Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

(Башы 6-бетте)
Бөдөш МАМЫРОВА,
ЖК төрага орунбасары:
- Биз өкмөткө "Кумтөр" маселесин чечүүүчүн сентябрга чейин убакыт бердик. Ошого чейин күтөлү. Сүйлөшүүлөрдөн оң натыйжа чыгарына үмүт артам. Ага чейин ар кандай радикалдык кадамдардан алыс болушубуз керек. 2009-жылдагы келишим парламенттен ратификацияланган экен. Андыктан, бул маселени сүйлөшүү жолу менен мыйзамдуу түрдө чечпесек болбойт. Себеби, улутташтырып же дагы башка кадамдарга барсак, анда биздин эл аралык деңгээлдеги аброюбузга доо кетет.

Акылбек ЭШИМОВ,
ЖК депутаты,
"Республика" фракциясы:
- Биз цивилдүү коомдо жашап жатабыз. Андыктан, бардык маселе мыйзам чегинде чечилиши керек. Кыргыз өкмөтү, көзкарандысыз эксперттер "Кумтөрдү" улутташтырууга барсак, канадалык инвесторлор эл аралык арбитраждык сотко берерин, соттон утулуп калышыбыз ыктымалдыгын айтышууда. Эгер соттон утулуп калчу болсок, анда сөз жок инвестициялык климатка доо кетет. Ошон үчүн, өкмөткө сентябрга чейин убакыт бердик. Ошого чейин сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгарышы абзел.

Токон МАМЫТОВ,
өкмөттүн ысык-көл
облусундагы ыйгарым
укуктуу өкүлү:
- Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду боюнча прокуратура кылмыш иш козгоп, азыр иликтөө баштады. Ал боюнча тергөө бүткөндөн кийин айтып беребиз. Ушул жылдын 5 айынын ичинде "Кумтөрдөн" аталган фондко 3 миллион 400 миң доллар түшүптүр. Өткөн жылы канча акча түшкөн, ал каякка кантип жумшалганы тууралуу отчетун жаңы берип атат. Бул тууралуу да маалымат беребиз. Ал эми мен акыркы 3-4 күндөн бери ар кайсыл жерде жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп келем. Өзгөчө жаштар уюмдары менен жолугушуп атам. Алар: "Бизди пайдаланып, мамлекеттик имараттарды басып алалы деп аткандар бар, бирок биз аларды жаныбызга жакын жолотпой кубалап атабыз" деп билдиришти. Бийликти алгылары келген күчтөр бар, андайлар Ысык-Көлдүн өзүндө дагы чыгып атат. Бирок, эл аларды колдобойт. Алардын арам тилектери ишке ашпайт. "Биз 9 ай туристтик сезонду күтүп, эми анын пайдасын көрөлү деп жатканда, силердин арыгыңарды чапмак белек" дешип жергиликтүү эл өздөрүнө жакын жолотпой турушат. Элдин көзкарашы азыркы бийликке түз.

Айбек Шамшыкеев




Эл менен иштөөнү колго алган
Жеңиш Жоробеков
Өткөн жумада Жалал-Абад ОИИБсине Жеңиш Жоробеков начальник болуп дайындалды. Буга чейинки жетекчи облустагы тополоңдун негизинен улам бошотулганы белгилүү. Негизи эле бүгүнкү күндө да Жалал-Абадда саясый кырдаал курч мааниде. Ташиевдердин бошотулушун талап кылган карапайым калк бийликке ар түрдүү айбат көрсөтөрүн жашырганда не? Мына ушундай оор кырдаалды жөнгө салуу, эл менен тыгыз иштөө жагы Ж.Жоробековго жүктөлгөнү, асыресе, бул оңой эмес түйшүк. Бирок, Жеңиш мырза милициядагы такшалган кадр катары элдин коопсуздугун, облустагы кылмыштуулук менен тартипти камсыздоого дарамети жетет. Эң башкысы, жогорку бийлик тараптан жалалабаддыктарга тескери саясат жүргүзүлбөсө болду. Ал эми облустун тынчтыгы үчүн полковник ак эмгеги менен кызмат кылары көпчүлүккө белгилүү. Бекеринен түштүктөгү аксакалдар менен кесиптештери Жеңиштин кызматка келишин жылуу кабылдап атпаса керек...


Орозбеков ордун бошотту
Ош мамлекеттик социалдык университетине билим берүү системасына жакшы белгилүү, дасыккан жетекчи, профессор Муктар Орозбеков ректор болуп дайындалган. Жакында бул университеттин ректорун шайлоо өнөктүгү башталган, бирок Орозбеков эмгек коллективине шайлоого катышуудан өз ыктыяры менен баш тарткандыгын жарыялады. Бул кадамын ал эмгек жамаатынын ынтымагын сактоого, жаштарга жол берүүгө умтулгандыгы менен түшүндүрдү. Академик М.Мамасаидов, профессор М.Исманов, А.Кулназаров ж.б. М.Орозбековдун профессионалдык, адамгерчилик сапаттарын белгилешип, өзүнүн жеке кызыкчылыгынан университеттин кызыкчылыгын бийик койгондугу үчүн ага терең ыраазычылык билдиришти.


Күн дүрбү
АКШ КНДР
кепке келе баштады
КНДР менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө АКШ макулдугун билдирди, арийне ал үчүн Пхеньян өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарышы керек. Тийиштүү арыз менен улуттук коопсуздуктун америкалык кеңешинин басма сөз катчысы Кейтлин Хэйден чыгып сүйлөдү деп билдирет Associated Press агентчилиги.
Түштүк Кореянын бийлигинин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү сунушуна АКШ администрациясы мына ушундайча жооп берди. Түндүк Кореянын жетекчилигинин аракеттерине Вашингтон алардын сөзү боюнча эмес аткарган иши боюнча баа берет деп белгиледи Хэйден. Ошону менен катар улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Пхеньянды БУУнун резолюцияларын жетекчиликке алууга, Корей жарым аралын денуклеаризациялоо багытын колдоого чакырды.
16-июнда таркатылган КНДРдин билдирүүсүндө эгер АКШ туруктуулукту камсыз кылууга жана тынчтыкты сактоого чын дилинен кызыга турган болсо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө эч кандай шарт тарды койбостон эле макул болушу керек деп айтылды. Пхеньян бир катар маселелерди талкуулоону сунуштап жатат, аныне ичинде түндүк кореянын ядролук программасы да бар. Жакынкы күндөрдө КНДРдин сунушун АКШ Япониянын жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү менен бииргеликте талкууламакчы.

Обаманын коопсуздугу
100 миллион доллар
Барака Обаманын АКШ га иш сапарына АКШ бюджетинен 60тан 100 миллион доллар чыгымдалары айтылууда. Бул жөнүндө The Washington Post басылмасы тийиштүү маалыматтарга таянуу менен билдирди. Мындан тышкары газетанын карамагында АКШнын жашыруун кызматынын конфиденциалдык документтери болгон, анда иш сапардын коопсуздугун камсыз кылууга ондогон миллион доллар кетери далилдүү айтылган.
Сенегал, ЮАР, Танзания мамлекеттерине болгон АКШнын президентинин иш сапар маалындагы коопсуздугун камсыз кылууга жашыруун кызматтын жүздөгөн агенттери тартылары белгилүү. Мындан тышкары өзгөчө кырдаалды пайда кылган коркунучтар болуп кетсе алдын алуу үчүн Африкага жакын жерге жогорку деңгээлде комплектелген медициналык борбору бар авиноцести же десанттык кемени жайгштыруу жагы каралган.
АКШ ошондой эле Африкага аба менен 56 автомобилди, 14 лимузинди, санитардык машинаны, рентгендик жабдуулары бар машинаны, сырттан келген сигналдарды " өчүрүп коюучу" байланыш аппаратуралары бар машинаны, ошондой эле Обама менен анын аялы Мишел жашай турган мейманкананы жабдуу үчүн ок өтпөс айнектер жүктөлгөн үч жүк ташуучу машинаны жөнөткөн турат.
Президент менен биринчи лединин коопсуздугун абадан истребителдер күн-түн кайтарып турушат.
Обаманын Африканын үч мамлекетине иш сапары 26-июндан 3-июлга чейинки мезгилде ишке ашмакчы. Президенттин жана АКШнын биринчи ледисинин Дакарга (Сенегал) бир түн токтоору, эки түн Йоханнесбургда, бир түн Кейптаунда (ЮАР), дагы бир түн Дар-эс-Саламда" (Танзания) болушары болжолдонууда. Ак үй жана жашыруун кызмат жогоруда айтылган басылмадан келтирилген маалыматты комментарийлөөдөн баш тартты. Ал эми официалдуу адамдар иш сапардын планы али толук тактала элек деп айтып чыгышты.

Даярдаган Меңдибек Асылбеков