Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Үсөнов чапкан жол менен!
"Кумтөр" алтын кенин туу кылып алып бир чети өзүнө карата козголгон кылмыш ишинен башын арачалап, экинчи жагынан "элдик баатыр" көрүнүп, саясый упай топтоону көздөгөн Садыр Жапаровдун "өзүм дегенде өгүздөй күчү бардыгын", бийликке жетиш үчүн шайтан менен да достошуудан кайра тартпастыгы көрүнүп калды. Атап айтканда, ал Кыргызстаныбызды сызга отургузуп, баштан ашкан байлык жыйнаган бойдон безе качкан мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов менен тымызын кызматташып, пикет-митингдерди уюштуруп жатканын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Окурман журтчулугуна түшүнүктүү болушу үчүн бир аз артка кылчаялы. "Элдик фронт" аттуу кыймылды жетектеген Абдумалик Мырзаевдин карааны жаз айынан тартып саясый аренадан көрүнө баштады. Журналист журтчулугу дароо Мырзаевдин өмүр жолун иликтеп, анын экс-башбакан Данияр Үсөновдун долбоору экенин, азыркы бийликти ээрден оодарып түшүү үчүн андан 300 миң доллар алганын айрым басма булактарында айтылды. Данияр Токтогуловичти деле туура түшүнсөк болот, Биринчи Май райондук соту аны 15 жылга сыртынан кескенден кийин өзүн кантип акташты билбей аргасы куруганда Мырзаевди шыкактап жаткан өңдөнөт.
Кызылдай акчанын күчү менен "төңкөрүш" жасай албасын түшүнгөн Абдумалик мырза Бакиевдин заманындагы юстиция министри Марат Кайыповду "тирилтип", аны булбулдай сайратып, борбордук аянтта митинг өткөртүп, өкмөт акени сындатып чыгарды. Андан соң Кайыпов аркылуу Жети-Өгүздө митинг өткөрүп, жаңы губернатор Эмилбек Каптагаевди отставкага кетирүү талабын койдурду. Ал эми митингди уюштуруу, керектүү адамдарды чогултуу милдети Садыр Жапаповдун коомдук башталыштагы жардамчысы Жаныбек Кожобековго жүктөлгөнүн эркин басылмалардын бири кабарлаган эле. Каратып туруп танмай жагынан профессионал болгон "господин" Нургожоевич Кожобековду таптакыр тааныбастыгын билдирди. Бирок, "Айбат" гезити муну төгүндөгөн маалыматын басты. Анда мындай делет: "Бул карандай калп. Менин жардамчым кандайдыр бир акция уюштурмак тургай, Жети-Өгүзгө басып да барган эмес. Ал эми Кожобеков аттуу жардамчым да жок. Чын-чынына келгенде 31-майда эл өзү эле көтөрүлүп чыкты", - деп жанды жеп атпайбы! А бизге жеткен маалыматтарга караганда, жети-өгүздүк Ж.Кожобеков (кличкасы "Жокилик") ошол райондо өткөн жана өтө турчу митингдердин бардыгына кол кабыш кылып, Дархан жана Саруунун жаштарын үгүттөп жүргөн. "Ата-Журт" партиясына да тиешеси бардыгын Садыр Жапаров кантип уялбай туруп танып атат? Бет деген калдыбы?".
Мурдатан Садыр мырза Данияр Үсөнов менен тымызын кызматташып келатканы айтыла жүрчү. Ал эми анын жардамчысы Кожобековдун Кайыпов тымызын колдогон митингди уюштурууга көмөктөшкөнү - Жапаров-Үсөнов тандеми жаралганын айгинелейт эмеспи? Мисалы, Жапаров эркиндикке чыгары менен түштүктү түрө кыдырган соң аттын оозун Жети-Өгүз районуна бурду. Бирок, жергиликтүү калк аны каршы кабыл алып, айылдан дыргаяктата кубалап чыкканын ашкерелеген тасма Bulbul.kgсайтында жарыяланды. Тасмада жергиликтүү тургундардын Жапаровго эки ооз сөз бербегени көрсөтүлгөн. "Буга чейин каякта элең? Эмнеге Бакиевдин убагында бийик креслолордо отуруп, "Кумтөр" маселесин көтөргөн эмессин?" деп Жапаровдун шайын оодарышты. "Тынч аман кетип калганын оң, сенин үнүндү угайын деген ниетибиз жок" деп жаалданган элди көргөн Жапаровдун шаштысы тайды. Алардын арасынан бир гана аял: "Акыйкаттыкты уккулачы!" деп кыйкырганга жарады. Чамасы, Жапаров өзүнө калканч катары пайдаланган "аялдар батальонун" ала келсе керек…
Мына, эл үчүн күйүмүш эткен Жапаровдун жүзү. Үсөнов ага жөн эле пачкелеген "жашылбайларды" кармата бербесе керек, конкреттүү талап коеру шексиз. Эгер карапайым калк Жапаровдун бал тилине азгырылып, нааразычылык акциясына чыкса, анын артынан Бакиевдер жана Данияр Үсөнов мекенине кайтып келиши ыктымал эмеспи? Андыктан, эл Жапаровдун кезектеги "шоусуна" катышардан мурда "жети өлчөп, бир кескендери" оң…

Асан Байбосунов






Патриоттуулукпу? Деги ал-керекпи?
Биздин коомдун оңолбой жатканынын эң көйгөйлүү маселеси болуп, жарандарыбыздын мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнө болгон патриоттуулугунун алсыздыгы, кээ бир учурларда, патриоттуулуктун таптакыр эле жоктугу болуп эсептелинет.
Улуу муун менен келечек муундун көп бөлүгү улутубузду, коомубузду жана мамлекетибизди сындагандан алыс ой жүгүртө албай келишүүдө. Мамлекет башында отурган инсандар да ушул көйгөйдү айтып келишүүдө. Кээде, таңкаласын, ушул көйгөйдү айта бергенден тажап, качан ушул айтылган коомдогу терс көрүнүштү жоюунун жолдорун иштеп чыгып, иш жүзүнө ашыра турган мамлекеттик же коомдук ишмер, же аты элге таанылган адамдардын чыкпай жатканында. Канча жылдан бери кемчилигибизди айтабыз деп айтып келебиз, ошол кемчиликти көзүн жоюунун жолдорун айта албайбыз, айтсак да жеткиликтүү эмес, үстүртөн айтылат…
Кээде сын айтабыз деп, улутубуздун намысына тийген сөздөрдү өзүбүз гана айтпастан, башка улуттун өкүлдөрү айтса да, ошол сынды туура көрүп, дегеле намысыбыз ойгонуп мен андайга барбайынчы, менин ой жүгүртүү жана кыймыл аракетимдин натыйжасында улутума сөз тийгизбейинчи деген сезимдер да ойгонбой келүүдө, ойгонсо да чанда-чанда улуттун өкүлдөрүндө ойгонуп, жанакы мамлекет кызматында кызмат кылган адамдарда ойгоно элек. Өзүбүздү жердешчил, трайбалист, тууганчыл ж.б., деп жек көрөбүз, эмне башка улуттарда андай касиет жокпу, Россияда- "москвалыктар" жана "питерликтер", "бакыракайлар менен жүлжүктөр", "сибирлик", казактарда-"улуу жүз", "кичүү жана орто жүз", "чимкенттик", "карагандалык"…, украинада- "донбасстык", "одессалык", "киевдик", "козактар", "бендерлер", ж.б.д.у.с. деген бөлүнүүлөр жеке эле кыргызда эмес башка өлкөлөрдө, улуттарда деле кылымдардан бери жашап келүүдө.
Биздин коом канча алдыга жылбасын андай бөлүнүүлөр боло берет, эмне демократиянын атасы деген америкада деле бөлүнүшөт- "техастык", "калифорниялык", "индеец","афроамериканец", "ирландык", "мексикалык", ж.б. дешип.
Биздин акылдуулугубуз эмне менен айырмаланышы керек, биз ушундай " темененин көзүнчөлүк" турбаган көрүнүштү тоодой кылып көрсөтпөй жанакы "бузуку саясатчы" сөрөйлөрдүн тамагына "дп" кылууга шарт түзбөй, "Ооба боло берет, бирок улуттун келечеги, биримдиги үчүн бул көрүнүштөрдүн кылдай да терс таасири тийбейт!"-деген көз карашты , ар-бирибиз, бүт коомдо, туруктуу ой- жүгүртүү калыбында кабыл алышыбыз керек. Ар-бирибиз жана Манас бабабызда айтылган :
Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө!
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет!
Бөлүнүп калды кыргыз -деп,
Бөтөн элге кеп кетет, - деген сөз, биздин улуттун бөлүнбөстүгүнүн, азыркыча айтканда-коомубуздун гимни болушу керек, анткени кыргызда "өлүмдөн, уят күчтүү" деген сөздүн мааниси өтө зор, кыргыз уят болуп жашагандан көрө, өлүмдү тандап алган, бирок эч качан уят болууга шарт түзбөгөн жана душманга койнун ачкан эмес. Ушул жогорудагы жазылган саптарды мамлекеттик денгээлде "жарнамалык такталарга" (билборддорго), ар-кайсы окуу жайларда жазып илинишин талап кылып , бүт республиканын аймагында таратыш керек. "Манастын" касиетин улут биримдиги үчүн ар-убакта пайдаланганга эч убакта кеч эмес.
Мамлекетте мыйзам иштеш керек, бирок мыйзамды иштете турган адамдардын моралдык жоопкерчилиги эң бийик болбой турса ал мыйзамдар "шал" бойдон кала берээрин унутпасак.
Мамлекеттик кызматкер, мамлекеттүүлүктүн чыныгы патриоту болмоюн, коомдогу терс көрүнүштөрдү ооздуктоо- такыр мүмкүн эмес. Мамлекет мамлекеттик кызматкерден-кызматка келгенден кийин, эң биринчи кызматтын кызыкчылыгын алдыга кой, кызмат аткарууда өз кызыкчылыгын үчүн кам жебе, анткени мамлекеттик кызматкердин кызыкчылыгын мамлекет коргойт жана ал үчүн мамлекет жоопкер деген талапты койуп, ошол милдетин тиешелүү мыйзамдар менен так аткарып, кызматкердеги мамлекетке ишенүү жана мыйзамды сыйлап, коркуу сезимин ойготуш керек.
Антпесе, азыркы саясий кырдаалда, бийликтин башкаруу кызматтарында олтурган мамлекеттик кызматкерлер элдин ишеничин актагандын ордуна, кандайдыр бир "ажаан" топтордун жетегинде иш алып барышууда. Мына "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" деген ушу, кечээки: депутаттардын, майда топту алып алышып Жогорку Кеңештин тосмосунан секирип өтүүсүнө маани бербей, же ачык эле кой, элди дүрбөтпөйлү деп жашырып жатып, жанакы таң калыштуудай болуп соттон чыгырылып, тез аранын ичинде Кыргызстандын чегинен чыгарылган кылмышкер боюнча да мамлекеттик кызматкерлердин бирөө да жоопкерчиликти алып ачык айтпай, же калп эле биз күнөөлүү эмеспиз деп жатып - кечээки Жети-Өгүздөгү жол тосуу же "свет өчүрүү операциясы", Жалал-Абаддагы губернатордун алмашылышы, Нарын ОИИБнын башчысынын "эл" тарабынан сабалып иш бөлмөсүнөн куулуп чыгарылышына кептелдик….
Депутаттар эмне өзүлөрү иштеген жерди басып алганы "секирик" жасашты беле, жок! Алар өз кыймыл аракети менен, элдин көп массасы ак үйгө кирип кетишсе, анан Жогорку Кеңештин имаратында жайгашкан Президенттин кабинетине кирип (ошол убакта президент, премьер-министр да Бишкекте жок эле..) бирөөсү " президент" болуп, бирөөсү премьер-министр болуп , "Жантөрө аке арыз жазып бериңиз, баары бир укаларыңызбыз го"- деп, "эл биримдиги үчүн деген шылтоо менен"- арыз жаздырып, Турцияга чалып "Алмаз аке, келбей эле коюңуз, келсеңиз түндүк-түштүк болуп кетет, крайний Сиз болосуз" деп, "шантаж" кылып, келтирбей койсо, анда эмне болмок?
Аны айтпай жашырсак деле кечээ, губернаторду кууп чыгып өзүлөрү бата берип губернатор шайлаганы тастыктап турбайбы…, кылмышкерди ачыктан ачык эле өлкөдөн чыгарып жиберишкендери, биздин мамлекет органдарынын адамдарынын арасында моралдын тайыздыгы же такыр эле таз кейпин кийип калганыбы…? Эч ким моралдык жактан жоопкерчилик сезишкен жок. Мыйзам менен мораль айкалышкан жерде гана мыйзамдуулуктун туу чокусу болот.
Бийлик орто-саар болгон жерде эмне болоорун айта кетсем: Аксы окуяларында да, Үзөнгү-Куушту шылтоолоп, кылмыш дүйнөсүндөгү балдарга курал-жарак заказ кылышып, алар болсо Жалал-Абад шаардык жана областык ИИМнин нөөмөт бөлүмдөрүнө кол салышып кайтарууда турган милициянын курал-жарактарын алып кетти эле, ал үчүн да, бир да милиция кызматынын жетекчиси жоопкеерчиликке тартылган эмес…. Кийинки бийлик учурунда бийлик адамдары кылмышкерлер менен тыгыз байланышышып мамлекеттик казынага кол гана салышпастан, "жумуртка-тукум оюнун" ойношуп, биргеликте киши өлтүрүүлөрдү кенен жолго коюп алышкан, милиция министрлери киши өлтүрүүлөрдү ачыктан-ачык жашырышып телевизор аркылуу бул-ДТП эле, киши жоголбой эле атасы катып койду, жоголбой эле "казактардан" качып жүрөт деген бетпакчылыкка барышканына коомчулук өзү күбө, ал эми бийликтен кетээрде жөн кетпей канча деген адамдардын өмүрүн кыйып кетишти.
Апрель революциясынан кийинки бийлик келген учурда да, мурунку бийликтин акырынан тое жеп көнүп калган "реваншисттер", элди бөлүнүүгө чакырышып "шантаж" менен бийлик бутактарына келип алышып , кылмышкерлер менен лыжа тебишип, ачык эле чагымчыл иштерин жүргүзүп, элдик жигиттерге жаман сөздөрдү жабыштырышып, ар бир ыңгайлуу учурда Апрель окуясынан кийин келген бийликти жаман акыбалда көрсөтүүгө аябагандай жан уруп келишүүдө….,мисалдарды айта келсек аябай эле көп.
Мында да, Кумтөр боюнча жаш балдардын уюшкан түрдө иш алып баргандары, " свет өчүрмөй оюну", ачыктан-ачык эле криминал баш көтөрүп, каяша айтып, Апрель бийлиги менен тирешип, сот боюнча же кандайдыр бир соодага… барууну көздөп жаткандары оркойуп эле көрүнүп калды.

Апрель элдик
революциясынын баатыры
ИИМ Академиясынын сырттан окуу факультетинин башчысы
Милициянын подполковниги
Кадыркулов Афтандил
Камчыбекович