Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Көйгөй...
Баткен облусун жоюу менен
чек ара көйгөйү чечилбейт!
Учурда Баткен облусун жоюп, Кадамжай районун Ош облусуна кошуп, Лейлек жана Баткен райондорун түз өкмөткө каратуу маселеси коомчулукта чоң талкуу жаратып жаткан чагы. Мындай демилгени ЖК депутаты Назарили Арипов Баткендеги чек ара маселесин чечүүнүн бирден-бир жолу катары парламентте көтөрдү. Бул жагдайга байланыштуу Баткен облусун административдик реформалоо боюнча курамына ар бир фракциядан экиден депутат кирген депутаттык комиссия түзүлдү. Бирок мындай административдик өзгөртүүгө баруу менен чек ара көйгөйү, андагы чыр-чатак чечилип калбасын айрым депутаттар, саясий аналитик-эксперттер белгилешүүдө.
Баткен облусу - Кыргызстандын түштүк-батышында, Оштон болжол менен 240 км алыстыкта жайгашкан. Кыргызстандын аймагына 1999-жылы боевиктердин бир нече ирет жасаган кол салууларынан кийин, чек араны бекемдөө, башкарууну күчөтүү үчүн, Ош областынын 3-районунан Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунан Баткен областы Баткен-административдик борбору менен түзүлгөн. Ушул окуялардан соң 2000-жылы Баткен айылына шаардык статус берилген. Учурда калкынын саны 120 миңге чамалайт.
Чынында, Баткен облусунда чек ара көйгөйү өтө курч экени талашсыз. Күнүнө болбосо да, айына ар дайым Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандары менен чыр-чатак чыгып, жол буумай сыяктуу көрүнүштөр кайталанып турат. Айрым учурларда кооптуу кырдаал түзүлүп, укук коргоо органдары тартылат. Уруш-талаштын көбү жол, суу, жайыт маселесинен чыгат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара сызыгы 971 чакырымды түзөт. Анын ичинде тактала элек 470 чакырымдай жер бар. Эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык келишимге ылайык чек ара сызыгы толук такталып бүтмөйүнчө талаштуу аймактарда өз алдынча иш-аракеттерди жүргүзүүгө болбойт. Бирок, коңшу өлкөнүн жарандарынын тактала элек аймактарга отурукташып алган учурлары кездешет. Мына жакында 10-июнда эле Кыргызстандын Баткен облусунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы-Арык айылындагы (Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы төрт айылда 10 миңден ашуун киши жашайт. Төрт айыл тең Тажикстандын айылдары менен курчалып, бир тарабы менен гана Лейлекти көздөй чыгып кете турган жол бар) тактала элек чек ара аймагына Тажикстандын Сурх кыштагынын тургундары 30 машина топурак түшүрүп, өздөштүрүү аракетин көрүштү. Натыйжада кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыгып, кагылышууга аз калды. Милиция кызматкерлери эки тараптын кагылышуусун алдын-алып токтотуп калды.
Чек ара аймагындагы мындай көйгөй, эки өлкөнүн жарандарынын дамамат тирешүүсүнө алып келип, кооптуу жагдай жаратып келатканына көп болду. Бир кезде чек араны бекемдөө, талаштуу аймактарды тезинен тактап чечүү, каржылык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында түзүлгөн Баткен облусунун абалы күнү бүгүн деле оңолуп кеткен жок. Мындан улам, облусту жоюу демилгеси көтөрүлүп, талкуу жаратып жатат. Облусту жоюу керек деген идеяга шыктанган, аталган аймактын кулуну ЖКнын "Республика" фракциясынын депутаты Назарали Арипов Лейлек, Баткен райондорун өкмөткө түз баш ийдирүү аркылуу маселени тездетип чечүүгө болот деген көз карашта. Бирок анын пайдасы канчалык деңгээлде натыйжалуу экендигин депутат мырза тизмектеп берген жок. Болгону Тажикстан чек арада жайгашкан дотациялык райондорун, республикалык башкарууга алганын мисалга тартты. Болгон жүйөсү ушул. Депутат мырзанын бул көз карашы - Тажикстан чек арадагы райондорун түз республикалык бакшарууга алса, биз эмнеге андай кыла албайбыз дегенден башканы чагылдырбайт. Башкача айтканда, облусту жоюу менен чек ара маселесинен тышкары кандай материалдык, каржылык көйгөлөр чечилет, экономикалык жактан кандай пайда же зыян тартабыз, түз өкмөткө караган районду башкаруунун эффективдүүлүгү канчалык экени туурасында эч бир сунуш келтирген жок. Буга байланышттуу, депутаттын жөн эле так аргумент, сунушу жок эле курулай облусту жоюу керектиги боюнча демилгеси, "арттан бычак сайгандай болгон" сунуш экендигин Баткен облусунун тургундары нааразы болуп билдиришкен. Бул туурасында бүгүн "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында фракция лидери Өмүрбек Текебаев айтып чыкты. Ал эми депутат Ташболот Балтабаев, облусту түзүү чечими Баткен көйгөйлөрүн тез арада чечүү, ошондой эле, "коңшулар менен теңата деңгээлде сүйлөшүү" максатында кабыл алынганын, ошондуктан облусту жоюунун ордуна, аны чыңдоо жана жергиликтүү бийликке кошумча ыйгарым укук берүү менен маселелер чечилиши керектигин белгиледи.
Айтор Баткен облусун жоюп салуу эки ача пикирди жаратып, күндүн темасына айланды. Чын-чынына келгенде облусту жоюу менен маселе чечилип калбасы бышык. Анткени Баткен облусунун көйгөйлөрү Баткен, Лейлек эки районду республикалык башкарууга каратуу менен эле маселе чечилип калат деген абсурд. Маселени чечиш үчүн иштеш керек.
Дегенибиз жогорудагы эки райондон Кадамжай районунун ахыбалы деле жыргап кеткен жери жок. Кадамжай менен Өзбекстандын Сох анклавы чектеш. Бул жерде деле чыр-чатак чыгып турат. Буга Өзбекстандын Сох анклавынын Хушяр айылынын тургундары менен Кыргызстандын Кадамжай районунун Чарбак айлынын жашоочуларынын ортосундагы чуулгандуу чыр күбө. Сох анклавынын элинин саны көбөйүп баратат. Алар Кыргызстандын жерине кызыкдар. Малын жаят, суусун колдонот. Өзбектер үчүн Сох маанилүү. Анткени алар Бүргөндү үчүн күрөшөт. Ал жерде Фергана өрөөнүн камсыз кылар мунай-газ кору бар. Ошондуктан, эки тараптуу келишимге карабай "Узтрангаз" дагы эле Бүргөндү мунайзат базасын Кыргызстанга өткөрүп бербей жатат.
Эске ала кетчү жагдай, 2000-жылы Бакиев премьер-министр кезинде өзбектерге Тоют ашуусу аркылуу 200 км. Сохко коридор берип жиберип, кийин жокко чыгарылган. Эгер коридор берилип кеткенде Баткен толугу менен анклав болуп калмак. Бактыга жараша мындай зыяндуу келишим өз учурунда жокко чыгарылып абийир болду.
Демек, Баткен облусунун көйгөйү - Лейлек менен Баткен районуна гана мүнөздүү эмес. Андыктан, маселени масштабдуу кароо зарыл. Талаштуу жерди тактоо менен эле катар, чек арада жайгашкан элдин турмуш-шартын жакшыртуу, социалдык көгөйлөрүн чечүү, облустун экономикалык-каржылык абалын оңдоо, дотациядан чыгаруу сыяктуу маселелер бар. Албетте, аталган райондордо чек ара маселеси өтө курч турат. Алгач чек ара маселесин чечүү күндүн күрөө тамырына айланганын танып болбойт. Бирок чек ара көйгөйү экономикалык маселелер менен да тыгыз байланыштуу экенин жокко чыгарууга болбойт. Экономикабыздын алсыздыгынан, акча каражаты Баткен облусуна талаптагыдай деңгээлде бөлүнбөй жатышынан чек арадагы күттүрбөй чечүүчү жол, суу маселеси азыркыга чейин кечеңдеп келе жатат.
Андыктан Баткен облусунун экономикалык абалын көтөрүү зарыл. Ошондо социалдык маселелерди чечүү жолго коюлуп, чек ара көйгөйүн жөнгө салуу жеңилдейт. Баткендин экономикалык абалын көтөрүү өтө кыйын эмес. Ал үчүн Кадайжай сурьма комбинатын, Хайдаркен сымап комбинатын, Кызыл-Кыя, Сүлүктүдөгү шахталарды иштетүү жетиштүү. Тилеке каршы, Бакиевдин тушунда Кадамжай сурьма комбинаты сатылып кетти.
Ошондой эле, саясий эрк болуп Кадамжайдагы Өзбекстан ээлик кылып жаткан мунайзат менен газ чыккан Бүргөндүнү кайтаруу зарыл. Баткен облусундагы бул аймак Кыргызстанга тиешелүү болсо да, Өзбекстан иштетип, пайдасын көрүп жатат. Бүргөндү аймагындагы газ, мунай өндүрүлүүчү жайларды Кыргызстанга өткөрүп берүү эки өлкө башчыларынын деңгээлинде чечилгени менен ушул күнгө чейин Өзбекстан тарап газ менен мунайды өндүрүп, ташып кетип жатат. Мына 20 жылдан бери бул маселе чечилбей келе жатат. Эгемендиктин алгачкы жылдарында Өзбекстан Бүргөндүдөгү газ жана мунай чыгуучу 7 жайды Кыргызстанга өткөрүп берүүгө макул болгон. 2002-жылы бул 7 жайдан төртөөнү гана өткөрүп берген. Бирок бул төрт жайды Кыргызстанга өткөрүп алууда андагы 194 кудуктун 190у жараксыз абалда болгон. Ал эми иштеп турган эки кен бургулоочу жайды жана Өзбекстан мунай-газ сактоочу кампаны Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси болсо кийинкиге калтырылып, ошол бойдон чечилбей келет. Кампада 1,5 млрд. мунай газды кармашат. Фергана өрөөнү жана Ош облусунун тургундары газ менен ушул кампанын эсебинен камсыздалат. Бул үчүн Өзбекстан Кыргызстанга бир сом да салык, ижара акысын төлөбөйт.
2010-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаева убагында өткөрүлбөй калган "Түндүк Сох" жана "Чоңгара-Галча" мунай бургулоочу жайларын өткөрүп алуу тууралуу буйрук чыгарган. Жогорку Кеңешке 2011-жылы майда токтом кабыл алган. Бирок бул жайлар азыркыга чейин кайтарыла элек.
Газ менен мунайы бар, 262 гектар аянтты ээлеп жаткан бул аймактын Кыргызстанга таандык экенин Өзбекстан деле тааныган. Бирок "ар кандай шылтоону карманып, эки кен бургулоочу жайды жана мунай сактаган кампаны өткөрүп берүүнү атайлап эле создуктуруп келишет.
Өлкө жетекчилери Өзбекстандын жетекчилери тең ата сүйлөшүп маселе чечкенге саясий эрки жетип, газ-мунай чыккан аталган аймактарды Кыргызстанга кайтарып ала турган болсо, Баткен облусун дотацияда эч качан отурмак эмес. Облустун экономикалык абалы чыңдалса, чек ара көйгөйүн чечүү кыйла жеңил болмок. Ошондуктан, Баткен облусун жоюп, Лейлек, Баткен райондорун борборго каратып, салган менен маселе чечилип калбайт. Ал үчүн маселени комплекстүү карап, коңшулар менен тең ата сүйлөшүп, иш алып барыш кажет.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу