиевдер көпкө узабайт деп. Айтканымдай эле көпкө узаган жок. Аларга Кудай жеткизди, дагы жеткизет.
- Соттордун туура эмес иш алып барып жаткандыгы боюнча жогору жакка кайрылып көрдүңүздөрбү?
- Жок эч кандай кайрылган жокпуз, кайрылган менен эмне пайда, баары эле бир да. Агам өлгөндөн бери акыйкаттык издеп жатып тажадым. Азыр кайрылгым да келбей калды. Бийлик алмашкандан кийин Транспорт министри болгон Эркин Исаков "сен Бакиевдин адамысың, Садыркуловдор Бакиевдердин адамы болчусуңар" деп, Батыш авто бекетинде директор болуп турган жеримден кызматтан алган.Ошондон бери кызматым жок, бошмун. Мага кызматтын деле кереги жок. Эң башкысы сот туура чечим чыгарып, агамды өлтүргөндөр жазаланса болду.
- Буга чейинки соттук отурумда Бакиевдин убагында Саламаттык сактоо министри болгон Мамбетов тууралуу айттыңыз эле...
- Агам өлгөндө морко бардык. Министр, депутат, саясатчылардын баары барышты. М. Мамбетов эки эксперт, эки лаборант баланы ээрчитип, агамды сөөгүн көргөнү морко кирди. Алар менен кошо мен да кирдим. Мамбетов мени таанычу эмес, жанындагы эксперт балдарга "сөөктөн эч нерсе издебегиле, тапсаңар да билмексен болгула, билинип калса силер жооп бересиңер" деген мааниде айткан. Чындыгын айтканда мен азыр эл аралап баса албай калдым. Ары бассам, бери бассам эл менден сурап жатат, сот иши эмне болду, "эртерээк чуркап аягына чыгарбайсыңарбы" деп. Эмне деп жооп берээримди билбейм.

Мирлан Алымбаев




Тоо ташка катылган тарыхыбыз
томдуктарга бирикти
Өлкөбүздүн археология илими үчүн, жалпы эле тарыхыбыз үчүн мыкты иш жасалды. Ж. Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана Чөлкөм таануу факультетинин ага окутуучусу, Кыргызстандагы белгилүү археолог Ороз Солтобаев жана Булактаануу, тарыхнаама жана тарыхый информатика кафедрасынын доценти Темирлан Чаргынов баш болгон кыргыз илимпоздору Түштүк Кореялык "Түндүк-Чыгыш Азия" фондусу менен биргеликте "Борбордук Чыгыш Кыргызстандын петроглифтери" жана "Түштүк Кыргызстандын петроглифтери" деп аталган 2 томдук эң мыкты эмгекти жарыкка чыгарышты. Бул китептердин бет ачаары 2-июль күнү Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде болуп, КУУнун Тарых жана Чөлкөм таануу факультетинин жамааты, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, тарых илимдеринин доктору Төлөбек Абдрахманов, "Түндүк-Чыгыш Азия" фондусунун президенти Ким Хак Жун, Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гю баш болгон ардактуу коноктор катышты. И. Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык - укук институту, КУУнун Тарых жана Чөлкөм таануу факультети жана "Түндүк-Чыгыш Азия" фондусу биргеликте жарыкка чыгарган бул эки томдукта 2010-2011-жылдары Нарын, Ысык-Көл, Ош, Талас жана Жалал-Абад облустарында жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары камтылган.

Эмгекти жаратуучулардын
бири ороз солтобаев
- Кыргызстандагы археологиялык мурастарды сактап калышыбыз керек. Мисалы Чолпон - Атада мурда 5 миңден ашык петроглифтер бар болсо, азыр 1,5 миңдейи калыптыр. Мамлекет мындай баалуу тарыхый мурастарды сактап калышы керек. "Түндүк-Чыгыш Азия" фондусунун кызматкерлери биздеги ар түрдүү тоо таштардагы сүрөттөрдүн көп түрдүүлүгүн көрүп, таң калганын, суктанганын жашырышкан жок. Бул эмгек дагы кийинки урпактарга улуу мурас катары калуучу мыкты эмгек болду деп айта алам.

"Түндүк-Чыгыш Азия"
фондусунун илимий
кызматкери Чан Со Хо:
- кыргыз окумуштуулары менен болгон бирдиктүү изилдөө иштеринде бул жактагы петроглифтер өзгөчө экенин байкадык. Аларды башка тарыхый табылгалар менен салыштырып, байыркы доордогу коом тууралуу маалымат алсак болот. Тоо беттериндеги оймо-чиймелер байыркы доордогу маданияты, түшүнүктөрү азыркы мезгилде кандай чагылдырганын байкасак болот.
Бет ачаар иш-чаранын акырында Түштүк Кореялык "Түндүк-Чыгыш Азия" фонду менен Ж.Баласагын атындагы КУУнун, И.Арабаев атындагы КМУнун ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду.

Тиленбек Азык