Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эмилбек Өмүракунов,
"Замандаш" саясий партиясынын лидери
"4-5 жыл оппозициясы, позициясы жок эле жашасак жакшы болмок"
- Алгачкы сурообуз Кыргызстандагы акыркы саясий окуялар боюнча болсун. Жети-Өгүздөгү, Жалал-Абаддагы окуяларга сиз жетектеген партия кандай баа берип атат?
- Акыркы саясий окуялар бир нерсени ачык көрсөттү. Өкмөт менен элдин ортосундагы диалог жокко эсе болуп калган. Эгер Өкмөт менен элдин ортосунда тыгыз байланыш болуп, түшүндүрүү иштери жакшы жүргүзүлгөндө жанагыдай окуялар, өзгөчө Жети-Өгүздөгүдөй башаламандык болмок эмес. Жети-Өгүздүктөрдө эч кандай саясий талап жок болчу, көп жылдан бери коюлуп келген, элдин көкөйүнө көк таштай тийген социалдык багыттагы эле талаптары болчу. Бирок ошол талаптардын аткарылышы кечеңдетилип, кош көңүл мамиленин натыйжасында жанагыдай элдин кыжырдануусуна алып келди. Өзгөчө элдин нааразычылыгы Кумтөр тарабынан "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна" түшчү акча-каражаттын ар кандай сарпталышынан келип чыкты. 1-2 жылдын ичинде бул фонд өзүнүн муктаждыктары үчүн эле 50 миллион сомго чейин акча сарптаган деген маалымат бар. Бирок кайда, эмнеге сарптагандыгы эл арасында чоң суроону пайда кылууда. Ошондуктан биздин партия жаңы келген облус башчысына фонддун алдында атайын коомдук кеңеш түзүүнү сунуштап жатабыз. Ал кеңешке баардык райондордон активисттер, коомдук уюмдар, жергиликтүү кеңештин депутаттары кирсин деген оюбузду айттык. Алар ай сайын Кумтөрдөн канча акча бөлүнүп атат, алар кайда сарпталып атат деген маселени талкуулап, ар бир тыйынына чейин отчет алышы керек. Ошондой эле дагы бир сунушубуз азыркы иштеп жаткан "Өнүктүрүү фондунун" ишин иликтеген көз карандысыз комиссия түзүшүбүз керек. Андагы кымырылган акчаларды, коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып, жооптуу адамдарга мыйзамдуу чарасын көрүш керек. Ошондо эл тынчыйт, ошондо эл акыйкаттыкка ишенет.
Ал эми Жалал-Абаддагы окуя боюнча айтсам, жол тоскондон эл, мамлекет эле зыянга учурап жатканын түшүнө албай жатабыз. Кайсы бир саясатчылардын же саясий күчтөрдүн кызыкчылыгынан эл жапа чекпеш керек. Жалал-Абаддагы жол тосуу аракеттери боюнча ошондо эле биз кайрылуу жасап, элди сабырдуулукка чакырганбыз. Жол тосуу аракеттеринен канчасы зыянга учурады. Бир эле мисалын айтайын, Баткенде элдин башкы киреше булагы өрүк. Алар беш түп болобу, он түп болобу өрүгүн бапестеп өстүрүп, ошондон бир жылдык кирешесин таап алышчу. Жол тосулгандын кесепетинен килограммы 250 сом болгон өрүктөр бузулуп, 50 сомдон араң сатышты. Өрүктөн башка дагы бир топ жер-жемиштердин мөөнөтү өтүп кетип, дыйкандар зыян тартты. Буга ким күнөөлүү? Ким жооп берет? "Битке өчөшүп көйнөгүн отко салгандай" абалга келбешибиз керек эле. Туура, бизде демократия, ар ким өз оюн, саясий көз карашын ачык айтууга акысы бар. Бирок ал үчүн бири-бирибизди кыйнабай, зыянга учуратпай башка мыйзамдуу жолдорун тапсак болмок. Митинг кылганга аянттар ар дайым ачык. Ошол жерде башкаларга жолтоо болбой, саясий, экономикалык, социалдык талаптарыбызды айтып, мыйзамдуу жол менен пикирибизди билдиргенге үйрөнүшүбүз керек.
- Ошол башаламандык окуяларга үчүнчү күчтөрдүн катыштыгы жөнүндө сөз болуп атат. Бул пикирге кошуласызбы?
- Бул окуяларды үчүнчү күчтөр түртмөлөп атат, уюштуруп атат деген кептер айтылып атат. Бирок бул окуяларды үчүнчү күчтөр уюштурбаса дагы, алар ошондон пайдаланып кетиши мүмкүн. Негизи эле Кыргызстандын душмандары көп. Мамлекет катары жок кылып, тыш жактан башкарууну каалагандар бар. Сомали же Сирия сыяктуу элди бири-бири менен кырылыштырып, өлкөдө согуш отун жагууну каалагандар да табылат. Бул эң коркунучтуу нерсе. Ошондуктан жанагы лидермин деген саясатчыларыбыз от менен ойнобой, жети өлчөп бир кесип, акылга келишсе болмок. "Сабырдын түбү сары алтын" дейт. Бул күндөр да өтөт. Биздин партия элди, саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырып, тынчтыкты, стабилдүүлүктү кармап, аны көздүн карегиндей сактап калалы деген пикирибизди тынбай айтып жатабыз. Эгер бизде тынчтык болбосо, кайсы партиядан экениң, кайсы саясий күчтүү колдоп жатканың бир тыйын болуп калат.
- Кумтөр ишканасы боюнча келишимди жокко чыгаруу маселеси олуттуу проблемалардын бири болууда. Денонсациялоого барсак, Кыргызстан бул ири кенди өз алдынча иштетип кете аларына көзүңүз жетеби?
- Көзүм жетет. Иштетип кете алмакпыз. Бирок канадалык компания менен толугу менен кол үзүп, денонсациялоого барганды туура эмес деп эсептейм. Келишимди кайра түзүп чыгышыбыз керек. Кен Кыргызстанда болгондон кийин Кыргызстан өзү башкарыш керек. Эгер биз денонсациялоого барып, канадалыктарды толугу менен үлүштөн чыгарып салсак, өлкөбүзгө инвесторлор келбей калат. Инвесторлорду кууп салды деген жаман атка калабыз. Ошондуктан колдон келишинче мамлекет кызыкчылыгына туура келгендей жаңы келишимди түзгөнүбүз оң. Инвесторлор Кыргызстандын экономикасын өнүктүрөйүн, элинин турмушун оңдойун, экологиясын сактайын деп келбейт. Алар акча табайын деп келет. Кыргыз Өкмөтү социалдык, экономикалык, экологиялык жагын кылдат иликтеп, ошол инвесторлорго шартты, талапты катуу коюш керек. Бизде мыкты мыйзамдар бар. Ошону так, туура аткарышыбыз керек. Инвесторлор да ошого моюн сунат. Алар келген өлкөнүн мыйзамын бузайын дебейт, алар ошол мыйзамдын негизинде сүйлөшүлгөн келишим боюнча өз пайдасын көрөйүн деп келет. Ошондуктан миллиондогон долларын сарптайт. Бизде мыйзам иштебей, жең ичинен сүйлөшмөйлөр, жанагыдай толкундоолор болуп турганда таза инвесторлордун келиши деле күмөн. Биздин шартта биринин шапкесин бирине кийиштирген, компаниясын 2-3 жыл иштетип анан сатып ийгенге ыктаган алдамчы инвесторлор келет. Анткени биздин айрым чиновниктердин алдым-жуттум аракеттери ошондой аферисттерге гана жол ачып атып атат. Таза, так иштейм дегендерден шапкесин сурай коюп, жаа бою качырып атат.
- Азыркы Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз? Отставка кетсин дегендерге кошуласызбы?
- Биздин партия Өкмөттүн, парламенттин тарап кетишине каршы пикирдебиз. Берилген мөөнөтүн акырына чыгышсын. Өкмөттү күзгө чейин иштетишибиз керек. Жасаган иштери боюнча отчетун угуп, парламент өз баасын берсин деген пикирдебиз. Жаманбы, жакшыбы азыркы парламент дагы мөөнөтүнүн акырына чейин чыгышы керек. Кезексиз шайлоо бул өлкөдөгү кырдаалдын курчушуна шылтоо болуп бериши мүмкүн. Парламент стабилдүүлүктүн бир кармагычы болуп турат. Жаңы шайлоо деп элдин баары кымгуут болуп, баягы ыр менен чыр кайра башталат. Азыркы учурда мунун эч кимге кереги жок.
- Кыргызстандагы оппозицияга кандай баа бересиз?
- Бул боюнча менин өзгөчө пикирим бар. Оппозициясы болобу, позициясы болобу баардык саясий күчтөр бир пикирге келип, ийри отуруп түз кеңешип, "өлкөнү кантип азыркы абалдан чыгарабыз, момундай кылалык, тигиндей кылалык" -деп жеке кызыкчылыктарды артка таштап, мамлекет кызыкчылыгын алдыга алып чыксак эң сонун болмок. 4-5 жыл позициясы жок, оппозициясы жок эле жашасак жакшы болмок. Бири-бирибизди жеп атып Кыргызстан жок болуп кетмей болду. Оппозиция-позиция деп бөлүнчү убак болот. Бирок бизде азыр андай мезгил эмес. Иштешибиз керек. Мамлекетти өнүктүрүш керек. Элдин эртеңки жашоосуна үмүт бериш керек. Азыр эл эртеңкисинен үмүтүн үзүп койду. Ошондуктан ок атып атсаң да качпайт. Биздин партияга көбүнчө "эмне үчүн оппозицияга катуу айтпайсыңар, эмне үчүн бийликти шыбабайсыңар" -деген сындарды айтышат. Бизде саясий маданият деген жокко эсе болуп атат. Батыштын парламенттик башкаруусуна өткөндөн кийин, ал жактын саясий маданиятын дагы өзүбүзгө сиңиришибиз керек. Партиялар, саясий күчтөр бири-бирибизге эч качан душмандашпашыбыз керек. Оппонет болсок болоорбуз, бирок душман болбошубуз керек. Бирок тилекке каршы айрым саясатчылардын, саясий партиялардын ортосунда жети атасынан калган өчү бардай бири-бирин жек көрүп, жеп ийчүдөй абал болуп атат. Бул жакшылыкка алып барбайт.
- "Замандаш" партиясы акыркы убактарда дайны чыкпай калды. Партиянын ишмердүүлүгүндө эмне жаңылыктар болууда?
- Партиянын иши өз нугунда жүрүүдө. Жер-жерлерде партиянын уюмдары адаттагыдай эле иштеп атат. Шаардык кеңештерде 80ге чукул депутаттарыбыз бар. Аларга фракциялык ишмердүүлүк, коалиция, депутаттык иш, бюджетти кантип көзөмөлдөш керек деген сыяктуу маселелер боюнча тренинг өткөздүк. Биздин партиянын башкы максаттарынын бири бул жаңы элитаны алып чыгуу, бийликке алып келүү. Революциялык же зордук-зомбулук жолу менен эмес, шайлоо жолу менен. Жаш саясатчылар менен, жаш партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, пикир алышып жатабыз. Жакында эле Президенттин жарлыгы менен шайлоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлбөдүбү. Ал топко да биздин партия кирип, фундаменталдык иш алып баралы деп атабыз. Шайлоо Кодекси боюнча да олуттуу ойлорубуз бар. Атайын чечкиндүү кадамдарды камтыгын документтерибизди камдап койдук. Жаштардын партиясы шайлоого катышып утулуп калып атпайбы. Участкалык комиссиялардын добуштарды бурмалап, жасап коюп жаткандыгынын кесепети экенин баарбыз билебиз. Биздин партия деле дал ушул участкалык комиссиялардын айынан кээ бир шайлоолордо жеңилип калып атпадыкпы. Добуш топтогон башка, ошол добушту сактап калган башка маселе. Ошондуктан бул багытта өтө радикалдуу кадамдарды жасап, таза шайлоого карай чечкиндүү кадамдарды дагы жасай беришибиз керек.
Маектешкен
Эрнис Балбаков a